Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 14-ноябрындагы № 42\3 токтому 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобо тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыялансын. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 14.11. 

№ 42\3 токтому менен бекитилген 

    

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» 

ЖОБО 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ушул жобосу аркылуу (мындан ары Жобо) Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарга (мындан ары Банк/Банктар) кайра каржылоо максаттарында аукциондук негизде кредиттик каражаттардын Улуттук банкы тарабынан берилишинин тартиби аныкталган. Кайра каржылоого кредиттер Банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасын кредиттөө жана ликвиддүүлүктү колдоо үчүн багытталат.  

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Улуттук банк, кредиттик аукциондорду акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 5, 20 жана 28-статьяларына ылайык өткөрөт. 

1.2. Кредиттик аукциондорду өткөрүүнүн максаты, улуттук валютада кайра каржылоого жана ликвиддүүлүктү колдоого, кредиттик ресурстарды коммерциялык банктарга убактылуу сунуштоо саналат.  

1.3. Сунуштоо шарттары жана кредиттик ресустардын көлөмдөрү Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими аркылуу аныкталат.  

1.4. Кредиттик аукциондордун катышуучуларынан болуп бир тараптан Улуттук банк жана экинчи тараптан өзүнүн ишкердигин Улуттук банктын лицензиясынын негизинде жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары саналат.  

2. Колдонулган терминдер жана түшүнүктөр 

2.1. Кредиттик аукцион бул Улуттук банктын, Мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө күрөөлүк мүлк алдында, улуттук валютадагы аукцион формасында кайра каржылоо операцияларын жүргүзүү ыкмасы. 

2.2. Кредиттик ресурстар Улуттук банк тарабынан белгилүү бир мөөнөт ичинде мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында, белгиленген пайыздык чен боюнча, күрөөлүк камсыздоо алдында Банкка сом түрүндө сунушталган акча каражаттары.  

2.3. Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишим (Башкы келишим) бул, Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн келишим, анда Банкка кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кайра каржылоого жана мында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салууга Улуттук банктын кредиттеринин жалпы шарттары жана сунуштоо тартибин аныкталат.  

2.4. Кредиттик келишим бул Улуттук банк менен Банк ортосунда кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында түзүлгөн келишим. Анын негизинде Улуттук банк Банкка кредит сунуштайт. Келишимде кредит берүү жана аны төлөө шарттары жана тартиби аныкталган, ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

2.5. Күрөө келишими бул Улуттук банк менен Банк ортосунда кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында түзүлгөн келишим. Анын негизинде кредиттик каражаттарды кайтарып алуу боюнча банктын милдеттенмеси Мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөө менен камсыз кылынат. Келишимде күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби аныкталат жана ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

2.6. Кредиттин мөөнөтү бул календардык күндөрдө берилген жана кредит берилген күндөн тартып ал боюнча милдеттенмелер толук аткарылган күн кошо эсептелинген убакыт арылыгы.  

2.7. Депозитарий Кыргыз Республикасындагы юридикалык жак, ал мамлекеттик баалуу кагаздарды эсепке алууну, сактоону, өткөрүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздарды каттоону жана ага менчик укугун тастыктоону жүзөгө ашырат.  

2.8. «Депо» эсебинин инвестициялык субэсеби Банкка караштуу Мамлекеттик баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо максатында Депозитарийде ачылган Банктын субэсеби.  

2.9. «Депо» эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсеби кредиттик каражаттарды алууда күрөө катары Банк тарабынан Улуттук банкка өткөрүлүп берилген мамлекеттик баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо үчүн Депозитарийде ачылган Банктын субэсеби.  

2.10. Билдирмелерди канааттандырууга чектөө чени билдирмелерди канаттандыруу ага жеткенде аяктаган чен.  

2.11. Операциялык күн Улуттук банктын операциялык күнүнүн регламентине ылайык ар бир жумуш күнү саат 8:30 - 16:30 саатка чейинки мезгил аралыгы.  

 

3. Аукционго билдирмени тариздөө жана сунуштоо тартиби  

3.1. Улуттук банктын кредиттик аукционуна катышуу жана андан кредиттик каражаттарды алуу үчүн Банк төмөнкү талаптарга ылайык келүүсү зарыл:  

Банктык операцияларды жүзөгө ашырууга Улуттук банктан лицензиясынын болушу; 

Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик каражаттардын күрөөлүк камсыздоосунан болгон Мамлекеттик баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу үчүн Депозитарийде «депо» эсебинин болушу; 

Улуттук банкта улуттук валютада корреспонденттик эсебинин болушу; 

Улуттук банк менен кредиттик аукцион жөнүндө кол коюлган Башкы келишимдин болушу; 

Банктын капиталынын шайкештиги жана билдирме берилгенге чейин Улуттук банк тарабынан белгиленген бир карызгерге туура келген тобокелдиктин максималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченемдердин аткарылышы; 

Ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген жетиштүү күрөөлүк камсыздоону сунуштоо; 

Банктык көзөмөлдүк, банкты тескөөгө алуу боюнча убактылуу жетекчилик, консервация, санация, реабилитация, банкроттук жана башка негиздер боюнча ыктыярдуу жана кысымга алуу менен жоюу режимдеринде болбоосу. Консервация, тике банктык көзөмөлдүк, банкты тескөөгө алган убактылуу жетекчилик режиминде турган Банк, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болуу шартында кредиттик аукционго катыша алат; 

Алынган кредиттер жана алардын пайыздары боюнча, анын ичинде Улуттук банктын кайра каржылоонун башка инструменттери боюнча Улуттук банк алдында мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелердин болбошу; 

Банктын атынан кредит алууга кагаз жүзүндө берилген билдирмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары менен банктын жоопкерчиликтүү адамдарынын тизмесин Улуттук банкка берүү

Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган башка талаптар.  

3.2. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети кайра каржылоо үчүн кредиттик каражаттарды берүү шарттарын, алардын көлөмдөрүн жана мөөнөттөрүн мезгил-мезгили менен кароого алып турат.  

3.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик аукциондорду өткөрүү параметрлерин жана шарттарын Улуттук банктын веб-сайтына жана Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасына жарыялап турат. Аукцион өткөрүлгөнгө чейинки эки күндөн кечиктирбестен Улуттук банк бардык банктарга аукциондун шарттары тууралуу маалымдайт, анын ичинде: 

аукцион өткөрүлчү күндү;  

аукциондун кодун; 

кредиттик ресурстар көлөмү;  

төлөмдөрдүн мөөнөтүн (пайыздар жана негизги сумма боюнча); 

аукциондун минималдуу пайыздык ченин (Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен белгиленген);  

аукцион тууралуу калган маалыматтар (албетте, болгон болсо). 

3.4. Кредиттик аукционго катышуу билдирмеси банктар тарабынан кредиттик аукцион боюнча башкы келишимге карата экинчи тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык документ түрүндө Улуттук банкка берилет. Билдирме калың конвертке салынып берилиши зарыл. Банк аукционго бир гана билдирмени бере алат. 

3.5. Банктын билдирмеси аукцион өткөрүлгөн күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Билдирмелерди кабыл алуу убактысы өтүп кеткенден кийин банктар билдирмелерди бере албай, өзгөртө алышпайт. Мында, берилген билдирмелер кайтарылып алынгыс болуп эсептелет.  

3.6. Билдирменин ар бир бетине Банктын ыйгарым укуктуу адамы кол коюп, банктын мөөрү басылууга тийиш. Билдирмеде берилген күнү, банктын аталышы, аукцион өткөрүлүүчү күн, зарыл болуп жаткан кредиттик каражаттардын көлөмү, сунушталган пайыздык чен, күрөөлүк камсыздоо катары сунушталып жаткан баалуу кагаздардын суммасы жана алардын параметрлери камтылууга тийиш. Мында банктын билдирмеде көрсөтүлгөн, алууга ниеттенген кредиттик каражаттардын көлөмү аукционго коюлган кредиттик ресурстардын жалпы көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

3.7. Документ түрүндөгү билдирмелер Улуттук банктын Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 1-кабатында жайгашкан «Кредиттик аукциондорго билдирмелер үчүн» деп жазылган ящикке салынууга тийиш. Банк билдирме берилгендиги фактысын алар берилген күндү, убактысын көрсөтүү менен каттоо журналдарында чагылдырууга тийиш.  

3.8. Кредиттик аукционго катышууга пайыздык чени Улуттук банк жарыялаган минималдуу пайыздык ченден жогору же ага барабар болгон Банктардын билдирмелерине уруксат берилет.  

3.9. Банктын ушул жобонун 3.1-пунктундагы талаптарга ылайык келбеши, ал сураган кредиттин суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Улуттук банк, аукционго катышууга уруксат берилбеген Банктарга анын себептерин көрсөтүү менен аукцион өткөрүлгөн күндөн кийин эки жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө кат жүзүндө жооп жөнөтөт. 

3.10. Туура эмес толтурулган же тариздетилген билдирмелер, ошондой эле убактысынан кечиктирилип берилген билдирмелер анык эмес катары таанылып, аукционго киргизилбейт.  

3.11. Улуттук банк Банктын билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.  

 

4. Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

4.1. Банктын кредиттик каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси Мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө күрөө менен камсыз кылынат. Күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнө жана түрүнө карата талаптар Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленет. Улуттук банкка күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздар, күрөөгө коюлбайт же үчүнчү жакка күрөөгө берилбейт. 

4.2. Кредиттин камсыздоосу катары берилген Мамлекеттик баалуу кагаздар «депо» эсебинин инвестициялык субэсебинен Депозитарийдеги «депо» эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине которуу учурунда төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийш:  

Банкка менчикке укуктук негизинде тиешелүү болууга; 

Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык субэсебинде сакталып турууга жана эсепке алынууга; 

Ага башка милдеттенмелер жүктөлбөөгө тийиш. 

4.3. Мамлекеттик баалуу кагаз түрүндөгү күрөөнүн номиналдык наркы талап кылынып жаткан кредиттин суммасынын 120% төмөн болбоого тийиш. 

4.4. Күрөөлүк камсыздоонун Улуттук банктын талаптарына ылайык келбеши Банкка кредит берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.  

4.5. Мамлекеттик баалуу кагаздарды Депозитарийдеги «депо» резервдик (күрөөлүк) субэсебине которуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу Мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жободо аныкталган талаптарга ылайык ишке ашырылат.  

 

5. Кредиттик аукционду өткөрүү тартиби 

5.1. Аукциондор Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген мезгил аралыгында ишке ашырылат. 

5.2. Улуттук банк кредиттик аукционду өткөрүп, анын жыйынтыгын чыгарат, мында: 

Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин төргасынын чечими менен кредиттик ресурстардын көлөмү келип түшкөн билдирменин жалпы көлөмүнө жараша кыскартылып же аукционго экиден аз катышуучу катышкан шартта, өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн;  

Билдирмелер, эң жогорку пайыздык ченден тартып сунушталган кредиттик ресурстардын жалпы өлчөмү толук бөлүштүрүлүшүнө чейин кабыл алынат. Аукционго уруксат алган билдирмелер максималдуу чектен тартып ошол аукционго коюлган кредиттик ресурстар толук бөлүштүрүлгөнгө чейин сунушталган пайыздык чендердин деңгээли боюнча ранжирленет (бөлүштүрүлөт). Мында, билдирмелерди канааттандырууда чектөө чени боюнча бир нече билдирме түшкөн болсо, кредиттик ресурстарды ошол билдирмелер боюнча бөлүштүрүү пропорционалдык негизде ишке ашырылат.  

Улуттук банктын кредиттик аукционунда коммерциялык банктар тарабынан алынган кредиттик ресурстар Банктардын билдирмелеринде көрсөтүлгөн чендер боюнча ишке ашырылат (Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген пайыздык ченден ылдый эмес). 

5.3. Аукционго уруксат алган билдирмелерди Улуттук банкта иштеп чыгуу аукцион өтөрүлгөн күнү саат 13:00дөн 15:00гө чейин ишке ашырылат.  

5.4. Аукциондун жыйынтыгы боюнча төмөнкү формулада орточо салмактанып алынган пайыздык чен эсептелинет 

мында P аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен, pi канааттандырылган лоттордун пайыздык чени, qi - канааттандырылган лоттордун көлөмү

5.5. Өткөрүлгөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча протокол толтурулуп ал, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин төрагасы тарабынан бекитилип, кол коюлат. 

5.6. Аукциондун натыйжалары бекитилгенден кийин аукцион өткөрүлгөн күнү саат 16.00 кечиктирбестен Улуттук банк катышуучуларга аукциондун жыйынтыгын маалымдайт.  

5.7. Аукциондорго код белгилөө.  

Аукциондорго код белгилөөнүн төмөнкүдөй түзүмү аныкталган.  

** ** ** 

| | |____ кредиттик аукциондун ушул жылдын катар номери 

| |_______ жылы 

|__________ кайра каржылоо кредиттер аукционун идентификациялоо  

Мисалы: 

АК 12 22 

| | |____ кредиттик аукциондун катар номери 

| |_______ 2012 -жылы 

|__________ кредиттик ресурстардын аукциону идентификациясы 

5.8. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча расмий билдирмеде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

аукциондун коду; 

аукцион өткөрүлгөн күн; 

төлөмдөрдүн мөөнөтү жана көлөмү

аукциондогу баштапкы пайыздык чен; 

билдирмелердин жалпы көлөмү

канааттандырылган билдирмелердин минималдуу жана максималдуу пайыздык чендери; 

орточо салмактанып алынган пайыздык чен; 

билдирмелердин саны; 

жана башка маалыматтар. 

5.9. Улуттук банк кредиттик аукциондун расмий жыйынтыгын аукцион өткөрүлгөн күнү саат 17:00гө чейин Улуттук банктын веб-сайтына жарыялайт.  

 

6. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү 

6.1. Акча каражаттарынын суммаларын Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине өз учурунда жана толук чегерүү өткөрүлгөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын милдеттенмелерди талаптагыдай аткарышы болуп саналат.  

6.2. Улуттук банк тарабынан акча каражаттарынын Банктын корреспонденттик эсебине чегерүү, кредиттик келишимге (№4-тиркеме), күрөө келишимине (№5-тиркеме) кол коюп, мамлекеттик баалуу кагаз түрүндөгү күрөөнү «депо» эсебинин инвестициялык субэсебинен Депозитарийдеги «депо» эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине которгондон кийин ишке ашырылат.  

6.3. Кредиттин суммасына пайыздарды кошуп эсептөө жыл ичинде 360 күн эсебинде, кредитти айкын пайдаланган мезгил үчүн төмөнкү форма боюнча жүргүзүлөт.  

P = (C x I x T)/360/100, мында:  

Р чегерилген пайыздар;  

С кредиттин суммасы (сом);  

I чен (жылдык %);  

Т кредит берүү мөөнөтүүндөр). 

 

 

7. Катышуучулардын жоопкерчилиги жана санкциялар 

7.1. Эгерде Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү катары бекитилген Банк кредиттик каражаттарды алуудан баш тартса же Башкы келишимдин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык Кредиттик келишимди, Күрөө жөнүндө келишимди өз учурунда алып келбеген учурда Банктын билдирмеси жокко чыгарылат жана ага карата Башкы келишимде каралган айыптык төлөмдөр колдонулат.  

7.2. Банк, өткөрүлгөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү күнү анын күрөөлүк камсыздоо предметинен болгон Мамлекеттик баалуу кагаздардын болушу жана өз убагында сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде, эсептешүүлөрдү жүргүзүү күнү Банк жетиштүү сандагы Мамлекеттик баалуу кагаздарга ээ болбосо, анын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда Банк эсептешүүлөрдү жүргүзгөн күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечикпестен канааттандырылган билдирмеден бир пайыз өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм төлөйт жана ал Банкка карата анын кийинки аукциондорго катышуусуна чектөөлөр белгиленет.  

7.3. Банк кредиттик аукциондон алынган ресурстар боюнча карыздарын жана анын пайыздарын белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, аны өндүрүп алуу Улуттук банк тарабынан карызгер-банктын корреспонденттик эсебинен кошумча маалымдоосуз эле каражаттардын талашсыз тартипте эсептен алып салуу аркылуу ишке ашырылат. 

7.4. Эгерде Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде белгиленген, кредиттин негизги суммасынын ордун жабууга, ал боюнча чегерилген пайыздар жана башка төлөмдөр боюнча төлөөлөр толук көлөмдө жана/же өз убагында төлөнбөсө, бул карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн деп эсептелинет жана Банкка карата Башкы келишимде каралган айыптык төлөмдөр колдонулат.  

 

8. Кредитти төлөө тартиби  

 

8.1. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу Банк тарабынан кредиттин мөөнөтү бүткөн күнү операциялык күндүн акырына чейин, өз эсептеринен тиешелүү акча суммасын Улуттук банктагы тиешелүү эсебине которуу аркылуу ишке ашырат. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө Банк тарабынан ай сайын кредиттик келишимге ылайык жүзөгө ашырылып турат. 

8.2. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келсе, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

8.3. Кредитти төлөө күнү кредиттин негизги суммасы жана ага кошуп эсептелинген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш. Кредитти жарым-жартылай төлөөгө жана аны пролонгациялоого жол берилбейт. 

8.4. Банк, Башкы келишимде жана кредиттик келишимде каралган карыздын негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды Улуттук банкты алдын ала төлөө күнүнөн мурда үч күндөн кечикпей маалымдоо аркылуу мөөнөтүнөн мурда бөлүп төлөөгө же толугу менен төлөөгө укуктуу.  

8.5. Эгерде Банк кредит жана ал боюнча чегерилген пайыздар боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган болсо, Улуттук банк Мамлекеттик баалуу кагаздарды күрөөдөн куткарат жана аны “депо” эсептин камдык (күрөөлүк) субэсептен Депозитарийдеги “депо” эсептин инвестициялык субэсепке которууну жүзөгө ашырат.  

8.6. Эгерде, кредит мөөнөтүндө төлөнбөсө, аны төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылбайт. Банктын кредит боюнча жоопкерчилиги Башкы келишимде жана кредиттик келишимде каралат.  

8.7. Улуттук банк, эгерде Банкка берилген кредит мөөнөтүндө төлөнбөсө, анда ушул жобого ылайык:  

- банктын корреспонденттик эсебинен кредитти төлөөнүн эсебине кредиттин негизги суммасына, эсептелинген пайыздарга жана айыптык төлөмдөргө барабар болгон сумумадагы акча каражаттарын акцептсиз тартипте алып коет;  

- кредитти, ага кошуп эсептелинген пайыздарды жана айыптык төлөмдүн ордун ушул Жобого, кредиттик аукциондор жөнүндө Башкы келишимге жана күрөө келишимине ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу жаба алат; 

 

9. Корутунду жоболор 

9.1. Кредиттик аукциондорду өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бул жобого Улуттук банк Башкармасынын чечими менен киргизилиши мүмкүн.  

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 14.11 № 42\3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобого карата №1 тиркеме   

 

КРЕДИТТИК АУКЦИОН ЖӨНҮНДӨ БАШКЫ КЕЛИШИМ  

 

Бишкек шаары № _____ 20__-жылдын ___________ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын (жана ___________ №____ буйруктун) негизинде иш алып барган ____________________________ атынан бир тараптан жана мындан ары «Банк» деп аталуучу Уставдын негизинде иш алып барган __________________________ экинчи тараптан, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобого (мындан ары Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча кредиттик аукцион жөнүндө ушул Башкы келишимди (мындан ары- Башкы келишим) түзүштү:  

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Банкка кайра каржылоого Улуттук банк тарабынан кредиттердин берилиши жана андан улам келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо, ушул Башкы келишимдин предметинен болуп саналат.  

 

2. КРЕДИТ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ  

2.1. Кредит алуу тартиби Жобо жана ушул Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат.  

2.2. Ушул Башкы келишимге ылайык кайра каржылоого кредит алуу үчүн Банк Улуттук банкка, Жобого жана ушул Башкы келишимге карата кошо тиркелген 2-тиркемеге ылайык билдирме берүүгө тийиш.  

2.3. Тараптар, кредит алууга Банктын билдирмеси Улуттук банктан кредит алууга жана тиешелүү күрөөлүк камсыздоонун берилишне катышуучунун тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын чечими менен берилиши тийиш.  

2.4. Кредит алуу үчүн Банк Жобонун 3.1-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш жана эгерде кол тамгалар үлгүлөрүнүн карточкасында бул адамдар көрсөтүлбөгөн учурда кредит алууга Банктын атынан документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу анын жоопкерчиликтүү адамдарына (ушул Башкы келишимге карата 1-тиркеме) тизме берүүгө жана аларды күрөө катары сунуштоо үчүн жетиштүү сандагы мамлекеттик баалуу кагаздар болушу зарыл.  

2.5. Кредит Банкка улуттук валютада, кайра каржылоого жана ликвиддүүлүктү колдоого, кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттүн операциялык күндүн аягына чейин, кредиттик келишимге жана күрөөлүк келишимге кол койгон учурда аукцион өткөрүлгөн күндүн эртеси берилет. 

2.6. Кредит аукциондун жыйынтыгы боюнча белгиленген пайыздык чен менен Мамлекеттик баалуу кагаздар болгон күрөөлүк камсыздоо алдында берилет. 

2.7. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы менен ушул Башкы келишимге карата 3-тиркемеге ылайык Банкка тааныштырылат. 

2.8. Кредит Банкка тиешелүү кредиттик макулдашууну тариздөө менен берилет. Анда кредит берүүнүн төмөнкүдөй конкреттүү шарттары көрсөтүлөт: өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чени, кредит боюнча негизги сумманы жана ал боюнча пайыздарды төлөө шарттары ж.б. Көрсөтүлгөн кредиттик келишимде ушул Башкы келишимге карата шилтеме камтылууга тийиш. Аукциондун катышуучусунун ыйгарым укуктуу жактары кол койгон кредиттик келишим Улуттук банкка кредиттик аукцион өткөрүлгөндөн кийинки жумуш күнү саат 12:00гө чейин сунушталууга тийиш. 

2.9. Кредит алууга макулдук берилген билдирменин негизинде Улуттук банк, аукцион өткөрүлгөндөн кийинки операциялык күн ичинде, кредиттик келишимге жана күрөө келишимине кол коюлган учурда, ошондой эле Мамлекеттик баалуу кагаздар Депозитарийиндеги күрөөлүк субэсебине  өз учурунда жана толук көлөмдө чегерилген учурда, Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүүнү жүзөгө ашырууга милдеттенет.  

3. КРЕДИТТИ КАМСЫЗДОО  

3.1. Банктын кредиттик негизги суммасын, ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды, айып түрүндөгү үстөк айыптарды, туумдарды ж.б. төлөөлөрдү кайтарып берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо катары, ушул Башкы келишим жана кредиттик келишим боюнча Банкка тиешелүү болгон мамлекеттик баалуу кагаздар саналат. Ушул келишим жана кредиттик келишим боюнча милдеттердин камсыздоосу болуп саналган мамлекеттик баалуу кагаздардын конкреттүү тизмеси, Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн Күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.  

3.2. Мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөө жободо аныкталган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.  

3.3. Банк, кредиттик аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки жумуш күнү саат 12:00гө чейин Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган Мамлекеттик баалуу кагаздардын депозитардык эсеби жөнүндө убактылуу жободо аныкталган талаптарга ылайык Мамлекеттик баалуу кагаздарды инвестициялык эсептен Улуттук банктын Мамлекеттик баалуу кагаздар Депозитарийиндеги камдык (күрөөлүк) субэсебине которууга «депо» тапшырмасын берүүгө милдеттенет.  

4. КРЕДИТ ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

4.1. Кредитин негизги суммасын жана ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө жобонун 8.1. жана 8.2-пункттарына жана кредиттик келишимге ылайык жүзөгө ашырылат. 

4.2. Банк тарабынан кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздарга тиешелүү миллдеттенмелери өз убагында жана толук көлөмдө аткарылган шартта, Улуттук банк күрөө түрүндө күрөөгө сунушталган Мамлекеттик баалуу кагаздарды «депо» эсебинин резервдик (күрөөлүк) субэсебинен Депозитарийдеги Банктын «депо» эсебинин инвестициялык субэсебине которууну кредит боюнча милдеттенме төлөнгөндөн кийинки жумуш күнүнүн акырына чейин которууну жүзөгө ашырат.  

4.3. Банк тарабынан кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды кредиттик келишимде аныкталган мөөнөттө төлөө боюнча милдеттенмелери аткарылбаган шартта, Банк өз милдеттенмелерин аткарбай койгон учурдан тартып, анын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды, туумдарды жана айыптарды төлөө үчүн зарыл болгон суммадагы каражаттарды акцептсиз тартипте эсептен алып салуу укугуна Улуттук банкка шарт түзөт.  

4.4. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде турган каражаттар кредиттин негизги суммасынын жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн жетишсиз болуп калган шартта, Банк кредиттин камсыздоосу катары сунушталган Мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөө предметинен акцептсиз түрдө соттон тышкары тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен, кредит боюнча Банктын милдетенмесинин ордун жабууну ишке ашырууга Улуттук банктын укугуна макул болууга мажбур болот. Мында Улуттук банк, кредит боюнча милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө аткарылбай жаткандыгынан улам, Мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөнү өндүрүүнү жүргүзгөндүгү тууралуу кат жүзүндө Банкты маалымдайт.  

4.5. Банктын кредит боюнча аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабуунун эсебинен Улуттук банкка өткөн Мамлекеттик баалуу кагаздар менчик укугу, Улуттук банктын балансына  адилет нарк боюнча Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты жана Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  Эсептик саясатына ылайык кабыл алынат. 

4.6. Алынып койгон МКБлардын эсебинен Банктын кредиттин негизги суммасы боюнча Улуттук банк алдындагы карыздын орду жабылышы, кредитке карата чегерилген пайыздарды, туумдар жана айыптык төлөмдөрдү төлөө ишке ашырылышы керек. 

4.7. Улуттук банктын Банкка карата утурлама талаптарын эске алуу аркылуу алынган суммалар жетишсиз болуп калган шартта Улуттук банк, Банктын кандай болбосун башка мүлкүнөн жана талап коюу укугунан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жетпеген сумманы алууга укуктуу.  

4.8. Улуттук банктын бардык талаптарын канааттандыруудан кийинки калган сумма Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилет.  

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

5.1. Банк ушул жобонун талаптарына, Башкы келишимге жана кредиттик келишимге ылайык, кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

5.2. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк тарабынан жеңүүчү деп бекитилген Банк, кредиттик каражаттарды алуудан баш тарткан шартта ал, кийинки кредиттик аукциондорго катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт жана канааттандырылган билдирмеден бир пайыз өлчөмүндө айыптык төлөм төлөөгө тийиш.  

5.3. Банк, өткөрүлгөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү күнү мамлекеттик баалуу кагаздар анын предметинен болгон күрөөлүк камсыздоонун болушуна жана өз убагында сунушталышына жоопкерчиликтүү. Эгерде эсептешүүлөрдү жүргүзүү күнү Банк жетиштүү мамлекеттик баалуу кагаздар санына ээ болбосо, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда Банк канааттандырылган билдирмеден бир пайыз өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм төлөйт жана ал кийинки кредиттик аукционго катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.  

5.4. Банк, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк менен кредиттик келишимге, күрөө жөнүндө келишимге өз убагында кол коюулушуна жоопкерчиликтүү. Эгерде Банк, кол коюлган жана тиешелүү деңгээлде тариздетилген кредиттик келишимди, күрөө жөнүндө келишимди, «депо» тапшырмасын жана кредит алууга Банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын чечимин өз убагында сунуштабаса, Банктын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда Банк канааттандырылган билдирмеден бир пайыз өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм төлөйт жана ал кийинки кредиттик аукционго катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. 

5.5. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ага чегерилген пайыздар суммасын төлөө ал боюнча кандай болбосун ушул Башкы келишимден жана кредиттик келишимден улам келип чыккан төлөмдөр, толук көлөмдө эмес жана белгиленген мөөнөттө ишке ашырылбаса, мындай карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн болуп саналат жана ага мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум чегерилет. Туум мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир күн үчүн, төлөнбөгөн карыз келип чыккан күндөн тартып орду жабылбаган сумманын бөлүгү толугу менен төлөнгөнгө чейин чегерилип турат.  

5.6. Улуттук банк, Жобого жана Башкы келишимге ылайык кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Банктардын Улуттук банктагы коррепонденттик эсептерине канааттандырылган билдирмелерден акча каражаттардын суммасын өз убагында жана толугу менен чегерүүгө, ошондой эле кредит жана ал боюнча чегерилген пайыздар боюнча Банк өз милдеттенмелерин өз учурунда жана толугу менен аткарган шартта күрөөлүк камсыздоону учурунда чыгарып алууга жоопкерчилик тартат. Эгерде, Банктын корреспонденттик эсебине кредиттик каражаттар өз учурунда жана толугу менен чегерилбесе же күрөөлүк камсыздоо өз учурунда чыгарылбаса Улуттук банк Банкка мөөнөтү өткөрүлгөн милдеттенменин суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум төлөп берет.  

5.7. Улуттук банк ушул Жобонун талаптарын, ушул Башкы келишимдин жана кредиттик келишимдин шарттары Банк тарабынан бузууга жол берилишинен улам, келип чыккан чыгым үчүн жооп бербейт.  

5.8. Тараптар ушул жобонун талабына жана ушул Башкы келишимге ылайык, кредитти берүү жана анын ордунун жабылышы боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу кызматкерлердин иш аракеттеринин тууралыгы, өз учурунда аткарылгандыгы жана купуялуулугуна жооп беришет.  

6. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР 

6.1. Жердин силкиниши ж.б. тарыхый кырсыктар сыяктуу өзгөчө жагдайлардын, мамлекеттик органдардын аракеттери жана чечимдери, согуш аракеттери жана массалык баш аламандык сыяктуу ушул Башкы келишимде тараптар болушкандардын контролдугуна жатпаган жана аларга ушул Башкы келишим жана кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук кылган кырдаалдардын тике же кыйыр түрдө таасир этиши сыяктуу форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү ошол күтүүсүз жагдайлар орун алып турган убакытка шайкеш кийинкиге жылдырылат.  

6.2. Ушул Башкы келишимдин тараптары милдеттенмелерди аткарууга тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлардын келип чыккандыгы жана анын аяктагандыгы тууралуу бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө 2 (эки) жумуш күнү ичинде, токтоосуз маалымдоого тийиш.  

6.3. Тараптардын бири форс-мажордук жагдайлардан улам ушул Башкы келишим жана кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмесин аткара албай, бирок ал ошол жагдайлардын кесепеттерин четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз учурунда көргөн болсо, Башкы келишимдин жана кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол бергендик катары каралбайт.  

7. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

7.1. Ушул Башкы келишимди аткаруунун келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер өз ара алгылыктуу чечим иштеп чыгуу максатында тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

7.2. Ал эми жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында ж.б. ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет.  

8. БАШКА ШАРТТАР 

8.1. Ушул Башкы келишимдин шарттары тараптардын макулдугу боюнча толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн. 

8.2. Ушул Башкы келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр кат жүзүндө даярдалып тараптар ага кол койгон шартта, анык болуп саналат.  

8.3. Ушул Башкы келишим орус тилинде 3 нускада түзүлгөн, алардын ар бири юридикалык күчкө ээ. Келишимдин 2 нускасы Улуттук банкта калып, ал эми бир нускасы өтүнүч менен кайрылган Банкка берилет.  

8.4. Ушул Башкы келишимге карата 1, 2, 3, 4 жана 5-тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

 

9. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТТЕНҮҮ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

 

9.1. Башкы келишим, ага эки тарап тең кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир жыл аралыгында колдонулат. Башкы келишимдин токтотулушу анда каралган, Мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөө алдында берилген кредиттердин, ошондой эле Улуттук банктын ушул Башкы келишимде жана Жободо каралган тартипте күрөөнү чыгарып алуу боюнча милдеттенмесин кайтарылышы боюнча Банктын милдеттенмесин токтотпойт. 

9.2. Башкы келишим анын аракети токтогонго чейин экинчи тарапка кат жүзүндө токтотуу ниетин бир календардык ай мурда билдирбесе, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет.  

9.3. Улуттук банк төмөнкү учурларда Банкка алдын ала билдирүүсүз эле, ушул Башкы келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:  

Банк ушул келишим шарттарын жана жобонун талаптарын бузууга жол берген болсо; 

Улуттук банк тарабынан банктык операцияны жүргүзүү укугуна лицензия Банктан кайтарылып алынган болсо; 

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Банктын иши токтотулса; 

Банк-карызгер банкрот деп жарыяланса; 

 

10. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Бишкек шаары, Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, ____________ көчөсү

Улуттук банктагы корэсеби №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: _____ 

Кызматы_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

Кредиттик аукциондор жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№1-тиркеме 

 

2012 - жылдын 14.11 № 42\3 

 

 

 

Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга банктын өтүнүчүнө кол коюуга жана Улуттук банктан кредит алуу үчүн камсыздоону берүүгө укуктуу болгон 

БАНКТЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ АДАМДАРЫНЫН ТИЗМЕСИ 

 

 

20_____.-жылдын «___» ____________ Бишкек шаары 

 

Ушул аркылуу _____________________________________________________,  

(банктын аталышы) 

____________________________________________________________ атынан 

(аты-жөнү, кызматы) 

___________________________________________ негизинде иш алып барган ___________________________________________ төмөнкү адамдарга кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга Банктын өтүнүчүнө кол коюга укук чегерет.  

1. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын аты-жөнү  

2. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын электрондук почтасынын дареги  

3. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын жумуштагы телефон номери 

Кандайдыр бир өзгөрүүлөр жүргөн шартта банк, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга банктын өтүнүчүнө кол коюуга укуктуу жоопкерчиликтүү адамдардын жаңыртылган тизмесин Улуттук банкка сунуштайт. 

Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга банктын билдирмесине кол коюуга укуктуу жоопкерчиликтүү адамдардын ыйгарым укуктары, кредит алууга банктын билдирмесине кол коюуга укуктуу башка жоопкерчиликтүү адамдардын жаңы тизмесин берүү аркылуу, алар алмашылган учурда тастыкталат.  

 

 

Кызматы 

 

Аты-жөнү_____________________ Колтамгасы____________ М.О.___________  

 

 

 

Кредиттик аукциондор жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№2-тиркеме 

 

2012 - жылдын 14.11 № 42\3 

 

 

 

КРЕДИТТИК АУКЦИОНГО КАТЫШУУ ҮЧҮН № _________ БИЛДИРМЕ 

 

20____-жылдын «____»_______ 

 

Карызгер___________________________________________________________  

(Банка-карызгердин аталышы)  

 

1. Ушул аркылуу Банк, ___________ суммасындагы (суммасы сан менен жана жазуу жүзүндө) кредит алуу үчүн кредиттик аукционго катышууга билдирмени жөнөтөт.  

2. Мында, кредиттик каражаттар боюнча төмөнкүдөй чен сунуш кылынат.  

Кредит боюнча чен жылдык ________ %  

3. Кредит берүү датасы:___________________ 

Кредитти кайтаруу датасы: ______________ 

 

4. Кредиттин камсыздоосу катары:  

 

____________ сом суммасында (суммасы сан менен жана жазуу жүзүндө) мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө күрөө сунушталат:  

 

п/п№ 

Каттоо номери 

Чыгарылган күнү 

Төлөө күнү 

Саны  

Мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналы, сом менен 

Номиналдык наркы, сом менен 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5. Банк, кредит боюнча карыздын суммасын корреспонденттик эсептен акцептсиз тартипте эсептеп алып коюуга макул. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине каражаттар жетишсиз болуп калса, ал ушул билдирменин 4-пунктунда чагылдырылган күрөө предметинен, Мамлекеттик баалуу кагаз менен камсыздалган милдеттенмелерин Жобого жана Башкы келишимге ылайык, дароо акцептсиз тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө Улуттук банкка укук берет.  

 

 

(Банка-карызгердин аталышы)  

 

Кызматы 

 

Аты-жөнү_____________________ Кол тамгасы____________ М.О.___________  

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№3-тиркеме 

 

2012 - жылдын 14.11 № 42\3 

 

 

БИЛДИРМЕ 

  

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20____-жылдын «___»_____ болуп өткөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдө канааттандырылгандыгын маалымдайт:  

Аукциондун коду 

Банктын билдирмеси  

Берилген күнү 

Төлөнгөн күн 

Суммасы (сом) 

% чен 

  

  

  

  

  

  

  

_______________ ______________ _____________  

кызматы (кол тамгасы) (Аты-жөнү)   

  

  

Аткаруучу: Аты-жөнү 

Тел:_____________  

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№4-тиркеме 

 

2012 - жылдын 14.11 № 42\3 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимге карата  

№____ Кредиттик келишим 

 

 

Бишкек шаары ____-жылдын «___»________  

 

Мындан ары Улуттук банк деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын негизинде иш алып барган _________________________________ бир тараптан, жана мындан ары «Банк» деп аталуучунун атынан Уставдын негизинде иш алып баруучу _____________________________________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар биргелешип, төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди (мындан ары «Келишим») түзүштү

 

1. Кредиттик келишимдин предмети  

 

1.1. Улуттук банк, 20___жылдын «___»_______ № ______ Кредиттик аукцондун жыйынтыгы боюнча 20___жылдын «___»_______ № ______ Кредиттик аукцон жөнүндө Башкы келишимдин (мындан ары Башкы келишим) жана ушул Кредиттик келишимдин негизинде Банкка ___________ сом суммасында (суммасы жазуу менен) кредитти, ушул Кредиттик келишимде, Башкы келишимде жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максаттарында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жободо каралган шарттарда Банкка сунуштайт.  

 

2. Кредит берүү шарттары 

 

2.1. Кредит _____айлык мөөнөткө, 20___жылдын «____»______тартып «____»______чейин берилет. 

2.2 Кредит боюнча акча каражаттары Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик  

эсебине чегерилген күн, Кредит берилген күн болуп саналат. 

2.3. Улуттук банк, ушул Кредиттик келишимге ылайык, Банк тарабынан Улуттук банктан суралуучу Кредит боюнча күрөө келишими күрөөнү каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген органдарда катталгандан кийин аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, кредит боюнча акча каражаттарын чегерет.  

2.4. Ушул Кредиттик келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан Банкка берилүүчү кредит кайра каржылоого жана ликвиддүүлүктү колдоого багытталган.  

2.5. Банк кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыз өлчөмү жылына ______(жазуу жүзүндө) пайыздык ченде, ушул Кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичине бекитилди.  

 

3. Кредитти пайдалануу шарттары  

3.1. Кредиттин суммасына пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө Банк тарабынан ай сайын кредитти төлөө графине ылайык (Кредиттик келишимдин №1 тиркемеси) жүзөгө ашырылып турат жана бул график ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү. Пайыздарды кошуп эсептөө Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.  

3.2. Кредиттин негизги суммасын жана ага кошулуп эсептелген пайыздардын суммасын төлөө ушул Кредиттик келишимге жана кредит төлөө графигине ылайык (Кредиттик келишимдин №1 тиркемеси) жүзөгө ашырылат, бул график ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү

3.3. Эгерде, Кредиттин негизги суммасын жана/же ага кошуп эсептелген пайыздарды төлөө күнү майрам күндөрүнө жана иштебеген же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, анда Кредиттин негизги суммасын жана/же ага кошуп эсептелген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү жүзөгө ашырылат. 

3.4. Кредит боюнча негизги сумманы жана/же ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды төлөө боюнча төлөөлөрдү Банк Улуттук банктагы эсебине чегерет. 

 

4. Күрөөлүк камсыздоо 

4.1. Ушул Кредиттик келишим боюнча алган кредит боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, башка жыйымдарды/төлөөлөрдү, айып түрүндө үстөк айыпты, туумдарды жана Бактын ушул Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча башка төлөөлөрүн кайтарып берүү боюнча Банктын өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо катары, Банкка тиешелүү болгон Мамлекеттик баалуу кагаздар саналышат. Банк Улуттук банкка ушул Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенмелерин камсыздоого күрөөгө өткөрүп берүүчү өзүнө тиешелүү Мамлекеттик баалуу кагаздардын конкреттүү тизмеси Банк менен Улуттук банктын ортосунда келишилген күрөө жөнүндө тиешелүү келишимде көрсөтүлөт. 

 

5. Жана башка шарттар 

5.1. Ушул Кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Жобо жана Башкы келишим менен жөнгө салынат. 

5.2. Ушул Кредиттик келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр кат жүзүндө даярдалган, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган, кошумча келишим түзүү аркылуу киргизилет. 

5.3. Ушул Кредиттик келишимге карата тиркелген № 3 жана №5 тиркемелерди кошо эске алганда, Улуттук банк менен Банктын ортосунда 20___жылдын «__»______ түзүлгөн №_____ кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал бирдей юридикалык күчкө ээ, 3 түп нускада түзүлөт жана алар ар бир Тарапка бирден берилип, ал эми бир нускасы күрөөнү каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укукту органга берилет.  

 

6. ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕР ЖАНА ТАРАПТАРДЫН КОЛТАМГАЛАРЫ 

 

Улуттук банк  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш., Умөталиев атындагы көчө,101. 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек, ш.. ____________ көчөсү 

Улуттук банктан корэсеп №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

МСИнин коду: _____ 

Кызматы_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

2012 - жылдын 14.11 № 42\3 

Кредиттик келишимге карата  

№1-тиркеме 

 

 

 

Кредитти төлөө графиги 

 

Креддиттин суммасы: _______________сом 

Пайыздар (жылдык):_____% 

Пайыздардын төлөнүшү: ай сайын 

Эсептөө жылы: 360 күн 

Кредиттин мөөнөтү:_____күн 

Кредит берүү датасы: «__»______20__ж. 

Кредитти кайтаруу датасы: «__»______20__ж. 

 

 

Айлар 

Төлөө даталары  

Пайыздардын төлөнүшү

Негизги сумманын төлөнүшү 

Бардыгы болуп 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Итого  

 

 

 

 

* пайыздарды эсептөөдө анык колдонулган күндөр эсепке алынат 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(колу)______________ 

Банк: 

ААК/ЖАК «Коммерциялык банк» 

 

 

 

Кызмат орду _________________ 

 

(колу)__________________ 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№5-тиркеме 

 

2012 - жылдын 14.11 № 42\3 

Кредиттик келишимге карата  

 

Күрөө жөнүндө Келишим 

 

 

Бишкек ш. № ________________________ 20____ «___» _______ 

 

Мындан ары Улуттук банк же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын негизинде иш алып баруучу ___________________ бир тараптан, мындан ары «Банк» же «Күрөө коюучу» деп аталуучунун атынан Уставдын негизинде иш алып баруучу ____________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди (мындан ары «Келишим») түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ (жазуу менен, 00) сом өлчөмүндө кредит берди. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү 20__жылдын «____»_______№____Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимдин алкагында (мындан ары-Башкы келишим) 20___жылдын «___»_______ № __ Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык, _______жылы келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн, Күрөө кармоочуга төмөнкүдөй чыгарылышта, төмөндө келтирилген көлөмдөрдө жалпы номиналдык наркы ______ (жазуу менен,00) өлчөмүндөгү төмөндө көрсөтүлгөн (Мамлекеттик баалуу кагаздарды) ______________ (мындан ары МКВ же МКО) күрөө катары өткөрүп берет: 

 

№№ п/п 

Каттоо номери 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарган күн 

МКБлар төлөнгөн күн 

Мамлекеттик баалуу кагаздардын саны 

(даана) 

1 Мамлекеттик баалуу кагазддын номиналдык баасы (сом) 

Мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркы 

(сом) 

1.  

 

 

 

 

 

 

2.  

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында: 

 

 

 

 

 

 

1.3. Ушул Келишим өзүнүн аракеттенүү мөөнөтү ичинде Күрөө коюучунун Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуучу катары кызмат кылат.  

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн, күрөөлүк мүлк, Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык кредиттин негизги суммасын, ага кошуп эсептелген пайыздарды, чыгым тартууларды жана үстөк айыпты (айыптык санкцияларды жана туумдарды) кошо алганда; Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенме мөөнөтүндө аткарылбагандан же тиешелүү түрдө аткарылбагандан улам, күрөө предметин өндүрүүдөн улам келип чыккан чыгымдардын жана башка чыгашалардын (соттук чыгашаларды кошо алганда) ордунун толтурулушу, Күрөө кармоочу дуушар болгон чыгашалардын ордунун толтурулушу боюнча жооп берет.  

1.5. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында өз милдеттенмелерин толук же жарым жартылай аткарбай койгон учурда, ушул Келишимде, Башкы келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларында белгиленген тартипте, күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздарга карата менчик укугу Күрөө кармоочуга өтөт.  

1.6. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздар, башка жерде да күрөөгө коюлбагандыгына, талаш-тартышта эместигине жана тыюу салынбагандыгына, ошондой эле Күрөө коюучунун башка милдеттерин камсыздоо предмети эместигине кепилдик берет.  

 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

2.1. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттүү

2.1.1. Кайтарымсыз негизде бербөөгө, күрөөгө койбоого, Мамлекеттик баалуу кагаздарды алмаштырбоого (ушул Келишимде каралган учурларды эске албаганда), ошондой эле Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз, кандай түрдө болбосун Мамлекеттик баалуу кагаздарды пайдаланбоого.  

2.1.2. Өзүнүн жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү жана Күрөө кармоочу алдында анын ушул Келишим, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттеринин аткарылышына таасирин тийгизе турган, ишиндеги башка өзгөрүүлөр жөнүндө алар киргизилип, күчүнө кирген күндөн тартып же алдын ала жана мүмкүнчүлүккө жараша Күрөө кармоочуга билдирип туруу.  

2.1.3. Күрөө коюучу Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же тиешелүү түрдө аткарбаган шартта, ушул Келишим жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларынын шарттарына ылайык соттон тышкаркы тартипте дароо Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнүн жүргүзүлүшүн гарантиялайт жана буга толук макулдугун берет.  

2.1.4. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык, ушул Келишимну каттоону жүзөгө ашыруу жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык иш-чараларды өз убагында жана тиешелүү негизде жүргүзүүгө

2.2. Күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздарга тескөө укугусуз ээлик кылуу жана пайдалануу (купон боюнча төлөмдөрдү алуу).  

2.3. Ушул Келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган Мамлекеттик баалуу кагаздарга кезектеги күрөөгө коюуга жол берилбейт. 

2.4. Күрөө кармоочунун укуктары: 

2.4.1. Күрөө коюучудан ушул Келишимде көрсөтүлгөн милдеттердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылуу, ал эми эгерде анын талабы канааттандырылбаса - төмөнкү учурларда Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү

1) күрөө коюучу тарабынан Кредиттик келишимдин жана Башкы келишимдин талаптарын жана жоболорун бузууга жол берилген шартта; 

2) Күрөө коюучу тарабынан кийинки күрөө жөнүндө жана Күрөө кармоочуга үчүнчү жактардын Мамлекеттик баалуу кагаздарга карата укуктары жөнүндө алдын-ала эскертүү боюнча милдеттери жөнүндө эрежелерди бузууга жол берилген шартта; 

3) Күрөө коюучу тарабынан ушул Келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган башка талаптардын жана жоболордун аткарылбашында.  

2.4.2. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү жак Мамлекеттик баалуу кагаздардын Күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүлүп берилишине тоскоолдук кылса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө.  

2.4.3. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө 

2.4.4. Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана ушул Келишимдин шарттарна ылайык, соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлөт.  

2.5. Күрөө коюучуга Күрөө кармоочунун күрөө менен камсыздалган талабынын өлчөмүнөн ашкан айырмасын кайтарып берүүгө Күрөө кармоочу милдеттенет . Күрөө кармоочунун Мамлекеттик баалуу кагаздардын наркынан канааттандырылган талаптары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды, Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерин аткарбагандыктан, мөөнөтүндө аткарбагандыктан же тиешелүү түрдө аткарбагандыктан улам келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды жана үстөк айыптарды (айыптарды жана туумдарды) төлөө; Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүүдөн улам келип чыккан чыгымдардын жана башка чыгашалардын (соттук чыгымдарды кошо алганда) ордун толтуруу. 

 

3. КҮРӨӨГӨ КОЮУ ШАРТТАРЫ 

3.1. Тараптар, ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздар Күрөө коюучунун Мамлекеттик баалуу кагаздардын Улуттук банктын Башкы депозитарийинин Депо-эсебиндеги камдык (күрөөлүк) субэсебинде тураарын макулдашышты.  

Ушул Келишимге кол коюлгандан кийин Күрөө коюучу ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздардын Күрөө коюучунун Мамлекеттик баалуу кагаздардын Улуттук банктын Башкы депозитарийинин Депо-эсебиндеги камдык (күрөөлүк) субэсебине жөнөтүү жөнүндө тапшырманы Мамлекеттик баалуу кагаздардын Улуттук банктын Башкы депозитарийине жөнөтүүгө милдеттенет.  

3.2. Тараптар өз ара макулдашышкан шартта, ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздарды Күрөө коюучуга тиешелүү болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Улуттук банк эмитенти болушкан башка Мамлекеттик баалуу кагаздарга, Күрөө кармоочу менен Күрөө коючунун ортосунда күрөө жөнүндө жаңы Келишимдерди тариздөө жана аларды Мамлекеттик баалуу кагаздардын Улуттук банкттын Башкы депозитерийинде каттоо, ошондой эле каттоо жыйымын төлөө менен алмаштыруу мүмкүн экендигине макул болушту. Мында катттоого кеткен чыгашаларды Күрөө коюучу көтөрөт. 

3.3. Күрөө коюучу тарабынан ушул Келишимдин 3.1, 3.2. жана башка пункттарында каралган талаптар аткарылбаган шартта, ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган жана Күрөө коюучунун Мамлекеттик баалуу кагаздардын Улуттук банктын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде турган Мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Тараптар алардын номиналдык наркын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен Күрөө кармоочунун Улуттук банкта ачылган эсебине чегерүү үчүн Мамлекеттик баалуу кагаздардын Улуттук банктын Башкы депозитарийине ыйгарым укук ыйгарышты. 

3.4. Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык күрө мененк камсыздалган милдеттенме аткарылбаган учур келип жеткен шартта, Күрөө кармоочу ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун Мамлекеттик баалуу кагаздардын Улуттук банктын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебине которууну талап кыла алат.  

3.5. Ушул Келишимди Мамлекеттик баалуу кагаздардын Улуттук банктын Башкы депозитарийинде каттоо үчүн жыйымдарды Күрөө коюучунун төлөй тургандыгына макул болушту. 

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТКЕРИ  

4.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же тиешелүү түрдө аткарылбаган шартта, тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык бири-бирине келтирилген чыгым тартуулардын ордун толтурушат.  

4.2. Чыгымдардын ордун толуруп берүү жана туумдарды төлөө күнөөкөр тарапты ушул Келишимде, Кредиттик Келишимде жана Башкы келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.  

 

5. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

5.1. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, Тараптар Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин, Башкы келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларынын шарттарына ылайык соттон тышкаркы тартипте жүзөгө ашырыла тургандыгына келишишти.  

 

6. БАШКА ШАРТТАР 

6.1. Ушул Келишим аны белгиленген тартипте каттоодон өткөргөн учурдан тартып күчүнө кирет жана Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдындагы өз милдеттенмелерин, анын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасын, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды, айыптарды/туумдарды төлөө жана Күрөө коюучунун Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандан же тиешелүү түрдө аткарбагандан улам дуушар болгон башка чыгымдардын/чыгашалардын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.  

6.2. Ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр жана Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча толуктоолор киргизилиши мүмүкүн. 

6.3. Ушул Келишимди тариздөө жана каттоо боюнча сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Келишимди каттоо да Күрөө коюучунун эсебинен жүргүүлөт.  

6.4. Ушул Келишим Мамлекеттик баалуу кагаздардын Башкы депозитарийинде - Улуттук банкта катталууга тийиш. 

6.5. Келишим, ушул Келишимдин 6.4-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет. 

6.6. Келишим орус тилинде 3 (үч) түп нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы- сактоо үчүн Күрөө коюучуга, дагы 1 (бир) нускасы каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка берилет.  

 

7. ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА ТАРАПТАРДЫН КОЛТАМГАЛАРЫ  

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ КҮРӨӨ КОЮУЧУ 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш, Үметалиев атындагы көчө, 101. 

 

 

 

 

Кызматы __________________ 

 

(колтамгасы)______________М.О 

Банк: 

«Коммерческий банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары,____________көчөсү 

Улуттук банктагы корэсеп №1010126_______  

БИК НБКР №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

МСИнин коду: _____ 

Кызматы_________________ 

 

(колтамгасы)__________________М.О. 

 

 

Улуттук банктан каттоодон өткөртүлгөн 

 

2012 жылдын «__»________ № ____ 

 

_____________________/____________________________________________ 

(колтамгасы) (кызматы, аты-жөнү.)