Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 27-декабрындагы
№ 2024-П-12/71-2-(НПА)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА)
«Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгын, Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Лицензиялоо башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 27-декабрындагы
№ 2024-П-12/71-2-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы №2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Ушул «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жободо (мындан ары – Жобо) банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары – банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр) чөйрөсүндө инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды колдонууга киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү тартиби, буга чейин Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм системаларында сунушталбаган жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды ыңгайлаштыруу зарылчылыгы келип чыккан шартта, атайын жөнгө салуу режимине катышуучулардын катышуу тартиби жана аларга карата талаптар аныкталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул Жободо жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин/Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары – Комитет) чечимдеринде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен атайын жөнгө салуу режимдеринин иши боюнча укуктук мамилелерге карата колдонулат.
Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында ишке ашырылуучу операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр чектелген масштабда айкын рынок шарттарында жана минималдуу коммерциялык иш багытындагы продукт стадиясында тесттен өткөрүүгө даяр болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларга тиешелүү банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө колдонууга киргизилип жаткан инновациялык кызмат көрсөтүүлөр/технологиялар төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
- банктык операцияларда жана/же банктык кызмат көрсөтүүлөрдө колдонуу үчүн сунушталган инновациялык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жаңы болуп саналат;
- банктык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чектелсе;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишин башка иш менен айкалыштыруу боюнча чектөөлөр, анын ичинде сунушталуучу операциялардын түрү жана тизмеси боюнча чектөөлөр жок болсо;
- операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынбаса жана операцияларды жүргүзүүгө түздөн-түз тыюу салынбаса.
Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында катышуучулар тарабынан, негизги бизнес-ишинин ордуна эмес, аны толуктаган банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө колдонулуучу инновациялык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр апробацияланат.
Тестирлөө үчүн сунушталган операциялардын жана (же) кызматтардын жогоруда көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келиши атайын жөнгө салуу режимин түзүү үчүн милдеттүү болуп саналат.
Атайын жөнгө салуу режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана банктык операциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул сыяктуу түрлөрүн сунуштаган катышуучуларга карата коюлуучу талаптарды аткарбай коюу каражаты катары каралган эмес жана пайдаланылышы мүмкүн эмес.»;
- 2-пунктунун:
алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- керектөөчүлөр үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кардарларга ылайыкташтыруу жана аларды ишке киргизүүгө сарпталуучу чыгымдарды азайтуу.»;
жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«3. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө инновациялык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү үчүн бул режимди ишке ашыруу процессин контролдойт жана ушул Жобонун ченемдерине ылайык чечим кабыл алат.»;
- 4-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 4-1-пункту менен толукталсын:
«4-1. Тобокелдиктерди тескөө ыкмалары катышуучунун ишинин масштабына жана атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү же технологияларды ишке киргизүүгө байланыштуу тобокелдиктерге ылайык келүүгө тийиш.»;
- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«5. Атайын жөнгө салуу режиминин шарттарынын сакталышына Билдирме ээси жана Кошо билдирме берүүчү (эгерде болсо) жоопкерчиликтүү болуп саналат.
Мында атайын жөнгө салуу режимине кирүү үчүн Билдирме ээси/Кошо билдирме берүүчү (эгер болсо) катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак саналат, ал төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) билдирме берилген күнгө карата милдеттүү экономикалык ченемдерди, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуулардын, ошондой эле тестирлөөгө сунушталган банктык операциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү инновациялык операцияларга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү аткарылбаган таасир этүү чараларынын жоктугу;
2) Билдирме ээси жоюу же банкроттук процессинде же атайын режимде болбоого тийиш;
3) соттун чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Билдирме ээсине (Кошо билдирме берүүчүгө) же анын жетекчисине же болбосо уюштуруучусуна (акционерге, катышуучуга) карата иштин ушул түрүн жүргүзүүгө тыюу салуунун жоктугу;
4) Билдирме ээсинин (Кошо билдирме берүүчүнүн) уюштуруучуларынын курамында оффшордук аймактарда катталган аффилирленген жактардын же болбосо оффшордук аймактарда жашаган же тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдардын жоктугу;
5) Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) төлөөгө жөндөмдүү жана канааттандырарлык финансылык абалга ээ болууга же Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүү үчүн билдирме сунуштаган күнгө карата акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн жетиштүү финансылык ресурстарга ээ болууга милдеттүү;
6) атайын жөнгө салуу режимине катышуу үчүн кесиптик, техникалык жактан компетенттүү жана жогору абройго, жабдууларга жана башка материалдык мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш.»;
- 6-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Атайын жөнгө салуу режимин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда белгиленген чектөөлөрдү көбөйтүүгө жол берилбейт.»;
- 7-пункту:
төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Мында, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучуларынын бир эле мезгилде катышуу мөөнөтү ушул сыяктуу операцияны жана/же кызматты тестирлөөчү атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.»;
төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Атайын жөнгө салуу режиминде бир эле учурда катышууга билдирмелерди кабыл алуу колдонуудагы атайын жөнгө салуу режиминин аракети башталган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин токтотулат.»;
- 8-пунктунун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген» деген сөздөрдөн кийин «электрондук түрдөгү аналогу» деген сөздөр алып салынсын;
- 15-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында тестирлөөнү ийгиликтүү же ийгиликсиз катары таануу жөнүндө.»;
- 17-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Билдирме ээси (Кошо билдирме берүүчү) Улуттук банктын тиешелүү комитетинин отурумуна тестирлөө үчүн сунушталган банк операциясынын жана/же кызмат көрсөтүүнүн презентациясы менен чакыртылышы жана зарыл учурда тиешелүү түшүндүрмөлөрдү бериши мүмкүн.»;
- 20-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- талаш маселелерди чечүү механизмдерин иштеп чыгуу жана аны керектөөчүлөргө маалымдоо;»;
- Жобо төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
«20-1. Атайын жөнгө салуу режимин жүргүзүүдө Катышуучулар «өз кардарыңды бил» саясатын ишке ашыруу боюнча талаптарды жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, кардарлардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун сактоо жана коргоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана операцияларды жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү талаптарды сактоого тийиш.»;
- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«28. Ушул Жобонун 27-пунктунда каралган учурда, Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин Катышуучусуна мыйзам бузуулар Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө четтетилгенге чейин лицензияны колдонуу мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө тиешелүү билдирүү жөнөтөт.»;
- 29-пунктунун:
экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында маалыматтардын так эместиги жана/же билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү мүмкүн эместиги фактылары аныкталган шартта;»;
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
«- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу тарабынан аталган режимдин шарттарында каралган кызмат көрсөтүүлөрдү жана/же технологияларды сунуштоо шарттары системалуу түрдө сакталбагандыгы (тестирлөө учурунда эки же андан көп жолу), ошондой эле керектөөчүлөр үчүн жана/же Катышуучунун финансылык туруктуулугуна терс кесепеттерди аныктоо;»;
төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«- эгерде банктык операцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө, анын ичинде техникалык шарттарга байланыштуу башталбаса, лицензия алган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин;»;
төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- тестирлөөнү ийгиликсиз катары таануу.».
- 31-пункту:
төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«- кызмат көрсөтүү мезгили (башталышы/аякташы) жөнүндө маалымат;».
төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«- банк операцияларын андан ары ченемдик жөнгө салуу, анын ичинде тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча сунуштар.»;
- Жобого карата 3-тиркеменин «Банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат» деген тилкесинин бешинчи сабы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Локалдык рынокто, ошондой эле локалдык рыноктон тышкары окшош банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо тажрыйбасын толук баяндоо жана/же мындай тажрыйбанын жоктугун көрсөтүү, атаандаштар, продукттар/кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты кеңири талдоо. Төмөнкү ченемдерди эсептөө зарыл:
- продукттун рентабелдүүлүгү (ROI);
- маржиналдуулук;
- активдерден (эсептер) кирешелүүлүк (ROA);
- сатуу/кызмат көрсөтүү көлөмү;
- рыноктун үлүшү;
- кардарлардын канааттануу деңгээлин баалоо (CSAT);
- кардар продукт менен өз ара иш алып барган бүтүндөй мезгил ичинде алган болжолдуу чогуу алгандагы пайда;
- кардарлар базасынын өсүш арымы;
- ишке киргизүү тездиги (Time-to-Market);
- операциялык натыйжалуулук;
- ишенимдүүлүк жана жеткиликтүүлүк (System Uptime);».