Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 22-январындагы
№ 2025-П-12/2-2-(НПА)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
- 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу»;
- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздарды каржылоо компаниясы» ААКты, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 22-январындагы
№ 2025-П-12/2-2-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы №32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аудит боюнча Комитетке карата негизги талаптардын:
- 6.2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«6.2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда Аудит боюнча комитеттин бир мүчөсү инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарын тескөө боюнча комитеттин (банкта мындай комитет бар болсо) курамына кирүүгө тийиш.»;
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:
21-пункту:
- төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш;»;
- он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Эгерде алар ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында берилсе, банктар кредиттик тобокелдикти камтыган улуттук валютадагы активдерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн.»;
- 4-глава төмөнкү мазмундагы 22-3-пункт менен толукталсын:
«22-3. Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген, гарантия/кепилдик менен камсыздалган кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча 0дөн 2,5% чейинки өлчөмдө РППУ түзүүгө укуктуу.».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 4-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо – мыйзамдарда белгиленген үлгүдөгү (баалуу кагаз) кош кампа күбөлүгүнүн жана/же анын айрым бөлүктөрүнүн (кампа күбөлүгү же күрөө күбөлүгү (варрант)) ээсине берилген активдер. Каржылоо мөөнөтү кош кампа күбөлүктөрү чыгарылган (берилген) товарлар кампасындагы продукциянын сактоо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.»;
- 9-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү мазмундагы төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«Банк кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
- кардар/өнөктөш банк алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда кардардын/өнөктөштүн күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана алуу;
- кардардын/өнөктөштүн банк алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо, каржылоону колдонуунун бүткүл мезгили ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туумдун) өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»;
- 26-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Банк Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу шарттарын эске алуу менен кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартибин, ошондой эле кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн кайрылган адамга карата коюлуучу талаптарды белгилөөгө тийиш.»;
- 29-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын (эгерде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан иш алып барган гарантты (кепилдик берүүчүнү) кошпогондо, гарант - юридикалык жак болсо) финансылык отчетун көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер);»;
- 5-главасы төмөнкү мазмундагы 29-1 пункту менен толукталсын:
«29-1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоодо, банк мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу шарттарын жана тартибин эске алуу менен кардардан документтерди (кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө) талап кылууга тийиш.»;
34-пунктунун:
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- кардарга/өнөктөшкө мүнөздөмө. Банк кардар/өнөктөш каржылоо алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдоо жүргүзүүдө кардар/өнөктөш ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, каржылоо кандайча кайтарылгандыгын, каржылоону төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл.
Эске алуучу нерсе, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделине көңүл буруу зарыл, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка финансы-кредиттик уюмдардан ага берилген кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды да сурап алуу маанилүү.
Мындан тышкары, кардар/өнөктөш жөнүндө жана банктын каалосуна жараша кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) (мыйзамга ылайык алардын макулдугунун негизинде) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылуу зарыл.»;
- отуз төртүнчү абзац төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
«Эгерде кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаз кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, банк тарабынан кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампада сактоо боюнча кызмат көрсөткөн баалуу кагаздын эмитентине (товар кампасы) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары банк тарабынан эске алынышы зарыл;»;
- пункт төмөнкү мазмундагы отуз алтынчы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономика субъекттерине, анын ичинде мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн.»;
- 45-пунктундагы «20 (жыйырма)» деген сан жана сөз «10 (он)» дегенге алмаштырылсын;
- 57-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу жана көрсөтүү менен);»;
63-пунктунда:
- биринчи абзацтын үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Бланктык активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн – өздүк капиталынын 50%нан ашпаган өлчөмдө).»;
- бешинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдердин эсебине кирбеген активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 20% ашпоого тийиш (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн – өздүк капиталдын 20%нан ашпоого тийиш).»;
- 68-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн – өздүк капиталдын бир пайызынан ашкан) активдер жана банк тарабынан ири тобокелдикти камтыган актив катары белгиленген активдер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу;»;
- 81-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«81. Ушул иш-чаралар менен биргеликте кардардын өзү менен туруктуу негизде төмөнкү иштерди жүргүзүү зарыл:
- бузуу фактысын (кечиктирилген күндөрдүн саны ж.б.) көрсөтүү менен кардарга келишимдин шарттары сакталбагандыгы жөнүндө, ошондой эле келишим шарттары бузулгандыгына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө кат жүзүндө/электрондук билдирүү жөнөтүү. Мында, ар бир кат жүзүндөгү/электрондук билдирүү карыз алуучунун кредиттик таржымалында болууга тийиш;
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- кардарды банкка чакыруу.
85-пунктунда:
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% ашкан) кредиттик тобокелдикти камтыган ар бир проблемалуу актив боюнча аткарылган иштер жана андан аркы иш-аракеттер жөнүндө сунуштар камтылган толук отчет. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган ар бир проблемалуу актив боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш:»;
- алтынчы абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% жетпеген) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш.»;
«Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеменин:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоо мамлекеттик программаларды ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.»;
- 28-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- күрөөнүн рыноктук (адилет) жана жоюу наркы (күрөөлүк коэффициентти эске алуу жана көрсөтүү менен);»;
«Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеменин:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде жана зарылдыгына жараша, расмий тилде жана/же чет тилде таризделүүгө тийиш, ага мамлекеттик тилдеги түп нускасын тиркөө зарыл.».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 3-главасы төмөнкү мазмундагы 18-2 жана 18-3-пункттар менен толукталсын:
«18-2. Активди тескөө боюнча талаптар:
- кардардын алгылыктуу таржымалын жүргүзүү;
- келишимдердин аткарылышын контролдоо;
- каржылоонун максаттуу пайдаланылышына талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- күрөөгө мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;
- мөөнөтүндө төлөнбөгөн каржылоонун мөөнөтүн узартуу же болбосо кайра карап чыгуу шарттары;
- классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (РППУ) түзүү;
- реструктуризацияланган активдерди кайра классификациялоо тартиби.
Эскертүү: кардар/өнөктөш каржылоону максатка ылайыксыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталган учурда, эгерде каржылоо келишиминде башкасы каралбаса, кредиттик союз кардардан/өнөктөштөн каржылоо боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу. Мында кредиттик союздун ички документтеринде кардардын/өнөктөштүн жоопкерчилигине тиешелүү чаралар боюнча эрежелер так белгиленген ченемдер каралуусу зарыл.
18-3. Каржылоо боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана орду жабылбаган карызды аныктоо, талдоо жана кайтаруу боюнча иш тартиби.»;
- 26-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«26. Бардык документтерди толук иликтөөдөн өткөргөндөн кийин (кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында) кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат.»;
- 30-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«30. Каржылоо келишимине кол коюуда, кийинчерээк аны кайтарууда мүмкүн болуучу проблемаларга жол бербөө максатында, актив берилип жаткан жана төлөнө турган бардык шарттарды тактоо зарыл. Кардарга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбагандыгынын же талапка ылайык аткарылбагандыгынын кесепети кол койдуруу аркылуу түшүндүрүлүүгө тийиш.
Кредиттик союз экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында каржылоо берүүдө, кардар-жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге акча каражаттарын нак алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, активди алуу жана төлөө укугун берет.»;
- 32-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Төлөө графигинде каржылоону төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук көрсөтүлүп, ага эки тарап тең кол коюусу зарыл.»;
- 5-глава төмөнкү мазмундагы 32-1-пункту менен толукталсын:
«32-1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча үстөк акынын/кирешенин өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген, жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашып кетсе, кредиттик союз аталган Мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
- кардардын кредиттик союздун алдындагы милдеттенмелери аткарылбаган шартта, кардардын күрөөлүк мүлкүн алып коюуну соттук тартипте гана ишке ашыруу;
- кардардын кредиттик союздун алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо, каржылоонун колдонуудагы мөөнөтү ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»;
33-пунктунун:
- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- каржылоону сунуштоо боюнча негизги шарттар, анын ичинде максаттуу багыты, суммасы, төлөө тартиби жана мөөнөтү, камсыздоо түрү, каржылоо боюнча үстөк баа/киреше (эгерде болсо) көрсөтүлөт;»;
- төмөнкү мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
«- мурабаха, истисна, иджара келишимдери боюнча кардардын келишимге кол койгон учурдан тартып товар/мүлк үчүн төлөө жүргүзүү учуруна чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан баш тартуу укугу;
- мудараба келишими боюнча өнөктөштүн жана кемүүчү мушарака келишими боюнча келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган учурга чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан баш тартуу укугу. Көрсөтүлгөн учурда кредиттик союздар билдирмени кароо үчүн кардардан белгиленген тариф боюнча комиссия алууга укуктуу;»;
- пункт төмөнкү мазмундагы он биринчи, он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү, он бешинчи, он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«- кардардын кредиттик союздан карыздын айкын өлчөмү тууралуу маалыматты жана келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - жаңы төлөө графигин алуу укугу;
- кардардын каржылоо мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кредиттик союзга кайрылуу укугу. Кардар кредиттик союзга каржылоонун мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган учурда, кредиттик союз аны кароого жана өтүнүч ээсине бул кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү;
- күрөөдөн чектөөнү алып салууга же күрөөнү алмаштырууга кредиттик союздун жана күрөө коюучунун/күрөө коюучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.
Мында, кредиттин камсыздоосу катары бирден ашык күрөөлүк мүлк сунушталган болсо жана күрөө коюучу катары үчүнчү жак (кардар эмес) саналса, кредиттик союз күрөө коюучуга (үчүнчү жакка) күрөөнү алмаштырууга же бошотуп алууга артыкчылыктуу укук (карыз алуучуга карата) берүүгө тийиш;
- кредиттик союздун карыз алуучунун талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол каржылоо боюнча тартипти сактагандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн, 3 (үч) жумуш күнү ичинде сунуштоо, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, каржылоо боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматтар) сунуштоо милдети;
- эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болгон же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү.»;
- 34-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он экинчи абзацтар менен толукталсын:
«Активдин негизги суммасы боюнча үстөк бааны төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе жана/же активдин негизги суммасын төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе, мөөнөтү өткөрүлгөн карыздын суммасына жана айкын мөөнөтүнө жараша үстөк айып (айып пул, туум) чегерилүүгө тийиш.
Актив боюнча милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон, жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы, эң оболу, карыздын негизги суммасынын, андан соң кредитордун милдеттенменин аткарылышы боюнча чыгымдары, калган бөлүгү – үстөк баа/киреше жана үстөк айыптын ордун жабат.
Кредиттик союз комиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга;
- активди берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга;
- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.
Кредиттик союз тарабынан бир эле операция үчүн комиссиялык төлөм алынышына жол берилбейт.
Катышуучу каржылоо келишимдери жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, кредиттик союз кардардан үстөк айып (айып пул/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет.
Эскертүү: Кредиттик союз тарабынан келишимди аткаруу максатында, жеке кызыкчылыгын көздөө менен гана көрүлгөн, ошондой эле кардар үчүн өзүнчө мүлктөн пайда же пайдалуу натыйжа алып келбеген иш-аракеттер кредиттик союздун кардардын алдындагы милдеттенмеси болуп саналбайт. Демек, кредиттик союз тарабынан өз алдынча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү кредиттик союздун аларды жүргүзүүсүз келишимди түзө же аткара албаган стандарттуу иш-аракеттеринен бөлүп көрсөтүү зарыл.»;
- 41-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«41. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Күрөө келишимине сертификаттар, күбөлүк жана башка техникалык документтер тиркелиши мүмкүн. Күрөө жөнүндө келишимдин жазуу жүзүндө таризделүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталууга тийиш. Күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын саны ыйгарым укуктуу органда нотариалдык жактан күбөлөндүрүү жана каттоодон өтүү үчүн тараптардын санына шайкеш келүүгө тийиш.»;
- 46-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи, алтынчы, жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он экинчи абзацтар менен толукталсын:
«Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген активдин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде каржылоонун мөөнөтү бир жылдан жогору болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш.
Кредиттик союздун актив боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары:
- Кредиттик союз кардар тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигин тактоосу зарыл. Мүлккө менчик укугу тууралуу документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоону башка каржылоого да күрөөгө коюга жол берилет.
Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерге сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу, бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүүгө мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда кредиттик союз кардардын мал баккан жайынын, короосунун аянтын, камдалган тоютун, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу анын малы бар экенине ынанат. Кардар кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл;
- Кредиттик союз камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда, ыкчам сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш;
- Кредиттик союз өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын каржылоо боюнча негизги карыз жана үстөк баа/киреше суммасынан ашуусу каржылоонун кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат;
- Кредиттик союз кардар тарабынан сунушталган мүлккө баанын туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдоо жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда кредиттик союз бул камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш;
- Кредиттик союз камсыздоо катары, эң аз дегенде, кардардын каржылоону төлөө мөөнөтүнө пайдалануу/кызмат кылуу мөөнөтү менен мүлктү кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүндүгү эске алынуусу зарыл, бул кошумча чыгашаларга алып келет.»;
53-пунктунда:
- 2-пунктча төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл:
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- кардарды кредиттик союзга чакыруу;
- бузуу катары кароо себептерин (мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн саны ж.б.) көрсөтүү менен кардарга келишимдин шарттары сакталбагандыгы жөнүндө, ошондой эле келишим шарттарын бузууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө жазуу жүзүндө/электрондук түрдө билдирүү жөнөтүү.
Мында кардардын кредиттик таржымалында кардар менен өткөрүлгөн жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жана ага жазуу жүзүндө/электрондук билдирүүлөр жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалымат белгиленүүгө тийиш.
Өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иштөөдө, жолугушууларды жана маектешүүлөрдү өткөрүүдө, кредиттик союздун кызматкерлери ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум эрежелерин так сактоого тийиш.»;
- 3-пунктча төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«Күрөө предметинен өндүрүп алуу учурунда күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк кардардын/күрөө коюучунун жалгыз турак жайы болуп саналса, бул мүлктүн эсебинен өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат.»;
- 7-глава төмөнкү мазмундагы 53-1 пункту менен толукталсын:
«53-1. Кредиттик союз кардардын-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин проблемалуу активи боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күн өткөндөн кийин, айып пул, туум чегерүүнү токтотууга тийиш.»;
- 56-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«56. Кредиттик союз кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, кредиттик тобокелдикти камтыган активди эсептен алып салуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алат.»;
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеменин:
- расмий тилдеги версиясынын 1, 3, 10-пункттарындагы «КС» деген кыскартылган сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «кредиттик союз» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктунда «50000» деген сан «100 000 (жүз миң)» деген санга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- тиркеме төмөнкү мазмундагы 7-2 пункту менен толукталсын:
«7-2. Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат (эгерде кардар - юридикалык жак болсо).»;
- 13-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«13. Активдин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет каржылоонун максатына жараша жана алар болгон шартта, документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) менен ырасталууга тийиш.
50 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоо, ошондой эле акча каражаттарын кредиттик союздун эсептешүү эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучу/дүкөндүн эсептешүү эсебине которуу аркылуу керектөө максатына берилген каржылоо болгон шартта, каржылоонун максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчёт түзүлбөшү мүмкүн.»;
- тиркеме төмөнкү мазмундагы 14-1 пункту менен толукталсын:
«14-1. Башка маалымат жана ушул Жобонун талаптарына ылайык жана кредиттик союздун кароосу боюнча маалыматтар.»;
- 20-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«20. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер.»;
- 25-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«25. Акыркы 12 айдагы эмгек акысы жөнүндө маалымкат же кирешелери жөнүндөгү маалыматтарды тастыктоочу башка документтер (эгерде кепилдик берүүчү - жеке адам болсо).»;
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Кредиттик союздун кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн)
жана айыптык санкциялардын
ТИЗМЕГИ
Кредиттик союздун кардарынын укуктары |
|
Кредиттик союздун кардарынын актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү) |
|
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы |
Каржылоо боюнча келишимде көрсөтүлөт |
Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча үстөк баа/киреше |
|
Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык каржылоо реструктуризацияланган учурларды кошпогондо) |
Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, өлчөмү кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. |
Активди берүү жана администрлөө үчүн комиссия |
|
Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде эсепти ачуу каржылоо келишимин түзүү менен шартталган болсо) жана тейлөө (эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылган болсо) үчүн комиссия |
|
Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссия (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу) |
|
Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариустун кызматы үчүн төлөм ж.б.) |
Мындай чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен алардын болжолдуу наркы (диапазону) көрсөтүлөт |
Кардардын эсебинен көчүрмөлөрдү берүү үчүн төлөм |
Кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык көрсөтүлөт |
Башка чыгашалар |
|
Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары |
|
|
|
Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасы жана кредиттик союздун үстөк баасы/кирешеси боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилгендиги үчүн |
Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана үстөк баа боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн айыптык санкциялардын өлчөмү кредиттик тобокелдикти камтыган актив, каржылоо келишиминде көрсөтүлгөн каржылоо боюнча үстөк баадан/кирешеден ашпоого тийиш, ал эми каржылоо колдонулган бардык мөөнөт ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туум) максималдуу өлчөмү берилген каржылоонун суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. |
Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын өз учурда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана кредититтик союз тарабынан каралууга тийиш болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо) |
|
Активди алгандан кийин каржылоо келишимин жокко чыгаруу шарттары |
|
Башка чыгашалар |
Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. |
Кредиттик союздун катышуучусунун укугу |
|
|
__________________ |
_____ |
___ |
_________ |
______ |
__ |
|
(ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү) |
(кол тамгасы) |
(датасы) |
(кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү) |
(кол тамгасы) |
|
(датасы) |
».
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/10 «Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 21-пунктунун:
8-пунктчасындагы «жыйырма» деген сөз «он» дегенге алмаштырылсын.