Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын «24» апрелиндеги № 13\10 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын «24» апрелиндеги № 13\10 токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

I. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы №14/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. Эреженин текстинде кездешүүчү “КРУБ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Улуттук банк” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

2. 6-бөлүктүн 6.1-пунктундагы: 

- биринчи абзацтагы “Тышкы көзөмөл башкармалыгы (мындан ары УВН же Улуттук банктын областтык башкармалыктары” деген сөздөр “Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы (мындан ары УФСО) же Улуттук банктын областтык башкармалыктары/Баткен областындагы өкүлчүлүгү дегенге алмаштырылсын; 

- экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан кредиттик союздар отчетту Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына сунуштоого тийиш.» 

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

Республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө сунуштоого тийиш.” 

3. 6-бөлүктүн 6.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«6.2. Экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн сакталышы жөнүндө маалыматтар кредиттик союздар тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы №3/3 токтому менен бекитилген “Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык берилет.”  

4. 6-бөлүктүн 6.3-пункту алынып салынсын. 

 

II. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы №3/3 токтому менен бекитилген “Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. Жобонун текстинде кездешүүчү “КРУБ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Улуттук банк” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

2. 4өлүк боюнча

- 4.2 пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет Улуттук банкка ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык формада, ар бир отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылып жана электрондук түрдө Улуттук банкка сунушталат. Бул отчеттун электрондук түрү Улуттук банк тарабынан белгиленгендерге ылайык түзүлүүгө тийиш.” 

- 4.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.3. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан кредиттик союздар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту Улуттук банктын жалпы бөлүмүнө кагазга чыгарылып, конвертке салынып, чапталган түрүндө берилүүгө тийиш.  

Отчеттун электрондук түрү Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаны техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү зарыл. Кредиттик союздун электрондук почтасы жок болсо, отчетторду жазып алуучу башка жабдуулар (USB флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.” 

- 4-бөлүк төмөнкү мазмундагы 4.3-1-пункт менен толукталсын

«4.3-1. Республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө берүүгө тийиш. 

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү бул отчетторду Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө жөнөтөт.” 

III. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 токтому менен бекитилген “Микрофинансылык компаниянын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. 2-бөлүктүн 4-пунктунун а) пунктчасындагы “Мыйзамдар” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөр менен толукталсын; 

2. 2-бөлүктүн 5-пунктундагы “2.1.-пункттагы “деген сөздөр “4-пункттагы” дегенге алмаштырылсын; 

3. 4-бөлүктүн 12-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Бул отчеттун электрондук түрү Улуттук банк тарабынан белгиленгендерге ылайык түзүлүүгө тийиш.” 

4. 4-бөлүктүн 13,14-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“13. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан микрофинансылык компаниялар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту Улуттук банктын жалпы бөлүмүнө кагазга чыгарылып, конвертке салынып, чапталган түрүндө берилүүгө тийиш.  

Отчеттун электрондук түрү Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаны техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү зарыл. Жайгашкан микрофинансылык компаниялардын электрондук почтасы жок болсо, отчетторду жазып алуучу башка жабдуулар (USB флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.” 

14. Республиканын башка областтарында жайгашкан микрофинансылык компаниялар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө берүүгө тийиш. 

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү бул отчетторду Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө жөнөтөт.” 

 

IV. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 токтому менен бекитилген “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин (МКК/МКА) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. 2-бөлүктүн 4-пунктунун а) пунктчасындагы “Мыйзамдар” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөр менен толукталсын; 

2. Жобонун текстинде кездешүүчү “КРУБ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Улуттук банк” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

3. 4-бөлүктүн: 

- 4.2-пунктундагы акыркы сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Бул отчеттун электрондук түрү Улуттук банк тарабынан белгиленгендерге ылайык түзүлүүгө тийиш.” 

- 4.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«4.3. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МКК/МКАлар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту Улуттук банктын жалпы бөлүмүнө кагазга чыгарылып, конвертке салынып, чапталган түрүндө берилүүгө тийиш.  

Отчеттун электрондук түрү Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаны техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү зарыл. Жайгашкан МКК/МКАлардын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жазып алуучу башка жабдуулар (USB флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.” 

- 4-бөлүк төмөнкү мазмундагы 4.3-1-пункт менен толукталсын

«4.3-1. Республиканын башка областында жайгашкан МКК/МКАлар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө берүүгө тийиш. 

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү бул отчетторду Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө жөнөтөт.»