Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 19-декабрындагы 

№ 2024-П-14/69-1-(ПС) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 29-мартындагы № 2023-П-14/20-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 2023-П-14/20-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:   

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары метолодогиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгын, Пландаштыруу, бюджет түзүү жана контролдоо башкармалыгын жана Юридика башкармалыгын тааныштырсын. 

5. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана «KG төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары метолодогиясы жана лицензиялоо башкармалынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                          М. Тургунбаев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 19-декабрындагы 

№ 2024-П-14/69-1-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 2023-П-14/20-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө» токтомуна  

өзгөртүүлөр 

  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 29-мартындагы № 2023-П-14/20-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттарынын: 

- §5 «Санарип төлөм технологияларын өнүктүрүүнүн негизги жыйынтыктары» деген параграфынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын заманбап тенденциялары» деген 2-главасынын: 

- онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Тез төлөмдөр системасын ишке киргизүү боюнча долбоордун алкагында иштер жүргүзүлүп жатат, төлөм системаларын андан ары модернизациялоо жана алардын коммерциялык банктардын кардарлары ортосунда айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү функционалын кеңейтүү үчүн системага карата жалпы талаптар иштелип чыкты.  

Керектөөчүлөрдү ыңгайлуу жана жеткиликтүү төлөм инструменттери менен камсыз кылуу максатында, анын ичинде чек ара аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүүнүн жаңы идентификаторлорун колдонуу менен QR-код аркылуу тез которуулар жана төлөмдөр функционалына ээ бирдиктүү төлөм мейкиндигин өнүктүрүү боюнча иш-чаралар башталды.»; 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттарына» карата 1-тиркеменин:  

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

« 

13. Төлөм системасынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү 

13.1. Кыргыз Республикасында тез төлөмдөр системасын ишке киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрүү 

2025-ж. 

Улуттук банк  

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар 

13.2. Тез төлөмдөр системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү 

2025-2027-жж. 

Улуттук банк 

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар 

».