Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

27-декабрындагы № 51\2 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында №5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Банктын уюштуруучулары (акционерлери) уставдык капиталды алгач түзүү учурундагы сыяктуу эле, анын өлчөмүн кийинчерээк көбөйтүүдөгү тартипти тактоо максатында Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2006-жылдын 2-мартында №5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 27-декабрындагы № 51\2 

токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №5/7 «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №5/7 «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

1. Жобонун 5.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктын уюштуруучулары (акционерлери) уставдык капиталды алгач түзүү учурунда сыяктуу эле, анын өлчөмүн кийинчерээк көбөйтүүдө да банк-резиденттердин же банктык эсептеринен которуу аркылуу акча каражаттарын уставдык капиталга нак эмес формада гана ишке ашырууга милдеттүү.  

Уставдык капиталды алгач түзүү учурунда сыяктуу эле, аны кийинки көбөйтүүдө акча каражаттарынын уюштуруучулар (акционерлер) үчүн башка жактар тарабынан салынышына жол берилбейт. Карыз алуу келишиминин алкагында алынган каражаттарды, кредиттерди же ага теңештирилген каражаттарды кошо алганда, уюштуруучунун (акционерлердин) каражаты Кыргыз Республикасына чет өлкө банктарынан (Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду банктарды башкы банктар аркылуу капиталдаштыруусун эске албаганда) которулган учурда, анда мындай банктар «Standard & Poor's» (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Moody's Investors Service (АКШ) боюнча “ВВВ” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Fitch-IBCA “ВВВ” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Capital Intelligence, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS), Rating & Investment Information (R&I) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, ошондой эле кредиттик рейтингге ээ болууга тийиш.  

Ушул пункттун максаттарына жетишүү үчүн: 

1) Чет өлкө банктары дегенден улам, банктар-жөнөтүүчүлөрдү гана түшүнүү зарыл. Банк-корреспонденттер (транзиттик банктар, ортомчу банктар бул аныктамага кирбейт). 

2) Чет өлкө банктарынан түшкөн каражаттар капиталдаштырылып жаткан банктын аталышын көрсөтүү менен “Банктын уставдык капиталына салуу үчүн” төлөм багытына ээ болууга тийиш. 

3) Уюштуруучунун (акционердин) чет өлкө банкынан банк-резидентке түшкөн каражаттары аларды нак акчага айландыруу жана эсепке накталай түрдө салуу, конвентирлөө же башка банк резидентке же болбосо Улуттук банкка которуу учурунда банк-резиденттин банктык эсебинен уставдык капиталга көбөйтүү максатында салынган каражат катары каралышы мүмкүн эмес. 

4) Карыз алуу келишиминде карыздык каражаттар банктын акцияларын сатып алуу үчүн гана каралган деп көрсөтүлүүгө тийиш».