Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10\8 токтому 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 24-февралында 22-09 номеринде каттоодон өткөрүлгөн №7/11 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 

4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрилигине жөнөтсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

6. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө” жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.  

7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2013-жылдын 28-мартындагы № 10\8 токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

бир күндүк кредити жөнүндө» жобо 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Ушул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензия алышкан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына (мындан ары - Банк/Банктар) Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу бир күндүк кредит берүү шарттары жана тартиби аныкталган.  

2. Бир күндүк кредит Банкка «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 5 жана 28-статьяларына, ушул Жобого, «Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобого жана Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимге (мындан ары Башкы келишим) ылайык, Улуттук банк тарабынан сунушталат. Башкы келишимдин типтүү формасы ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген. 

3. Бир күндүк кредит Банкка Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунушталат. 

4. Бир күндүк кредит улуттук валютада, пайызсыз негизде, күрөөлүк камсыздоо алдында (заклад) , чейректин акыркы иш күнүнөн башка, кайсыл болбосун иш күнү берилет. 

5. Банктын бир күндүк кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары МБК) күрөө предметинен болуп саналат. Камсыздоонун жетиштүү көлөмүнө, анын түрүнө карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Улуттук банкка күрөө катары өткөрүлүп берилген МБКлар үчүнчү жакка күрөөгө коюлууга же кайрадан күрөөгө коюлууга тийиш эмес.  

6. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит кайра тариздетүү күнүнө карата «овернайт» кредитин пайдалангандыгы үчүн белгиленген пайыздык чендеги «овернайт» кредитине кайрадан тариздетүү менен АТСте кийинки иш күнүнө чейин автоматтык түрдө мөөнөтү узартылат. Кредиттин мөөнөтүн узартуу бир гана жолу ишке ашырылат. 

7. Иштөө эрежелери жана бир күндүк кредит алууга Билдирме берүүнүн жана АТСте бир күндүк кредиттин ордун жабуунун убактылуу регламенти «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобо (мындан ары АТСтин иши жөнүндө жобо) аркылуу жөнгө салынат.  

8. АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген шарттар жана эрежелер ушул Жобого таркатылат.  

 

2. ПАЙДАЛАНЫЛГАН АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР  

 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндө келтирилгендерден тышкары, АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор пайдаланылат.  

 

9. Бир күндүк кредит - бул сом түрүндө кредит, ал Улуттук банк тарабынан Банкка күрөөлүк камсыздоо алдында бир күндүк кредит берилген күнү төлөө менен Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өз убагында жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында сунушталат. 

10. «Овернайт» кредити- Улуттук банк тарабынан кийинки иш күнүнөн кечиктирбестен төлөө шарты менен операциялык күн ичинде, катталган пайыздык чен боюнча, күрөө алдында Банкка берилүүчү сом түрүндөгү кредит.  

11. Бир күндүк кредитти авторизациялоо Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан бир күндүк кредит алууга Билдирмелерди тастыктоо жана андан ары аткаруу жол-жоболору. 

12. Депозитарий Кыргыз Республикасынын, мамлекеттик баалуу кагаздарды эсепке алууну, сактоону жана колдон-колго өтүшүн каттоону жана мамлекеттик баалуу кагазга менчикке укукту тастыктоону жүзөгө ашырган юридикалык жак.  

13. «Депо» эсебинин инвестициялык суб-балансы Банкка менчик укугунда тиешелүү болгон мамлекетттик баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо максатында, Банктын Депозитарийде ачылган суб-балансы. 

14. «Депо» эсебинин резервдик суб-балансы- «овернайт» жана бир күндүк кредиттерин алуу процессинде МБКларды резервдөө үчүн багытталган, Банктын Депозитарийде ачылган суб-балансы. 

15. Ыйгарым укуктуу адам Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнүн бир күндүк кредитти тартууга сунушталган билдирмелерди авторизациялоого ыйгарым укуктуу кызматкери. 

 

3. Бир күндүк кредитти сунуштоо шарттары жана тартиби 

 

16. Бир күндүк кредит, кредиттөөнүн төмөнкү жалпы принциптерин сактоо менен сунушталат: мөөнөтүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздалгандык. 

17. Бир күндүк кредит алуу үчүн Банк төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

· Улуттук банктан банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын болушу; 

· Банкты башкаруу боюнча убактылуу жетекчилик же консервация режиминде болбошу; 

· Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу; 

· Улуттук банк менен кол коюлган бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимдин болушу; 

· Улуттук банк менен кол коюлган «овернайт» кредити жөнүндө Башкы келишимдин болушу; 

· Улуттук банктын алдында мурда алынган «овернайт» кредиттери жана алардын пайыздары боюнча төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелердин болбошу; 

· Улуттук банк алдында башка кредиттер жана алардын пайыздары боюнча мөөнөтү өтүп кеткен акчалай милдеттенмелердин болбошу; 

· Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген жетиштүү күрөөлүк камсыздоонун болушу; 

· Банктар аралык коммуникациялык түйүнгө кошулуусу; 

· АТСке кошулуусу. 

18. Бир күндүк кредит Улуттук банк тарабынан АТС аркылуу берилет.  

19. АТС аркылуу бир күндүк кредитти алуу үчүн Банк, бир күндүк кредит алууга Билдирмени белгиленген форма боюнча толтуруп, АТСке сунуштоого тийиш.  

20. Банктын АТСте бир күндүк кредит алууга билдирмеси Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан авторизациялануусу зарыл.  

21. Банк, АТСте бир күндүк кредит алууга өз Билдирмесинин негизинде бир күндүк кредит боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин тааныйт.  

22. Банктын ушул Жобонун 17-пунктунун талаптарына ылайык келбеши, ага бир күндүк кредит суммасын берүүдөн баш тартуунун негизи болуп саналат. Бир күндүк кредит берүүдөн баш тартылган учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамы анын себебин көрсөтүү менен авторизациялоодон өткөрбөйт.  

23. Бир күндүк кредит, Улуттук банк тарабынан сунушталган бир күндүк кредиттин суммасынын Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу жүзөгө ашырылат.  

24. Бир күндүк кредит алууга билдирме берүүнүн убактылуу регламенти АТСтин иши жөнүндө Жобо аркылуу жөнгө салынат.  

 

4. БИР КҮНДҮК КРЕДИТ КАМСЫЗДООСУ 

 

25. Улуттук банк Башкармасы тарабынан ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык белгиленген камсыздоо түрү боюнча талаптарга карата кошумча бир күндүк кредиттин камсыздоосу катары сунушталган МБКлар, төмөнкү талаптарга жооп берүүгө милдеттүү

· банкка менчик укугунда таандык болууга; 

· Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык же резервдик суб-балансында сакталууга жана эсепке алынууга; 

· башка милдеттенмелердин болбошу. 

26. Күрөөлүк камсыздоонун, Улуттук банктын камсыздоого карата талаптарына дал келбеши, бир күндүк кредиттин талап кылынган суммасын Банкка берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

27. Улуттук банк бир күндүк кредитти Банкка берген учурдан тартып, күрөөгө коюлган күрөө предмети Банк тарабынан Улуттук банктын карамагына өткөрүлгөн катары эсептелинет.  

 

5. БИР КҮНДҮК КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ЖАНА МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ТАРТИБИ 

 

28. Бир күндүк кредитин суммасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобого ылайык, АТС аркылуу Банк тарабынан бир күндүк кредит берилген күнү төлөнөт.  

29. Бир күндүк кредит толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, аны бөлүп-бөлүп төлөөгө жол берилбейт.  

30. Банк, бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган шартта АТС, Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык же резервдик суб-балансына күрөө катары сунушталган МБКларды бошотууну жана которууну жүзөгө ашырат.  

31. Банк Улуттук банктын АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген мөөнөттө АТСке бир күндүк кредитти кайтаруу боюнча өз милдеттенмесин аткарбаган шартта, бир күндүк кредит төлөнбөгөн катары эсептелинет. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык автоматтык түрдө АТСте мөөнөтү узартылат. Мында, Банктын бир күндүк кредитти төлөө боюнча милдеттенмеси токтотулат да, кредиттин күрөөлүк камсыздоосу «овернайт» кредитине өзгөртүлүп, мөөнөтү узартылган кредиттин камсыздоосу болуп калат.  

32. Төлөнбөгөн бир күндүк кредит «овернайт» кредитине өзгөртүлгөндөн кийин Улуттук банк менен Банк ортосунда келип чыккан укуктук мамилелер андан ары «Овернайт» кредити жөнүндө» жобонун негизинде жөнгө салынат.  

 

6. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

 

33. Бул Жобого, бир күндүк кредитин берүү боюнча операцияларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк тарабынан киргизилиши мүмкүн.  

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

 

БИР КҮНДҮК КРЕДИТ ЖӨНҮНДӨ БАШКЫ КЕЛИШИМ 

№___________________________ 

 

Бишкек шаары «_____»___________20____ж. 

 

Мындан ары «Улуттук банк» же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын (жана_________№___ буйругунун) негизинде иш алып баруучу ______________________ бир тараптан жана мындан ары «Банк» же «Күрөө берүүчү» деп аталуучу __________________________________, Уставдын негизинде иш алып барган _______________ жак экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20__ жылдын _________№_____ токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредит жөнүндө жобосуна таянуу менен (мындан ары Жобо), төмөнкүлөр жөнүндө ушул Башкы келишимди түзүштү (мындан ары - Башкы келишим): 

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Ушул Башкы келишимдин предметинен болуп, Улуттук банктын Банкка АТС аркылуу бир күндүк кредитти берүү шарттарын аныктоо жана анда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу саналат.  

 

2. БИР КҮНДҮК КРЕДИТТИ БЕРҮҮ, ТӨЛӨӨ ЖАНА МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ ШАРТТАРЫ 

2.1. Банк ушул Жобо жана Башкы келишимге ылайык, бир күндүк кредит алуу укугуна ээ.  

2.2. Бир күндүк кредитти алуу, төлөө жана мөөнөтүн узартуу тартиби Жобо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо жана ушул Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат. 

2.3. АТСтен бир күндүк кредит алуу үчүн Банк, Улуттук банктын «АТСтин иши жөнүндө» жобосунда белгиленген талаптарга жана Жобонун пункттарына ылайык келүүгө тийиш.  

2.4. Бир күндүк кредит улуттук валютада, пайызсыз негизде, күрөөлүк камсыздоо алдында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, чейректин акыркы жумуш күнүнөн башка кайсыл болбосун жумуш күнү берилет. 

2.5. Улуттук банк, Банктын бир күндүк кредит алууга Билдирмеси АТСте авторизациялангандан кийин Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарды чегерүүнү өз учурунда жана толук көлөмдө жүзөгө ашырууга милдеттенет.  

2.6. Бир күндүк кредитти төлөө Банк тарабынан АТCте аны берген күнү Улуттук банктын «АТСтин иши жөнүндө» жободо белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырылат. 

2.7. Банк бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин эз учурунда жана толугу менен аткарган шартта, АТС Банктын Депозитарийдеги «депо» эсебинин инвестициялык же резервдик суббалансына күрөөгө сунушталган МБКларды бошотууну жана которууну жүзөгө ашырат. 

2.8. Эгерде Банк, бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелерин Улуттук банктын «Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө жободо аныкталган мөөнөттө аткарбаса, Банк АТСке орду жабылбаган бир күндүк кредитти кийинки жумушу күнүнө чейин аны «овернайт» кредитине тариздетүү менен «овернайт» кредитин пайдалангандыгы үчүн тариздетилген күнгө карата белгиленген пайыздык ченде автоматтык түрдө мөөнөтүн узартууга укук чегерет.  

2.9. Орду жабылбаган бир күндүк кредит «овернайт» кредитине өзгөртүлгөндөн кийин Улуттук банк менен Банк ортосунда келип чыккан укуктук мамилелер андан ары «Овернайт» кредити жөнүндө» жобонун жана «Овернайт» кредити жөнүндө» Башкы келишимдин негизинде жөнгө салынат.  

 

3. КҮРӨӨЛҮК КАМСЫЗДОО 

3.1. Бир күндүк кредитти кайтарып берүү боюнча Банкттын милдеттенмеси күрөө менен камсыз кылынат. Күрөө, Жободо аныкталган тиешелүү талаптарга жооп берүүгө тийиш

3.2. Банктын бир күндүк кредит алууга билдирмесине ылайык, Улуттук банк ага бир күндүк кредитти берген учурдан тартып, күрөөгө коюлган күрөө предмети Банк тарабынан Улуттук банктын ээлигине берилди деп саналат. 

3.3. Күрөө кармоочу күрөө предметин камсыздандырбайт. Күрөө предметин анын наркынын өлчөмүндө камсыздандырууну күрөө берүүчү өз эсебинен жүзөгө ашыра алат. 

3.4. Төлөнбөгөн бир күндүк кредиттин камсыздоосу болуп саналган күрөөгө коюлган күрөө предмети, анын мөөнөтүн узартууда жана «овернайт» кредитине кайра тариздөөдө, таризделген «овернайт» кредитинин камсыздоосу болуп калат. 

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1. Банк бир күндүк кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн бир күндүк кредитти алууга Билдирмеге, Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толук жоопкерчилик тартат. 

4.2. Улуттук банк Банк тарабынан Жобонун жана ушул Башкы келишимдин талаптарын бузууга жол берилишинен улам ага келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

4.3. Тараптар бир күндүк кредитти алуу, төлөө жана мөөнөтүн узартуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу алардын кызматкерлеринин иш аракеттеринин тууралыгы, өз убагында аткарылгандыгы жана купуялуулуктун сакталгандыгы үчүн Жобого жана ушул Башкы келишимге ылайык толугу менен жоопкерчилик тартышат. 

4.4. Банк, Улуттук банк анын милдетин аткарган тастыктоочу борбор тарабынан Банктын жоопкерчиликтүү адамына берилген жабык ачкыч жана кол тамгалар ачкычынын сертификаттары менен иштөө учурунда, коопсуздук жана купуялуулук шарттарынын сакталышы, ошондой эле аларды сактоо жана колдонуу эрежелеринин сакталышы үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат. 

 

5. ТЕХНИКАЛЫК ҮЗГҮЛТҮКТӨР 

5.1. АТСте орун алган үзгүлтүктөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат. АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан шартта жана анын натыйжасында автоматтык түрдө бир күндүк кредитти берүү мүмкүн болбосо, Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын буйругу менен Улуттук банк, АТСтин ишке жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилгенге чейинки мезгилде бир күндүк кредиттерин берүүнү токтотушу мүмкүн же кредит берүүнү бир күндүк кредит алуу үчүн Банк тарабынан ушул Башкы келишимге карата 1-тиркемеге ылайык кагаз жүзүндө берилген Билдирменин негизинде жүзөгө ашыра  алат. 

 

6. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

6.1. Бул Башкы келишимдин талаптарын аткаруунун негизинде келип чыккан талаш маселелер жана кайчы пикирлер, өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат. 

6.2. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет. 

 

7. БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Бул Башкы келишимге Тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

7.2. Бул Башкы келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу түрүндө түзүлүп, ага эки тарап кол койгон учурда анык болуп саналат. 

7.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган шартта алардын ушул Башкы келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери алардын укугу өткөндөргө өткөрүлүп берилет. 

7.4. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, мамлекеттик тилде эки нускада жана расмий тилде эки анык нускада түзүлгөн, Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка эки нускасы Банкка берилет. 

 

8. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТТЕНҮҮ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

8.1. Бул Башкы келишим эки Тарап тең кол койгондон кийин күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонууда болот. 

8.2. Эгерде Тараптардын бири ушул Башкы келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки бир календардык ай ичинде, аны токтотуу жөнүндө өз ниетин кат жүзүндө билдирбесе, Башкы келишим ар бир кийинки календардык жылга узартылган деп эсептелет. Башкы келишимди токтотуу Банктын ага чейин алынган бир күндүк кредиттер жана аларга байланыштуу күрөөлүк камсыздоолор боюнча милдеттенмелерин токтотпойт. 

8.3. Тараптар экинчи Тарапка бир календардык ай мурда маалымдоо менен бул Башкы келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

8.4. Улуттук банк алдын ала Банкка билдирүүсүз эле бир тараптуу негизде, төмөнкү учурларда Башкы келишимди токтотуу укугуна ээ:  

· Банк тарабынан тиешелүү жобонун жана бул Башкы келишимдин шарттарын бузууга жол берилсе; 

· Ушул Башкы келишимдин 2.3-пунктунун шарттары Банк тарабынан сакталбаса; 

· Банктын Улуттук банк тарабынан банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген лицензиясы кайтарылып алынган болсо;  

· Банкттын банкроттугу жөнүндө жарыяланса; 

· Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Банктын иши токтотулса. 

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

"Улуттук банк"
_________________________
(Почта индекси, дареги)
_________________________
(кызматы)
_________________________
(аты-жөнү, колу)
МО
«Банк»
_________________________
(Почта индекси, дареги)
_________________________
(кызматы)
_________________________
(аты-жөнү, колу)
МО

 

 

 

 

 

 

Бир күндүк кредит жөнүндө Башкы келишимине карата  

1-тиркеме 

   

БИР КҮНДҮК КРЕДИТТИ  АЛУУГА 

20__-ЖЫЛДЫН «_____»________ №______ БИЛДИРМЕ 

1.  Банк карыз алуучу _________________________________________________  

                                          (банк карыз алуучунун аталышы)  

______________________________________________________сом суммасында 

(сумма сан менен жана кашаанын ичинде жазуу түрүндө

бир күндүк кредит берүүңүздү өтүнөм.  

Берилген күнү:  

Орду жабылган күн:       

2. Кредитти камсыздоо катары мамлекеттик баалуу кагаз түрүндөгү ___________________________сом суммасында күрөөгө берилет, анын ичинде:  

  №  

МБКлардын түрү 

Эмиссия   

Жоюлган күнү 

Саны (даана)  

Номиналы боюнча сумма (сом)  

1  

   

   

   

   

   

2  

   

   

   

   

   

   

Жыйынытыгында:   

   

   

   

   

3. Бир күндүк кредитти кайтарып берүү боюнча  милдеттенмесин ______жылга чейин аткара  албай калган учурда, бир күндүк кредиттин суммасын аны «овернайт» кредитине кайра тариздөө менен ал берилген күндөн кийинки иш күнүнө чейин автоматтык түрдө мөөнөтүн узартууну өтүнөт.  

4. «Овернайт» кредити боюнча чен: жылдык _____%  

Берилген күнү: _____________  

Төлөнгөн күнү: _____________  

5.  »Овернайт» кредитине кайра таризделген мөөнөтү узартылган бир күндүк кредиттин камсыздоосу катары, ушул Билдирменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн бир күндүк кредитти камсыздоого берилген күрөөлүк камсыздоо эсептелсин деп өтүнөт.  

6. Улуттук банктын бир күндүк кредитти «овернайт» кредитине кайра тариздөө учурунан тартып, аны толугу менен төлөгөнгө чейинки аракеттерин Улуттук банк Башкармасы тарабынан 20__-жылдын _______ токтому менен бекитилген «Овернайт» кредити жөнүндө» жобого ылайык жүзөгө ашырышын өтүнөт.  

7. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги каражат жетишсиз болгон учурда, Банк Улуттук банка күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келээр менен акцептсиз тартипте, бул Билдирменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөө предметине өндүрүү укугун берет.  

  (Банк карыз алуучунун аталышы)     

               (кызматы)                                                                       ________________________  

            (колу) МО