Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 18-декабрындагы  

№ 2024-П-14/68-4-(ПС) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

3. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде ушул токтомду белгиленген тартипте андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна жөнөтсүн. 

 

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын "Башкы китеп" банктык маалымат системасындагы, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. 

 

5. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

 

6. Токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

     Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                        М. Тургунбаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 18-декабрындагы  

№ 2024-П-14/68-4-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун: 

1) "Киреше" бөлүмүндө

- 12111130 кодунун аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

"Юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү (Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)";

- 12111-статья ("Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү") төмөнкү мазмундагы бешинчи сап менен толукталсын:  

12111150 

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү 

"; 

- 14224-статья ("Жыйымдар") төмөнкү мазмундагы он экинчи сап менен толукталсын: 

14224810 

Аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесиптик аудитордук бирикмелерди Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйым 

";  

2) "Чыгымдар" бөлүмүндө

- 22154-статья ("Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар") төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы сап менен толукталсын: 

22154600 

Аскер багытындагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр 

";  

- 2219-чакан топтун аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

2219 

Билим берүү системасында бирдиктүү беренелер тарабынан берилген чыгымдар 

";  

- 2219-чакан топ төмөнкү мазмундагы бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи саптар менен толукталсын: 

22192 

Мектепке чейинки билим берүүнүн системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар 

22192100 

Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында (ваучер) бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар  

22192200 

Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар (тамак-ашка жеңилдиктер) 

22192900 

Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында бирдиктүү берене менен берилген башка чыгымдар 

";  

- 2511-чакан топтун аталышы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;  

- 25111-статьянын аталышы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын; 

- 25111100-кодунун аталышы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын; 

3) "Активдер жана милдеттенмелер" бөлүмүндө:  

- 3112-чакан топ ("Машиналар жана жабдуу") төмөнкү мазмундагы элүү төрт, элүү беш, элүү алтынчы саптар менен толукталсын: 

31124 

Курал-жарак, аскердик жана атайын техника 

311242 

Аскердик товарларды сатып алуу 

31124210 

Бир жолку колдонулуучу аскердик товарларды сатып алуу 

"; 

4) Б тиркемесинде (маалымат катары): 

- 121-топто "Социалдык камсыздоо жана социалдык муктаждыктар үчүн төгүмдөр/чегерүүлөр": 

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

"1211 Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча төмөнкүдөй кирешелер эске алынат:"; 

- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

"Юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү (Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары);"; 

- төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

"12111150 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү;"; 

"Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер" деген 142-топто: 

- 14222 "Алымдар" статьясынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

"Бул деңгээлде Кыргыз Республикасынын жаранына паспорт жана Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы жарандык паспорт берүү үчүн, ошондой эле мамлекеттик каттодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен ишке ашырылуучу бүтүмдөрдү жүзөгө ашыргандыгы үчүн мамлекеттик алым эсепке алынат."; 

- 14224-статья "Алымдар" төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын: 

"14224810 Аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесиптик аудитордук бирикмелерди Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйым;"; 

- 2215 "Башка тейлөө кызматтарын алууга төмөнкү беренечелер кирет:" деген чакан топ төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "22154600 Аскер багытындагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр 

- ок-дарыларга, снаряддарга, ракеталарга, кол гранаталарына ж. б. чыгымдар"; 

- 22154 "Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан чыгымдар" статьясында:

расмий тилдеги он биринчи абзацтан "(коргонуу жана укук коргоо органдарына тартылгандардан тышкары)" деген сөздөр алып салынсын; 

- 2219-кичи топтун аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

"Кесиптик билим берүү системасында бирдиктүү беренелер тарабынан берилген чыгымдар төмөнкү кичи статьяны камтыйт:"

- 2219-кичи топ төмөнкү мазмундагы бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он биринчи абзацтар менен толукталсын: 

"22192 Мектепке чейинки билим берүүнүн системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар, төмөнкү элементтерди камтыйт

22192100 Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында (ваучер) бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар; 

Бул элемент мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчүлөргө менчигинин түрүнө карабастан ваучерди төлөөнү камтыйт. Ваучерди төлөө өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат; 

22192200 Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар (тамак-ашка жеңилдиктер); 

Бул элемент Баткен областын кошпогондо, ваучер алуучу балдардын тамактануусун (менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчүлөргө) жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоону (жеңилдиктерди берүүнү) камтыйт. Ваучер алган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн тамак-ашты каржылоонун өлчөмү жана тартиби (жеңилдиктерди берүү) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат; 

22192900 Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында бирдиктүү берене менен берилген башка чыгымдар; 

Чыгымдардын бул категориясына ваучерди төлөөнү жана тамак-ашка жеңилдиктерди кошпогондо, мамлекеттик бюджеттен башка бардык чыгымдар кирет; 

- 2511-кичи топтун аталышы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын; 

- 25111-статьянын аталышы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын; 

- 25111100 элементинин аталышы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык"деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3112 "Машиналар жана жабдуу" чакан тобу төмөнкү мазмундагы элүү үчүнчү, элүү төрт, элүү беш, элүү алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

"31124 Курал-жарак, аскердик жана атайын техникалар 

Бул беренече төмөнкүлөрдү: аскердик товарларды, мисалы, бир жолку колдонулуучу куралдарды (ок-дарылар, снаряддар, ракеталар, бомбалар, торпедалар) сатып алууну камтыйт. Курал-жарак системалары аркылуу жеткирилген ок-дарылар, снаряддар, ракеталар, бомбалар жана ушул сыяктуу бир жолку колдонулуучу курал-жарактардын көпчүлүгү аскер багытындагы материалдык жүгүртүү каражаттары катары каралат. 

Ошону менен бирге, бир жолку пайдаланылуучу айрым объекттер, мисалы, кыйратуучу жөндөмдүүлүгү өтө жогору баллистикалык ракеталардын айрым типтери агрессорлорду ооздуктоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу сунуштоону камсыз кылышы мүмкүн, ошондуктан аларды негизги фонддор катары классификациялоо үчүн жалпы критерийлерге жооп бере алат; 

311242 Аскердик товарларды сатып алуу; 

31124210 Бир жолку колдонулуучу аскердик товарларды сатып алуу (ок-дарылар, снаряддар, ракеталар, бомбалар, торпедалар жана башкалар)".