Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10\7 токтому 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Овернайт» кредити жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Овернайт» кредити жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 23-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 3-февралында 19-09 номеринде каттоодон өткөрүлгөн №49/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Овернайт» кредити жөнүндө» жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Овернайт» кредити жөнүндө» жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 

4. Юридика башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин, аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрилигине жөнөтсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

6. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Овернайт» кредити жөнүндө» жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.  

7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2013-жылдын 28-мартындагы № 10\7 токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

«овернайт» кредити жөнүндө» жобо 

1. Жалпы жоболор 

1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө» ушул жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензия алышкан коммерциялык банктарга (мындан ары- Банк/ Банктар) Улуттук банктын «овернайт» кредитин автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары - АТС) аркылуу берүү тартиби аныкталган.  

2. «Овернайт» кредити Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 5-жана 28-статьяларына, ушул Жобого, «Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобого жана Улуттук банк менен Банктын ортосунда түзүлгөн «овернайт» кредити жөнүндө Башкы келишимге ылайык берилет. «Овернайт» кредити тууралуу Башкы келишимдин типтүү формасы, ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

3. «Овернайт» кредити Банкка кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүктү колдоо максатында, берилген күндөн кийинки иш күнүндө төлөө мөөнөтү менен катталган пайыздык ченде, күрөөлүк камсыздоо алдында, чейректин акыркы иш күнүнөн башка, кайсыл болбосун иш күнү улуттук валютада берилет. 

4. «Овернайт» кредити боюнча пайыздык чен («овернайт» чени) Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн акча-кредит саясатынын максаттарынан жана милдеттеринен улам, Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет жана ал өзгөртүлүшү мүмкүн. 

5. Банктын «овернайт» кредитин кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Күрөө предмети болуп, мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары - МБК) саналат. Камсыздоонун жетиштүүлүгүнүн көлөмүнө, түрүнө карата талаптар, Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Улуттук банкка күрөөгө берилген МБКлар үчүнчү жакка күрөөгө коюлушу же кайталап күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес. 

6. Иштөө эрежелери жана «овернайт» кредитин алууга Билдирме берүүнүн, «овернайт» кредитин төлөөнүн жана АТСте «овернайт» кредитин автоматтык түрдө төлөөнүн убактылуу тартиби «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» (мындан ары АТСтин иши жөнүндө жобо) жобо менен жөнгө салынат.  

7. АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген шарттар жана эрежелер ушул Жобого да таркатылат. 

2. аНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР 

Ушул Жобонун төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн башка максаттары үчүн, АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор колдонулат: 

8. «Овернайт» кредити- Улуттук банк тарабынан кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен төлөө шарты менен операциялык күн ичинде, катталган пайыздык чен боюнча, күрөө алдында Банкка берилүүчү сом түрүндөгү кредит. 

9. «Овернайт» кредитин авторизациялоо Улуттук банктын ыйгарым укук чегерилген кызматкери тарабынан «овернайт» кредитин алууга Билдирмени тастыктоо жана андан ары аткаруу үчүн ишке ашырылуучу жол-жобо. 

10. Депозитарий Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын эсепке алууну, сактоону жана колдон-колго өтүшүн каттоону жана мамлекеттик баалуу кагазга менчикке укукту тастыктоону жүзөгө ашырган юридикалык жак.  

11. «Депо» эсебинин инвестициялык суб-балансы Банкка менчик укугунда тиешелүү болгон мамлекетттик баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо максатында, Банктын Депозитарийде ачылган суб-балансы. 

12. «Депо» эсебинин резервдик суб-балансы- «овернайт» жана бир күндүк кредиттерин алуу процессинде МБКларды резервдөө үчүн багытталган Банктын Депозитарийде ачылган суб-балансы. 

13. Ыйгарым укук чегерилген адам Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн «овернайт» кредитин тартууга билдирмени авторизациялоого ыйгарым укук чегерилген кызматкери. 

 

3. «Овернайт» кредитин берүүнүн шарттары жана тартиби 

14. «Овернайт» кредити кредиттөөнүн төмөнкүдөй жалпы принциптерин сактоо менен берилет: мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк, убагында кайтарып берүү жана камсыздалгандык. 

15. Банк «овернайт» кредитин алуу үчүн төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

· Улуттук банктын банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын болушу; 

· Банк убактылуу жетекчилик же консервация режиминде турбаса; 

· Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу; 

· Улуттук банк менен кол коюлган «овернайт» кредити жөнүндө Башкы келишимдин болушу; 

· Улуттук банк алдында мурда алынган «овернайт» кредиттери жана алар боюнча пайыздарга тиешелүү, мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелердин болбошу; 

· Улуттук банк алдында башка кредиттер жана алар боюнча пайыздарга тиешелүү мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелердин болбошу; 

· Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген жетиштүү күрөөлүк камсыздоонун болушу; 

· Банктар аралык коммуникациялык түйүнгө кошулуусу; 

· АТСке кошулуусу

16. «Овернайт» кредитин берүү Улуттук банк тарабынан АТС аркылуу жүзөгө ашырылат. 

17. АТС аркылуу «овернайт» кредитин алуу үчүн Банк АТСте белгиленген форма боюнча толтурулган, «овернайт» кредитин алууга Билдирмени берүүгө тийиш.  

18. Банктын АТСке «овернайт» кредитин алуу үчүн Билдирмеси Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан авторизацияланат. 

19. Банк «овернайт» кредити боюнча Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин АТСке «овернайт» кредитин алууга Билдирмесинин негизинде тааныйт. 

20. Банктын ушул Жобонун 15-пунктунун талаптарына жооп бербеши, «овернайт» кредитинин суралган суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. «Овернайт» кредитин берүүдөн баш тарткан учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы Банктын «овернайт» кредит алууга АТСтеги Билдирмесин, себебин көрсөтүү менен авторизациялабайт.  

21. «Овернайт» кредити Банк тарабынан бир күндүк кредит боюнча милдеттенмелери аткарылбаган учурда таризделиши мүмкүн. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит «овернайт» кредитине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө ченемдик-укуктук актыларына жана Улуттук банк менен Банктын ортосунда түзүлгөн бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимге ылайык кайра таризделет. 

22. «Овернайт» кредити боюнча пайыздардын суммасын эсептөө, ушул Жобонун 25- пунктунун шарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

23. «Овернайт» кредитин берүү, Улуттук банк тарабынан берилүүчү «овернайт» кредитинин суммасын Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.  

 

4. «Овернайт» кредити боюнча пайыздардын суммасын эсептөө 

 

24. Банкка «овернайт» кредити боюнча чендердин өлчөмү АТС аркылуу маалымдалат жана Улуттук банктын веб-баракчасында жарыяланат. 

25. «Овернайт» кредитинин суммасына пайыздарды чегерүү, бул кредитти иш жүзүндө пайдаланган мезгил ичинде, жөнөкөй пайыздардын формуласында, жылдагы 360 календардык күндүн санына жараша, төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт: 

Р = (С х I х Т) /360/100, мында; 

Р кошуп эсептелинген пайыздар; 

С- «овернайт» кредитинин суммасы (сом); 

I «овернайт» чени (жылдык %); 

Т берилүүчү кредиттин мөөнөтүүндөр менен) 

26. Банк «овернайт» кредитин пайдаланган айкын календарлык күндөрдүн санын эсептөөдө, мыйзамдарда белгиленген же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөрү катары жарыяланган күндөр да камтылат. 

 

5. «Овернайт» кредитин камсыздоо 

27. Бул Жобонун 5-пунктарына ылайык, Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген камсыздоонун түрү боюнча талаптарга кошумча «овернайт» кредитин камсыздоого берилип жаткан мамлекеттик баалуу кагаздар, төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

· менчикке укук негизинде Банкка таандык болууга; 

· Банктын Депозитарийдеги «депо» эсеби инвестициялык же резервдик суб-балансында сакталууга жана эсепке алынууга; 

· башка милдеттенмелер жүктөлбөшү керек

28. Күрөөлүк камсыздоонун Улуттук банк тарабынан камсыздоого карата коюлган талаптарга ылайык келбөөсү, Банк өтүнүп жаткан «овернайт» кредиттин суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

29. Улуттук банк «овернайт» кредитин Банкка берген учурдан тартып, күрөө предмети, Улуттун банктын ээлигине Банк тарабынан өткөрүлүп берилген катары саналат. 

6. Кредитти төлөө тартиби 

30. Банк тарабынан «овернайт» кредитинин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө, кредит АТС аркылуу берилген күндөн кийинки иш күнү жүзөгө ашырылат. 

31. Эгерде Банк «овернайт» кредитин төлөө күнүндө АТСке анын негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды өз алдынча төлөбөсө, анда АТС ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тартипке ылайык, Банктын корреспонденттик эсебинен каражаттарды эсептен алып салуу аркылуу «овернайт» кредитинин негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды автоматтык түрдө төлөөнү жүзөгө ашырат.  

32. Банк «овернайт» кредитин жана ал боюнча пайыздарды төлөө күнүндө АТС аркылуу «овернайт» кредитин жана ал боюнча пайыздарды автоматтык түрдө төлөөнү жүргүзүү үчүн Улуттук банктагы өзүнүн корреспонденттик эсебинде улуттук валютадагы акча каражаттарынын жеткиликтүү деңгээлде болушун камсыз кылууга тийиш.  

33. Бир күндүк кредиттин төлөө мөөнөтүн узартуунун натыйжасында таризделген «овернайт» кредити, ушул Жобого жана «овернайт» кредити тууралуу Башкы келишимге ылайык төлөнөт. 

34. «Овернайт» кредити жана ага кошуп эсептелинген пайыздар толугу менен төлөнүшү керек, бөлүп-бөлүп төлөөгө жол берилбейт. 

35. Банк «овернайт» кредити жана ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткарган шартта, АТС күрөө катары коюлган мамлекеттик баалуу кагаздарды бошотуп, Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык же резервдик суб-балансына которууну жүзөгө ашырат. 

36. Эгерде Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттары, ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө «овернайт» кредитинин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды толук көлөмдө төлөө үчүн жетишсиз болсо, «овернайт» кредити мөөнөтү өтүп кеткен катары эсептелинет.  

37. Эгерде «овернайт» кредитинин мөөнөтү өткөрүлөп жиберилген болсо, төлөмдөрдү төлөө мөөнөтү жылдырылбайт жана Банкка берилген «овернайт» кредитинин суммасынан 1% өлчөмдө бир жолку айыптык төлөм кармалат. 

38. Эгерде ушул Банкка Жобого ылайык берилген «овернайт» кредити мөөнөтүндө төлөнбөсө, анда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, «овернайт» кредитин, ага кошуп эсептелинген пайыздардын жана айыптык төлөмдүн ордун жабууну күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен жүзөгө ашырат.  

39. Кредиттин негизги суммасы, ага кошуп эсептелинген пайыздар жана айыптык төлөм боюнча Банктын мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген милдеттенмелеринин ордун жабуу тартиби, ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык «овернайт» кредити тууралуу Башкы келишим тарабынан аныкталган. 

 

7. Корутутунду жоболор 

40. Бул Жобого Улуттук банк тарабынан «овернайт» кредитин берүү боюнча операцияларды жүргүзүүнү өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ««Овернайт» кредити жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

 

«ОВЕРНАЙТ» КРЕДИТИ ЖӨНҮНДӨ БАШКЫ КЕЛИШИМ 

№________________ 

Бишкек шаары «_____»___________20____ж. 

 

Мындан ары «Улуттук банк» же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын (жана _________№_____ буйругунун) негизинде иш алып баруучу _______________________ бир тараптан, жана мындан ары «Банк» же «Күрөө берүүчү» деп аталуучунун атынан Уставдын негизинде иш алып барган __________________________________ жак экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук Банк Башкармасынын 20___ жылдын ______№_______ токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «овернайт» кредити жөнүндө жобосуна таянуу менен (мындан ары - Жобо), төмөнкүлөр жөнүндө ушул Башкы келишимди түзүштү (мындан ары - Башкы келишим):

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банк тарабынан Банкка «овернайт» кредитин АТС аркылуу берүү шарттарын жана тартибин аныктоо жана мында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу, Башкы келишимдин предмети болуп саналат. 

 

2. «ОВЕРНАЙТ» КРЕДИТИН БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ 

2.1. Банк ушул Жобого жана Башкы келишимге ылайык АТС аркылуу «овернайт» кредитин алуу укугуна ээ.  

2.2. «Овернайт» кредитин алуу жана төлөө тартиби Жобо, «Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө» жобо жана ушу Башкы келишим менен жөнгө салынат. 

2.3. Банк, АТС аркылуу «овернайт» кредитин алуу үчүн «Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө» жобонун жана Жобонун пункттарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

2.4. «Овернайт» кредити Банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоо максатында, улуттук валютада, кредит берилген күндөн кийинки иш күнүнөн кечиктирилбеген төлөө мөөнөтүндө, катталган пайыздык ченде, күрөөлүк камсыздоо алдында, чейректин акыркы иш күнүнөн башка кайсы болбосун иш күнү берилет.  

2.5. «Овернайт» кредити боюнча пайыздык чендин өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленип, Банкка АТС аркылуу жеткирилет жана Улуттук банктын веб- сайтында жайгаштырылат. 

2.6. Улуттук банк, «Овернайт» кредитин алууга Банктын Билдирмеси АТСте авторизациялангандан кийин Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын өз убагында жана толук көлөмдө которууга милдеттенет. 

 

3. «ОВЕРНАЙТ» КРЕДИТИН КАМСЫЗДОО 

3.1. «Овернайт» кредитин кайтарып берүү боюнча Банктын милдеттенмеси күрөө менен камсыз болот. Күрөө Жободо аныкталган талаптарга жооп бериши зарыл. 

3.2. Улуттук банк Банкка «овернайт» кредитин берген учурдан тартып, күрөөнүн предмети Банк тарабынан, Улуттук банктын ээлигине берилди деп саналат. 

3.3. Күрөө кармоочу күрөө предметин камсыздандырбайт. Күрөө предметин анын наркынын өлчөмүндө камсыздандырууну күрөө берүүчү өз эсебинен жүзөгө ашырат

 

4. «ОВЕРНАЙТ» КРЕДИТИН ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

4.1. «Овернайт» кредитинин негизги суммасын, ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө Жобонун пункттарына ылайык ишке ашырылат.  

4.2. Банк «овернайт» кредитинин негизги суммасы жана ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча милдеттенмелерин өз убагында жана толугу менен аткарган шартта, АТС күрөө катары коюлган мамлекеттик баалуу кагаздарды бошотууну жана Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык же резервдик суб-балансына которууну жүзөгө ашырат. 

4.3. АТС аркылуу «овернайт» кредити автоматтык түрдө төлөнгөн шартта, Банк АТСке «овернайт» кредитинин негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздардын ордун жабуу үчүн зарыл болгон суммадагы каражаттарды Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен акцепсиз тартипте эсептен алып салуу укугун ыйгарат.  

4.4. «Овернайт» кредитинин негизги суммасы, ага кошуп эсептелинген пайыздар жана айыптык төлөм Банктын корреспонденттик эсебиндеги каражаттар жетишсиздигинен улам төлөнбөй калган шартта, милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келип жеткен учурдан тартып дароо, «овернайт» кредитин камсыздоо катары күрөө предметинен өндүрүрүүнү жүргүзүүнүн эсебиненен, Банк «овернайт» кредити боюнча аткарылбай калган милдеттенмелеринин ордун жабууну жүзөгө ашыруу боюнча Улуттук банктын укугуна макул болот. Мында Улуттук банк «овернайт» кредити боюнча милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгы жана күрөө предметинен өндүрүү ишке ашырыла тургандыгы тууралуу Банкка алдын ала кат жүзүндө билдирет.  

4.5. «Овернайт» кредити боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган Банк, күрөө предмети болуп саналган мамлекеттик баалуу кагаздардын экинчилик рыногунда Улуттук банктын токтоосуз сатуусуна же алардын чыгаруу шарттарына ылайык төлөнүшүнө чейин Улуттук банкта кармалып туруусуна каршы болбойт.  

4.6. Банктын «овернайт» кредити боюнча аткара албай калган милдеттенмелеринин ордун жабуу үчүн менчик укугу Улуттук банкка өткөрүлгөн мамлекеттик баалуу кагаздар, Улуттук банктын балансына Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук Банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Улуттук банктын Эсептик саясатына ылайык, адилет наркы боюнча кабыл алынат.  

4.7. Күрөө предметин сатып өткөрүүнүн эсебинен, эң оболу Банктын Улуттук банк алдындагы «овернайт» кредитинин негизги суммасы боюнча карызы, андан соң ал боюнча чегерилген пайыздардын жана айыптын суммасы төлөнөт. 

4.8. Күрөө предметин сатып өткөрүүнүн натыйжасында алынган, Улуттук банктын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин калган пайда, Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилет.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

5.1. Банк «овернайт» кредити боюнча өз милдеттенмелери боюнча «овернайт» кредитин алуу үчүн Билдирмеге, Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толугу менен жооп берет. 

5.2. Банк «Овернайт» кредити боюнча өз милдеттенмелерин убагында аткарбаган шартта, «овернайт» кредитинин суммасынан 1% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт. 

5.3. Улуттук банк, Банк тарабынан Жобонун жана ушул Башкы келишимдин талаптарын бузууга жол берилишинен улам ага келтирилген зыяндар үчүн жооп бербейт. 

5.4. Тараптар, алардын кызматкерлеринин «овернайт» кредитин алуу жана төлөө боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу иш аракеттеринин тууралыгы, өз убагында аткарылгандыгы жана купуялуулуктун сакталгандыгы үчүн Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толугу менен жооп беришет. 

5.5. Банк, Улуттук банк анын милдетин аткарган тастыктоочу борбор тарабынан Банктын жоопкерчиликтүү адамына берилген жабык ачкыч жана кол тамгалар ачкычынын сертификаттары менен иштөө учурунда коопсуздук жана купуялуулук шарттарынын сакталышы, ошондой эле аларды сактоо жана колдонуу эрежелеринин сакталышы үчүн толугу менен жооп берет.  

6. ТЕХНИКАЛЫК ҮЗГҮЛТҮКТӨР 

6.1. АТСтеги техникалык үзгүлтүктөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобого ылайык жөнгө салынат. АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыкса жана анын натыйжасында автоматтык түрдө «овернайт» кредитин берүү мүмкүн болбосо, Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын буйругу менен Улуттук банк АТСтин иш жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилгенге чейинки мезгилде «овернайт» кредиттерин берүүнү токтотушу мүмкүн же кредит берүүнү Банк тарабынан «овернайт» кредитин алуу үчүн ушул Башкы келишимге карата 1-тиркемеге ылайык кагаз жүзүндө берилген Билдирменин негизинде жүргүзө  алат. 

7. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

7.1. Башкы келишимдин талаптарын аткаруу учурунда келип чыккан талаш маселелер жана кайчы пикирлер, өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында, Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат. 

7.2. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилиши зарыл. 

8. БАШКА ШАРТТАР 

8.1. Бул Башкы келишимге Тараптардын биргелешкен макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

8.2. Башкы келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр жазуу түрүндө түзүлүп, ага эки тарап кол койгон учурда анык болуп саналат. 

8.3. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, мамлекеттик тилде эки нускада жана расмий тилде эки анык нускада түзүлгөн. Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Банкка берилет. 

 

9. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТТЕНҮҮ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

9.1. Бул Башкы келишим эки Тарап тең кол койгондон кийин күчүнө кирет жана бир жыл ичинде колдонууда болот. Башкы келишимдин аракетинин токтошу, Банктын ага чейин алынган «овернайт» кредиттерин кайтаруу жана ушул Башкы келишимде каралган күрөөгө коюу шарттары боюнча милдеттенмелерин токтотпойт. Ушул Башкы келишим күчүнө киргенден тартып, Тараптар тарабынан «____» ______ ____жылы түзүлгөн №______ Башкы келишим бузулган деп таанылат

9.2. Эгерде Тараптардын бири ушул Башкы келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейин бир календардык ай ичинде, кат жүзүндө аны токтотуу жөнүндө өз ниетин билдирбесе, Башкы келишим ар бир кийинки календардык жылга узартылган деп эсептелет. 

9.3. Улуттук банк алдын ала Банкка билдирүүсүз эле бир тараптуу негизде, төмөнкү учурларда бул Башкы келишимди токтотуу укугуна ээ: 

· Банк тарабынан тиешелүү жобонун жана бул Башкы келишимдин шарттарын бузууга жол берилсе; 

· Банктын Улуттук банк тарабынан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна берилген лицензиясы кайтарылып алынса; 

· Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары Банктын ишин токтотулса

· Банктын банкроттугу жөнүндө маалымдалса; 

· ушул Башкы келишимдин 2.3. пунктунун шарттары Банк тарабынан сакталбаса

 

10. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Банк»
720040, Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары,
Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101
__________________
(Почта индекси, дареги)
Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинин №
________________________
__________________ __________________
(кызматы) (кызматы)
__________________ __________________
(Аты-жөнү, колу)      МО (Аты-жөнү, колу)      МО

 

 

 

 

 

  «Овернайт» кредити жөнүндө Башкы келишимине карата 1-тиркеме 

  

«ОВЕРНАЙТ» КРЕДИТИН  АЛУУГА 

20__-ЖЫЛДЫН «_____»________ №______ БИЛДИРМЕ 

Банк карыз алуучу _________________________________________________  

(банк карыз алуучунун аталышы)  

1. _______________________________________________________________сом (сумма сан менен жана кашаанын ичинде жазуу түрүндө

суммасында «овернайт» кредитин берүүңүздү өтүнөм.  

«Овернайт» кредити боюнча чен:______ % жылдык  

Берилген күнү:  

Жоюлган күнү:       

2. «Овернайт» кредити боюнча пайыздардын суммасы ________________________   

__________________________________________________________________сом. (сумма цифра жана жазуу түрүндө)  

3. Кредитти камсыздоосу катары мамлекеттик баалуу кагаз түрүндөгү ___________________________сом суммасында күрөөгө берилет, анын ичинде:  (сумма цифра жана жазуу түрүндө)  

  №  

МБК түрү 

Эмиссия   

Жоюлган күнү 

Саны (даана)  

Номиналы боюнча сумма (сом)  

1  

   

   

   

   

   

2  

   

   

   

   

   

3  

   

   

   

   

   

4  

   

   

   

   

   

   

Жыйынтыгында:  

   

   

   

   

  4. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги каражат жетишсиз болгон учурда, Банк Улуттук банкка күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келип жетээр менен акцепсиз тартипте, бул Билдирменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметинен өндүрүү укугун берет.  

  (Банк карыз алуучунун аталышы)     (Кызматы)  

                __________________  

                                                                                (колу)      

            МО