Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 27-мартындагы № 9\11 токтому 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, №22/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык компанияларды жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-мартындагы № 9\11 токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, №22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы №22/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

1. Жобонун кириш сөзүндөгү "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы деген сүйлөмдөн кийин "жана микрофинансылык компаниялар" деген сөздөр менен кошулсун. 

2. Жобонун III бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3.9.1 -пункт менен толукталсын:  

"Эгерде, банк курамына кирген эл аралык холдингдик компания үчүн алар каттоодон өткөн өлкөлөрдүн мыйзамдарында тышкы аудиторду ротациялоонун, ушул жободо белгиленгенден айырмаланган мөөнөтү каралган болсо, эл аралык холдингдик компаниялардын курамына кирген банк ротациялоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен Улуттук банкка кайрыла алат".  

3. Жобонун III бөлүгүнүн 3.10-пункту төмөнкү редакцияда толукталсын: 

"Тышкы аудитти жүргүзүү келишиминде ушул Жобонун 3.4.1-пунктунда чагылдырылган талаптар камтылууга тийиш". 

4. Жобонун IV бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин "Тышкы аудитордун корутундусунун/отчетунун берилишине тиешелүү банкка карата талаптар" 

5. Жобонун IV бөлүгүнүн 4.1-пунктунун экинчи абзацы "жана банктын жетекчилигине кат" деген сөздөр менен толукталсын.  

6. Жобонун IV бөлүгүнүн 4.2-пунктунун биринчи абзацындагы "Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 3-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында №125-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобо" деген сүйлөм "Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары" деген сүйлөмгө алмаштырылсын. 

7. Жобонун V бөлүгү төмөнкү мазмундагы 5.3.1.-пункт менен толукталсын: 

"5.3.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк пландан тышкаркы аудиттин жүргүзүлүшүн банктан талап кылууга укуктуу. Мында аудитордук уюм сунуштаган кызмат көрсөтүүгө банк төлөп берет. Аудитордук текшерүүнүн максаттары, милдеттери жана мөөнөтү Улуттук банк, банк жана аудитордук уюм тарабынан талкууланып, үч тарап тең кол койгон протоколдор таризделинет. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берген аудитордук уюм, аудитордук текшерүүнү жүргүзө алат.  

Банк, пландан тышкаркы аудиттин жүргүзүлүшүнө тиешелүү Улуттук банктын чечимине, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанууга укуктуу. Мында, Улуттук банктын чечимине банктын даттануусу ал чечимдин аткарылышын токтотууга тийиш эмес".