Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2025-жылдын 12-мартындагы  

№ 2025-П-12/10-2-(НПА) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы бул токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.  

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

       Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                               М. Тургунбаев 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2025-жылдын 12-мартындагы  

№ 2025-П-12/10-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

34-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта, банк саясатына жана жол-жоболоруна ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди сунуштоого укуктуу. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) ашпоого тийиш. 

Анда акча каражаттарын карыз алуучуга түздөн-түз берүү жокко чыгарылып (товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. бөлүп төлөө шартында сатып алуу), акча каражаттары карыз алуучуга эмес, сатуучуга/сунуштоочуга жөнөтүлө турган шарттар каралган, күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы 500 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалент) ашпоого тийиш. Мында, банк мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган сатуучу/сунуштоочу менен өнөктөштүк жөнүндө келишимдик мамилелерге ээ болууга тийиш. 

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында банк карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

- 50 001 сомдон 100 000 сомго чейинки кредиттер үчүн 4 саат; 

- 100 001 сомдон жогору кредиттер үчүн 12 саат. 

Мында, банк 100 001 сомдон жогору кредиттерди сунуштоодо жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө кардардын ырастоосун алуу максатында, кардардын тобокелдик профилин эске алуу менен банктын антифрод-системалары боюнча ички саясатына ылайык контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

Эгерде мындай кредиттер боюнча акча каражаттарын карыз алуучуга түздөн-түз берүү жокко чыгарылып (товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. бөлүп төлөө шартында сатып алуу), акча каражаттары түздөн-түз сатуучуга/сунуштоочуга которулса, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттерге карата токтотуп туруу мезгили колдонулбайт. Мында, банк мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган сатуучу/сунуштоочу менен өнөктөштүк жөнүндө келишимдик мамилелерге ээ болууга тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн кредиттердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде белгиленген.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

38-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38-3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта, банк ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш. 

Ага ылайык акча каражаттарын карыз алуучуга түздөн-түз берүү жокко чыгарылып (товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. бөлүп төлөө шартында сатып алуу), акча каражаттары карыз алуучуга эмес, сатуучуга/сунуштоочуга жөнөтүлө турган шарттар каралган, күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы 500 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалент) ашпоого тийиш. Мында, банк мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган сатуучу/сунуштоочу менен өнөктөштүк жөнүндө келишимдик мамилелерге ээ болууга тийиш. 

Келишимге электрондук кол тамга коюу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында банк карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

- 50 001 сомдон 100 000 сомго чейинки өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн 4 саат; 

- 100 001 сомдон жогору өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн 12 саат. 

Мында, банк 100 001 сомдон жогору өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоодо жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тариздөөгө кардардын ырастоосун алуу максатында, кардардын тобокелдик профилин эске алуу менен банктын антифрод-системалары боюнча ички саясатына ылайык контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

Эгерде мындай активдер боюнча акча каражаттарын кардарга түздөн-түз берүү жокко чыгарылып (товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. бөлүп төлөө шартында сатып алуу), акча каражаттары түздөн-түз сатуучуга/сунуштоочуга которулса, токтотуп туруу мезгили обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге карата колдонулбайт. Мында, банк мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган сатуучу/сунуштоочу менен өнөктөштүк жөнүндө келишимдик мамилелерге ээ болууга тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде белгиленген.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

10-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10-1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта, МФУ ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 15 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте микрофинансылык уюмдарга) жана күчөтүлгөн, квалификацияланбаган электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте микрофинансылык уюмдарга) ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

- 50 001 сомдон 100 000 сомго чейинки кредиттер үчүн 4 саат; 

- 100 001 сомдон жогору кредиттер үчүн 12 саат. 

Мында МФУ 100 001 сомдон жогору кредиттерди сунуштоодо жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө кардардын ырастоосун алуу максатында контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

Эгерде мындай кредиттер боюнча акча каражаттарын карыз алуучуга түздөн-түз берүү жокко чыгарылып (товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. бөлүп төлөө шартында сатып алуу), акча каражаттары түздөн-түз сатуучуга/сунуштоочуга которулса, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттерге карата токтотуп туруу мезгили колдонулбайт. Мында, МФУ мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган сатуучу/сунуштоочу менен өнөктөштүк жөнүндө келишимдик мамилелерге ээ болууга тийиш.».