Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-февралиндеги № 6\9 токтому 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган (Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде 55-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн) №6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» жобо төмөнкү мазмундагы 4-статья менен толукталсын: 

“4. Көзөмөл боюнча комитеттин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө” 

4.1. Көзөмөл боюнча комитеттин төрагасы жана мүчөлөрү, ушул жобонун талаптарын сактоо жана аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

4.2. Отурумга материалдарды даярдаган бардык адамдар, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү, Комитеттин отурумунда кароого алынган маселелер боюнча маалыматтардын толуктугу жана тактыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган тартипте жоопкерчилик”.  

2. Токтом ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- токтом расмий жырыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде каттоо үчүн жөнөтүлсүн.  

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М.