Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2025-жылдын 11-апрелиндеги  

№ 2025-П-10/16-1-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА)  

«Регулятивдик банктык отчет жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 40 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 2-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«2-1. 2025-жылдын 1-майынан тартып 30-июлу өткөөл мезгил катары белгиленсин, анын алкагында коммерциялык банктар күн сайын, жума сайын, ай сайын, чейрек сайын жана жарым жыл сайын берилүүчү отчетторду ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 токтому менен бекитилген «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобого ылайык бир учурда берүүнү камсыз кылышсын. 

- 3-пунктундагы «Ушул токтом күчүнө киргенден» деген сөздөр «2025-жылдын 31-июлунан» деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын. 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) күндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

  

  

      Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                          М. Тургунбаев