Кайта келүү

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29.05. № 21/1 токтому 

 

 

«Микрофинансылык уюмдардын иши жёнъндё» 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жёнъндё» мыйзамынын, жакырчылыкты жоюу, калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин көтөрүү, ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жактан жапырт тартылышына көмөк көрсөтүү үчүн микрофинансылоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу микрофинансылык уюмдардын негизги иш максаты катары белгиленген 2-статьясынын талаптарынын ушул уюмдар тарабынан аткарылбай жатышын четтетъъ зарылчылыгынан улам, ошондой эле Улуттук банктан лицензия алып, иши ал тарабынан жёнгё салынган микрофинансылык уюмдарга карата калайык-калктын ишенимин жогорулатуу, финансы системасынын туруктуулугун сактоо, сунушталган кызматтардын керектёёчълёрън колдоого алуу жана алардын таламдарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жёнъндё" мыйзамынын 7, 43-статьяларына, "Микрофинансылык уюмдар жёнъндё" мыйзамынын 2, 5, 35-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Микрофинансылык уюмдар (микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер) ёз ишинде «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жёнъндё» мыйзамда аныкталган жакырчылыкты жоюу, калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин көтөрүү, ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык жактан жапырт тартылышына көмөк көрсөтүү үчүн микрофинансылоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатын жетекчилике алышсын жана ёз уставдарында жана кредиттик саясаттарында ошол максатты жъзёгё ашыруу боюнча чараларды чечмелеп кёрсётъшсън.  

2. Микрофинансылык уюм тарабынан лицензия (къбёлък) алуу ъчън берилген уставда, кредиттик саясатта жана башка документтерде мыйзамда аныкталган максатка жетишъъ маселесин (чараларын) жёнгё салган жоболор камтылбаса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия жана/же каттоодон ёткёндъгъ жёнъндё къбёлък берилбейт.  

3. Микрофинансылык уюм тарабынан берилген кредит боюнча пайыздык чен, кредит беръъ учурунда колдонулган декларацияланган (жарыяланган) эффективдъ пайыздык ченден ашпоого тийиш. 

4. Микрофинансылык уюмдар коммерциялык кредиттерди тартылган каражат катары "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жёнъндё" мыйзамдын 2-статьясында белгиленген максатка ылайык келбеген шарттарда пайдаланууга тийиш эмес. 

5. Микрофинансылык уюмдар коммерциялык банктардын кредитинин негизинде берилген микрокредиттер мыйзамда аныкталган максатта колдонула тургандыгынын жетиштъъ негиздемесине ээ болууга тийиш.  

6. Микрофинансылык уюмдар бир айлык мёёнёт ичинде кредит саясаттарын ушул токтомго ылайык келтиришсин. 

7. Иштеп жаткан микрофинансылык уюмдарга (микрофинансылык компанияларга, микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге) ёз иштерин ушул токтомдун 1-пунктунун талабына ылайык келтиръъ сунушжолдомо берилсин.  

8. Токтом расмий жарыялангандан он беш кън ёткёндён кийин къчънё кирет. 

9. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы ъчън Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жёнётсън. 

10. Кёзёмёл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын. 

11. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тёрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жъктёлсън. 

 

 

Тёрага Асанкожоева З.М.