Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10\9 токтому 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик 

баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 26-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 2-майында 27-08 номеринде каттоодон өткөрүлгөн №13/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагазадарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» убактылуу жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 

4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрилигине жөнөтсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

6. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө” жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.  

7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2013-жылдын 28-мартындагы № 10\9 токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө” 

жобо 

 

 

1.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндөгү жобосу (мындан ары- Жобо), “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү” мыйзамына, 2008-жылдын 02-октябрындагы №556 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү” жобого жана башка мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү жана төлөө тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Бул Жобо Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасында (мындан ары - АТС) Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздарды (мындан ары - МБК) депозитардык эсепке алуу тартибин аныктайт. 

3. МБК депозитарийи эки деңгээлдик түзүлүшкө ээ: Улуттук банктын Башкы депозитарийи (мындан ары башкы депозитарий) жана өзүнүн МБКсынын жана депоненттердин МБКсынын кыймылын эсепке алуу боюнча функцияларын аткаруу укугуна ээ Субдепозитарийлер. 

4. МБКны МБКнын Депозитариясында эсепке алуу баалуу кагаздардын саны (ар бир даанасы) боюнча ишке ашырылат. 

 

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР 

 

Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, Улуттук банктын АТС иши жөнүндө жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор колдонулат: 

5. Ички позициялык которуулар бир “депо” субэсебинин алкагында МБКларды которууга байланышкан операциялар.  

6. Башкы депозитарий МБКны эсепке алууну жана сактоону, менчик укуктарын МБКга өткөрүүнү жана тастыктоону каттоону ишке ашыруучу Улуттук банктын бөлүмү.  

7. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган МБК Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан чыгарылган, Улуттук банк тарабынан аукциондук негизде жайгаштырылган баалуу кагаздар.  

8. МБК депозитарийи МБКны депозитарийлик эсепке алууну жана сактоону, менчик укуктарын МБКга өткөрүүнү жана тастыктоону каттоону ишке ашыруучу юридикалык жак. 

9. Депонент келишимге ылайык МБК Депозитарийинде “депо” эсебин ачкан жана өзүнүн “депо” эсеби боюнча операцияларды жасоого көрсөтмө берүүгө укуктуу болгон, Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин юридикалык жагы же жеке адамы. 

10. Депо-эсеби эсепке алуу жана сактоо максатында ар бир МБК үчүн жазуу (же жазуулардын жыйындысы). 

11. Депозитардык операциялар депозитарийлерде сакталган, “депо” эсеби жана башка маалыматтар боюнча жазууларга байланышкан депозитардык ишмердүүлүктү ишке ашыруу алкагында МБК Депозитарийлери менен жүргүзүлгөн операциялар. 

12. Улуттук банктын репо операциялары бул, келечекте белгилүү бир күндө жана сүйлөшүлгөн баада кайра сатуу/сатып алуу милдети менен МБКны сатуу (тике репо)/сатып алуу (кайтарым репо) боюнча операциялар. 

13. Субдепозитарий Башкы депозитарийде “депо” эсеби бар, МБК кыймылын эсепке алуу функциясын аткаруу үчүн Улуттук банк менен келишим түзгөн депозитарий. 

14. Суб-баланс “депо” субэсебинин алкагында ачылган депозитардык эсептин минималдык бөлүнбөгөн түзүмдүк бирдиги. 

 

3. ДЕПОЗИТАРДЫК ЭСЕПТИ УЮШТУРУУНУН ФОРМАЛАРЫ ЖАНА ПРИНЦИПТЕРИ 

 

15. Депозитардык эсеп системасын уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

· МБК менен болгон операциялардын Депозитардык эсебинин толуктугу жана аныктыгы; 

· Убактылуу белгилүүлүк; 

· МБК менен болгон операциялардын эсебинин өзүнчөлүгү

· Түзүмдүк обочолонгондук; 

 

Депозитардык эсептин толуктугу жана аныктыгы. МБК менен болгон бардык операциялар депозитардык эсеп системасында өзүнүн толук жана анык чагылышын табат. 

Убактылуу белгилүүлүк принциби. Эсепке алуу жазуулары депозитардык эсеп системасында Башкы депозитарийдин МБК менен болгон операцияларын же АТСте электрондук кепилдикти ишке ашырууну тастыктаган биринчи иш кагазын алуу учурунда аткарылат. Мында, жүргүзүлгөн операциялар жөнүндөгү эсептик жазуулардын сөзсүз түрдөгү элементтери болуп операцияларды ишке ашыруу убактысы жана бул операциялардын депозитардык эсеп системасында кайталануу убактысы болуп саналат.  

Эсептин өзүнчөлүк принциби. Милдеттенмелери түйшүктөнткөн, ар бири өзүнчө эсепке алынган, ар кайсы чыгарылыштагы МБК. 

Түзүмдүк обочолонгондук принциби. Уюмдарды каттоого алуучу эки деңгээлдик системанын Башкы депозитарийдин жана Субдепозитарийдин болушу.  

 

4. ДЕПОЗИТАРДЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ 

 

16. Ушул Жобонун максатында депозитардык операциялардын катышуучулары катары МБК Депозитарийлери жана депоненттер эсептелет. МБК Депозитарийлери Башкы депозитарий жана Субдепозитарий деп бөлүнөт. 

17. Башкы депозитарий катары Улуттук банк турат, ал: 

· МБКны чыгарууда эмиссияга ылайык келген эсеп ачууну ишке ашырат; 

· МБКны чыгаруу жана төлөө жөнүндөгү иш кагаздарын сактайт; 

· Башкы депозитарийдеги депоненттерге “депо” эсептерин ачууну ишке ашырат; 

· МБКларды, алардын Субдепозитарийлер менен депоненттер ортосунда экинчи жолку айлануусундагы которууларды ишке ашырат; 

· МБКны төлөө мезгили жеткенде эмиссияга ылайык эсептерди жабууну жүзөгө ашырат; 

· Субдепозитарийинин “депо” эсеби боюнча депоненттерге тийиштүү болгон, ушул Субдепозитарийде эске алынган МБКнын жыйындысын жүргүзөт;  

· Субдепозитарийлердин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт жана МБК менен депозитардык операцияларын жүргүзүү тартибин тактайт; 

· Өзүнүн депоненттерине тийиштүү болгон МБКга менчик укугун тастыктоо укугуна ээ; 

18. Башкы депозитарийлердин депоненттери болуп Субдепозитарийлер, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги, Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген учурда башка юридикалык жактар эсептелет; 

19. Субдепозитарийлер катары коммерциялык банктар, институтционалдык инвесторлор, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер жана башка Улуттук банк менен тийиштүү келишимдерди түзгөн МБК рыногунун катышуучулары. Алар:  

· Субдепозитарийге тийиштүү болгон МБКнын депозитарийлик эсебин жүргүзөт; 

· Өзүнүн депоненттерине тийиштүү болгон МБКны сактоону жана укук эсептерин камсыздайт; 

· АТСте депозитардык операцияларды ишке ашырат; 

· Күрөөгө берилген МБКнын депозитардык эсебин жүргүзөт; 

· МБКларды биринчи жайгаштырууда өзүлөрүнүн депоненттеринин эсебине киргизет; 

· Ар бир депоненттин МБКсына обочолонгон эсеп жүргүзөт; 

· Өзүлөрүнүн депоненттеринин МБКга болгон менчик укуктарын тастыктоо укугуна ээ. 

20. Субдепозитарийдин депоненти болуп Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттин МБКга менчик укугу бар юридикалык жактар жана жеке адамдар, МБКнын күрөө кармоочулары, МБКнын ишеничтүү башкаруучулары, о.э. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурларда МБКны сактоого берилген жактар эсептелет. 

 

5. “ДЕПО” ЭСЕПТЕРИНИН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН ТИЗМЕСИ 

 

21. Башкы депозитарийде МБКны эсепке алуу жана сактоо, Улуттук банк менен тийиштүү келишимдерди түзгөндөн кийин Субдепозитарийлерге ачылган “депо” эсептеринде ишке ашырылат.  

22. Аналитикалык эсеп жүргүзүү максатында “депо” эсебинин алкагында ар бир Субдепозитарийге анын өзүнүн баалуу кагаздарын эсепке алуу жана депоненттеринин баалуу кагаздарын эсепке алуу үчүн бир “депо” субэсеби ачылат.  

23. Өзүнүн “депо” субэсеби Субдепозитарийге менчик укугуна ээ болгон баалуу кагаздарды эсепке алуу жана сактоо үчүн ачылат. Субдепозитарийдин депонентинин “депо” субэсеби депонентке өткөрүлгөн же тийиштүү баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн багытталган.  

24. Депоненттин “депо” субэсептеринин түрлөрү 

Субдепозитарийдин депонентинин МБКсын эсепке алуу, МБК Депозитарийлеринде, Субдепозитарийдин депонентинин тибине жараша төмөнкү “депо” субэсептер боюнча ишке ашат: 

· юридикалык жактар - финансылык резиденттер; 

· юридикалык жактар - финансылык эмес резиденттер; 

· юридикалык жактар - финансылык резидент эместер; 

· юридикалык жактар - финансылык эмес резидент эместер; 

· жеке жактар - резиденттер; 

· жеке жактар - резидент эместер. 

25. Депоненттер, алардын операциялары жана баланстары жөнүндөгү эсеп маалыматын жүргүзүү Субдепозитарийлердин жоопкерчилигинде турат. 

26. Суб-баланстар  

Баалуу кагаздардын эсебин жүргүзүү үчүн ар бир “депо” субэсебинин алкагында суб-баланстар ачылат. “Депо” субэсептеринин алкагындагы эсеп төмөнкү суб-баланстар боюнча жүргүзүлөт: 

· арест коюлган МБК 

· бекитип коюлган МБК 

· күрөөгө алынган жеткиликтүү каражаттар 

· инвестициялык 

· күрөө кармоочунун пайдасына күрөөлүк; 

· улуттук банктын кредиттери боюнча күрөөлүк 

· камдык. 

Арест коюлган МБКнын” суб-балансы, Башкы депозитарийдин көрсөтмөсү боюнча же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилип коюлган же арест коюлган МБКны эсепке алууга багытталган. Ушул суб-баланстагы МБКларды депоненттер күндөлүк сатып алуу, сатуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдоно алышпайт. Ушул суб-баланс боюнча ички позициялык которууларды Башкы депозитарий гана жүргүзө алат. 

Бекитип коюлган МБКнын” суб-балансы, “төлөмгө каршы тапшыруу” транзакциясын аткаруу процессинде бекитилип коюлган МБК үчүн багытталган. Бул суб-баланстагы МБКларды катышуучулар күндөлүк сатып алуу, сатуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдоно алышпайт. 

Күрөөгө алынган жеткиликтүү каражаттардын” суб-балансы, репо операциясы боюнча сатылып алынган МБКларды эсепке алуу үчүн багытталган. Репо операциясынын алкагында башка катышуучудан алынган МБКлар катышуучунун күндөлүк операциялары үчүн колдонула алат: репонун шартында кезектеги сатып алуу/сатуу, калдыктардын чегинде чектелүүсүз күрөө жана ички позициялык которуулар.  

Инвестициялык” суб-баланста, менчик укугуна ээ болгон депонентке тийиштүү МБКлар эске алынат. Бул суб-баланстагы МБКларды күндөлүк сатуу, сатып алуу, күрөө жана калдыктардын чегинде чектөөсүз ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүүгө колдонууга болот. МКБларды төлөө Инвестициялык” суб-баланстан гана жүргүзүлөт. 

Күрөөлүк” суб-баланста, МБКга менчик укугу өтпөгөн күрөө кармоочунун пайдасына бекитилип коюлган МБКлар эске алынат. Бул суб-баланстагы МБКлар күндөлүк сатуу, сатып алуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдонулбайт.  

Улуттук банктын кредиттери боюнча күрөөлүк” суб-балансы, бир күндүк жана “овернайт” кредиттеринин алкагында коюлган, кезектеги сатуу, сатып алуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдонууга болбогон МБКларды эсепке алуу үчүн колдонулат. Улуттук банктын бир күндүк жана “овернайт” кредиттери боюнча заклад түрүндөгү МКБлар ушул суб-баланска кредиттер берилген учурдан тартып которулат.  

Камдык” суб-балансы, “овернайт” жана бир күндүк кредиттерин берүү процессинде МБКларды камга коюу үчүн багытталган. Бул суб-баланста Улуттук банктын кайра каржылоо (“овернайт жана бир күндүк кредит) операциялары боюнча күрөө катары колдонуу үчүн катышуучу тарабынан камга коюлган МБКлар эске алынат. 

27. Субдепозитарий АТСтен тышкары “депо” субэсептерине ылайык ар бир депонент боюнча МБКлардын өзүнчө эсебин жүргүзөт. 

 

6. ДЕПОЗИТАРДЫК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН НЕГИЗДЕР. АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ КАРАТА ЧЕКТӨӨЛӨР  

 

28. Бардык депозитардык операциялар АТСте, анын бекитилген иш регламентине ылайык жүргүзүлөт. АТС иштебей калганда же башка учурларда депозитардык операциялар “депо” кагаз кепилдиктеринин негизинде ушул Жобого карата 1, 2, 3- тиркемелерге ылайык ишке ашырылат. 

29. МБК Депозитарийине МБКны чыгаруу белгилери жөнүндө жазууларды киргизүү боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актылары жана келишимге ылайык түзүлгөн: 

· глобалдуу сетификат, 

· Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин протоколунан көчүрмө иш кагаздары эсептелет. 

30. МБК Депозитарийинде “депо” эсеби боюнча операция жүргүзүү үчүн негиз болуп, АТСте түзүлгөн жана берилген, электрондук формадагы депо тапшырмалары эсептелет. Электрондук формадагы “депо” тапшырмасы АТСте бекитилген формада түзүлгөн электрондук документ болуп саналат. Электрондук “депо” тапшырмасынын аныктыгын тастыктоо үчүн электрондук-сандык кол тамга колдонулат. 

31. “Депо” электрондук тапшырмалары, кагаз бетиндеги тиешелүү “депо” тапшырмаларына окшош болгон асыл нуска катары таанылат жана баалуу кагаздарды которууну ишке ашырууда жактардын милдеттерин жана алардын бирдей укуктарын жаратат. 

32. МБКны төлөө күнүндө эмиссияга ылайык эсептерди жабуу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик актылары жана келишимге ылайык түзүлгөн иш кагаздары (төлөөгө болгон тапшыпмалар ж.б.) эсептелет. 

33. Субдепозитарийлердин депоненттеринин “депо” эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп, жүргүзүлгөн операцияга ылайык иш кагаздарынын (депоненттин кепилдиги, келишимдер, көрсөтмөлөр ж.б.) түп нускасы эсептелет. Түп нуска иш кагаздарын сактоонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик актылары менен аныкталат.  

34. “Депо” эсеби боюнча МБКларды которууга “депо”тапшырмасы, жүргүзүлгөн операциялар боюнча МБК туура түзүлгөн жана жетиштүү учурда гана кабыл алынат.  

35. Субдепозитарийлер, депозитардык операцияларды жүргүзүүнүн мыйзамдуулугу жана тууралыгы үчүн жооптуу. 

7. ОТЧЕТТУУЛУК 

 

36. Депозитардык операциялар боюнча отчеттуулук Башкы депозитарий тарабынан АТСте түзүлөт жана берилет. 

37. Субдепозитарий Башкы депозитарийге, баалуу кагаздардын ээлери жөнүндө маалыматты, Башкы депозитарийдин талаптарына ылайык отчеттуулуктун башка түрлөрүн берет.  

 

8. ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖОБОЛОР 

 

38. МБКнын депозитардык эсебин ишке ашыруу тартиби ушул Жобо, келишимдер жана Улуттук банктын АТС иши жөнүндөгү Жобосу менен жөнгө салынат. 

39. Депозитардык эсеп процессин жакшыртуу максатында ушул Жобого өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды Улуттук банк киргизе алат. 

 

 

 

 

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу, мамлекеттик  

Баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу  

жөнүндө жобого карата  

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Баалуу кагаздарды рефинансылоо жана 

жайгаштыруу бөлүмү 

 

 

 

«ДЕПО» ТАПШЫРУУСУ 

 

“______________________” 

(депоненттин аталышы) 

 

Операциялардын түрлөрү: МБКлардын таандуулугу:  

(тиешелүүсүнүн алдын сызып кой) (көрсөтүлсүн) 1. Өздүк 

2.Кардардыкы  

 

1. Сатып алуу  

2. Сатуу  

3. Репо шарттарында сатып алуу  

4. Репо шарттарында сатуу  

5. Өткөрүп берүү  

6. Кабыл алуу  

Банк-контрагент (Өздүк/ Кардардыкы)______________________________ 

(көрсөтүлсүн) (аталышы)  

 

Порядковый 

Операциялардын № 

МБКлардын (МКВ, МКО, ноталардын) эмиссиясынын №  

МБКлардын (МКВ, МКО, ноталардын

саны (даана) 

Суммасы (сом) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

«Баштапкы репо» операциялары үчүн: пайыздык чен, бүткөрүлгөн күнү (көрсөтүлсүн)

 

Операция жүргүзүлгөн күн_______________ 

 

МО _______________________ ___________________________ 

(колтамгасы) (Аты-жөнү)  

 

Аткаруучу: ________________ 

Тел. _______________  

 

 

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу, мамлекеттик  

Баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу  

жөнүндө жобого карата  

2-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Баалуу кагаздарды рефинансылоо жана жайгаштыруу бөлүмү  

 

 

 

«ДЕПО» ТАПШЫРУУСУ 

 

“______________________” 

(депоненттин аталышы)  

Операциялардын түрлөрү:  

(тиешелүүсүнүн алдын сызып кой)  

1. Сатып алуу  

2. Сатуу  

3. Репо шарттарында сатып алуу  

4. Репо шарттарында сатуу  

5. Өткөрүп берүү  

6. Кабыл алуу  

________________________ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы МБКларга  

(суб-баланстын аталышы)  

(МКО, МКВ, ноталарга)* ээлик кылуучулардын Башкы депозитарийиндеги ______________________алардын төмөнкү эмиссияларын которууну өтүнөм

(суб-баланстын аталышы)  

 

 

Операциялардын № 

 

Эмиссиясынын №  

МБКлардын (МКВ, МКО, ноталардын

саны (даана) 

Суммасы  

(сом) 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

 

 

 

 

«Баштапкы репо» операциялары ъчън: пайыздык чен, , бүткөрүлгөн күнү (көрсөтүлсүн

 

Операция жүргүзүлгөн күн _______________ 

 

МО _______________________ ___________________________ 

(колтамгасы) (Аты-жөнү)  

 

 

* тиешелүүсү көрсөтүлсүн  

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу, мамлекеттик  

Баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу  

жөнүндө жобого карата  

3-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Баалуу кагаздарды рефинансылоо жана жайгаштыруу бөлүмү  

 

 

 

Күрөө коючунун тапшыруусу 

 

_____________________________________20___жылдын «___»_________№ ____________ 

(Күрөө кармоочунун аталышы) 

келишиимине ылайык, төмөнкү эмиссиядагы МБКларды (МКВ/МКО/ноталарды) инвестициялык суб-баланстан МБКлардын Башкы депозитарийиндеги күрөөлүк суб-балансына которууну өтүнөм:  

 

Эмиссиясынын № 

МБКлардын (МКВ, МКО/ноталардын

саны (даана) 

Номиналдык суммасы (сом

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Операция жүргүзүлгөн күн _______________ 

 

МО _______________________ ___________________________ 

(колтамгасы) (Аты-жөнү