Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10\18 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши” жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

1. Кароого сунуштулган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.  

3. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө” жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы  өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдоно тургандыгы белгиленсин. 

6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын «28» мартындагы № 10\18  

токтому менен бекитилген  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө” жобо  

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндөушул жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын финансы рыногундагы операцияларды жүргүзүү процессин Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары - АТС) аркылуу тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан.  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) АТСке ээлик кылуучу болуп саналат. АТСке туташууда катышуучу тарабынан алынган программалык камсыздоо Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.  

3. Бул жободо АТСтин ишине тиешелүү, төмөнкүлөр боюнча негизги талаптар камтылат:  

§ аныктамалар жана атоолор

§ АТСтен пайдалануу мүмкүнчүлүгү

§ иш регламенти

§ эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби

§ укуктар, милдеттер жана жоопкерчиликтер

§ техникалык үзгүлтүктөр. 

4. Бул жободо көрсөтүлгөн талаптар, Улуттук банктын АТСте операцияларды ишке ашыруунун ырааттуу тартибин жөнгө салган жоболоруна жана эрежелерине таркатылат.  

5. АТСте операцияларды жүргүзүүнүн ырааттуу тартиби, Улуттук банктын тиешелүү жоболору жана эрежелери аркылуу жөнгө салынат.  

6. АТСке катышуучулар Улуттук банктын тиешелүү жоболору жана эрежелери аркылуу аныкталат. 

7. Ушул жободо көрсөтүлгөн аныктамалар жана атоолор, Улуттук банктын АТСте операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салган тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде колдонулган бардык аныктамаларга жана атоолорго таркатылат. Улуттук банктын тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде, жободо көрсөтүлбөгөн кошумча аныктамалар жана атоолор колдонулушу мүмкүн.  

 

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы (АТС) Кыргыз Республикасынын финансы рынокторунда операцияларды жүргүзүүнү автоматташтыруу үчүн каралган Улуттук банктын программалык-аппараттык комплекси

9. Операцияларды авторизациялоо дилер тарабынан демилгеленген операцияларды тастыктоо жана андан ары аткаруу үчүн АТСте дилердин контролеру тарабынан аткарылган жол-жобо.  

10. АТСтин администратору Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн АТСтин маалымдамасын жүргүзгөн, Катышуучунун АТСтин маалымат ресурсунан пайдалануу укугун аныктаган жана АТСтеги иш тартибин, операцияларды ишке ашыруу процессин жөнгө салган кызматкери. 

11. АТСтеги коопсуздук администратору Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн АТСтен пайдалануучулардын ыйгарым укуктарын тескөөгө алууну, персоналдык идентификаторлорду, сертификаттарды жана АТСтеги электрондук цифралык кол тамга ачкычтарын берүүнү камсыз кылган кызматкери.  

12. Жокко чыгаруу Улуттук банктын операциялар боюнча эсептешүүлөрдүн ишке ашырылышы үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү, улуттук валютадагы акча каражаттар  

 

 

боюнча эсептешүүлөр өткөрүлбөй калган операцияларды алып салуусу, айыптарды эсептеп алып салуу боюнча тиешелүү аракеттерди ишке ашыруусу.  

13. Мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары - МБК) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар. 

14. Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ) - ири жана дароо ишке ашырылууга тийиш болгон төлөмдөрдү өткөрүү, банктар аралык финансылык рыноктордо бүтүмдөр боюнча тез жана жыйынтыктап эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн каралган банктар аралык төлөм системасы. ГСРРВ операторунан болуп Улуттук банк саналат.  

15. Депозитарий МБКны депозитардык эсепке алууну жана сактоону жүзөгө ашырган, МБКга менчик укугунун өтүшүн каттаган жана тастыктаган Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы.  

16. Дилер Катышуучу тарабынан АТСте операциялардын ишке ашырылышына билдирме берүүгө жана аларды демилгелөөгө ыйгарым укук чегерилген жак.  

17. Билдирме АТСтеги өңчөйлөштүрүлгөн форма, ал Катышуучунун операцияны ишке ашырууга ниетин тастыктайт.  

18. Идентификация пайдалануучу тарабынан АТСке туташууда, анда тигил же бул операцияларды ишке ашырууга ошол пайдалануучунун укугун аныктоо үчүн аткарылган жол-жобо.  

19. Дилердин контролеру Катышуучу тарабынан дилер демилгелеген операциялар боюнча авторизациялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук чегерилген адам.  

20. Төлөмсүз берүүлөр (DvF) МБК менен операцияларды ишке ашыруу тартиби, мында МБКны Катышуучулардын эсептери боюнча которуу АТС контролдогон акчалай эсептешүүлөрдү түшүндүрбөйт жана Катышуучулардын тиешелүү эсептеринде операцияларды аткаруу үчүн каралган жетиштүү сандагы МБКнын бар экендигин текшерип, тастыктагандан кийин гана ишке ашырылат.  

21. Төлөмгө каршы берүүлөр (DvP) МБК менен операцияларды ишке ашыруу тартиби, мында МБКны которуу жана акча каражаттарын Катышуучулардын эсептери боюнча чегерүү Катышуучулардын тиешелүү эсептеринде жетиштүү сандагы МБКнын жана операцияларды аткаруу үчүн каралган акча каражаттардын бар экендиги текшерилип, тастыкталгандан кийин гана ишке ашырылат.  

22. Катышуучунун жумуш орду - АТСке туташуу жана анын Катышуучусу катары иш алып баруу үчүн зарыл болгон, Катышуучунун жанында орнотулган программалык камсыздоосу жөнгө салынган персоналдык компьютер.  

23. Кол күчү менен аткарылышы Улуттук банктын АТС аркылуу операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү техникалык үзгүлтүктөрдөн улам, акча каражаттар өтпөй калган эсептешүүлөр боюнча операцияларды кол күчү менен ишке ашыруусу.  

24. Кол күчү менен аткаруу Улуттук банктын АТС аркылуу ишке ашырылган операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү, ошол учурда айыптык төлөмдөрдү жокко чыгаруу, чегерүү жана алып салуу, акча каражаттары боюнча эсептешүүлөр өткөрүлбөй калган операцияларды кол күчү менен аткарган мезгил

25. Депо” эсеби МБКны эсепке алуу ишке ашырылган Депозитарийдеги эсеп

26. Катышуучунун жумуш ордундагы техникалык үзгүлтүк Катышуучунун АТС менен өз ара иш алып барган жумуш ордундагы штаттык режимдин техникалык себептер боюнча үзгүлтүккө учуроосунан улам, белгилүү бир мезгил ичинде Катышуучунун АТСте операцияларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.  

27. АТСтеги техникалык үзгүлтүк АТСтин штаттык иш ыргагынын техникалык себептер боюнча үзгүлтүккө учуроосунан улам, белгилүү бир мезгил ичинде Катышуучулардын АТСте операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.  

28. Тоорук күнү АТСте операциялар ишке ашырылган Кыргыз Республикасындагы расмий жумуш күнү. Эрежедегидей эле, дүйшөмбүдөн жумага чейинки күндөр, жумуш күнү болуп саналат.  

29. Тоорук сессиясы тоорук күнүндөгү мезгил аралык, анын ичинде Катышуучулар ортосунда АТСте билдирмелер берилип, операцияларды ишке ашырууга жол берилет. Тоорук сессиясы АТС Администратору тарабынан операциялардын ар башка түрлөрү боюнча өзүнчө жөнгө салынып, ыңгайлаштырылат

30. Катышуучу бул, АТСтен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ юридикалык жак.  

 

 

3. АТСке ТУТАШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ  

31. АТСке туташуу үчүн Катышуучу болууга ниеттенген жак, төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:  

§ АТСке туташуу ниетин билдирген катты Улуттук банкка берүүгө;  

§ финансылык маалыматтарды берүүнүн дүйнөлүк SWIFT системасына туташууга (SWIFT кодго ээ болууга);  

§ ушул жободо көрсөтүлгөн техникалык талаптарга жооп берүүгө

§ Улуттук банктын тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде аныкталган башка талаптарга жооп берүүгө.  

32. Ушул жобонун 31-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жоболорду жана талаптарды аткаргандан кийин, АТСтин коопсуздук Администратору Катышуучунун (дилер, текшерүүчү) жаңы пайдалануучулары жөнүндө маалыматтарды системага киргизип, системада авторизациялоону жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануучунун идентификациялык кодун ыйгарып, ошондой эле Катышуучунун сертификаттарын жана электрондук цифралык кол тамга ачкычын берет (ЭСК).  

33. Улуттук банктын маалымат коопсуздугунун сакталышы жана алардын корголушу үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды конвертке салып, чапталган түрүндө Катышуучуга берет.  

34. Ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн пайдалануучунун персоналдык маалыматтарын алмаштыруу Катышуучунун алдын-ала кат жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде АТСтин коопсуздук Администратору тарабынан жүзөгө ашырылат.  

35. Ар бир пайдалануучу “АТСтен пайдалануучунун колдонмосу” менен таанышып чыгууга тийиш, колдонмо АТСтин Администратору тарабынан АТСке туташуу жол-жоболорунан өткөндөн кийин Катышуучуга берилет.  

36. АТСтин Администратору АТСке жаңыдан туташкан ар бир Катышуучу жөнүндө билдирүүлөрдү берүү системасы аркылуу бардык Катышуучуларга маалымдайт.  

37. АТСте иштөө үчүн төмөнкү минималдуу аппараттык жана программалык талаптарды аткаруу зарыл:  

1) АТСте иштөө үчүн минималдуу талаптар (программалык камсыздоодо башка тиркемелерди колдонууну эске албаганда): 

§ оперативдүү эс тутум кеминде 512 МБ; 

§ Кеминде 1 ГГц жыштыгы менен процессор

§ Катуу дискте кеминде 1 ГБ бош мейкиндик

§ АТСтин серверлерине туташуунун 256 кбит/с. тездиги

§ Кеминде 1024х768 өлчөмүндөгү экранды камтыган монитор

§ операциялык системалар: акыркы сервистик жаңылануулар менен орнотулган Microsoft Windows 7, 2003 Server, Vista, Windows 2008 R2; 

§ Internet Explorer v.7.0 интернет браузери же коопсуздуктун акыркы жаңыртылган шарттары менен андан да жаңы түрү.  

 

2) АТСте иштөө үчүн сунушталган аппараттык конфигурация: 

§ Intel Pentium IV процессору же андан кубаттуусу

§ 1 ГБ оперативдүү эс тутум же андан да кубаттуусу

§ 2 ГБ эркин диск мейкиндиги (операциялык системанын ишенимдүү жана туруктуу иштеши үчүн орнотулган оперативдүү эс тутумдун көлөмүнөн эки эсе ашканына артыкчылык берилет); 

§ АТС серверлерине туташтыруунун ылдамдыгы кеминде 512 кбит/с.; 

§ 1280х1024 өлчөмүндөгү экранды камтыган мониторинг. АТСтин Администраторлору үчүн 1280х1024төн көбүрөөк өлчөмдөгү экраны жана диагоналы 20дан ашык мониторду пайдалануу сунушталат.  

§ операциялык системалары: акыркы сервистик жаңылануулар менен орнотулган Microsoft Windows 7/Server 2003/Vista/Server 2008;  

§ Internet Explorer v.7.0 интернет браузери же коопсуздуктун акыркы жаңыртылган шарттары менен андан да жаңы түрү

 

4. ИШ ТАРТИБИ  

38. Катышуучу берилген билдирмелердин негизинде гана операцияларды жүргүзөт. 

39. АТС менен иштөө регламенти төмөнкүчө чагылдырылат:  

№ 

Убактысы (Бишкек убактысы менен

Түшүндүрмөлөрү 

8:45 09:00 

Операциялык күндүн ачылышы 

09:00 09:30 

МБКларга төлөө жана/же МБКлар боюнча купондук төлөөлөр  

Жыйынтыктоочу бөлүктөр боюнча эсептешүүлөр

§ репо аукциондор  

§ улуттук валютадагы депозиттик аукциондор 

§ валюталык своп аукциондор 

09:00-13:00 

МБКларды баштапкы жайгаштыруу аукциондоруна билдирмелерди кабыл алуу (аукцион өткөрүү/МБКларды кошумча жайгаштыруу күнү)  

09:00-15:30 

Чет өлкө валютасындагы депозиттик операциялар боюнча билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

Бир күн кредитке билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

09:00-16:30 

Овернайт кредитине билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

Кийинки тоорук күнү овернайт кредити боюнча төлөөлөр 

Бир күндүк кредит боюнча төлөөлөр 

Катышуучулардын демилгеси боюнча банктар аралык операциялардын жыйынтыктоочу бөлүгүнө тиешелүү эсептешүүлөр

§ банктар аралык репо-операциялары 

§ банктар аралык валюталык своп-операциялар  

§ МБК күрөөсү астында улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер  

§ күрөөсүз улуттук валютада банктар аралык кредиттер  

§ МБК күрөөсү астында чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

§ күрөөсүз чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

09:30 10:00  

Баштапкы бөлүк боюнча «T+n» күнүндө эсептешүүлөр

§ репо аукциондору жана банктар аралык репо-операциялары 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукциондор 

§ валюталык своп-аукциондору жана банктар аралык валюталык своп-операциялар  

§ МБК күрөөсү астында улуттук валютадагы банктар аралык кредиттердин 

§ күрөөсүз улуттук валютадагы банктар аралык кредиттердин 

§ МБК күрөөсү астында чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттердин 

§ күрөөсүз чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттердин 

МБКларды баштапкы жайгаштыруу жана кошумча жайгаштыруу боюнча аукциондордун жыйынтыгына ылайык эсептешүүлөр (МБКны чыгаруу күнү

10:00 -12:00  

Тоорук сессиялары төмөнкүлөр боюнча жана «T+0» күнүндөгү эсептешүүлөр

§ МБКларды аутрайт шартында сатып алуу/сатуу 

§ МБКларды репо шартында сатып алуу/сатуу 

§ чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу 

§ валюталык своп операциялар 

§ МБК күрөөсү астында улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер 

§ күрөөсүз улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер  

§ МБК күрөөсү астында чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

§ күрөөсүз чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

 

10:00 -13:00  

Улуттук банктын аукциондоруна билдирмелерди кабыл алуу

§ репо - аукцион 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукцион  

§ валюталык своп - аукцион  

11:45-12:00 

Алар боюнча эсептешүүлөр өткөрүлбөй калган транзакцияларды автоматтык түрдө кайталап жөнөтүү 

10 

13:00 - 15:00 

Улуттук банктын аукциондору боюнча натыйжаларды аныктоо

§ репо - аукцион 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукцион  

§ валюталык своп-аукцион 

§ МБКларды жайгаштыруу /кошумча жайгаштыруу боюнча аукцион  

11 

13:00 -17:00  

Тоорук сессиялары жана төмөнкүлөр боюнча «T+0» күнүндөгү эсептешүүлөр

§ МБКларды аутрайт шартында сатып алуу/сатуу 

§ МБКларды репо шартында сатып алуу/сатуу 

§ чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу 

§ валюталык своп операциялар 

§ МБК күрөөсү астында улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер 

§ күрөөсүз улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер  

§ МБК күрөөсү астында чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

§ күрөөсүз чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

12 

15:00-16:45* 

Баштапкы бөлүктөр боюнча «T+0» күнүндөгү эсептешүүлөр

§ репо - аукцион 

§ улуттук валютадагы депозиттик аукцион  

§ валюталык своп - аукциону  

13 

16:30-16:45* 

Катышуучулар тарабынан алар боюнча жыйынтыктоочу бөлүгү демилгелебеген банктар аралык операциялардын жыйынтыктоочу бөлүктөрүнө тиешелүү эсептешүүлөрдү автоматтык түрдө ишке ашыруу

§ банктар аралык репо-операциялары 

§ банктар аралык валюталык своп-операциялар  

§ МБК күрөөсү астында улуттук валютадагы банктар аралык кредиттер  

§ күрөөсүз улуттук валютада банктар аралык кредиттер  

§ МБК күрөөсү астында чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

§ күрөөсүз чет өлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер 

14 

16:45-17:00* 

Алар боюнча эсептешүүлөр өткөрүлбөй калган транзакцияларды автоматтык түрдө кайталап жөнөтүү 

Орду жабылбаган овернайт кредити боюнча автоматтык түрдө эсептен алып салуулар 

Орду жабылбаган бир күндүк кредитти овернайт кредитине кайра тариздөө  

15 

17:00 17:20* 

Транзакцияларды эсептөөгө кол менен жөнөтүү (айыптык төлөмдөрдү жокко чыгаруу, чегерүү жана алып салуу)  

16 

17:20 17:30* 

Операциялык күндү жабуу 

· - 40-пунктка ылайык 1 (бир) саатка кыска 

40. Кыргыз Республикасында жумуш күнү эмес майрам күнү деп расмий жарыяланган күнгө чейинки тоорук күнү тоорук сессиясы 1 (бир) саат мурда жабылат, демек ага улуттук валютадагы «T+0» күнүндөгү эсептешүүлөр да 1 (бир) саат мурда ишке ашырылат.  

41. Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда терс жагдайдын келип чыгышын шарттаган жагдайлар орун алган учурда жана башка өзгөчө кырдаалдарда АТСтин Администратору иш регламентинин убактысын өзгөртүүгө укуктуу. АТС Администратору иш регламентинин убактысы өзгөргөндүгү тууралуу бардык Катышуучуларга АТСке билдирүүлөрдү берүү системасы аркылуу алдын ала маалымдайт.  

42. АТСке билдирүүлөрдү берүү системасы Катышуучулар ортосунда билдирүүлөрдү алмашуу, ошондой эле шашылыш билдирүүлөрдү АТСке жөнөтүү үчүн каралган.  

 

5. ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

43. Катышуучунун операциялар боюнча милдеттенмелери, АТСте операциялар ишке ашкандан кийин келип чыгат. 

44. АТС улуттук валютадагы эсептешүүлөрдү аткаруунун тиешелүү күнү ГСРРВ аркылуу ишке ашырылышын автоматтык түрдө демилгелейт. 

45. Катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептери боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү/алып салуу жана Катышуучулардын “депо” эсептери боюнча МБКларды которуу DvP өлөмгө каршы берүү) принцибинин негизинде АТС тарабынан демилгеленет.  

46. Чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча бүтүм келишилген учурда, Катышуучу-чет өлкө валюталарын сатуучу эсептешүүлөрдү аткаруунун тиешелүү күнү чет өлкө валютасындагы эсептешүүлөрдү өз алдынча жүргүзөт.  

47. Улуттук банк менен ишке ашырылган операциялар боюнча нак эмес чет өлкө валютасынын ар бир түрүнө жараша эсептешүүлөр, Катышуучунун чет өлкө валютасынын ар бир түрү боюнча АТСте бирдиктүү каттоодон өткөрүлгөн корреспонденттик эсептери аркылуу Катышуучу тарабынан ишке ашырылат.  

48. Улуттук банк менен ишке ашырылган операцияларды эске албаганда, Катышуучулардын операциялар боюнча нак эмес чет өлкө валюталарына тиешелүү эсептешүүлөрү Катышуучулар ортосунда алдын ала макулдашылган, Катышуучулардын чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсептери боюнча ишке ашырылат.  

49. Эсептешүүлөр ишке ашырылган же операциялар аткарылган күн Кыргыз Республикасында же Катышуучуларды тейлеген банк-корреспонденттер жайгашкан өлкөдө жумуш эмес күн болуп саналган учурларда, операциялар Кыргыз Республикасындагы же банк-корреспонденттер жайгашкан өлкөдөгү кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында операциялардын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасын жана чегерилген пайыздарды кайрадан эсептеп чыгуу ишке ашырылбайт.  

 

6. УКУКТАР, МИЛДЕТТЕР ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТЕР 

50. Бул жобо Катышуучулар АТСке туташып турган бүтүндөй мезгил ичинде колдонулат жана бардык Катышуучулар анын талабын милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.  

51. АТС аркылуу операцияларды ишке ашырууда Катышуучу ушул жобонун нормаларына жана Улуттук банктын тиешелүү жоболоруна, эрежелерине таянуу менен иш алып барууга тийиш.  

52. Катышуучу ишке ашырылган операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартпоого милдеттенет. 

53. Катышуучу АТСте ишке ашырылган операциялардын шарттарын аткарбай койгондугу үчүн бардык айыптык төлөмдөрдү төлөөгө милдеттенет.  

54. Катышуучу ишке ашырылган операциялар боюнча өз милдеттерин аткара албай калган учурда, Улуттук банк менен АТСте ишке ашырылган операцияларды Катышуучунун улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы операциялардын негизги суммасын жана бир жолку айыптык төлөм суммасын тиешелүү кайтарым акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алып салуу аркылуу жокко чыгаруу ишке ашырылат.  

55. АТС Катышуучунун Улуттук банкта ачылган тиешелүү корреспонденттик эсептери боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүүнү жана эсептен алып салууну ишке ашырып, Катышуучунун «депо» эсептери боюнча тиешелүү МБКларды которот.  

56. Катышуучулар ишке ашырылган операциялар боюнча милдеттенмелердин аткарылбай калгандыгы үчүн айыптык санкцияларды өз алдынча макулдашып, төлөөнү ишке ашырат. Улуттук банк менен операциялар боюнча айыптык төлөмдөрдү эсептен алып салуу жана/же чегерүү АТС аркылуу ишке ашырылат, Катышуучулар ортосундагы операциялар боюнча АТСтен тышкары жүргүзүлөт.  

57. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

§ Ушул жобонун талаптарын жана Улуттук банктын тиешелүү жоболорун жана эрежелерин сактабагандыгы үчүн Катышуучуну АТСте иштөөдөн четтетүүгө

§ Катышуучу жол берилген кемчиликтерди толук четтеткенге чейин анын АТСтеги ишин токтотуу

§ АТСтин функционалына кандай болбосун өзгөртүүлөрдү киргизүүгө

§ АТС иш эрежелерин өзгөртүүгө

58. Катышуучу ушул жободо жана Улуттук банктын тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде камтылган корутунду операциялар боюнча шарттарды сактоого милдеттүү.  

59. Катышуучу АТСке санкциясыз туташууга жол бербөө максатында, дилерлер иштеген жерге кирүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелишин камсыз кылууга тийиш.  

60. Катышуучу тооруктун Катышуучуларынын дилерлери/дилердин контролерлору тарабынан келишилген бүтүмдөрдүн туура ишке ашырылгандыгы жана анын купуялуулугунун сакталышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.  

61. Улуттук банк, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде улуттук валютадагы акча каражаттарынын жана/же Катышуучунун «депо» эсебинде эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү сандагы МБКнын жоктугу үчүн жоопкерчиликтүү эмес.  

62. Улуттук банк ушул жобонун жана Улуттук банктын тиешелүү жоболорунун жана эрежелеринин талаптарынын сактабагандыгынан улам, Катышуучу кандайдыр бир чыгымга, жоготууларга дуушар болушу, ошондой эле төмөнкү учурларда жоопкерчилик тартпайт:  

§ пайдалануучунун колунда АТСте иштөө үчүн талаптарды канааттандырган, программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн зарыл топтому менен жабдылган компьютердик техниканын жоктугу;  

§ компьютердик техникадагы программалык-техникалык чектөөлөрдүн орун алышы жана бул Катышуучуга АТСте толук кандуу иштөөгө мүмкүндүк бербесе;  

§ компьютердик техникадагы вирустардан улам иштөө мүмкүн эмес болсо

§ Катышуучу тарабынан ушул жободо жана Улуттук банктын тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде көрсөтүлгөн бардык талаптарды жана жол-жоболорду Катышуучу билбесе, аларды талаптагыдай аткара албагандыгы; 

§ техникалык үзгүлтүктөр, жабдуунун бузулуп, токтоп калышы; программалык камсыздоодогу үзгүлтүктөр жана каталар; байланыш, электр энергиясы менен жабдуу, желдетүү системаларынын жана ишти камсыз кылуучу башка системалардын бузулушу же иштен чыгышы, ошондой эле Улуттук банк контролдой албаган күтүүсүз башка жагдайлар

63. Эгерде Катышуучу анын идентификациялык коду же паролу башка жактарга маалым болуп калгандыгын болжолдосо же Электрондук цифралык кол тамганын ачкычы жоголуп кетсе ал тууралуу АТСтин Коопсуздук администраторуна жана АТС Администраторуна дароо маалымдоого милдеттүү.  

64. Электрондук цифралык кол тамга же Оператордун техникалык каражаттары менен кол коюлган электрондук документ кагаз жүзүндөгү документке кол коюлгандай эле юридикалык күчкө ээ болот жана ошол документ үчүн каралган укуктук натыйжаларга алып келет.  

65. Катышуучуга карата убактылуу жетекчилик/консервация чарасы колдонулган же операцияларды аяктоо күнүнө карата Катышуучу банкрот деп таанылган учурда, ошол операцияларды аягына чейин чыгаруу, Улуттук банктын “Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан убактылуу жетекчилик/консервация жана банкроттук жол-жоболорун ишке ашырууда айрым банктык жана төлөм операцияларынын жүргүзүлүшүнүн тартиби жөнүндө” жободо белгиленген тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.  

66. Келип чыккан бардык талаш маселелер ушул жободо жана Улуттук банктын тиешелүү жоболорунда жана эрежелеринде белгиленген нормаларга ылайык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилүүгө тийиш. Эгерде мындай жол менен макулдашууга жетишилбесе, талаш маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык каралат.  

 

7. ТЕХНИКАЛЫК ҮЗГҮЛТҮКТӨР 

67. Эгерде Катышуучунун иш ордунда техникалык үзгүлтүктөр келип чыкса жана аны өз алдынча четтетүүгө мүмкүн болбосо, анда Катышуучу бул жөнүндө АТСтин Администраторуна маалымдоого тийиш. АТС Администратору Катышуучунун жана Улуттук банктын тиешелүү техникалык кызматтары менен биргеликте орун алган техникалык үзгүлтүктөрдү четтетүү боюнча чараларды көрөт.  

68. АТСте техникалык үзгүлтүктөр же системанын талаптагыдай иштөөсүнө тоскоолдук кылган башка жагдайлар келип чыккан учурда, АТСтин иши техникалык үзгүлтүктөр четтетилгенге чейин АТСАдминистратору тарабынан токтотулушу мүмкүн.  

69. АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыгып, аны тоорук сессиясы аяктаганга чейин четтетүү мүмкүн болбосо, ошондой эле табигый жана техногендик кырсыктар, бөөдө кырсыктар, согуштук жаңжалдар, массалык баш-аламандык, иш таштоолор, мыйзам актыларынын кабыл алынышы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын кабыл алынышы жана Катышуучунун эркине көз каранды болбогон, системанын талаптагыдай ишине тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы учурунда АТСтин иши токтотулушу мүмкүн. Катышуучунун контрагенттери тарабынан милдеттердин аткарууну бузууга жол берилиши, Катышуучунун колунда келишилген операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон акча каражаттарынын жоктугу, форс-мажордук жагдайларга кирбейт

70. АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан жана улуттук валютадагы акча каражаттары жана/же техникалык үзгүлтүктөргө чейин келишилген МБК менен операциялар боюнча эсептешүүлөрдү автоматтык түрдө ишке ашыруу мүмкүн болбогон шартта, АТС Администратору Катышуучу менен биргеликте улуттук валютадагы акча каражаттары жана/же МБК боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн мүмкүн болгон ыкмаларда чараларды көрүүгө тийиш.  

71. Күтүүсүз жагдайлардын келип чыккандыгы тууралуу маалымдабай койгондугу же өз учурунда маалымдабагандыгы үчүн мындай жагдайларга таянуу укугунан ажырап калууга алып келет.  

 

8. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

72. Бул жобого АТС аркылуу операцияларды жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында Улуттук банк тарабынан өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.