Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 4-апрелиндеги
№ 2025-П-12/14-1-(БС)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 17-мартындагы № 171-т тескемесин ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 171-т тескемесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 9, 28, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 171-т тескемеси (мындан ары – Министрлер Кабинетинин тескемеси) менен аныкталган пилоттук долбоордун алкагында, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары Министрлер Кабинетинин тескемесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн операциялардын түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган эсептешүү банкы аркылуу ишке ашырышсын (мындан ары – эсептешүү банкы).
2. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн пилоттук долбоор мезгилинде эсептешүү банкы менен Министрлер Кабинетинин тескемесинде көрсөтүлгөн валюталар эсеби боюнча корреспонденттик мамилелерди банк-корреспондент (банк-ортомчу) катары түзүүгө уруксат берилет.
3. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары бардык экономикалык ченемдердин сакталышын камсыз кылышсын. Мында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары ушул токтомдун талаптарын эске алуу менен аткарылууга милдеттүү болуп саналат.
4. Эсептешүү банкынын башкармасы жана директорлор кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле эсептешүү банкынын финансылык абалынын туруктуулугун камсыз кылуу, кардарлардын жана банк-корреспонденттердин операцияларын өз убагында жүргүзүү жана ушул пилоттук долбоорду ишке ашыруудан келип чыгуучу бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди четтетүү боюнча чараларды көрүү үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
5. Токтом 2025-жылдын 14-апрелинен тартып күчүнө кирет жана Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык 2025-жылдын 17-сентябрына чейин колдонулат.
Ошол эле учурда:
- Министрлер Кабинетинин тескемесинде көрсөтүлгөн валютадагы операциялар эсептешүү банкы аркылуу накталай түрдө 2025-жылдын 14-апрелинен тартып жүргүзүлсүн;
- Министрлер Кабинетинин тескемесинде көрсөтүлгөн валютадагы операциялар эсептешүү банкы аркылуу накталай эмес түрдө 2025-жылдын 1-майынан тартып жүргүзүлсүн.
6. Юридика башкармалыгы:
- 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
7. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев