Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 13-декабрындагы
№ 2024-П-09/67-2-(БС)
Токтому
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына
эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга
убактылуу уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомунун эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча талаптары коммерциялык банктар үчүн 2025-жылдын 1-апрелине чейин токтотулсун.
2. 2025-жылдын 1-апрелине чейин коммерциялык банктарга эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын башка нак жана/же нак эмес АКШ долларларына алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга уруксат берилсин.
3. Коммерциялык банктар эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу операциясын жүзөгө ашырууда:
- эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча операциянын суммасына барабар көлөмдө нак жана/же нак эмес АКШ долларларынын банк-контрагенттин комиссиясынын суммасын эсепке алуусуз Кыргыз Республикасына кайтарылышын камсыз кылсын;
- эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүндүгү менен байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында, террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сакташсын;
- эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына көрсөтүлгөн операция жана Кыргыз Республикасына келип түшкөн нак жана/же нак эмес АКШ долларлары тууралуу маалымат (отчёт) беришсин.
4. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 19-июнундагы № 2024-П-09/27-6-(БС) токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 2024-П-09/30-1-(БС) токтому;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 2024-П-09/46-4-(БС) токтому.
5. Токтом расмий жарыяланууга тийиш, ал 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2025-жылдын 1-апрелине чейин колдонулат.
6. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларын, алмашуу бюролорун, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын тааныштырсын.
8. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
9. Токтомдун аткарылышын контролдоо банктык көзөмөл блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев