Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 27-декабрындагы
№ 2024-П-12/71-4-(НПА)
токтому
«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 40 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 67/9 «Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 «Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун жыйырма алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 25-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 5-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомунун:
- 3-пунктунун тогузунчу жана он алтынчы абзацтары;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 8 жана 15-пункттары;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 2-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 1-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктардын тобокелдиктерин тескөө жана алардын капиталы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун онунчу абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 9-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун он төртүнчү абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 13-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы № 2022-П-12/83-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 5-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы № 2023-П-12/80-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун:
- 1-пунктунун жетинчи абзацы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 6-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 17-январындагы № 2024-П-12/1-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун:
- 1-пунктунун 21-пунктчасы;
- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 21-пункту.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын көзөмөл блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 27-декабрындагы
№ 2024-П-12/71-4-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (мындан ары – Жобо) бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарга (мындан ары – банктар) банктык операцияларды жүзөгө ашырууда алар колдонгон атайын терминологияны эске алуу менен таркатылат.
Банктарда натыйжалуу корпоративдик башкаруу банктардын жана бүтүндөй банк системасынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.
2. Банк ушул Жободо белгиленген талаптарды эске алуу менен адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, ачык-айкындуулук, кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк принциптеринин негизинде Корпоративдик башкаруу кодексин иштеп чыгууга тийиш. Банкты корпоративдик башкаруу кодекси акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилүүгө тийиш.
Корпоративдик башкаруу кодексинин максаты чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана банктын бардык акционерлеринин, кредиторлорунун, аманатчыларынын жана кардарларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Банк Кодексти иштеп чыгууда банк мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 30-декабрындагы №263-П буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу кодексине таянышы мүмкүн.
Банк Корпоративдик башкаруу кодексин жылына кеминде бир жолу анын актуалдуулугуна, ошондой эле корпоративдик башкарууга олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жана/же Корпоративдик башкаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдөн кийин кайра карап чыгууга тийиш.
3. Корпоративдик башкаруу деп акционерлердин, директорлор кеңешинин жана банк Башкармасынын ортосундагы өз ара мамилелер системасын түшүнүүгө болот, төмөнкүлөр боюнча:
- банк ишинин стратегиялык максаттарын, аларга жетүү жолдорун жана бул максаттарга жетүү үчүн контролдукту аныктоо;
- банктын башкаруу органдары жана кызматкерлери тарабынан банк ишинин стратегиялык максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон бардык аракеттердин аткарылышын камсыз кылуучу эмгек ыргагына түрткү берүү;
- аманатчыларды кошо алганда, банктын акционерлеринин, анын кредиторлорунун кызыкчылыктарынын балансына жетишүү жана банктын туруктуу өнүгүүсү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле банктын ички документтеринин сакталышын камсыз кылуу.
4. Банктарда натыйжалуу корпоративдик башкаруунун негизги компоненттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) банктын башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды, компетенция маселелерин жана отчёттуулукту бөлүштүрүү, банктын директорлор кеңешинин жана башкармасынын натыйжалуу ишин уюштуруу;
2) банк ишин өнүктүрүү стратегиясын аныктоо жана бекитүү жана анын жүзөгө ашырылышын контролдоо;
3) ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөөнүн натыйжалуу системасын түзүү жана таламдардын кагылышуусуна жол бербөө;
4) банктын жетекчилигине жана негизги кызматкерлерине сый акы төлөө боюнча ички документтерди бекитүү;
5) кесиптик этиканын стандарттарын аныктоо жана сактоо;
6) банк ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.
Банктарда жана банктык топтордо натыйжалуу корпоративдик башкаруунун методологиялык негизи болуп Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуш-көрсөтмөлөрү саналат.
5. Банктын директорлор кеңеши жана башкармасы өз компетенциясына кирген маселелер боюнча аналитикалык, маалымдама, маалыматтык материалдарды жана сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо үчүн кеңешчилерди, консультанттарды (адистерди, эксперттерди ж. б.) тартууга укуктуу.
6. Банк кеңешчилерди жана консультанттарды тандоонун так критерийлерин, алардын квалификациясына, тажрыйбасына жана беделине карата талаптарды кошо иштеп чыгуусу зарыл.
Мында банк кеңешчилерди жана консультанттарды ишке тартууну минималдаштырууга умтулууга жана ички экспертизаны пайдаланууга артыкчылык берүүгө тийиш. Кеңешчилерди жана консультанттарды тартууда банк натыйжалуулук, ачык-айкындуулук жана экономикалык максатка ылайыктуулук принциптерине таянууга тийиш.
7. Кеңешчилердин жана консультанттардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Кеңешчилер жана консультанттар банктын кызмат адамы болуп саналбайт жана операциялык ишке, анын ичинде кредиттик ишке катыша албайт, бирок аны менен чектелбейт.
8. Кеңешчилердин жана консультанттардын корутундулары сунуш-көрсөтмө түрүндө болот, ал эми директорлор кеңеши жана банктын башкармасы тарабынан кеңешчилердин жана консультанттардын сунуш-көрсөтмөлөрүнүн негизинде кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик аталган органдарга жүктөлөт.
9. Банк кеңешчини ишке тартуу учурунда төмөнкүлөргө таянууга милдеттүү:
1) кеңешчини тартуунун зарылдыгы документ жүзүндө негизделүүгө жана кеңешчини же консультантты тартуунун зарылдыгын талдоону, ошондой эле аны тартуунун чыгымдарын жана пайдаларын баалоону камтууга тийиш. Кеңешчи же консультант банктын кызматкерлери ээ болбогон атайын билимди жана тажрыйбаны талап кылган, атайын адистештирилген милдеттерди аткаруу үчүн гана тартылышы мүмкүн;
2) кеңешчиге же консультантка сый акы Сый акы берүү боюнча комитет тарабынан белгиленүүгө жана аткаруу органынын мүчөлөрүнүн сый акысынын деңгээлинен ашпоого тийиш;
3) кеңешчи же консультант менен түзүлгөн келишимде анын функциялары, максаттары жана келишимдин колдонуу мөөнөтү так аныкталууга тийиш. Келишимдин колдонуу мөөнөтү кеңешчини узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тартуу учурларын кошпогондо, бир жылдан ашпоого тийиш, бирок долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнөн ашпоого тийиш;
4) банк тарабынан кеңешчилердин жана консультанттардын ишине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана алардын натыйжалуулугуна баа берүү системасы киргизилүүгө тийиш;
Кеңешчиге ишинин жыйынтыгы боюнча конкреттүү талаптар коюлууга тийиш. Кеңешчилердин жана консультанттардын ишинин натыйжалары директорлор кеңешине же башкармага берилүүсү зарыл;
5) башкарма же директорлор кеңеши ар бир кеңешчинин же консультанттын ишине жылына кеминде бир жолу баа берүүгө милдеттүү. Баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча келишимди узартуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынат;
6) кеңешчинин иши ушул Жободо жана Банктын корпоративдик башкаруу кодексинде белгиленген корпоративдик башкаруу принциптерине каршы келбөөгө тийиш. Кеңешчи Банктын корпоративдик башкаруу кодексинде бекитилген этика, ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик стандарттарын сактоого милдеттүү;
7) акционерлерге банкка кеңешчи катары өз өкүлдөрүн түздөн-түз дайындоого же жиберүүгө тыюу салынат. Банктын өнүгүү саясаты жана иши маселелери боюнча акционерлердин банк менен өз ара аракеттенүүсү директорлор кеңеши жана корпоративдик катчы (зарыл болгон учурда) аркылуу гана жүзөгө ашырылат.
2-глава. Акционерлердин жалпы чогулушу
10. Акционерлердин жалпы чогулушу банкты башкаруунун жогорку органы болуп саналат. Банктын акционерлери банктын коопсуз, таза жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу максатында өз укуктарын жана милдеттерин ак ниет жана акыл-ченемдүүлүк менен жүзөгө ашырууга милдеттүү.
11. Эгерде бул башка акционерлердин укуктарынын бузулушуна же кызыкчылыктарынын укукка жатпаган кысымына алып келсе, Банк айрым акционерлердин кызыкчылыктарын канааттандырууга укуксуз. Банк бардык акционерлерге өз укуктарын натыйжалуу коргоо жана алардын укуктарынын бузулушунан улам келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде жүргүзүлөт
12. Банк добуш берүүгө коюлган бардык маселелер боюнча (жол-жобо, ошондой эле маани-маңызы боюнча) өз позициясын иштеп чыгуу, аракеттерди координациялоо жана өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, акционерлердин жалпы чогулушуна катышуу үчүн акционерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө милдеттүү.
13. Банк акционерлердин алдыда боло турган жалпы чогулушу жөнүндө акционерлерге маалымдоо тартибин, ошондой эле күн тартибиндеги маселелер боюнча материалдарды берүү тартибин жана шарттарын белгилөөгө жана сактоого милдеттүү. Көрсөтүлгөн тартип акционерлердин чогулушка катышууга натыйжалуу даярдык көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга жана даярдыктын бардык этаптарында банктын жетекчилигине суроолорду берүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн тартип жөнүндө маалымат жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш.
14. Банк акционерлерге акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү күнү, убактысы жана орду, ошондой эле анын күн тартиби жана күн тартибинин ар бир маселеси боюнча негиздүү пикирди түзүү үчүн зарыл болгон материалдарды өз убагында жана толук берип турууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамына ылайык, акционерлерге жалпы чогулушту өткөрүү жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш.
15. Акционерлердин жалпы чогулушуна даярдык көрүү учурунда акционерлердин өз ара аракеттенүүсүнө тоскоолдук кылууга банкка тыюу салынат.
Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тартиби катышкандардын бардыгына: өз пикирин айтууга, банктын өкүлдөрүнө суроо берүүгө жана добуш берүүгө катышууга (мындай укук болгон учурда) бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга тийиш.
16. Банк добуш берүү укугуна ээ болгон ар бир акционерге же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө бул укукту тоскоолдуксуз ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүү жол-жобосу натыйжалуу, акционерлерге ыңгайлуу болушу керек жана добуш берүүгө катышууга тоскоолдуктарды же кошумча чыгымдарды жаратпашы зарыл.
17. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун компетенциясы Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Акционердик коомдор жөнүндө"мыйзамдарында аныкталат.
Акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясына гана кирген маселелер башка башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.
18. Акционерлердин аракет же аракеттенбей коюусу банктын кардарларынын укуктарынын бузулушуна алып келбөөгө тийиш. Акционерлерге өз укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга тыюу салынат. Атап айтканда, башка акционерлерге же банкка зыян келтирүүгө багытталган аракеттерге тыюу салынат.
19. Акционерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен белгиленген өлчөмдөрдө жана мөөнөттөрдө дивиденддерди алууга укуктуу.
20. Банк банктын таза кирешесин (пайдасын) бөлүштүрүү ыкмаларын, дивиденддердин өлчөмүн аныктоо механизмин, аларды төлөө тартибин жана мөөнөттөрүн аныктаган дивиденддик саясатты иштеп чыгууга тийиш. Дивиденддик саясат ачык-айкын болууга жана дивиденддерди бөлүштүрүү боюнча банк тарабынан кабыл алынган ыкманы бардык кызыкдар жактардын түшүнүүсүн камсыз кылууга тийиш.
21. Банктын дивиденддик саясаты директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Дивиденддик саясатты иштеп чыгууда жана бекитүүдө банктын жана анын акционерлеринин кызыкчылыгы бирдей эске алынууга тийиш. Дивиденддик саясат банктын туруктуулугун колдоого жана узак мөөнөттүү максаттарына жетишүүгө багытталууга тийиш.
Дивиденддерди төлөө экономикалык жактан негизделүүгө жана банктын туруктуулугуна жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизбөөгө тийиш.
22. Банк миноритардык акционерлердин укуктарын акциялардын контролдук топтомунун ээлери тарабынан тике же кыйыр түрдө колдонулган кыянаттыктардан коргоого милдеттүү. Банк миноритардык акционерлердин укуктарын коргоонун таасирдүү каражаттарын камсыз кылууга милдеттүү.
23. Убактылуу администрация режими киргизилген мезгилде банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3-глава. Банктын директорлор кеңеши
24. Банктын директорлор кеңеши – банктын директорлор кеңеши жөнүндө ички жобого ылайык, акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу банктын башкаруу органы. Директорлор кеңеши жөнүндө жобо акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен бекитилет.
25. Банктын директорлор кеңеши банкты стратегиялык башкарууну жүзөгө ашырат, банкта тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо системасын уюштуруунун негизги принциптерин жана ыкмаларын аныктайт, банктын аткаруу органдарынын ишин контролдойт, ошондой эле башка негизги функцияларды ишке ашырат.
26. Директорлор кеңешинин гана өзгөчө компетенциясына жана жоопкерчилигине кирген маселелер Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдарында аныкталган.
27. Натыйжалуу корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш:
1) банктын уюштуруу түзүмүнүн алкагында ыйгарым укуктардын, жоопкерчиликтердин жана отчёттуулуктун тиешелүү деңгээлин белгилөө;
2) натыйжалуу ички контролдук системасын жөнгө салып, анын талапка ылайык иш алып баруусун, иш көлөмүнө, татаалдыгына, тобокелдик түзүмүнө жана мүнөзүнө (профилине) шайкеш келүүсүн камсыз кылуу. Мында тобокелдик мүнөзү - бул, топтолгон, иликтөөгө алынган жана системага салынган маалыматтарга негизделген тобокелдик көрсөткүчтөрүнүн айкалышы, ал түптөлгөн артыкчылыктарды эске алуу менен банктын иш багыттары боюнча тобокелдикке дуушарлануу ыктымалдыгын билдирет.
3) тобокелдиктерди тескөөнүн натыйжалуу системасын уюштурууга карата Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келген принциптерди жана ыкмаларды аныктоо;
4) банктын стратегиялык максаттары жөнүндө маалыматты банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлине жеткирүү боюнча чараларды көрүү;
5) банктын өнүгүү стратегиясы, бизнес-пландары жана банк ишинин бардык негизги түрлөрү боюнча саясаттары банктын күндөлүк ишине, финансылык абалына жана тышкы экономикалык шарттарга шайкештигин аныктоо максатында, аларга мезгил-мезгили менен (кеминде жылына бир жолу) баа берүү;
6) банктын күндөлүк ишине жана финансылык натыйжаларына банктын стратегиялык максаттарына жана бизнес-пландарынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү көз карашынан мезгил-мезгили менен (кеминде чейректе бир жолу) баа берип туруу;
7) банктын жана анын башкаруу органдарынын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу;
8) банктын ишине тышкы, ички текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын кароого жана алар боюнча чараларды көрүү;
9) объективдүү жана компетенттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жетиштүү жана так маалыматка ээ болууга жана банк башкармасынын, башка башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын сунуш-көрсөтмөлөрү жана сунуштары негиздүү экендигине жана банктын таламдарына жооп берерине ынанууга;
10) директорлор кеңешинин комитеттеринин жана анын мүчөлөрүнүн ишине баа берүүнүн негизинде, мезгил-мезгили менен (кеминде жылына бир жолу) иштин натыйжалуулугунун деңгээлин, анын банктын өнүгүү муктаждыктарына ылайык келүүсүн аныктоо (башкаруунун натыйжалуулугунун кемчиликтерин аныктоо жана тиешелүү түзөтүүчү аракеттерди көрүү);
11) сый акыларды төлөө эрежелеринин жана тартибинин банктын узак мөөнөттүү милдеттерине жана стратегиясына, ошондой эле банктын корпоративдик маданиятына жана контролдоо чөйрөсүнө ылайык келишин камсыз кылуу;
12) узак мөөнөттүү келечекке банктын ишинин негизги багыттарын жана алардын көрсөткүчтөрүн белгилөө;
13) башкарманы шайлоо, ишин контролдоо жана анын жолун жолдоочулугун пландаштыруу;
14) ушул Жобонун талаптарынын жана банктын ишкердик этика жаатындагы корпоративдик стандарттарынын сакталышын, банкта корпоративдик башкаруу тажрыйбасынын тиешелүү деңгээлин камсыз кылууну контролдоо.
28. Банктын директорлор кеңеши ички чыр-чатактарды, анын ичинде банктын акционерлеринин, аткаруу органдарынын жана кызматкерлеринин ортосундагы ички чыр-чатактардын алдын алууда, аныктоодо жана жөнгө салууда негизги ролду ойноого тийиш. Банктын директорлор кеңеши идентификациялоо жана таламдардын каршы келип калышына жол бербөө, банк ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, маалыматтардын өз учурунда жана толук ачып берилиши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктын акционерлеринин банктын документтеринен тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу системасын уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.
29. Директорлор кеңешинин ишинин ачык-айкындуулугу акционерлерге директорлор кеңешинин иши тууралуу маалыматтын өз учурунда, толук ачып көрсөтүлүшү жана маалымдалышы, ошондой эле банктын акционерлери менен өз ара иш алып баруу үчүн директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн жеткиликтүүлүгү менен камсыз кылынууга тийиш.
Директорлор кеңешинин жана башкарманын курамы жана мүчөлөрү, анын ичинде квалификациясы жөнүндө маалымат, ошондой эле алар директорлор кеңешинин көз карандысыз же көз каранды мүчөсү болуп саналышы, банктын директорлор кеңешинин иштеп жаткан комитеттери, корпоративдик катчы жөнүндө маалымат банктын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
30. Ички жана тышкы аудиторлордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык келген иши банкта корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугуна жетишүү үчүн зарыл болуп эсептелет. Аудиттин функциялары төмөнкүлөр аркылуу күчөтүлүшү мүмкүн:
1) банктын финансылык абалынын туруктуулугу жана стратегиялык максаттарына жетүүсү үчүн аудиторлордун ишинин зарылдыгын жана маанилүүлүгүн уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде таануу;
2) ички аудиттин көз карандысыздыгын жана шайкештигин бекемдеген чараларды көрүү;
3) директорлор кеңешинин банктын ишине көз карандысыз баа берүү максатында, тышкы жана ички аудиторлордун отчётторуна жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө өзгөчө көңүл буруусу;
4) аудиторлор тарабынан аныкталган тартип бузууларга жана кемчиликтерге карата түзөтүүчү чараларды өз убагында көрүү.
31. Акционерлердин жалпы чогулушуна сунуштоо үчүн тышкы аудиторду тандоодо директорлор кеңеши аудит жүргүзүүгө кеткен чыгымдар менен тышкы аудиттин тиешелүү сапатын камсыз кылуу зарылчылыгынын ортосундагы тең салмактуулукту, ошондой эле аудитордук уюмдун аброюн эске алуусу зарыл.
32. Өзүнүн контролдоочу функцияларын бекемдөө үчүн директорлор кеңешинин тышкы аудитор (жылына кеминде бир жолу) жана ички аудитор (чейректе кеминде бир жолу) менен үзгүлтүксүз талкууларды жүргүзүүсү максатка ылайыктуу болуп саналат.
33. Директорлор кеңеши банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, түзүлгөн комитеттеринин жана кызмат адамдарынын ишин текшерүү үчүн аудиторлорду тартууга укуктуу.
34. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзөт:
1) Тобокелдиктерди тескөө комитети;
2) Аудит боюнча комитет;
3) Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет.
Банкта ошондой эле Жаңы продуктулар боюнча комитет, Комплаенс-контролдоо боюнча комитет жана банк ишиндеги тобокелдик деңгээлине жараша башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн.
Тобокелдиктерди тескөө комитетин жана Аудит боюнча комитетти директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү жетектеши зарыл. Аталган комитеттердин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк бөлүгүн директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнөн түзүү сунушталат.
Директорлор кеңешинин комитеттеринин иши Улуттук банктын талаптарына жана банктын ички документтерине ылайык келүүгө тийиш.
35. Банкта башка комитеттер түзүлүшү керек, атап айтканда:
1) Кредиттик комитет, ал кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, кредиттик операциялар болуп саналган жана кредиттик жоготуу тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алат;
2) Банктын активдерин жана пассивдерин тескөө боюнча комитет, ал банктын балансынын жалпы түзүмүн контролдойт, активдердин жана пассивдердин түзүмүнө мониторинг жүргүзө, ошондой эле директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Активдерди жана пассивдерди тескөө боюнча саясаттын сакталышын камсыз кылат.
Бул комитеттердин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана директорлор кеңеши тарабынан бекитилген комитеттер жөнүндө тиешелүү ички жоболорго ылайык жөнгө салынат.
Банктагы бардык комитеттерди аталган комитеттердин төрагалары жетектейт.
Комитеттердин курамын ар кандай пикирлерди эске алуу менен маселелерди ар тараптуу кароого мүмкүндүк бере тургандай кылып аныктоо сунушталат.
36. Банкта түзүлгөн бардык комитеттердин ишин жөнгө салган банктын ички документтеринде, жок эле дегенде, төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:
1) Комитетти түзүүнүн жана ишинин максаты;
2) комитеттин ыйгарым укуктары;
3) комитеттин төрагасын дайындоо тартиби;
4) бетме-бет (Комитеттин мүчөлөрүнүн катышуусу менен) же аралыктан (Комитеттин мүчөлөрү катышпастан, мисалы, видео-, аудиоконференция, сурамжылоо жолу аркылуу ж.б.) боло турган жыйналыштарды өткөрүү тартиби, анын ичинде комитеттин мүчөлөрүнүн добуш берүү тартиби;
5) отчёт берүү тартиби;
6) комитеттин ар бир мүчөсүнүн кабыл алынган жана кол коюлган чечимдери үчүн жоопкерчилиги.
Ошондой эле бул документтерде жыйынга катышкан жана чечим кабыл алган комитеттин ар бир мүчөсүнө карата жок дегенде төмөнкүдөй талаптар белгиленүүгө тийиш:
1) каралып жаткан маселенин маани-маңызын билүү;
2) өзү кабыл алган чечимдердин банктын ишине тийгизген таасирин билүү;
3) тобокелдиктердин келип чыгуу мүмкүндүгүнө жана ал кабыл алган чечимдердин кесепетине баа берүүгө.
Каралып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары бар жана кабыл алынган чечимге макул болбогон комитеттин мүчөсүнүн пикири добуш берүүдө билдирилүүгө жана протоколдо чагылдырылууга тийиш. Протоколго жыйынга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана комитеттин катчысы кол коюуга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюп таанышуусу зарыл.
37. Директорлор кеңешинин жоопкерчилигинин жогорку деңгээли жана ыйгарым укуктарынын кеңири чөйрөсү директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын ишинин негизги түрлөрү жөнүндө жетиштүү билимге жана банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын пикирине көз карандысыз ой-пикирин билдирүү жөндөмүнө ээ экендигин болжолдойт.
Чечимдерди кабыл алууда директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү объективдүү болууга жана жеке кызыкчылыктарына же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын таламында эмес, банктын таламында иш алып барууга тийиш. Каралып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары бар жана кабыл алынган чечимге макул болбогон комитеттин мүчөсүнүн пикири добуш берүүдө билдирилүүгө жана протоколдо чагылдырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин отурумунун протоколуна жана стенографиялык отчётуна (катышуучулардын сөздөрүнүн жазуу жүзүндөгү толук тексти) отурумга катышкан директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин төрагалык кылуучуну жана корпоративдик катчынын кол тамгасы коюлат. Директорлор кеңешинин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол койдуруу менен таанышып чыгууга тийиш.
38. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө милдеттүү.
39. Директорлор кеңешине компетенттүүлүктү, объективдүүлүктү жана көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында, Директорлор кеңешинин экономикалык, финансылык, банктык жана юридикалык маселелер, ошондой эле маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү маселелер боюнча кынтыксыз ишкердик абройго жана кесиптик тажрыйбага ээ көз карандысыз мүчөлөрү шайланууга тийиш. Банктын директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди билген жараны болууга тийиш.
Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш. Мында банк директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн үчтөн биринен көбүрөөк пропорционалдуулугун белгилей алат.
40. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн критерийлери «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамда аныкталган. Банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнө карата кошумча талаптар ушул Жобонун талаптарына ылайык аныкталышы мүмкүн жана банктын ички ченемдик документтеринде белгиленүүгө тийиш.
Мында, банктын башкармасынын, акционерлердин айрым топторунун же башка кызыкдар жактардын таасиринен көз карандысыз, объективдүү жана ак ниеттүү чечим чыгара ала турган, өз позициясын түзүү үчүн жетиштүү кесипкөйлүккө, тажрыйбага жана өз алдынчалыкка ээ адамды директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү катары таануу сунуш кылынат.
41. Банктын директорлор кеңеши банктын негизги кызматкерлеринин – иши чечимдерди кабыл алуу жана тобокелдиктерди контролдоо менен түздөн-түз байланышкан банктын кызматкерлеринин тизмесин аныктайт.
Банктын негизги кызматкерлерине банк башкармасынын мүчөлөрү, банктын директорлор кеңеши тарабынан аныкталган, банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан операцияларга жана бүтүмдөргө олуттуу катышкан бөлүмдөрдүн (иш багыттарынын) жетекчилери жана бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери кирет. Негизги кызматкерлерди дайындоо чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүнө ылайык жүргүзүлөт.
42. Банктын директорлор кеңеши банктын кызыкчылыгында гана ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш алып барууга тийиш, бул анын төмөнкү фидуциардык милдеттеринин сакталышын болжолдойт:
1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенүү;
2) берилген ыйгарым укуктарды ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу максатында пайдалануу;
3) акылга сыярлык мөөнөттө зарыл жана жеткиликтүү маалыматты алуу үчүн бардык толук чараларды/бардык аракеттерди көргөндөн кийин өз квалификациясынын жана тажрыйбасынын негизинде алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу;
4) таламдардын кагылышуусуна жол бербөө боюнча талаптарды сактоого;
5) акционерлерге карата теңчилик принцибин сактоого, бир акционердин кызыкчылыгын башкалардын кызыкчылыгынан артык көрбөөгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга;
7) банк кардарлардын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатка ээ болбогон жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрү жана операциялары (бүтүмдөрү) жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында банкта натыйжалуу контролдоо системасын уюштурууга.
43. Директорлор кеңешинин персоналдык курамын анын мүчөлөрүнүн ар биринин ой-пикиринин көз карандысыздыгын камсыз кылуучу жөндөмдөрүнүн, тажрыйбасынын, билиминин, инсандык мүнөздөмөлөрүнүн, жаш курагынын жана гендердик курамынын тең салмактуулугун сактоо, ошондой эле директорлор кеңешинин банктын жана акционерлердин кызыкчылыгында көз карандысыз, объективдүү жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуусун сактоо аркылуу түзүү сунушталат.
Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө директорлор кеңешинин курамында гендердик теңчиликти камсыз кылуу менен эркектерди да, аялдарды да шайлоого жол берилет, жана бул корпоративдик башкаруунун алдыңкы тажрыйбаларынын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык келет.
44. Банкта директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун акционерлерге тигил же бул талапкерге добуш берүү чечимин кабыл алуу үчүн жетиштүү болгон талапкерлер жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүндүк берген ачык-айкын жол-жобосу түзүлүүгө тийиш.
45. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү акционерлердин ишенимине ээ болуп, алардын кесиптик жана көз карандысыз ой-пикирлеринин негизинде кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарууга жөндөмдүү жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу иш-аракеттери/аракеттенбей коюусу үчүн жооп бериши керек.
46. Директорлор кеңеши шайланган директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кызматка кабыл алуу программасын иштеп чыгып, бекитиши керек жана директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү үчүн кесиптик өнүгүү планын бекитиши мүмкүн. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү үчүн кесиптик өнүгүү планы банктын стратегиялык максаттарына ылайык, кесиптик окутуу жана өнүгүү муктаждыктарынын негизинде түзүлөт. Банктын дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитети кесиптик өнүгүү планынын аткарылышын контролдоого тийиш.
47. Директорлор кеңешинин төрагасы директорлор кеңешинин ишин уюштуруу жана анын жалпы уюштуруучулук жетекчилиги үчүн жооп берет, директорлор кеңешинин негизги иш-милдеттерин толук жана натыйжалуу жүзөгө ашырышын жана акционерлердин, директорлор кеңешинин жана банк башкармасынын ортосунда конструктивдүү диалогду түзүүнү камсыз кылат.
48. Директорлор кеңешинин төрагасынын ролу жана функциялары банктык мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык, банктын ички документтеринде бекитилүүгө тийиш.
49. Банкта директорлор кеңешинин жалпы ишине, директорлор кеңешинин төрагасынын кызматтык милдеттери аткарылышына жана анын бир мүчөсүнө жыл сайын жекече баа берүү (өз алдынча баа берүү) жол-жобосу колдонулууга тийиш. Директорлор кеңешинин ишине баа берүү анын натыйжалуулугуна, курамына, билиминин жана катышуучуларынын ар түрдүүлүгүнө жана банктын жалпы максаттарына жана стратегияларына жетишүү үчүн мүчөлөр менен комитеттер канчалык натыйжалуу өз ара аракеттенишерине баа берүүнү камтууга тийиш. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн жеке баалоосу ар бир директор банктын өнүгүшүнө натыйжалуу салым кошуп жаткандыгын көрсөтүшү зарыл. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн директорлор кеңешинин бардык башка мүчөлөрүнүн пикирлерине карабастан, өз пикирлерин бөлүшүүгө умтулуусу бааланууга тийиш.
50. Акционерлердин жалпы чогулушу директорлор кеңешинин жана анын комитеттеринин ишине баа берүү үчүн корпоративдик башкаруу жаатындагы тышкы көз карандысыз аудиторлорду (эксперттерди) тарта алат. Баа берүүдө директорлор кеңешинин курамына жана түзүмүнө карата талаптардын шайкештиги, директорлор кеңешинин мүчөлөрүндө зарыл компетенциялардын болушу, директорлор кеңешинин иш тажрыйбасынын мыйзамдардын, уставдын, банктын ички документтеринин ченемдерине ылайык келиши каралышы мүмкүн. Эксперт директорлор кеңешинин жана анын ар бир мүчөсүнүн банктын туруктуу өнүгүүсүн жана узак мөөнөттүү келечекте анын наркынын өсүшүн камсыз кылуудагы салымын баалай алат, ошондой эле банктын башкаруу боюнча директорлор кеңешинин ишин жакшыртуу үчүн багыттарды аныктап, чараларды сунуштай алат. Баалоонун натыйжалары директорлор кеңешинин мүчөлөрү кайрадан шайланганда же ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда эске алынууга тийиш.
51. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери директорлор кеңеши жөнүндө жободо так баяндалууга жана бекемделүүгө тийиш, ал акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынуусу жана банктын расмий сайтында жарыялануусу зарыл.
52. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн тандоодо, алар дайындалган учурда банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттерин айкалыштырып аткара турган талапкерлердин учурдагы иш менен камсыз болушуна көңүл буруу зарыл.
Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү өз милдеттерин талаптагыдай аткарууга, анын ичинде директорлор кеңешинин отурумдарына/аралыктан добуш берүүгө даярдануу, ошондой эле аларга катышуу үчүн жетиштүү убакытка ээ болууга тийиш.
53. Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнө банктын документтеринен жана маалыматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү бирдей деңгээлде камсыз кылынууга тийиш. Директорлор кеңешинин жаңы шайланган мүчөлөрүнө шайланган учурдан тартып кыска мөөнөттө банктын иши жана директорлор кеңешинин иши жөнүндө бардык зарыл маалыматтар берилүүгө тийиш.
54. Директорлор кеңеши өз функцияларын натыйжалуу аткаруу үчүн үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турушу зарыл. Директорлор кеңешинин отурумдарын тийиштүү түрдө бекитилген отурумдун графигине жана иш планына ылайык өткөрүү сунушталат.
55. Директорлор кеңешинин отурумдарын даярдоо жана өткөрүү анын ишинин максималдуу натыйжалуулугуна көмөк көрсөтүүгө тийиш.
56. Директорлор кеңешинин (анын комитеттери сыяктуу эле) отурумдарын өткөрүү директорлор кеңешинин, директорлор кеңешинин комитеттеринин бетме-бет отурумдары аркылуу, анын ичинде Директорлор кеңешинин/комитеттердин мүчөлөрүнүн аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгү менен банктын белгиленген жол-жоболоруна, катышуучуларды аутентификациялоо чараларына жана купуя маалыматтарын коргоого ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. Директорлор кеңешинин жана анын комитеттеринин отурумун өткөрүү/чечим кабыл алуу формасы ар бир учурда күн тартибиндеги маселенин мазмунун жана аны талкуулоонун зарылдыгын, кабыл алынган чечимдин маанилүүлүгүн (олуттуулугун) эске алуу менен, ошондой эле директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн, директорлор кеңешинин комитетинин кароого коюлган маселе боюнча пикирлерин эске алуу менен аныкталууга тийиш.
57. Директорлор кеңеши жана башкарма кызматташуу менен өз ара аракеттенүүгө, банктын таламында аракеттенүүгө жана туруктуу өнүгүү принциптеринин негизинде чечимдерди кабыл алууга, бардык акционерлерге адилеттүү мамиле кылууга жана узак мөөнөттүү келечекте банктын туруктуу өнүгүүсүн жана акцияларынын наркынын өсүшүн камсыз кылуу менен кызыкдар жактардын пикирлерин эске алууга тийиш.
58. Директорлор кеңеши банк башкармасынын ишине үзгүлтүксүз баа берип турууга тийиш. Баалоонун негизги критерийлери Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) токтому менен бекитилген Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системасын түзүү эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
4-глава. Банк башкармасы
59. Банк Башкармасы банктын күндөлүк ишине жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, банктын уставынын, башкарма жөнүндө ички жобонун негизинде жүзөгө ашырат жана директорлор кеңешине отчёт берет.
Башкарманын компетенциясына жана жоопкерчилигине тиешелүү маселелер Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдарында аныкталган.
60. Натыйжалуу корпоративдик башкарууну камсыз кылуу максатында банк башкармасы:
1) банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчиликтерин, ыйгарым укуктарын жана отчёт берүүсүн так бөлүштүрүүнү камсыз кылуу;
2) директорлор кеңеши тарабынан бекитилген саясаттардын, жол-жоболордун жана кызматтык нускоолордун уюштуруу түзүмүнүн бардык аткаруу деңгээлинде сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын белгилөө жана бул системалардын шайкештигине мезгил-мезгили менен баа берүү;
3) башкаруучулук чечимдерин кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды (финансылык, рыноктук окуялар жана шарттар жөнүндө талдоо ж. б.) талаптагыдай даярдоону жана өз убагында берүүнү камсыз кылган ишенимдүү маалымат системаларын орнотуу;
4) директорлор кеңешине банктын бизнес-планынын жана өнүгүү стратегиясынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына баа берүүгө мүмкүндүк берген финансылык жана операциялык иштин иш жүзүндөгү натыйжаларын камтыган күндөлүк иш жөнүндө мазмундуу жана так отчётторду өз убагында берүү;
5) директорлор кеңешине банктын ички контролдук системасынын шайкештигине, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кылдат баа берүүгө (жылына кеминде бир жолу), ошондой эле ички контролдук системасын өркүндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүгө;
6) директорлор кеңешине тобокелдиктерди тескөө боюнча отчётторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү мезгил-мезгили менен берип туруу, алар тобокелдиктерди тескөөнүн үзгүлтүксүз процессинин натыйжалуулугун жана шайкештигин камсыз кылууга мүмкүндүк берет;
7) банктын экономикалык абалындагы кандай болбосун начарлоолор же мындай жагдайдын келип чыгуу коркунучу жөнүндө директорлор кеңешине токтоосуз маалымдоого;
8) мыйзамдарда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички саясаттарда орун алган бардык бузуулар жөнүндө директорлор кеңешине маалымдоого.
61. Башкарманын мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Банк Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү жогорку кесиптик жана жеке мүнөздөмөлөргө ээ болууга, ошондой эле кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга жана жогорку этикалык стандарттарды сактоого тийиш.
62. Башкарма мүчөлөрү өз ишин жүзөгө ашырууда объективдүү болууга жана жеке кызыкчылыктарын же банктын айрым акционерлеринин, кызмат адамдарынын же үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын эмес, алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого тийиш.
63. Отурумдун протоколуна жана стенографиялык отчётуна (катышуучулардын сөзүнүн жазуу жүзүндөгү толук тексти) отурумда катышкан банк башкармасынын мүчөлөрү менен макулдашылгандан (виза койгондон) кийин банк башкармасынын төрагалык кылуучусу жана катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Башкарманын отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол койдуруу менен таанышып чыгууга тийиш. Башкарманын мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири жана сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги добуш берүүдө билдирилүүгө жана протоколдо чагылдырылууга тийиш.
64. Башкаруу тажрыйбасында төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) коллегиалдуу чечим кабыл алуу учурларын эске албаганда, чечим кабыл алууга функционалдык милдеттерге ылайык тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ эмес банк башкармасынын мүчөсүнүн катышуусуна;
2) банк башкармасынын мүчөлөрү тиешелүү квалификацияга жана алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл көндүмдөргө жана билимге ээ эмес болсо;
3) алардын иш жыйынтыгы банк үчүн олуттуу мааниге ээ банк кызматкерлеринин ишине банк башкармасынын мүчөлөрү контролдукту жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес болсо (кирешелерди топтоо, жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүү ж.б. көз карашынан алганда).
65. Банк башкармасынын мүчөлөрү банктын таламында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып баруусу зарыл жана ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттенмелерди сактоого тийиш:
1) стратегияларды жана саясаттарды жүзөгө ашырууну кошо алганда, өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана чечимдерди (банк акционерлеринин жана директорлор кеңешинин жалпы жыйынында кабыл алынган) сактоо менен өз ыйгарым укуктарынын чегинде ишкердикти жүргүзүүгө;
2) алдыга коюлган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу максатында, мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга;
3) белгилүү бир мөөнөт ичинде зарыл жана жеткиликтүү маалымат алуу үчүн бардык жыйынтыктоочу чараларды көргөндөн/күч-аракетин жумшоодон кийин өз квалификациясынын жана тажрыйбасынын негизинде тең салмактуу чечимдерди кабыл алууга;
4) таламдардын каршы келип калышына жол бербөө талаптарын так сактоого;
5) акционерлерге, директорлор кеңешине жана кызмат адамдарга карата бирдей мамиле кылуу принциптерин так сактоого;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга;
7) банк кардарлардын айкын экономикалык мааниге, мыйзамдуу максатка ээ болбогон жана/же алар келечекте банктын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон бүтүмдөрү жана операциялары (бүтүмдөрү) жүргүзүлүшүнө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүүгө.
5-глава. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитетке коюлуучу негизги талаптар
66. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет банкта директорлор кеңешинин иш натыйжалуулугун жогорулатуу жана кабыл алынган чечимдерди оптималдаштыруу үчүн ишкердик түрлөрүнөн көз карандысыз түзүлөт.
Комитеттин иши банктын негизги кызматкерлерин дайындоо жана аларга сый акынын төлөнүшүнө контролду күчөтүүгө багытталууга тийиш.
67. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет, банк үчүн зарыл компетенцияга жана квалификацияга ээ адамдарды ишке тартуу, дем берүү жана кызыктыруу үчүн төлөнүүчү жетиштүү сый акы деңгээлин аныктайт, мында сый акы деңгээли чыгым тартууга алып келбөөгө тийиш.
68. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат.
69. Комитет Директорлор кеңешинин кеминде үч мүчөсүнөн турууга жана алардын бири көз карандысыз болууга тийиш.
70. Комитет Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен банктын негизги кызматкерлеринин курамына талапкерлер боюнча директорлор кеңешине сунуштарды берет.
71. Комитет корпоративдик катчы кызмат ордуна талапкерди карап, анын белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгына баа берет жана директорлор кеңешине сунуш-көрсөтмөлөрдү берет.
72. Банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызматкерлерине сый акы төлөө банкта кабыл алынган ички документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.
73. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана негизги кызматкерлерине белгиленген сый акы өлчөмү алардын натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө түзүп, аларга дем берген жана компетенттүү, өз ишин жакшы билген кесипкөй адистерди ишке тартууга мүмкүнчүлүк түзгөн чекте аныкталууга тийиш.
Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө кошумча сый акынын өлчөмү банктын ишинин натыйжаларын, банктын стратегиялык пландарына жетишүүнүн натыйжаларын жана директорлор кеңешинин мүчөсүнүн стратегиялык пландарды ишке ашырууга натыйжалуу катышуусунун жыйынтыктарын эске алуу менен акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен белгиленет.
74. Сый акы төлөө системасы сый акынын банктын ишинин натыйжаcына жана ошол натыйжага жетүүдө банк кызматкеринин кошкон жеке салымына карата катышынын негиздүү деңгээлин камсыз кыла алгандай деңгээлде уюштурулууга тийиш.
Банк тарабынан сый акылар боюнча лимиттер каралуусу зарыл. Лимиттин түзүмүндө банктын ар башка деңгээлдеги кызмат адамдарына сый акы өлчөмүн пропорционалдуу негизде теңдештирүү шарты каралууга тийиш.
75. Эмгекке төлөө системасы бизнес-стратегияга, тобокелдиктерди жөнгө салуу стратегиясына, банктын максаттарына, баалуулуктарына жана узак мөөнөткө каралган кызыкчылыктарына дал келүүгө, ошондой эле анда таламдардын каршы келип калышына жол бербөө чаралары каралууга тийиш. Дем берүү программалары, анын алкагында чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасы белгиленген критерийлерге жооп берген жана кызматчылар жеке өзүнүн же түзүмүнүн кызыкчылыгында гана эмес, банктын таламында (кардарлардын да кызыкчылыгын эске алуу менен) иш алып баруусуна түрткү берген тобокелдиктерди жөнгө салуу ишин жүзөгө ашырууга өбөлгө түзүүгө тийиш. Дем берүү программасында каралган сый акылар (бонустар) кызматчылардын ашкере тобокелдикке баруусуна өбөлгө түзбөөгө тийиш.
76. Сый акы өлчөмү кызматкер аткарган милдеттер көлөмүнө, ошондой эле орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктин түздөн-түз иш натыйжасына карата катышына жараша болууга тийиш. Келечекте аларды алуу мөөнөтү жана ыктымалдыгы белгисиз болгон кирешелердин эсебинен сый акы төлөө ыкмалары кабыл алынган сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдүн негизинде кылдат кароого алынат. Сый акы төлөө системасында, тобокелдик лимиттерин, ички жол-жоболорду же жөнгө салуу талаптарын бузууга жол берүүнү кошо алганда, бардык тобокелдиктерди эске алуу менен сый акы (бонус) өлчөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.
77. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитети банктын, аткаруу органынын жана банктын башка негизги кызматкерлеринин сый акы төлөө боюнча саясатын иштеп чыгат жана мезгил-мезгили менен кайра карап чыгат, анын ичинде аткаруу органынын мүчөлөрүнүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мотивациясынын параметрлерин иштеп чыгат.
78. Сый акы төлөө жөнүндө ички документинде төмөнкүлөрдү камтуу зарыл:
- сый акы (бонус) төлөө тартиби жана мезгил аралыгын;
- келечекте тобокелдиктерди тескөө натыйжасы эске алынган сый акы (бонус) ачык- айкын төлөө критерийлеринин системасын;
- сый акылардын (бонус) өлчөмүн, ошондой эле алардын лимиттерин;
- тобокелдиктерди кыскартуу чараларын эске алуу менен ("ишенимсиз/жоготуу"), белгилүү бир тобокелдик орун алган учурдан тартып натыйжа алганга чейин сый акынын (бонустун) олуттуу үлүшүн төлөөнү кийинкиге калтыруу шарттарын;
- алынган натыйжанын негизинде сый акы (бонус) өлчөмүн азайтуу же жокко чыгаруу же болбосо аларды төлөөгө чейин тиешелүү чараларды көрүү шарттарын;
- иш-аракеттер планын аткаруу жана анын талаптарын сактоо шарттарын/банктын кабыл алган бюджетин;
- сый акылардын (бонустардын) төлөнүшүнүн банк ишинин кирешелүүгүнөн көз карандылыгы.
79. Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитет банктын төмөнкүлөр боюнча ички документтеринин колдонууга киргизилишин жана ишке ашырылышын контролдойт жана баа берет:
1) кызматкерлерди ишке кабыл алуу жана бошотуу (банк жетекчилигин кошо алганда), кадрлардын алмашуусу жана карьереалык өсүш;
2) банктын директорлор кеңешин жана башкармасын кошо алганда, эмгек акы, сый акы төлөө жана сыйлыкка көрсөтүү, социалдык төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди берүү;
3) кызматкерлерди окутуу (директорлор кеңешин жана башкарманы кошо алганда);
4) квалификациялуу жана компетенттүү персоналды (жетекчиликти кошо алганда) сактап калуу боюнча чаралар системасы;
5) банк кызматкерлери (директорлор кеңешин жана башкарманы кошо алганда) өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, банк тарабынан кабыл алынган кесиптик этика стандарттарын бузгандыгы үчүн чараларды колдонуу.
6-глава. Жаңы продукттар боюнча комитеттин негизги талаптары
80. Жаңы продукттар боюнча комитет банкта жаңы банктык продукттарды иштеп чыгуу, жаңы продукттарды банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна колдонууга киргизүү үчүн, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу мыйзам талаптарына ылайык иштелип чыккан жаңы продукттар рыногуна банктын аралашуусун контролдоо үчүн, ошондой эле тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлин аныктоо жана санариптик банк операцияларын контролдоонун шайкеш системаларын калыптандыруу максатында түзүлүшү мүмкүн.
81. Комитет натыйжалуу, максатка багытталган жана контролдукка алынган алгачкы баа берүү процессин камсыз кылуу, учурдагы ресурстук чектөөлөрдүн чегинде банктык продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары иштеп чыгуу, тесттен өткөрүү жана колдонууга киргизүү үчүн жаңы банктык продукттарга жана банк операцияларын санариптик платформаларга өткөрүүгө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
82. Комитет банктын тигил же бул түзүмдүк бөлүмүн жаңы банктык продукттарды жана санариптик банк платформаларын иштеп чыгуу процессине тартуу мүмкүнчүлүгүн аныкташы ыктымал.
83. Комитет жаңы банктык продукттарды иштеп чыгууда жана колдонууга киргизүүдө, ошондой эле банк операцияларын санариптик платформаларга өткөрүүдө орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге жана аларды кыскартуу (азайтуу) ыкмаларына баа берүүгө тийиш.
84. Комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген комитет жөнүндө ички жобо аркылуу жөнгө салынат.
85. Комитет директорлор кеңешинин же/жана банк башкармасынын мүчөлөрүнөн турууга тийиш. Санарип банк платформаларына жана кардарларды аралыктан тейлөөгө байланыштуу жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө комитеттин курамына маалыматтык технологиялар жана маалымат коопсуздугу боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кирүүгө тийиш.
86. Жаңы банктык продукттарды жана тейлөөнүн санариптик банк платформаларын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү чечимин кабыл алууда комитет өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарын так сактоого тийиш.
7-глава. Банктын корпоративдик катчысы
87. Банктын корпоративдик катчысы банк акционерлеринин жалпы жыйынын ишин жана Директорлор кеңешинин күндөлүк негизде өз ара натыйжалуу иш алып баруусун камсыз кылат жана уюштурат (отурумдарды өткөрүү жана иш кагаздарын жүргүзүү), ошондой эле акционерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча банктын иш-аракетин координациялайт.
88. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп саналат жана ал банктын Директорлор кеңешинин чечими менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
89. Корпоративдик катчы өз ишин Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, Улуттук банктын документтерине, банктын Уставына жана ички ченемдик актыларына, ошондой эле акционерлердин жалпы жыйыны жана директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык жүзөгө ашырат.
Корпоративдик катчы ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жетиштүү билим деңгээлине, тажрыйбага жана квалификацияга жана акционерлердин ишенимдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Корпоративдик катчы белгиленген тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл ыйгарым укуктар жана тиешелүү ресурстар менен камсыз болууга тийиш.
90. Корпоративдик катчынын ишин башка милдеттер менен айкалыштырууга банктын Директорлор кеңешинин макулдугунун негизинде гана, кызыкчылыктар каршы келбеген шартта жол берилет.
91. Корпоративдик катчынын функционалдык милдеттери банк тарабынан өз алдынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана банктын ички документтерине ылайык иштелип чыгат.
92. Корпоративдик катчы банктын таламында акыйкат жана акыл ченемдүү иш алып барууга милдеттүү, мында ал төмөнкүдөй фидуциардык милдеттерди аткарууга тийиш:
1) өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарын, банктын уставын жана ички документтеринин талаптарын так сактоо менен аткарууга;
2) ага берилген ыйгарым укуктардан пайдаланууга;
3) акционерлерге жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата бирдей мамиле кылуу принцибин так сактоого;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берүүгө.
93. Корпоративдик катчы банктын директорлор кеңешинин бардык отурумдарына милдеттүү түрдө катышууга жана отурумдардын стенографиялык протоколун (катышуучулардын сүйлөгөн сөздөрүнүн толук жазуу жүзүндөгү тексти) түзүүгө жана анын жыйынтыгы боюнча протоколдорду, анын ичинде жазуу жүзүндө сурамжылоо жана коммуникация каражаттарын пайдалануу менен добуш берүүнү даярдоого тийиш.
Корпоративдик катчы кол коюлган протокол менен директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүн, анын ичинде байланыш каражаттарын пайдалануу жолу менен тааныштыруусу зарыл.
8-глава. Кесиптик этика жана таламдардын каршы келип калышынын алдын алуу
94. Банктын стратегиялык максаттарына жетишүүдө маанилүү фактор катары директорлор кеңешинин жана башкармасынын кесиптик этика стандарттарын түптөөгө багытталган иши саналат, алар аркылуу төмөнкүдөй корпоративдик башкаруу аспекттеринин маанилүүлүгү аныкталат:
1) банктын уюштуруу түзүмүнүн бардык деңгээлинде террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кошо алганда, натыйжалуу ички контролдук системасын камсыз кылуу;
2) алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбаны ишке ашыруу;
3) банктын таламын банк акционерлеринин, кызмат адамдарынын жана банк ишине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка адамдардын талапка жооп бербеген же мыйзамсыз иш-аракеттеринен коргоо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана ички документтеринин талаптарын так сактоо;
5) таламдардын каршы келип калышына жол бербөө жана мындай талаш маселелер келип чыгышы мүмкүн болгон жагдайларды жана ишкердик чөйрөсүн табуу;
6) банк ишинин натыйжасын гана эмес, стратегиялык максаттарга ылайык келүүсүн жана банктын кесиптик этика стандарттарын сактоосун эске алуу менен кызматкерге (директорлор кеңешин жана башкарманы кошо алганда) эмгек акы, сый акы жана сыйлыктарды белгилөө;
7) банк кызматкерлерине жана кызмат адамдарына кредит берүүдө банк ишинин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу талаптарын так сактоо;
8) кызматчыларга жетекчилердин мыйзамсыз, талапка жооп бербеген же шектүү иш-аракеттерге жол бергендиги тууралуу тынчсыздануусун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген жана жетекчилик тарабынан басмырлоодон коргоону камсыз кылган механизмдердин болушу.
95. Алардын банктын корпоративдик башкаруу деңгээлине таасирин тийгизүүсүн камсыз кылуу максатында кесиптик этика стандарттары тууралуу бардык кызматчыларга тааныштырылууга жана алар директорлор кеңешин жана башкарманы кошо алганда, банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сакталууга тийиш.
96. Банкта таламдардын каршы келип калышына жол бербөө, ошондой эле аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар, банк башкармасынын, директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдар, олуттуу катышуучулар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен байланыштуу кайсыл болбосун жеке адамдар менен операцияларды жөнгө салуу боюнча мыйзам талаптарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын сакталышын камсыз кылган механизмдер иштелип чыгууга тийиш.
Таламдардын каршы келип калышына жол бербөө жана идентификациялоо максатында банк кеминде төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1) директорлор кеңешине жана банк башкармасына таламдардын каршы келип калышына байланыштуу потенциалдуу тобокелдиктер тууралуу маалымдоо жол-жобосун иштеп чыгууга;
2) банктын кызмат адамдары жана кызматкерлери кызматка дайындоо (шайлоо) алдында жакын туугандары жөнүндө маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга;
3) таламдардын каршы келип калышы тууралуу маалымат базасын жүргүзүүгө.
Таламдардын каршы келип калышы учурда банктын кызмат адамы же кызматкери бул тууралуу банк башкармасына жана/же директорлор кеңешине токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Таламдардын каршы келип калышы өз убагында аныкталбаган учурда, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
9-глава. Банкты башкаруунун ачык-айкындыгы
97. Банкты башкаруунун ачык-айкындыгы банктын акционерлерине, аманатчыларына жана башка кредиторлоруна башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле банктын натыйжалуу корпоративдик башкарууну жүзөгө ашыруучу катары аброюн колдоо көрсөтөт. Бул жаңы кардарларды, инвесторлорду, бизнес өнөктөштөрдү тартууга жардам берет.
98. Корпоративдик башкаруунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн банк Улуттук банк Башкармасынын 30.10.2019-ж. №2019-П-12/54-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жободо аныкталган маалыматтарды өзүнүн расмий сайтында корпоративдик башкарууга тиешелүү маалыматтарды расмий сайтында чечмелеп бериши же жылдык жана мезгил-мезгили менен берилүүчү отчётторунда жарыялашы мүмкүн.
Корпоративдик башкаруу жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү аталган жобонун 6-главасына ылайык, Кыргыз Республикасынын банктары үчүн милдеттүү талап болуп саналат. Банк ишин ачык-айкын тескөө, банк акционерлерине, аманатчыларына жана башка кредиторлоруна башкаруу органынын ишине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле натыйжалуу корпоративдик тескөөнү жүзөгө ашырган банк катары аброюн колдоого алат. Бул жаңы кардарларды, инвесторлорду жана өнөктөштөрдү тартууга шарт түзөт.
99. Маалыматты ачып көрсөтүүнүн кыйла маанилүү ыкмалары болуп, банктын расмий сайтына жарыяланган банктын жылдык финансылык отчёту жана финансылык эмес отчёттору саналат.
Банктын расмий сайты ошондой эле тиешелүү финансылык жана финансылык эмес маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн маанилүү курал катары кызмат кылат. Расмий сайт маалыматты үзгүлтүксүз жана өз убагында ачыкка чыгарууга жана банктан ашыкча чыгымдарды талап кылбастан, бардык кызыкдар тараптарга тиешелүү маалыматты пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
100. Банк мыйзамдарда жана банктын ички документтеринде каралган маалыматтарды өз учурунда ачып көрсөтүүгө тийиш. Банкта мыйзамдарга ылайык келген жана принциптерди аныктаган ички документтер, маалыматтарды ачып көрсөтүү жана коргоо ыкмалары, ошондой эле кызыкдар жактарга берилүүчү маалыматтардын тизмеси бекитилүүсү зарыл. Директорлор кеңеши тарабынан банктын маалымат саясаты кабыл алынып, анын сакталышы камсыз кылынууга тийиш.
101. Маалымат саясаты мындай ачып көрсөтүү адилеттүү, өз убагында жана талаптагыдай жүзөгө ашырылышы үчүн маалыматты, айрыкча банктын олуттуу маалыматтарын ачып көрсөтүүнүн механизмдерин аныктоого тийиш.
102. Маалымат саясаты банктын расмий сайтында ишенимди бекемдөө жана акционерлер, кардарлар менен мамилелерди жакшыртуу максатында жарыяланат.
103. Банк Улуттук банк Башкармасынын 12.03.2010-ж. №6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчётторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык аудиттен өткөрүлгөн жылдык финансылык отчётту өзүнүн расмий сайтында өз убагында жайгаштырууга тийиш.
Отчётто ошондой эле натыйжалуулук көрсөткүчтөрү камтылышы зарыл (анын ичинде финансылык натыйжаларга таасирин тийгизген олуттуу факторлор).
104. Жылдык отчётто мыйзамдарда каралган маалыматтар менен катар эле банкта корпоративдик башкаруу жөнүндө төмөнкү маалыматтар да камтылуусу зарыл:
1) директорлор кеңешинин (анын ичинде директорлор кеңешинин комитеттеринин) жыл ичиндеги иши жөнүндө отчёт, анда бетме-бет (аралыктан) отурумдардын саны, директорлор кеңешинин ар бир мүчөсүнүн отурумдарга катышуусу жөнүндө маалыматтарды, директорлор кеңешинин жана директорлор кеңешинин комитеттеринин отурумдарында каралган кыйла олуттуу маселелердин баяндамасын, комитеттер директорлор кеңешине берген негизги сунуш-көрсөтмөлөрдү камтуу сунуш кылынат;
2) Аудит боюнча комитет тарабынан тышкы жана ички аудитти жүргүзүү процессинин натыйжалуулугуна баа берүүнүн натыйжалары;
3) тышкы аудиторлорду шайлоодо колдонулуучу жана алардын көз карандысыздыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуучу жол-жоболордун баяндалышы;
4) директорлор кеңешинин ишине баа берүүнүн (өзүн-өзү баалоонун) негизги натыйжалары жөнүндө маалыматтар. Директорлор кеңешинин ишине баа берүү үчүн тышкы көз карандысыз аудиторлорду (эксперттерди) тарткан учурда – тышкы көз карандысыз аудиторлор (эксперттер) жөнүндө, алардын банк менен байланышы жөнүндө жана алар тарабынан жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле директорлор кеңешинин ишинде буга чейинки баалоонун натыйжалары боюнча ишке ашырылган оң өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар.
105. Мындан тышкары, банктын расмий сайтында төмөнкү маалыматтар жарыяланышы зарыл:
1) директорлор кеңешинин жана аткаруу органынын мүчөлөрүнүн квалификациясы жана кесиптик тажрыйбасы жөнүндө кыскача маалыматты мамлекеттик, расмий жана англис тилинде;
2) Банкты корпоративдик башкаруу кодекси;
3) «Банктын директорлор кеңеши жөнүндө» жана анын комитеттери жөнүндө жобо;
4) рыноктун катышуучуларын маалымдоо үчүн максатка ылайыктуу болгон корпоративдик башкаруу боюнча башка маалыматтарды.
106. Банктын расмий сайты колдонууга ыңгайлуу түзүлүүгө тийиш жана банктын ишин түшүнүүгө, атап айтканда, олуттуу корпоративдик жагдайлар тууралуу маалымат менен таанышууга кызыкдар жактар үчүн зарыл маалыматты, ошондой эле банк жөнүндө ачып көрсөтүлүүгө тийиш болгон башка маалыматты камтуусу зарыл.
107. Банктын расмий сайтында банк тууралуу объективдүү пикир жаратуучу жана анын ишиндеги олуттуу аспектилер жөнүндө маалымат жарыялануусу талап кылынат. Маалыматты сайттын өзүнчө тематикалык бөлүмдөрүнө жайгаштыруу сунушталат.
108. Расмий сайтты актуалдаштыруу, зарылдыгына жараша, бирок кеминде жумасына бир жолу ишке ашырылат. Банкта сайтта жайгаштырылган, анын ичинде чет тилдердеги маалыматтардын толуктугу жана актуалдуулугу туруктуу негизде көзөмөлдөнүп турууга тийиш. Бул максаттарда банктын расмий сайтындагы маалыматтардын толуктугу жана актуалдуулугу үчүн жооп берген жооптуу адамдар бекитилүүгө тийиш.
10-глава. Банктын туруктуу өнүгүүсү
109. Корпоративдик башкаруунун жалпы системасынын бир бөлүгү болуп экологиялык жана социалдык менеджмент системасы саналат (Ecological Social Management System), бул бизнес жүргүзүү процессинде экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруунун мыкты тажрыйбаларын ырааттуу жүзөгө ашырууну камсыз кылган жол-жоболордун жана практикалык иш-чаралардын жыйындысы.
110. Банк өзүнүн экономикалык, экологиялык жана социалдык максаттарынын шайкештигин, ошондой эле банктын жана кызыкдар жактардын кызыкчылыктарынын балансынын сакталышын камсыз кылуу менен анын наркынын узак мөөнөттүү келечекте өсүшүнө умтулууга тийиш.
111. Банкты туруктуу өнүктүрүү жагындагы иш ачык-айкындуулук, отчёттуулук, этикалык жүрүм-турум, кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу, мыйзамдуулук, адам укуктарын сактоо, коррупцияга жол бербөө, кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө принциптерине ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
112. Банктын директорлор кеңеши жана аткаруу органы туруктуу өнүктүрүү жаатында талаптагыдай саясатты жана системаны түзүүнү жана аны ишке киргизүүнү камсыз кылууга тийиш. Бардык деңгээлдеги банктын бардык кызматкерлери жана кызматкерлери туруктуу өнүгүүгө салым кошушу керек. Директорлор кеңеши банкта корпоративдик, экологиялык жана социалдык башкаруу системасынын (ESG) түзүлүшүнө жооптуу.
113. Банк кызматтык, коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтардын корголушун камсыз кылууну эске алуу менен кызыкдар жактар үчүн өз ишинин айкындыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында туруктуу өнүктүрүү жаатындагы маалыматтарды жыл сайын ачып берүүгө тийиш.
Туруктуу өнүгүү боюнча маалымат туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык стандарттарга ылайык түзүлүшү мүмкүн.
114. Банк өнөктөштөрдүн жана кардарлардын туруктуу өнүгүү принциптерин колдонуусун колдоого жана мындай колдонууга өбөлгө түзүүгө тийиш.
11-глава. Шариаттык башкаруу
115. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банкта шариат стандарттарынын сакталышы жана талаптагыдай шариаттык башкарууну камсыз кылуу негиз болуп саналат.
116. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн шариат башкаруусу өзүнө төмөнкү элементтерди камтууга тийиш:
- банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш багытын киргизүү жана шариат жана шариат башкаруу стандарттарын сактоо ниети жөнүндө чечимде акционерлердин ролун аныктоо;
- ишенимдүү шариаттык башкаруу системасын жана шариат стандарттарын ишке киргизүүнү жана сактоону камсыз кылууда директорлор кеңешинин ролун аныктоо;
- башкарманын шариаттык башкарууну сактоону камсыз кылуу, ошондой эле шариаттык башкаруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү ресурстарды камсыз кылуу боюнча ролун аныктоо;
- шариат стандарттарынын сакталышын камсыз кылууда шариат кеңешинин ролун аныктоо жана башкаруу органдарына шариаттык башкаруу ченемдерин уюштурууда жана сактоодо көмөк көрсөтүү жана алар менен өз ара аракеттенүү тартиби;
- шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдү түзүү;
- ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдү түзүү;
- шариат кеңешинин банк продуктулары, кызмат көрсөтүүлөрү жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банктын ишин аныктаган башка негизги жол-жоболор боюнча чечимдерин (фатваларды) ачып көрсөтүү, анын ичинде кайрымдуулук жана башка маанилүү маселелер боюнча төлөмдөрдү кечиктиргендиги үчүн жыйымдар боюнча банктын саясаты;
- банктын бардык уюштуруу деңгээлдерине багытталган шариат стандарттарын сактоо боюнча окутуу жана агартуу боюнча демилгелерди ишке ашыруу.
117. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банкта шариат башкаруусунун калыптанышы негиз болуп саналарын эсепке алуу менен, директорлор кеңеши, шариат кеңеши жана банк башкармасы шариат ченемдеринин жана стандарттарынын сакталбай калуу тобокелдиктерин тескөөнүн комплекстүү ыкмасын камсыз кылуу менен коргоонун үч багытын ишке киргизүү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат:
- биринчи коргоо линиясы, ал контролдоонун саясатын, жол-жоболорун жана каражаттарын так белгилөөгө, жана банк ишин шариат стандарттарына ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүүгө тийиш болгон бизнес багыты тарабынан сунушталат;
- экинчи коргоо линиясы, ал функциясына банктын шариат стандарттарын сактоосун ички контролдоо кирген жана кандайдыр бир бизнес бөлүмдүн курамына кирбей турган же ага баш ийбей турган ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм тарабынан сунушталат;
- үчүнчү коргоо линиясы, бул аудит жүргүзүүчү жана банктын ишинде шариат стандарттарынын сакталышына баа берүүчү, жана кандайдыр бир бизнес бөлүмдүн курамына кирбей турган же ага баш ийбей турган ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм тарабынан сунушталат.
118. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банктын директорлор кеңеши банкта шариат стандарттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн толук жоопкерчилик тартат. Директорлор кеңеши шариат стандарттарынын сакталбай калышына байланыштуу тобокелдиктерди жана алардын банк үчүн потенциалдуу кесепеттерин баамдап турууга тийиш. Демек, директорлор кеңеши шариаттык башкаруу системасын түзүп, анын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Бул система шариат стандарттарынын сакталышын гарантиялоо менен банктын масштабына, операциялык татаалдыгына жана тобокелдиктин жол берилген деңгээлине ылайык келүүгө тийиш.
119. Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушуна аларды бекитүү маселесин кароо үчүн шариат кеңешине талапкерлерди сунуштайт.
120. Директорлор кеңеши шариат стандарттарын жана ченемдерин сактоого байланышкан маселелерди чечүү үчүн шариат кеңеши менен жылына кеминде бир жолу туруктуу негизде жолугушуу өткөрүп турууга тийиш.
121. Директорлор кеңеши шариат кеңеши тарабынан даярдалган жылдык отчёттун акционерлердин жалпы чогулушунда каралышын камсыз кылууга тийиш.
122. Директорлор кеңеши ислам банк иши жана каржылоо принциптери же банктын ислам терезеси боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банктын тиешелүү түзүмдөрүн жана комитеттерин түзүү менен тиешелүү түзүмдөрдү түзүү үчүн жоопкерчилик тартат. Каржылоону, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, багыты боюнча каржылоо операциялары болуп саналган жана жоготуу тобокелдигин өзүнө камтыган башка активдерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алган каржылоо боюнча комитеттин болушу милдеттүү болуп саналат. Каржылоо боюнча комитеттин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана директорлор кеңеши бекиткен Комитет жөнүндө ички жобого ылайык жөнгө салынат.
123. Банк, инвестициялык эсеп ээлеринин алдындагы ишенимдүү жоопкерчиликти таануу менен, алардын кызыкчылыктарын банктын акционерлеринин кызыкчылыгындай эле колдойт.
124. Инвестициялык эсеп ээлери өздөрүнүн инвестициялык эсептерине тиешелүү бардык зарыл маалыматтарды толук алууга укуктуу.
125. Банк, инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча ишенимдүү инвестициялык стратегияны кабыл алууга тийиш, ал инвестициялык эсеп ээлеринин инвестицияларынын кирешелүүлүгү жана тобокелдиктери боюнча күтүүлөрү менен салыштырууга болот (чектелген жана чектелбеген инвестициялык эсеп ээлеринин ортосундагы айырмачылыктарды эске алуу менен), анда инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттарын коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар каралууга жана кайсы болбосун кирешелерди теңдөө (бөлүштүрүү) механизмдерине карата ачык-айкын болууга тийиш.
126. Банк инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча комитет түзө алат, анын максаты инвестициялык эсеп ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча инвестициялык стратегиянын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын башкаруу боюнча комитет аудит боюнча комитет, шариат кеңеши менен өз ара иш алып барып, директорлор кеңешине отчётторду жана сунуш-көрсөтмөлөрдү берет. Инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын башкаруу боюнча комитет кеминде үч мүчөдөн турууга тийиш:
1) аудит боюнча комитеттин мүчөсү;
2) шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери же шариат кеңешинин мүчөсү;
3) директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү.
127. Банк башкармасы банк ишинин жана операцияларынын шариат стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылышын жана тескелишин төмөнкү жолдор менен камсыз кылууга тийиш:
- банк операциялары жана иши, анын ичинде саясат, ички эрежелери, жүрүм-турум кодекси, ошондой эле ички/эл аралык операциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана продукттардын шарттары боюнча шариат стандарттарын сактоого байланыштуу бардык маселелерди шариат кеңешине сунуштоо;
- Шариат кеңешинин фатваларын жана чечимдерин аткаруу;
- Шариат кеңешинин суроо-талабы боюнча ачык-айкындуулукту камсыз кылуу менен толук, так жана өз убагында маалымат берүү.
128. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банкта шариат кеңеши түзүлөт, ага Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана шариат стандарттарында каралгандай, анын шариат ченемдерине жана стандарттарына ылайык келишин камсыз кылуу максатында банк ишин жетектөө, текшерүү, мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө милдети жүктөлөт.
129. Шариат кеңешинин курамы алардын ар биринин ой жүгүртүүсүнүн көз карандысыздыгын камсыз кылган, ошондой эле шариат кеңеши тарабынан банктын, акционерлердин жана инвестициялык эсеп ээлеринин кызыкчылыгында көз карандысыз, объективдүү жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылган көндүмдөрдүн, тажрыйбанын, билимдин балансын сактоо менен түзүлүүгө тийиш.
Шариат кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Шариат кеңешинин курамы, шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн тажрыйбасы жана билими тууралуу маалымат банктын корпоративдик сайтында жарыяланууга тийиш.
130. Шариат кеңешине сый акы берүү жана эмгек акы төлөө маселеси жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушунда кабыл алынат.
Шариат кеңешинин мүчөлөрү үчүн банк тарабынан белгиленген сый акынын деңгээли алардын натыйжалуу иши үчүн жетиштүү мотивацияларды түзүп, банкка компетенттүү жана квалификациялуу адистерди тартууга жана кармап калууга мүмкүндүк берет.
131. Шариат кеңешинин иши шариат кеңеши жөнүндө жобо менен жөнгө салынат, ал акционерлердин жалпы чогулушу тарабынан бекитилет. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдердин үлүшү баланс валютасынын 50% ашпаган ислам терезесине ээ банк үчүн, шариат кеңешинин иши ушул Жобонун жана Улуттук банктын шариат кеңешин түзүү жана анын иши жагындагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген шартта, банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жобо менен жөнгө салынышы мүмкүн.
132. Шариат кеңеши жөнүндө жобо:
1) шариат кеңешинин ишин уюштуруу: кеңештин курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби;
2) шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги;
3) банктын директорлор кеңеши, башкармасы жана комитеттери менен өз ара аракеттенүү тартиби;
4) бетме-бет же аралыктан болушу мүмкүн болгон отурумдарды өткөрүүнүн тартиби. Мында шариат кеңешинин катышуусу менен өткөрүлгөн отурумдар кеминде жылына бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендигин, ал эми шариат кеңеши, эгерде отурумга шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү катышса, күн тартибиндеги маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу экендигин аныктоо зарыл.
5) Шариат кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби.
133. Шариат кеңеши ушул Жобого жана шариат стандарттарына ылайык, банкта шариаттык башкаруунун туруктуу маданиятын толук киргизүү жана колдоо багытында иш алып барууга жана милдеттерин аткарууда чынчылдык жана кесипкөйлүктүн жогорку стандарттарына таянууга, ошондой эле шариат кеңеши катары жоопкерчиликти мойнуна алууга тийиш.
134. Шариат кеңеши банктын ишине, операцияларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана шариат стандарттарына каршы келбеген, аларга байланыштуу келишимдерге жана документтерге карата милдеттүү мүнөзгө ээ болгон шариат чечимдерин (фатваларын) чыгарат.
135. Шариат кеңеши шариат стандарттарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм жана ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм аркылуу шариат стандарттарынын сакталышын контролдоого тийиш.
136. Шариат кеңеши банк тарабынан шариат стандарттарынын сакталышын тастыктаган жылдык отчётту чыгарууга тийиш, ал жылдык отчёттун курамынын бир бөлүгү болуп саналат.
137. Шариат кеңешинин отурумдары шариат кеңешинин бетме-бет отурумдары аркылуу, анын ичинде шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгү менен банктын катышуучуларын аутентификациялоо жана купуя маалыматтарын коргоо боюнча белгиленген жол-жоболорго, чараларга ылайык өткөрүлүүгө тийиш.
138. Каралып жаткан маселе боюнча сын-пикирлери жана сунуштары бар жана кабыл алынган чечимге макул болбогон шариат кеңешинин мүчөсүнүн пикири добуш берүүдө билдирилүүгө жана протоколдо чагылдырылууга тийиш. Шариат кеңешинин отурумунун протоколуна жана стенографиялык отчётуна (катышуучулардын сөздөрүнүн жазуу жүзүндөгү толук тексти) отурумга катышкан шариат кеңешинин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин төрагалык кылуучуну жана корпоративдик катчынын колу коюлууга тийиш. Шариат кеңешинин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол койдуруу менен таанышып чыгууга тийиш.
139. Банк шариат кеңешинин жаңы шайланган мүчөлөрүн кызматка киргизүү программасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш жана шариат кеңешинин ар бир мүчөсү үчүн кесиптик өнүгүү планын бекитиши мүмкүн. Шариат кеңешинин ар бир мүчөсү үчүн кесиптик өнүгүү планы банктын стратегиялык максаттарына ылайык, анын ичинде банк иши, банк мыйзамдары, эл аралык стандарттар маселелери боюнча кесиптик окутуу жана өнүктүрүү муктаждыктарынын негизинде түзүлөт.
140. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн өздүк иш көктөмөлөрүнүн иш кагаздарын жүргүзүү, шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн ишине байланыштуу маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу банктын корпоративдик катчысы тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
141. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган банкта шариат стандарттарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн жана ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн иши жөнгө салынууга тийиш, мында эки бөлүм эки башка милдетти аткара тургандыгын жана отчёт берүү жана кадрдык потенциал жагынан коргоонун үч багытына ылайык бири-биринен бөлүнүүгө тийиш.
«Ислам терезесине» ээ банкта шариат контролёру жана шариат аудитору шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча жана ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн курамына кириши мүмкүн экендиги каралышы мүмкүн. Шариат кеңеши «ислам терезеси» тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын татаалдыгын жана масштабын эске алуу менен шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдү жана ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдү түзүү маселесин демилгелей алат.
142. Шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм уюштуруу жагынан (дайындоо, кызмат боюнча көтөрүлүү, сыйлоо, ишти баалоо жана кызматтан четтетүү маселелери боюнча) шариат кеңеши менен макулдашуу боюнча директорлор кеңешине баш ийет.
Функционалдык милдеттери боюнча шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм шариат кеңешине баш ийет.
143. Ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм уюштуруу жана функционалдык милдеттери боюнча директорлор кеңешине баш ийет.
144. Банк шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм жана ички шариат аудити боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм өз ишин натыйжалуу аткара алышы үчүн банк ишинин көлөмүнө жана мүнөзүнө ылайык келген тиешелүү финансылык ресурстарды жана кадрдык потенциалды сунуштоого тийиш.
145. Банк өз уюмунда ислам банк иши жана каржылоо принциптерин жана шариат стандарттарын түшүнүүнү активдүү калыптандырууга тийиш. Мында банктын башкаруу органдары үчүн ислам финансылык операцияларына жана шариат стандарттарын сактоо принциптерине басым жасоо менен билим берүү семинарларын өткөрүү да камтылат.