Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2025-жылдын 26-мартындагы  

№ 2025-П-14/12-5-(ПС) 

Токтому 

 

 

Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы бекитилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 24-майындагы № 2023-П-14/34-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын  

30-июнундагы № 2023- П-14/41-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын тез төлөм системасы долбоорун демилгелөө жөнүндө билдермесин бекитүү тууралуу» токтому. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы:  

- 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду жана Төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын, коммерциялык банктарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары метолодогиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

       Төрага                                                                                                                                                                                                                                                             М. Тургунбаев 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2025-жылдын “26” мартындагы 

№2025-П-14/12-5-(ПС) 

токтомуна тиркеме  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү  

КОНЦЕПЦИЯСЫ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек 2025 

Мазмуну 

Киришүү

1. «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилеринин (QR-код) улуттук стандарт технологиясынын базасында тез төлөмдөрдү жайылтуу» долбоорун ишке ашыруу ыкмасы 4 

2. QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын интероперабелдүүлүгүнүн учурдагы абалы 6 

3. Ар кандай идентификаторлор боюнча тез төлөмдөрдү ишке киргизүү өбөлгөлөрү

4. Эл аралык тажрыйба 10 

5. Тез төлөмдөрдү ишке киргизүү үчүн зарыл иш-чаралар 11 

5.1. Функционалдык мүмкүнчүлүктөр 12 

5.2. Техникалык архитектура 14 

5.3. Операциялык эрежелер жана катышуучулардын резервдерин башкаруу 15 

5.4. Төлөм системаларынын катышуучулары менен системанын өз ара аракеттенүү концептуалдык схемасы 15 

5.5. Тез төлөмдөрдү ишке ашыруунун негизги этаптары 16 

 

 

Киришүү 

Акыркы жылдары санарип финансылык технологияларды өнүктүрүү өзүндө финансылык операциялардын жеткиликтүүлүгүн, ылдамдыгын жана ыңгайлуулугун жакшыртуу аркылуу финансылык чөйрөнү трансформациялоочу инновациялардын кеңири түрүн камтыйт. 

Өз кезегинде төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) милдеттеринин бири болуп саналат. Бул максаттарда Улуттук банк заманбап төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм продуктыларына жана кызмат көрсөтүүгө инновацияларды киргизүүгө көмөк көрсөтөт.  

Ошентип, акыркы жылдарда «Элкарт NFC» төлөм карталары менен байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүү, эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (мындан ары QR-код) колдонуу менен төлөө, электрондук капчыктарды пайдалануу, мобилдик жана интернет-банкингди, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин пайдалануу менен төлөө боюнча долбоорлор ишке ашырылган.  

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин арасында системалар аралык интеграцияны камсыз кылуу жана QR-код колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү жаатында лидерлик позицияны ээлейт.  

2025-жылдын 1-январына карата абал боюнча QR-коддорду колдонуу менен бирдиктүү төлөм мейкиндиги ишке ашырылгандан бери (2022-жылдын май айынан баштап) негизги өз ара иш алып баруу операторунун системасы боюнча 88,4 миллиард сом суммасында 67,8 миллион төлөм жүргүзүлдү

Улуттук банк төлөм системасынын катышуучулары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте бирдиктүү улуттук стандартка ээ эки өлчөмдүү QR-код белгилерин жаңы санарип мүмкүнчүлүктөргө жана талаптарга ылайыкташтырууда. 

Акыркы жылдарда керектөөчүлөр ортосунда банктар аралык төлөмдөрдүн негизги көлөмү P2P-которууларга туура келет. Мында банктар ортосундагы айкын эсептешүүлөр бир нече күндөн кийин жүргүзүлгөн, бул белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратып, эсептешүүлөрдүн натыйжалуулугун төмөндөткөн. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк 2021-жылдан бери акча каражаттарын айкын убакыт ыргагында бир системанын алкагында бирдиктүү идентификатор боюнча которууга мүмкүндүк берген тез төлөмдөр системасын куруу жана түзүү боюнча долбоор менен иштей баштаган. 

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн өлкөлөрдүн борбордук банктары финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана төлөм тармагында инновацияларды илгерилетүү максатында жеке адамдар жана юридикалык жактар тез төлөмдөрдү жүргүзүүсү үчүн тез төлөмдөр системаларын киргизишти/киргизип жатышат. 

Тез төлөмдөр системасын ишке киргизүү үчүн Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 24-майындагы № 2023-П-14/34-4-(ПС) токтому менен Кыргыз Республикасында Тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясы бекитилген, анда тез төлөмдөр системасынын негизги аспектилери, ага карата негизги функционалдык жана техникалык талаптар, анын ичинде долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары жөнгө салынган. 

Тез төлөмдөр системасын ишке киргизүүнүн максаты катары Улуттук банктын «24/7/365» режиминде иштеген жана жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга акча каражаттарын жөнөтүүчүнүн же алуучунун эсептери кайсы коммерциялык банкта ачылгандыгына карабастан, айкын убакыт ыргагында банктык эсептерден бирдиктүү идентификатор боюнча акча каражаттарын которууга мүмкүндүк берген төлөм системасын түзүү саналат. 

Тез төлөмдөр системасынын заманбап мүмкүнчүлүктөрү жана аны ишке ашыруу 

Акыркы эки жылда санарип жана финансылык технологиялардын жигердүү өнүгүүсү, ошондой эле QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын көбөйгөндүгү байкалды. Мындай шарттарда Улуттук банк Дүйнөлүк банктын эксперттери менен биргеликте тез төлөм системасын ишке ашыруунун бекитилген вариантын анын Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын заманбап кызыкчылыктарына шайкештигин баалоо үчүн төлөм системаларынын учурдагы абалын изилдеген. 

Бул Концепциянын максаты - төлөм кызматтарын керектөөчүлөр үчүн QR-коддорду жана башка идентификаторлорду колдонуу менен тез которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү үчүн негизги ыкмаларды аныктоо саналат. Мында, калк жана финансы рыногунун бардык катышуучулары үчүн системанын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. 

 

1. «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилеринин (QR-код) улуттук стандарт технологиясынын базасында тез төлөмдөрдү жайылтуу» долбоорун ишке ашыруу ыкмасы 

Улуттук банк Дүйнөлүк банктын эксперттери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын учурдагы абалына талдоо жүргүздү, анда Тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү концепциясында каралган тез төлөмдөр системасынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз Республикасында төлөм системасынын интероперабелдүүлүгү түзүлгөн учурдагы эки өлчөмдүү штрихкод (QR-код) белгилеринин улуттук стандартын колдонуу менен өз ара иш алып баруу операторунун кызматы салыштырылган.  

Ошентип, төлөм системасын системалар аралык интеграциясы системага төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн башка төлөм системалары менен өз ара аракеттенүүгө жана иштөөгө мүмкүндүк берет, бул мобилдик тиркемелердин колдонуучуларына банк эсебине, электрондук акчага жана агенттердин мобилдик тиркемелерине байланыштырылган улуттук стандарттын QR-кодун колдонуу менен бардык жерде төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

Алсак, 2023-2024-жылдардын ичинде Кыргыз Республикасында QR-коддорду активдүү өнүктүрүү жана жайылтуу байкалган. QR-коддорду пайдалануу менен түзүлгөн төлөмдөр жана которуулар инфраструктурасы аз убакыт аралыгында эле өзүнүн актуалдуулугун жана керектүүлүгүн көрсөттү жана бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында «24/7/365» режиминде төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдүн интероперабелдүүлүгү камсыз кылынды. 

Интероперабелдүүлүктү камсыз кылуу үчүн QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды ишке киргизүү жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштердин олуттуу көлөмү аткарылгандыгын белгилей кетүү зарыл. 

QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын системалар аралык интеграциясын (өз ара аракеттенүүсүн) камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын КМС 1348:2019 улуттук стандарты: Финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилери (мындан ары Улуттук стандарты) иштелип чыккан, ал Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2019-жылдын 15-апрелиндеги 18-СТ буйругу менен бекитилген.  

Төлөөчүлөрдү бирдиктүү төлөм мейкиндиги менен камсыз кылуу үчүн төлөмдөрдү жана ар кандай төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында QR-коддорун стандартташтыруу, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында алар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен «Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелери» (мындан ары Эрежелер) бекитилген. 

Белгиленген максаттарга жетүү үчүн Эрежелерде адистештирилген субъекттер төлөм системасынын катышуучуларын алардын ортосунда техникалык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу жолу менен QR коддорду пайдалануу менен төлөмдөр жана которуулар үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигине бириктирген өз ара иш алып баруу операторлору каралган. Бул чечим колдонуучуларды мобилдик түзүлүштөрдөн эсептешүү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз инструменттер менен камсыз кылуу аркылуу төлөмдөрдү иштеп чыгуу процесстерин бирдейлештирүү жана стандартташтыруу үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берди. 

Улуттук банк «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (мындан ары «БПБ» ЖАК), коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары менен биргеликте техникалык жана интеграциялык иш-чараларын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын аягына карата Улуттук стандарттын QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо камсыз кылынды, ал өлкөнүн калкына QR-кодду сканерлөө жолу менен банктын же төлөм уюмунун каалаган мобилдик тиркемесинен акча каражаттарын которууга жана товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берди. 

Бул чаралар тез төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүү менен өлкөнүн калкы жана бизнеси үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түздү. Ошентип, азыркы мезгилде QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын төмөнкү түрлөрүн киргизүүгө жетишилди: 

- жеке адамдар ортосунда которуулар (С2С), анын ичинде өз эсептери (Me2Me) ортосунда которуулар; 

- жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн соода-тейлөө ишканаларына төлөө (С2B); 

- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адамдар жана соода-тейлөө ишканалары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүү (С2G, B2G); 

- жеке жактарга соода-тейлөө ишканаларынын товарларды сатуусу же кызмат көрсөтүүсү (B2C); 

- соода-тейлөө ишканалары ортосунда (B2B) төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү

Ошол эле учурда төлөмдөрдүн жана которуулардын техникалык инфраструктурасы ийкемдүү жана масштабдуу болуп саналат, бул төлөмдөрдүн ар кандай түрлөрүн жана сценарийлерин ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. 

Ушуга байланыштуу, өзүнчө тез төлөмдөр системасын (жаңы жана көз карандысыз система катары) ишке киргизүү менен кошумча системаны түзүү потенциалдуу тобокелдигине, бул өз кезегинде төлөм системаларынын операторлору, банктар жана төлөм уюмдары/катышуучулардын ишинин натыйжалуулугунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.  

Ошол эле учурда, функциялары окшош эки системанын иштеши керектөөчүлөрдүн жана система операторлорунун чыгымдарынын өсүшүнө алып келиши ыктымал. Эки системанын ишин колдоого алуу кызыкдар тараптардын бүтүндөй экосистемасы үчүн байланышты жана интеграцияны татаалдаштырат. Бардык катышуучулар ар кандай техникалык стандарттарды жана/же маалымат алмашуу стандарттарын колдонгон бир нече интерфейстерди колдоого алуусу зарыл. 

Өз кезегинде, Улуттук банк «БПБ» ЖАКтын атынан иш алып барган негизги өз ара иш алып баруу оператору менен биргеликте жаңы функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын төлөм секторун ырааттуу жана системалуу трансформациялоо жана бирдиктүү төлөм мейкиндигин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрөт. Бул үчүн, Улуттук банк жана «БПБ» ЖАК чек ара аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган жаңы идентификаторлорду (QR-коддорго кошумча) пайдалануу менен тез төлөмдөрдү жана которууларды ишке киргизүү үчүн төлөм системасынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүүнү улантышат. Макулдашылган аракеттердин натыйжасында тез которууларды жана QR-коддор жана башка идентификаторлор аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндиги ишке ашырылат. 

2. QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын интероперабелдүүлүгүнүн учурдагы абалы 

QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясы төлөм системаларынын катышуучуларын негизги өз ара иш алып баруу операторлоруна жана өз ара иш алып баруу операторлоруна туташтыруу аркылуу камсыз кылынган. 

Эрежелерге ылайык төлөм системасынын катышуучусун өз ара иш алып баруу операторуна туташтыруу өз ара иш алып баруу операторунун операциялык эрежелерине жана техникалык регламентине ылайык жүзөгө ашырылат. 

Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонуу аркылуу накталай эмес формада төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн эки өз ара иш алып баруу оператору катталган: «БПБ» ЖАК жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК

Өз ара иш алып баруу операторлору төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөмдүн өткөрүлүшүн жана акча каражаттарынын төлөөчүдөн акыркы алуучуга келип түшүшүн камсыз кылуу үчүн өз ара жана негизги өз ара иш алып баруу оператору менен интеграцияланууга жана иш алып барууга тийиш. 

Cистемалар аралык интероперабелдүүлүк төмөнкү схема боюнча түзүлгөн: 

- негизги өз ара иш алып баруу оператору системалар аралык интеграциянын өзөгүн түзөт жана башка өз ара иш алып баруу операторун, төлөм системаларынын түз жана кыйыр катышуучуларын бириктирет; 

өз ара иш алып баруу оператору өзүнүн түз жана кыйыр катышуучулары үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу үчүн негизги өз ара иш алып баруу оператору менен интеграцияланат жана өз ара аракеттенет; 

- катышуучулар бирдиктүү төлөм мейкиндигине өз ара иш алып баруу оператору аркылуу туташат жана төлөм тапшырмаларын өз интерфейстери аркылуу иштеп чыгышат. 

Мында өз ара иш алып баруу оператору төмөнкү катышуу формаларын карайт:  

- Катышуучу (Түз катышуучу) Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн, өз ара иш алып баруу операторуна түз катышуучу катары кошулган, Улуттук банкта эсеби бар, өз ара иш алып баруу оператору менен түз интеграциялык байланышы бар юридикалык жак. Түз катышуучу эсептешүүлөрдүн алкагында алуучукатышуучу же жөнөтүүчү–катышуучу катары чыга алат.  

- Адистештирилген катышуучу Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн, өз ара иш алып баруу операторуна адистештирилген катышуучу катары кошулган, өз ара иш алып баруу оператору менен түз интеграциялык байланышы бар юридикалык жак. Эсептешүүлөрдүн алкагында адистештирилген катышуучу алуучу катышуучу же жөнөтүүчү катышуучу катары чыга алат. 

- Кыйыр катышуучу/суб-катышуучу катышуучу (Түз катышуучу) аркылуу өз ара иш алып баруу операторуна туташкан Төлөм тиркемесинин/Сервистин ээси болгон юридикалык жак. 

Ушул Концепциянын алкагында Улуттук банк «БПБ» ЖАК менен бирдикте QR-кодду жана башка идентификаторлорду колдонуу менен тез төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн каралган бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу максатында жогоруда көрсөтүлгөн схеманы колдонот. 

3. Ар кандай идентификаторлор боюнча тез төлөмдөрдү ишке киргизүү өбөлгөлөрү 

Системалар аралык масштабдуу интеграция 2022-жылдын май айында башталган жана 2022-жылдын декабрына чейин мобилдик тиркемелерге ээ бардык банктар жана төлөм системалары туташтырылган. 

Алгач, системалар аралык интеграциянын функционалында жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрү (С2B), жеке адамдар ортосунда которуулар (С2С жана Me2Me) жана соода-тейлөө ишканаларынын өз ара төлөмдөрү (B2B) каралган. Кийинчерек жеке адамдардын жана соода-тейлөө ишканаларынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (С2G жана B2G) үчүн төлөө функционалы ишке киргизилген. 

Ошентип, 2022-жылдын май айынан тартып 2024-жылдын аягына чейин негизги өз ара иш алып баруу операторунун системасы аркылуу 88,4 млрд сом суммасында 67,8 млн төлөм, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн (C2G жана B2G) жалпысынан 2,69 млрд сомду түзгөн 3,28 млн төлөм жүргүзүлгөн. QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын өсүү динамикасы 1 жана 2-диаграммаларда көрсөтүлгөн. 

Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн QR-коддор активдүү колдонулат. 

Ушул Концепциянын алкагында жеке адамдардан (С2G) жана соода-тейлөө ишканаларынан (B2G) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу сыяктуу эле, мамлекеттик органдардан жеке адамдардын (G2С) жана соода-тейлөө ишканаларынын (G2B) пайдасына жакшыртылган версиядагы QR-кодду колдонуу менен транзакцияларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү иш-чаралары, анын ичинде төлөмдөрдү жүргүзүүнүн ISO 20022 эл аралык стандартын колдоо мүмкүнчүлүгү улантылат. 

 

1-диаграмма. Төлөмдөрдүн жана которуулардын түрлөрү боюнча транзакциялардын саны

 

2-диаграмма. Төлөмдөрдүн жана которуулардын түрлөрү боюнча транзакциялардын көлөмү

 

Жогоруда келтирилген статистикалык маалыматтардан көрүнүп тургандай, Кыргыз Республикасында QR-кодду пайдалануу менен которуулардын жана төлөмдөрдүн геометриялык өсүшү көрсөтүлгөн. QR-коддорду колдонуунун ыңгайлуулугу жана жеңилдиги калкка ар кандай системалар жана платформалар ортосунда чектөөсүз төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул алардын керектөөчүлөр арасында сыяктуу эле, соода-тейлөө ишканалары арасында да кеңири колдонулушуна түрткү берет. Муну, QR-коддорду пайдалануу менен төлөмдөрдүн жана которуулардын тез өсүшү тастыктап турат, мында анын 2024-жылдын акырына карата бардык түрдөгү транзакциялардын саны жана көлөмү боюнча өсүшү 2023-жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөн тиешелүүлүгүнө жараша 21,2 жана 26,3 эсеге жогору катталган. 

Ошондой эле акыркы жылдары накталай эмес төлөмдөр активдүү өсүп жатканын белгилей кетүү керек. Карта продуктылары жана электрондук акчалар менен эсептешүүлөр өлкө аймагында активдүү жайылууда жана колдонууда. 

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карталарын колдонуу менен соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жалпы 257,2 млрд сом жалпы суммасында 164,7 млн транзакцияны түзгөн, 2023-жылдын көрсөткүчүнө салыштырганда транзакциялардын саны жана көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 1,4 жана 1,5 эсеге өстү

2024-жылдын акырына карата товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн электрондук акча менен төлөө операцияларынын көлөмү 41,8 млрд сомду түзүп, 1,4 эсеге көбөйдү, ошондой эле операциялардын саны 2 эсеге көбөйүп, 43,3 млн операцияларды түздү.  

 

3-диаграмма. Төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн негизги инструменттер боюнча өсүш динамикасы

Маалыматтарга ылайык, төлөм карталары жана электрондук акча менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн фонунда, QR-коддор активдүү өсүштү көрсөтүүдө жана көрсөтүлгөн мезгил ичинде динамикалык өсүштү көрсөтүүдө. Мындай динамиканын сакталышы шартында, QR-төлөмдөр төлөмдөрдү жүргүзүүнүн негизги каражаттарынын бири болуп калышы мүмкүн. 

Учурдагы тенденцияларды жана калктын бул төлөм инструментине артыкчылык беришин эске алганда, Кыргыз Республикасында QR-коддорун колдонуу менен тез төлөмдөрдү өнүктүрүү өсүш үчүн олуттуу потенциалга ээ.  

QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү өнүктүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды бере алат: 

- банктар үчүн сыяктуу эле, соода-тейлөө ишканасы үчүн да QR-төлөмдөрүн ишке ашырууну жөнөкөйлөтүү

- ар кандай төлөм системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү, кайсыл болбосун QR-төлөм кызматтарын керектөөчүлөр ошол эле бир стандарттуу QR-кодду колдоно алышат;  

- төлөм чечимдеринин коопсуздугун камсыз кылуу. 

 

Интероперабелдүүлүк үчүн QR-коддордун негизги артыкчылыктары: 

1. Универсалдуулук: бирдиктүү стандарт ар кандай системалардын бир тилде «сүйлөшүүсүнө» мүмкүндүк берет; 

2.Үнөмдүүлүк: POS-терминалдар сыяктуу кымбат жабдуулар талып кылынбайт; 

3. Жеткиликтүүлүк: акыркы колдонуучу үчүн колдонууга жеңилдиги; 

4. Ишке ашыруу ылдамдыгы: Учурдагы системаларга оңой кошулуу жана тез төлөмдөрдү камсыз кылуу. 

 

QR-коддор калктын күнүмдүк турмушунда кеңири пайдаланылып, эл арасында аны пайдалануу боюнча түшүнүк бар экендигин, ошондой эле QR-коддор бардык төлөм инструменттерин: төлөм карталары, электрондук акчалар, агенттердин мобилдик тиркемелери менен эсептешүүлөр үчүн төлөм системаларын бирдиктүү төлөм мейкиндигине бириктирүү аркылуу төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыз кылаарын түшүнүү зарыл. Бул банк эсептеринен, төлөм карталарынан, электрондук акчалар жана мобилдик тиркемелердин агенттери аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде QR-коддорун колдонуу менен төлөм инфраструктурасы эң эле кеңири артыкчылык берилген чекене төлөм системасы болуп калышы мүмкүн. Анын функционалдуулугунун өркүндөшү жана анын негизинде жаңы идентификаторлорду киргизүү менен өлкөнүн калкы накталай эмес төлөмдөргө өтүү динамикасына түрткү берген төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүнүн бирдиктүү инструментине ээ болот. 

Бул максатка жетүү үчүн ушул Концепциянын алкагында инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы идентификаторлорду киргизүү боюнча чаралар улантылат, бул төлөм кызматтарын керектөөчүлөргө алардын жеткиликтүү жана ыңгайлуу болушун камсыз кылат. 

Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү негизги көрсөткүчтөргө жетишилет: 

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин бардык коммерциялык банктарында ачылган эсептери боюнча тез төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү, которууларды «24/7/365» режиминде жүргүзүү

- акча каражаттарын жөнөтүүчүнүн же алуучунун кайсы коммерциялык банкта эсептери ачылбасын, төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү, банктык эсептерден которууларды жүргүзүүнүн ылдамдыгын жогорулатуу; 

- мигранттардын төлөмдөрүн жана которууларын жүргүзүүнүн, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүнүн эң ыңгайлуу инструменттерин камсыз кылуу максатында башка өлкөлөрдүн, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн валюталарында тез төлөмдөрдүн ушул сыяктуу системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү

- төлөмдөрдүн коопсуздугун жана берилүүчү/алынуучу финансылык маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу. 

4. Эл аралык тажрыйба 

Индия: Unified Payments Interface (UPI) 

QR-коддор стандартташтырылган жана UPI платформасына туташтырылган бардык банктар жана төлөм кызматтары тарабынан колдоого алынат. Колдонуучу товар же кызмат көрсөтүү үчүн кайсыл болбосун банкка же провайдерге байланыштырылган QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу төлөй алат. 

Натыйжада: 

• банктар жана провайдерлер ортосунда толук шайкештик; 

• POS-терминалдар талап кылынбайт; 

• микро жана чакан бизнес үчүн ыңгайлуу. 

Индонезия: QRIS (Quick Response Code Indonesian Standard) 

Стандартташтырылган QR-код өлкөдөгү бардык төлөм платформаларын, анын ичинде банктарды жана электрондук капчыктарды бириктирет. 

Натыйжада: 

• кайсыл болбосун провайдердин колдонуучусу бирдиктүү QR-код аркылуу төлөй алат. 

• жабдууларды орнотууга чыгымдар кыскарат. 

• белгилүү бир банкка же системага байланыштыруусуз пайдалануучуларды кеңири камтуу. 

Сингапур: SGQR (Singapore Quick Response Code) 

Бирдиктүү QR-кодду бир эле учурда бир нече төлөм ыкмаларын тейлейт: банктык карталар, электрондук капчыктар жана PayNow улуттук төлөм системасы. 

Натыйжада: 

• бир QR-коду ар кандай төлөм системаларын бириктирет. 

• колдонуучулар үчүн сыяктуу эле, сатуучулар үчүн да ыңгайлуулук жогорулатылат. 

• система ички жана чек ара аркылуу төлөмдөрдө да ийгиликтүү иштейт (мисалы, Таиланд менен). 

Кытай: UnionPay и WeChat Pay/Alipay 

UnionPay банктар, ошондой эле WeChat Pay жана Alipay тарабынан кабыл алынуучу платформалар ортосунда QR-коддорун колдонууга киргизди. 

Натыйжада: 

• банктык жана банктык эмес системалардын ортосундагы шайкештик жогорулатылды. 

• эл аралык колдонуучулар Кытайда UnionPay QR-коддору аркылуу төлөй алышат.

Бразилия: PIX 

QR-коддор PIX системасына дароо которуу үчүн туташтырылган бардык банктар жана финансылык институттар тарабынан колдоого алынат. 

Натыйжада: 

• стандартташтырылган динамикалык жана статикалык QR-коддор. 

• QR-коддор коммуналдык кызматтарды төлөө, которуулар жана чекене сатып алуулар үчүн жигердүү колдонулат. 

Европа биримдиги: EPC QR Code 

EPC (European Payments Council) стандартындагы бирдиктүү QR-код SEPA (Single Euro Payments Area) төлөмдөрүн жөнөкөйлөтүү үчүн колдонулат. 

Натыйжада: 

• QR-код кардарларга SEPA которууларды заматта ишке ашырууга мүмкүндүк берет. 

• жеке адамдар жана компаниялар үчүн ыңгайлуу. 

Россия Федерациясы 

Россия Федерациясында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн “НСПК” ААКтын универсалдуу QR-кодун колдонуу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ошол эле учурда, төлөм системаларынын катышуучулары төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн QR-коддорун өз-өзүнчө колдонушкан. 

Натыйжада: 

• Бир QR-коддо ар кандай төлөм ыкмалары жеткиликтүү болушу мүмкүн. 

Казакстан Республикасы 

Казакстан Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдан тартып бирдиктүү QR-код улуттук системасын түзүү аркылуу QR-код менен төлөө мүмкүнчүлүгүн колдонууга киргизүүнү пландаштырууда. Учурда долбоор пилоттук режимде. 

Натыйжада: 

• QR-код кардарларга товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүндүк берет. 

5. Тез төлөмдөрдү ишке киргизүү үчүн зарыл иш-чаралар 

QR-коддорду жана жаңы идентификаторлорду колдонуу менен тез которууларды жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин ишке ашыруу «БПБ» ЖАКтын, Улуттук банктын, ошондой эле төлөм системасынын катышуучуларынын биргелешип иш алып баруусун талап кылат. Бул демилгенин алкагында QR-коддорун колдонуу менен төлөм инфраструктурасынын туруктуулугун, коопсуздугун жана кеңейтилишин камсыздоого багытталган иш-чаралардын топтомун ишке ашыруу зарыл. 

Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, ошондой эле төлөм системасынын катышуучуларынын жана төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына таянуу менен, Улуттук банк жана «БПБ» ЖАК тез төлөмдөрдү ишке киргизүүдө ыкманы этабы менен колдонууга киргизүү алгылыктуу деп эсептейт, мында QR-кодду жана жаңы идентификаторду пайдалануу менен алардын түрүнө жана мүнөзүнө жараша тез төлөмдөрдү ырааттуу иштеп чыгуу жана ишке киргизүү зарыл: 

- жеке адамдар ортосунда (С2С) жана өз эсептеринин ортосунда (Me2Me) которууларды киргизүү

- C2B (анын ичинде акцепттүү эмес), B2C, B2B, C2G (анын ичинде акцепттүү эмес) жана B2G транзакцияларын киргизүү

Транзакциялардын башка түрлөрүн андан ары ишке ашыруу ушул Концепцияда каралган этаптарды ишке ашыргандан кийин «БПБ» ЖАК жана Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Бул Концепциянын алкагында тез төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар жана өнүктүрүү багыттары ачылган. Биринчи кезекте, бул долбоорду ишке ашырууда функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, техникалык архитектураны модернизациялоо, операциялык эрежелерди иштеп чыгуу маселелери камтылат. 

5.1. Функционалдык мүмкүнчүлүктөр 

Натыйжалуу жана туруктуу төлөмдөр мейкиндигин түзүү үчүн инфраструктуранын төмөнкү негизги элементтерин камсыз кылган функционалын кеңейтүү талап кылынат: 

- ISO 20022 «Финансылык кызматтар. Финансылык индустриянын универсалдуу билдирүү схемасы» стандартына шайкештиги: бул стандарты адатта финансылык жана соода рынокторунун катышуучуларынын ар кандай автоматташтырылган системаларынын өз ара иш алып баруусу үчүн универсалдуу «тил» катары каралат.  

Бул стандартты ишке киргизүү финансылык билдирүүлөрдүн бирдей болушун, катышуучулардын 2.0 өз ара иш алып баруу оператору менен жеңил интеграцияланышын камсыз кылат жана финансылык билдирүүлөрдүн таптакыр жаңы түрлөрүн түзүүгө көмөктөшөт, ошондой эле төлөмдөрдү иштеп чыгууда натыйжалуулукту жана коопсуздукту жогорулатууга, төлөм системаларынын ички жана эл аралык шайкештигин жогорулатууга жана төлөм кызматтарына инновацияларды киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт. 

Ошону менен бирге ISO 20022 стандарты электрондук билдирүүлөрдү алмашуунун эл аралык стандарты болуп саналат, ошондой эле барган сайын көп өлкөлөр аны ишке ашырууну камсыздап жатышат. Келечекте бул системага ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдү кошкондо, башка өлкөлөрдүн окшош тез төлөмдөр системалары менен интеграцияны жеңилдетүүгө, ошондой эле интеграцияланган системалардын ортосунда идентификаторлорду колдонуу менен трансчек аралык которууларды баштоого жана киргизилген идентификаторлорду колдонуу менен товарлар менен кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүндүк берет. 

Бул үчүн Улуттук банк жана «БПБ» ЖАК тез төлөмдөрдү жана которууларды ишке киргизүү үчүн жаңы идентификаторлорду (QR-коддоруна кошумча) колдонуу менен төлөм системасынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүүнү улантат, ал жакын жана алыскы чет өлкөлөрдүн, ошондой эле бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүчө мамлекеттеринин төлөм системалары менен интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет;  

- Ар кандай идентификаторлорду колдонуу: бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максаттарына жетүү үчүн QR-коддорго кошумча түрдүү идентификаторлорду колдоо көрсөтүлөт. 

Учурда интероперабелдүүлүк QR-коддору аркылуу төлөмдөр жана которуулар үчүн гана камсыздалган. Соода-тейлөө ишканалары жана өлкөнүн калкынын QR-кодду активдүү колдонуусу анын актуалдуулугун жана ага суроо-талап жогору экендигин көрсөттү. Концепцияда ар кандай идентификаторлорду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү караштырылат, мисалы: 

- QR-код; 

- уюлдук телефон номери; 

- банк эсебинин номери; 

- банктык картасынын номери; 

- жана башкалар. 

Негизги идентификатор катары QR-кодду жана тиешелүү банктык эсептерге, электрондук капчыктарга же мобилдик тиркеме агенттерине байланыштырылган уюлдук телефон номерин колдонуу сунушталат;  

- транзакциянын учурдагы түрлөрүн колдоо, ошондой эле жаңы идентификаторлорду колдонуу менен транзакциянын жаңы түрлөрүн киргизүү үчүн негиз түзүү: бул Концепциянын алкагында транзакциялар түрүнүн кеңири топтомун жүргүзүүнүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрү иштелип чыгат. 

Учурда QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөр жана которуулар С2С, С2В, С2G, B2B, B2C, B2G транзакциялары үчүн активдүү колдонулат. Интероперабелдүүлүктүн андан ары өнүгүшү учурдагы төлөм түрлөрүнө жаңы идентификаторлорду киргизүүгө, ошондой эле төлөмдөрдүн жана которуулардын жаңы сценарийлерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө мүмкүндүк берет, бул жыйынтыгында, төлөм системасынын бардык катышуучуларынын муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берет; 

1-таблица. Ишке киргизилүүчү транзакциялардын түрлөрү 

Алуучу 

Жеке адам/кардар 

Бизнес 

Мамлекет 

Жөнөтүүчү 

Жеке адам/кардар 

1. Жеке адамдар ортосунда которуулар 

2. Өзүнүн эсептеринин ортосунда которуулар 

1. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр 

2. Электрондук сооданын алкагында төлөмдөр 

3. Төлөмдөрдү жүргүзүүгө суроо-талаптар 

1. Салык төлөмдөрү 

2. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык жыйымдар  

3. Бажы төлөмдөрү 

4. Камсыздандыруу төгүмдөрү 

Бизнес 

1. Эмгек акы төлөө 

2. Компенсация төлөө 

3. Жеке адамдарга товарларды сатуу жана кызматтарды көрсөтүү 

1. Сунуштоочуларга төлөө 

2. Төлөөгө берилген эсептер боюнча төлөө 

1. Салык төлөмдөрү 

2. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык жыйымдар 

3. Бажы төлөмдөрү 

4. Камсыздандыруу төгүмдөрү 

Мамлекет 

1. Эмгек акы төлөө 

2. Социалдык жөлөк пулдарды төлөө 

3. Салык төлөмдөрүн кайтаруу 

1. Төлөмдөрдү жүргүзүү 

2. Салык төлөмдөрүн кайтаруу 

1. Мамлекеттик органдардын ортосунда акча каражаттарын которуу. 

2. Каражаттарды ведомстволук уюмдарга которуу 

- ачык API колдоо: рынокто катышуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүү жана интеграциялоо чыгымдарын азайтуу, жаңы төлөм сервистери жана кызматтары үчүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, рынокто жаңы бизнес-моделдердин пайда болушу үчүн, 2024-жылдын 29-мартындагы № 2024-П-14/14-1-(ПС) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы ачык банкинг концепциясына ылайык ачык банкингди киргизүү аркылуу өз ара иш алып баруу операторунун платформасындагы санариптик инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү шарттарын камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөт; 

- санарип сом платформасы менен интеграциялоо: өз ара иш алып баруу оператору жана санарип сом платформасынын ортосунда каражаттарды жана маалыматтарды тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн стандартташтырылган протоколдор иштелип чыгат. 

Бул функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу механизми финансы рыногунун катышуучулары менен биргеликте программалык тиркемелердин интерфейстерин колдонуу менен төлөм кызматтарын сунуштоодо маалымат коопсуздугун жана кардарлардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сервистерди туташтыруунун бирдиктүү стандарттарын, техникалык талаптарды аныктоону көздөйт. 

5.2. Техникалык архитектура 

Функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча чаралар менен катар техникалык архитектураны модернизациялоо боюнча чаралар көрүлөт. Жалпы колдонулган мезгил ичинде өз ара иш алып баруу операторунун техникалык архитектурасы туруктуулугун тастыктады.  

Ошону менен бирге, ушул Концепциянын алкагында функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу менен шартталган төлөмдөрдүн жана которуулардын потенциалдуу өсүшүн эске алуу менен төмөнкү иш-чаралар аткарылат: 

өз ара эсептешүү механизмдерин оптималдаштыруу жана катышуучулар ортосунда ликвиддүүлүктү башкаруу 

QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөр жана которуулар кийинкиге калтырылган өз ара эсептешүү модели боюнча менен ишке ашырылат. Улуттук банк жана «БПБ» ЖАК ушул моделге таянуу менен иш алып барышат жана катышуучулар ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү оптималдаштыруу маселелерин иштеп чыгышат. 

Негизги оптималдаштыруу ыкмасы катары өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана таза позициялык Гросс-файлдарды Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына тез-тез (күнүнө бир нече жолу) жөнөтүү иштелип чыгат. 

Ошондой эле, төлөмдөрдүн жана которуулардын үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздоо үчүн катышуучулардын ликвиддүүлүгүн (резервдерин) башкаруу маселелерин иштеп чыгуу зарыл. Бул маселелерди чечүү үчүн катышуучулар менен алардын резервдерин натыйжалуу башкаруу ыкмаларын иштеп чыгуу жана алардын өз ара аракеттенүүсүн операциялык эрежелерде бекитүү талап кылынат; 

- төлөмдөрдүн жана которуулардын ылдамдыгын оптималдаштыруу 

Төлөмдөрдү жана которууларды тез жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, техникалык инфраструктураны оптималдаштыруу маселеси негизги өз ара иш алып баруу оператору тарабында да, катышуучулар тарабынан да иштелип чыгат. Концепцияны ишке ашыруу төлөмдөрдү жана которууларды (алар башталган учурдан тартып банктык эсепке/электрондук капчыкка/агенттердин мобилдик тиркемесине акча каражаттарын чегерүү учуруна чейинки маалымат алмашуу процессинин бардык этаптары) 10 секунддан ашпаган мөөнөт ичинде ишке ашырууга мүмкүндүк бериши керек; 

- системанын ишинин туруктуулугу жана үзгүлтүксүздүгү маселелерин иштеп чыгуу 

Өз ара иш алып баруу оператору иштеп жаткан мезгилде жогорку деңгээлдеги туруктуулугун көрсөттү. Функционалдын өсүшүн эске алуу менен, системанын 99,99% жеткиликтүүлүк деңгээлин сактоо менен үзгүлтүккө туруктуулуктун жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлөт. 

Ошону менен бирге, төмөнкү аспекттерге өзүнчө көңүл бурулат: 

• колдонуучулардын авторизациясын жана идентификациясын, ошондой эле программалык-аппараттык, криптографиялык жана техникалык коргоо каражаттарынан турган киберкоркунучтардан коргоону, анын ичинде киберкоркунучтарга жана алдамчылык аракеттерине тез жооп берүү механизмдерин камсыз кылуу; 

• алдамчылык операцияларына мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу маселелери (антифрод);  

• маалымат коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү жана коркунучтарды талдоо маселелери боюнча.  

• талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча өзүнчө модулду колдонууга киргизүү;  

• колдонуучуларды коргоо жана берилүүчү маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу: 

• потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу үчүн үзгүлтүксүз текшерүүлөр жана коопсуздук системаларынын жаңыртуулары. 

5.3. Операциялык эрежелер жана катышуучулардын резервдерин башкаруу 

Бирдиктүү төлөм мейкиндигин ишке ашыруунун алкагында «БПБ» ЖАК Улуттук банк жана өз ара иш алып баруу операторунун катышуучулары менен бирдикте Негизги өз ара иш алып баруу операторунун операциялык эрежелерин кайра карап чыгат. 

Функционалдык мүмкүнчүлүктөрдүн өзгөрүшүнө, транзакциялардын түрлөрүнүн көбөйүшүнө, ошондой эле төлөмдөрдүн жана которуулардын санынын жана көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу операциялык эрежелерде төмөнкү маселелерди жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурулат: 

- тез төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби; 

- милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылуучу катышуучулардын резервдерин башкаруу; 

- операциялык жана финансылык тобокелдиктерди минималдаштыруу протоколдорун кошо алганда, системанын катышуучулары үчүн ачык мониторинг жана тобокелдиктерди тескөө жол-жоболорун камсыз кылуу.

5.4. Төлөм системаларынын катышуучулары менен системанын өз ара аракеттенүү концептуалдык схемасы 

Схеманын негизги катышуучулары: 

- Улуттук банк системанын иштешин көзөмөлдөйт жана жөнгө салат, анын белгиленген талаптарга жана стандарттарга ылайык келишин камсыздайт. 

өз ара иш алып баруу оператору катышуучулардын өз ара иш алып баруусун, системаны колдоону жана операциялар боюнча эсептөөлөрдү аткарууну башкарат.  

- Системанын катышуучулары системанын катышуучулары, алардын ичинде банктар жана төлөм системаларынын операторлору болушу мүмкүн. Алар белгиленген операциялык эрежелерине ылайык операцияларды аткаруу үчүн өз ара иш алып баруу оператору аркылуу өз ара иш алып барышат. 

- Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы өз ара иш алып баруу операторунан келип түшкөн таза позициялар файлдары боюнча жыйынтыкталган өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзөт. 

5.5. Тез төлөмдөрдү ишке ашыруунун негизги этаптары 

№ 

Ишке ашыруу этабы 

Иш-чаралар 

Ишке ашыруу мөөнөтү 

Ишке тартылган талаптар 

1.  

C2C, Me2Me транзакциялары үчүн тез төлөмдөрдү киргизүү 

2.0 өз ара иш алып баруу операторлорунун ишин өнүктүрүү жана тез төлөмдөр системасынын функционалын колдонууга киргизүү боюнча жумушчу топту түзүү 

2025-жылдын март-апрель айы 

«БПБ» ЖАК 

2.0 өз ара иш алып баруу операторунун ишин ишке ашыруу боюнча техникалык тапшырмаларды бекитүү 

2025-жылдын март-апрель айы 

«БПБ» ЖАК, Улуттук банк, коммерциялык банктар. 

Пилоттук катышуучулар менен тез төлөмдөрдү тестирлөө (кеминде 2 коммерциялык банк) 

2025-жылдын  

июль декабрь айлары 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банктар. 

Системаны жеткире иштеп чыгуу, тестирлөө учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюу, C2C, Me2Me транзакцияларын натыйжалуу чөйрөгө ишке киргизүү 

2025-жылдын декабрь айы 

«БПБ» ЖАК 

2.  

C2B, C2G, B2C, B2B, B2G транзакциялары жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр үчүн тез төлөмдөрдү ишке ашыруу 

Пилоттук катышуучулар менен (кеминде эки коммерциялык банк) (C2B, C2G, B2C, B2B, B2G, чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр) тез төлөмдөрдү тестирлөө

2026-жылдын январь сентябрь айы 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банктар 

Системаны иштеп чыгуу, тестирлөө учурунда аныкталган кемчиликтерди жоюу, C2B, C2G, B2C, B2B, B2G транзакцияларын жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү натыйжалуу чөйрөгө ишке киргизүү

2026-жылдын октябрь айы 

«БПБ» ЖАК 

 

 

2.0 өз ара иш алып баруу операторунун Операциялык эрежелерин бекитүү

2026-жылдын сентябрь айы 

«БПБ» ЖАК, Улуттук банк 

 

 

Өндүрүштүк чөйрөгө чыгаруу/Бардык өз ара иш алып баруу операторун катышуучуларына жайылтуу. 

2026-жылдын октябрь айы 

«БПБ» ЖАК, системанын катышуучулары 

 

 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү

2026-жылдын декабрь айы 

Улуттук банк 

 

 

Антифрод модулду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу (Fraud Prevention Management) 

2027-жылдын март айы 

«БПБ» ЖАК