Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 24-апрелиндеги № 13\9 токтому  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №34/10 токтом менен бекитилген "Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 23-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме - "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды тааныштырсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 24-апрелиндеги № 13\9 токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №34/10 токтом менен бекитилген «Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

1). Нускоонун 2.7-пунктунда:  

- А пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Ушул Нускоонун 2.7.-1-пунктунда белгиленгендерден тышкары, башка операциялар, бир эле учурда ошол банк менен анын кызматкерлери болуп саналбаган, башка жактар - банк кардарлары жана кайсы болбосун башка жактар болуп саналбаган жактар ортосунда мына ушундай операциялар үчүн колдонулган шарттарга жана талаптарга салыштырганда жеңилдетилген болуп саналбаган шарттарда жана талаптарда гана ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай шарттар жана талаптар, атап айтканда төмөнкүдөй жол бербөөлөрдү да өзүнө камтыйт:»; 

 

- 2.7-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча «башка жактарды», «башка жактар менен», «башка жактарга», «башка жакка», «башка жакты» деген сөздөр «башка жактарды - ошол банктын кызматкерлери болуп саналышпаган жана банк менен байланыштуу болгон жана/же аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон кайсы болбосун башка жактар болуп саналбаган банк кардарлары;», «башка жактар менен - ошол банктын кызматкерлери болуп саналышпаган жана банк менен байланыштуу болгон жана/же аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон кайсы болбосун башка жактар болуп саналбаган банк кардарлары менен;», «башка жактарга - ошол банктын кызматкерлери болуп саналышпаган жана банк менен байланыштуу болгон жана/же аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон кайсы болбосун башка жактар болуп саналбаган банк кардарларга», «башка жакка - ошол банктын кызматкерлери болуп саналышпаган жана банк менен байланыштуу болгон жана/же аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон кайсы болбосун башка жактар болуп саналбаган банк кардарларга;», «башка жакты - ошол банктын кызматкерлери болуп саналышпаган жана банк менен байланыштуу болгон жана/же аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ болгон кайсы болбосун башка жактар болуп саналбаган банк кардарларды» деген сөздөргө тиешелүүлүгүнө жараша алмаштырылсын;»; 

- А пунктчасындагы абзацтардын номерлери «-» белгисине алмаштырылсын;  

- В пунктчасы «Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизме боюнча курамынан 2/3 көбү» деген сөздөр «банктын тобокелдик-менеджеринин инсайдерлер же аффилирленген жактар менен операцияларды жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер боюнча корутундусун эске алып» деген сөздөр менен толукталсын

- Г пунктчасындагы абзацтардын номерлери «-» белгисине алмаштырылсын;  

 

2) Нускоо төмөнкү мазмундагы 2.7.-1. 2.7.-5-пункттар менен толукталсын:  

«2.7.-1. Директорлор кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн, Шариат Кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн, ошондой эле банктын кызматкери болуп саналышпаган инсайдерлерди кошпогондо, кызматкерлерди социалдык коргоо программасына ылайык, банк инсайдерлерге (мындан ары инсайдерлер-банк кызматкерлери) кредиттерди берүүгө укуктуу. Аталган программада банк кызматкерлерин жана инсайдерлер-банк кызматкерлерин социалдык жактан коргоого алуу максатында бирдей шарттар каралышы зарыл. Мында, инсайдерлерди-банк кызматкерлерин кредиттөө шарттары эң аз дегенде, төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш

1) инсайдерлергебанк кызматкерлерине кредиттер турак-жай сатып алууга же курууга гана берилет

2) сатылып алынуучу же курулуп жаткан турак-жай кредит берилип жаткан инсайдердин-банк кызматкерининин менчик укугуна таандык болууга тийиш

3) сатылып алынган же кийинчерээк курулуп бүткөн турак-жайда кредит берилген инсайдер-банк кызматкери жана анын үй-бүлө мүчөлөрү (эгер болгон болсо) жашоого тийиш

4) кредиттин максималдуу өлчөмү он миллион сомдон ашпоого тийиш;  

5) кредиттин максималдуу өлчөмү сатылып алынган же курулуп жаткан турак-жайдын адилет наркынын сексен пайызынан ашпоого тийиш. Эгерде, сатылып алынган же курулуп жаткан турак-жайдын адилет наркынын кеминде кырк пайыз өлчөмүндөгү байланыштуу депозит түрүндө кошумча күрөө сунушталган шартта, сатылып алынган же курулуп жаткан турак-жайдын адилет наркынын жүз пайызы өлчөмүндө кредит берилиши мүмкүн

6) турак-жайдын адилет наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочулардын кызмат көрсөтүүлөрү пайдаланылат

7) сатылып алынган же курулуп жаткан турак-жай гана баштапкы күрөө катары кабыл алынат

8) инсайдерге-банк кызматкерине анын туугандары болуп саналган адамдардан турак-жай сатып алуусуна кредит берүүгө тыюу салынат.  

Банк менен инсайдер-банк кызматкеринин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим, инсайдер-банк кызматкери тарабынан ушул пункттун 1)-8) пунктчаларында каралган кредиттөө шарттары бузууга жол берилген учурда, кредиттик келишим ушул Нускоонун 2.7.-5-пунктунда каралган шарттарда өзгөртүлүүгө тийиш деген пункт каралышы зарыл.  

 

2.7.-2. Нускоонун 2.7-пунктунун В, Г жана Д пунктчаларынын жоболору ушул Нускоонун 2.7.-1.-пунктунда көрсөтүлгөн инсайдерлер менен операцияларга да таркатылат

 

2.7.-3. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган Банктын ички документ инсайдерлерди-банк кызматкерлерин кредиттөө жөнүндө жоболорду камтууга, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүгө жана эң аз дегенде аларда төмөнкүлөр каралууга тийиш:  

ушул Нускоонун 2.7.-1-пунктунда көрсөтүлгөн инсайдерлерине-банк кызматкерлерине берилген кредиттердин банктын кредит портфелинин жалпы көлөмүнө жана банктын таза суммардык капиталына карата үлүшү

кредиттердин түрү

кредиттин валютасы

кредиттин максималдуу өлчөмү

кредиттөө мөөнөтү

пайыздык чендер (баа түзүү); 

күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлери

 

2.7.-4. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салуучу Банктын ички документи Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле, Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:  

кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салуучу банктын ички документин анын актуалдуулугун жана банктын кредиттик саясатына ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн жыл сайын карап чыгууга

Банк Башкармасынын (же банктын башка ушу сыяктуу аткаруу органынын) кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салуучу банктын ички документинин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ишин контролдоого

 

2.7.-5. ушул Нускоонун 2.7.-1-пунктунда каралган инсайдерлер-банк кызматкерлери тарабынан кредиттөө шарттарын бузууга жол берилген шартта

Банк кемчиликтер аныкталган күнү кредиттик келишимде, бир эле учурда ошол банк менен анын кызматкерлери болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ кайсы болбосун башка жак болуп саналбаган башка жактар - банк кардарлары ортосунда мына ушундай операциялар үчүн колдонулган шарттарга жана талаптарга салыштырганда кыйла жеңилдетилген болуп саналбаган кредит берүү шарттарын жана талаптарын караган өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш;  

инсайдер-банк кызматкери кредит алынган күндөн тартып анан шарттары өзгөртүлгөн күнгө чейин келип чыккан пайыздар боюнча айырманы Банкка төлөп берүүгө тийиш

пайыздар боюнча айырманы төлөө кредит шарттары өзгөртүлгөн айдан кийинки айдан тартып кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графигинде каралууга тийиш.»; 

 

3) 2.9-пунктта «банктын башка кардарлары» деген сөздөр «банк кызматкерлеринен болуп саналбаган жана банк менен байланыштуу жана/же аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ кайсыл болбосун башка жак болуп саналбаган башка жактар - банк кардарлары» деген сөздөргө алмаштырылсын

 

4) 2.11-пункттун А пунктчасында «же Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмуна жана/же алардын Борбордук банктарына мүчө мамлекеттердин» деген сөздөр алынып салынсын.  

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №4/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

5.7-пункттун 5.7.1.-пунктчаcы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

«5.7.1. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан МФКлар, инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/8 токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык жүзөгө ашырышат. Инсайдерлер менен аффилирленген жактардын МФК алдындагы чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү, МФКнын өздүк капиталынын 60% ашпоого тийиш. ».