Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43 - беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом талаптары пилоттук долбоордун алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырууда «ЭкоИсламикБанк» ЖАКка да таркатыла тургандыгы белгиленсин.  

3. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 2-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 25-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн №6/4 “ЭкоБанк” ААКсында ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо тууралуу” токтом күчүн жоготкон катары таанылсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\13 токтому менен бекитилген 

 

“Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР  

1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана анын талабы мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан, ошондой эле операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктарга) таркатылат.  

2. Банктарда операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын түзүү, бул Жобонун максатынан болуп саналат.   

3. Кредиттик тобокелдик - бул, кардарлар/сунуштоочулар/өнөктөштөр (мындан ары - кардарлар) өз милдеттенмелерин келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткарбагандыгынан улам келип чыккан жоготуу тобокелдиги, анын кесепети банк капиталына же анын пайдасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Алгылыктуу натыйжа кардардын макулдашууларда жана/же келишимдерде каралган, банк алдындагы милдеттенмелерин аткарышына жараша аныкталган банк ишинин бардык түрлөрүндө кредиттик тобокелдик орун алышы ыктымал.  

Банктын кредиттик тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин, анын келип чыгуу себептерин иликтөө жана кредиттик тобокелдикти алардын негизинде болжолдоого жана аны алгылыктуу деңгээлге чейин минималдаштырууга мүмкүндүк берген ички жана тышкы факторлорду аныктоо - кредиттик тобокелдикти тескөөнүн негизги максатынан болуп саналат.  

4. Жобонун максатында кредиттик тобокелдикти камтыган активдер дегенден улам, ислам каржылоо принциптери боюнча жайгаштырылган активдерди түшүнүү зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган, чек ара аркылуу өтүүчү активдер - бул, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жүргүзүлүп жаткан ишкердикти каржылоо үчүн резиденттерге/резидент эместерге берилген активдер, мында резидент/резидент эместер түшүнүгү Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө” мыйзамында аныкталган түшүнүккө төп келет.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ар бир түрү өзгөчө мүнөздөмөлөргө ээ экендиги, айрым келишимдердин милдеттүү эмес мүнөзүнө жараша кредиттик тобокелдик, ички контролдукту жана тобокелдикти тескөөнү жүзөгө ашыруу үчүн активдин ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө бааланууга тийиш.  

5. Ушул Жобонун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары -Улуттук банк) башка ченемдик актыларынын талаптары банктын кредиттик тобокелдиктин тескөөгө алынышын жөнгө салуучу ички документтеринде толук чагылдырылууга тийиш.  

2-глава. ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИСЛАМ КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУГА ТИЕШЕЛҮҮ БАНКТЫН САЯСАТЫ 

6. Банк жүзөгө ашырууга ниеттенген ислам каржылоо принциптери боюнча продукттардын жана типтүү келишимдердин бардык түрү Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан, алгач Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

7. Банктын ислам каржылоо принциптери боюнча операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген анын ички саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.  

8. Банктын ислам каржылоо принциптери боюнча саясаты (мындан ары-Саясат) бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда, тариздентүүдө, тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө жана тескөөгө алууда банк кызматкерлери таянууга милдеттүү болгон стратегияны, критерийлерди, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктайт. 

9. Саясатта кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине тиешелүү болгон төмөнкүдөй жол-жоболор чагылдырылууга тийиш: 

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор:  

- инвесторлордун саны боюнча чектөөлөрдү кошо алганда, потенциалдуу кардарлардын/өнөктөштөрдүн курамы; 

- каржылоо максаттарына жана башка шарттарга жараша, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн;  

- каржылоонун сандык чектерин;  

- каржылоо мөөнөттөрүн;  

- кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлерин; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени жана аларды эсептөө ыкмаларын;  

- кардарлардын/өнөктөштөрдүн финансылык маалыматтарына карата талаптарын;  

- географиялык чектөөлөрдү

- актив берилүүчү валютаны белгилөө тартибин жана чектөөлөрдү;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин чектүү концентрацияланышы (кардарлардын/өнөктөштөрдүн топтору боюнча, географиялык белгиси, тармактар, валютасы жана башка факторлор боюнча);  

- инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга берилүүчү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чектөөлөрдү;  

- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоого даярдоо жол-жоболорунун сакталышы үчүн контролдукту жүзөгө ашыруу тартиби;  

- банк тарабынан кепилдик каттардын берилиши боюнча талаптар (2-тиркеме);  

- каржылоонун максималдуу портфелинин активдерге карата катышы;  

- каржылоо портфелиндеги активдин ар бир түрүнүн чектүү салыштырма салмагы;  

- жана башкалар.  

2) кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тариздөө тартиби, анын ичинде:  

- документтердин формалары;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо тартиби;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишин жактыруу тартиби;  

- финансылык талдап-иликтөөлөргө карата талаптар;  

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөөнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активге карата катышы, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери);  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин туура тариздетилишине контролдук кылуу тартиби. 

3) төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөө боюнча талаптар:  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди тескөө тартиби;  

- кардардын/өнөктөштүн досьесинин шайкеш жүргүзүлүшүнө карата талаптар;  

- келишимдердин аткарылышына контролдукту уюштуруу;  

- күрөөгө жүргүзүлгөн мониторингдин мезгил аралыгы;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерди узартуу же калыбына келтирүү шарттары;  

- классификациялоого жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүгө карата талаптар (РППУ);  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү процесси;  

- маалымат системаларына (отчеттуулукка) карата талаптар;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин тескөөгө алынышына контролдукту уюштурууга карата талаптар;  

- кредиттик тобокелдикке байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарга баа берүү үчүн стресс-тестирлөөнү жүргүзүүгө карата талаптар (3-тиркеме). 

4) кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин максималдуу суммасын жана түрүн көрсөтүү менен аларды сунуштоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо жана банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелерин кабыл алуу укугу, каржылоо учурунда кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарткан бир нече деңгээлдеги кызмат адамдарына бөлүштүрүлүүгө тийиш;  

5) каржылоо процессине катышкан түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда укуктардын өткөрүп берүү милдеттенмелери жана маалымат алмашуу  

6) жаңы банктык продукттар боюнча тобокелдиктерге баа берүү тартиби. Бардык жаңы продукттар боюнча тобокелдиктер, банк мындай продукттар рыногуна киргенге чейин аныкталууга, баа берилүүгө жана контролдонууга тийиш;  

7) кредиттик тобокелдикти камтыган “көйгөйлүү” активдерге байланыштуу жагдайларды аныктоо, иликтөөлөрдү жүргүзүү жана чечүү тартиби. 

 Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын чегинде банк, кардарлардын чөйрөсүн, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин түрүн өз алдынча аныктайт жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошуп эсептелген бааны/кирешени белгилейт.  

10. Банктын так жана кылдат иштелип чыккан Саясаты кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен туура иш алып барууга өбөлгө түзүп, банктын пайда алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.  

11. Банк Башкармасы Саясаттын жана стратегиянын аткарылышына жоопкерчиликтүү, ал үчүн банк ишинин процессинде кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын жана аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.  

12. Банктын Директорлор кеңеши орун алган тобокелдиктердин өзгөрүшүнө, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүн киргизилишине, банк операцияларынын татаалдыгына, каржылоо процессине таасир этиши мүмкүн болгон уюштуруу түзүмүнө жана кадр курамына өзгөртүүлөрдүн киргизилишине, ошондой эле республиканын жана банктын, анын кардарларынын/өнөктөрүнүн ишкердик байланышы түптөлгөн өлкөлөрдө каржылоо процесстерине таасирин этиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөргө жараша, Саясатты жана стратегияны жылына кеминде бир жолу кайрадан карап чыгууга милдеттүү

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер банктын Каржылоо боюнча комитети же ченемдик укуктук актыларга ылайык мындай укукту башка бирөөгө ыйгарып берүүгө укугу бар жактар тарабынан гана чечилүүгө тийиш.  

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү укугу кызмат адамдарынын бир нече деңгээли боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш, мындай адамдар каржылоо учурунда кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган ири активдерди жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына берүү, Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Банктын Директорлор кеңеши өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган ири активдердин, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына берилиши, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган чек ара аркылуу өтүүчү активдерди Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен жана/же банк алар боюнча жоготууга учураган активдер боюнча чечимдерди колдоого алгандагы үчүн жоопкерчилик тартат.  

Ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасынын 20 пайызынан көбүрөөк тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоодон болгон учурда да, банктын Директорлор кеңешинин жактыруусу талап кылынат. 

3-глава. ШАРИАТ КЕҢЕШИНИН РОЛУ  

13. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырууда бардык продукттарды сунуштоонун жалпы шарттары жана типтүү келишимдер, алардын Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде айкын бир келишим шарттарына, аларды өзгөртүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе, алар да Шариат кеңеши тарабынан жактырылышы зарыл.  

Эгерде, Шариат кеңеши тарабынан жактырылган типтүү келишимдин бардык олуттуу (негизги) шарттары өзгөртүлбөгөн болсо, келишим акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдүн мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын шарттарын тактоо максатында банктын Шариат кеңешине кошумча макулдашуусуз эле, өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган бардык активдер Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерүүгө алган ыйгарым укуктуу ички аудитор) тарабынан алардын Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан жактырылууга тийиш.  

14. Шариат кеңеши өз милдетин аткарууда банк жетекчилигинен көз карандысыз болууга тийиш. 

15. Шариат кеңешинин иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген “Шариат кеңеши жөнүндө” жобо менен жөнгө салынат.  

16. “Шариат кеңеши жөнүндө” жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин; 

- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин; 

- банктын Директорлор кеңеши, Башкармасы, Каржылоо боюнча комитети, Корпоративдик башкаруу боюнча комитет жана Аудит боюнча комитет менен өз ара иш алып баруу тартибин. 

17. Шариат кеңешине Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берген адистер кирүүгө тийиш. 

4-глава. БАНКТЫН КАРЖЫЛОО БОЮНЧА КОМИТЕТИ 

18. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган Каржылоо боюнча комитет банктын каржылоо боюнча саясатын жүзөгө ашырган орган болуп саналат.  

19. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди жана маңызы боюнча кредиттик тобокелдикти жана кредиттик жоготуу тобокелдигин камтыган активдер болуп саналган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү баардык маселелер Каржылоо боюнча комитет тарабынан гана чечилүүгө тийиш. Каржылоо боюнча комитет Банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына гана тиешелүү маселелерди эске албаганда, бул укугун башка жактарга ыйгара алат. Каржылоо боюнча комитет ошондой эле, Саясатка ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча ыйгарым укуктарды бөлүшүүгө тиешелүү маселелерди да карайт. Каржылоо боюнча комитет, өзүндө ири кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна коет. Банк Башкармасы ушул маселелер боюнча Директорлор кеңешинин чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы №40/1 токтому менен бекитилген “Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, жүзөгө ашырылуучу каржылоо чектери жөнүндө” нускоо талабына ылайык, бир кардардын банктын таза суммардык капиталынын 10 пайызынан ашкан чогуу алгандагы карызы ири тобокелдик катары каралат.  

20. Каржылоо боюнча комитеттин иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген “Банктын Каржылоо боюнча комитети жөнүндө” жобо аркылуу жөнгө салынат.  

21. “Банктын Каржылоо боюнча комитети жөнүндө” жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Каржылоо боюнча комитеттин ишин уюштуруу - комитеттин курамы, отурумдарын өткөрүү тартиби, чечимдери кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери; 

- Директорлор кеңешинин отчет берүү жана банк Башкармасы, Шариат кеңеши жана түзүмдүк бөлүмдөр менен каржылоо маселелери боюнча өз ара иш алып баруу тартиби; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ар бир мүчөсүнүн чечим кабыл алуу жана ага кол коюу боюнча жоопкерчилиги. 

22. Банктын Каржылоо боюнча комитети кеминде 5 мүчөдөн турууга тийиш, комитетти Башкарманын Төрагасы же анын орун басарларынын бири жетектейт. 

Каржылоо боюнча комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет:  

- банктын Каржылоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси; 

- банктын юридикалык кызматынын жетекчиси; 

- аткарган функционалдык милдети Каржылоо боюнча комитеттин ишине катышуу учурунда, таламдардын каршы келип калышына себеп болбогон банктын башка кызматкерлери. 

Тобокелдик менеджери Каржылоо боюнча комитеттин ишине аталган коллегиалдык орган тарабынан чечимдердин кабыл алынышы учурунда добуш берүүгө укуксуз, эксперттик пикирин билдирүү үчүн катыша алат.  

Комитеттин чечим кабыл алууга катышкан ар бир мүчөсүнүн: 

- кароого алынып жаткан маселенин маңызы боюнча толук маалыматы болууга тийиш; 

- кабыл алынган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин анык түшүнүүгө тийиш; 

- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдыгына жана кабыл алынган чечимдердин натыйжаларына баа бере алууга тийиш.  

Кароого алынып жаткан маселе боюнча сын-пикирин жана сунушун билдирген жана кабыл алынган чечимге макул болбогон комитет мүчөсү ал тууралуу добуш берүүдө ачык билдирип, протоколдо каттатууга тийиш. Протоколго комитеттин отурумга катышкан бардык мүчөлөрү жана катчысы кол коет. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү кабыл алынган чечимге кол коюп берүү менен таанышып чыгууга тийиш.  

23. Банктын тобокелдик менеджери эң аз дегенде ай сайын инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча тобокелдиктерге баа берүүнү кошо алганда, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча отчетторду Директорлор кеңешине сунуштап туруусу зарыл.  

 

 

5-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН АКТИВДЕРДИ СУНУШТОО БОЮНЧА ИШТИ УЮШТУРУУ 

§1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөлөр  

24. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча иш мындай активди алууга кардардын/өнөктөштүн билдирмесин банк алган учурдан тартып башталат. Берилген билдирмеде кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу максаты, талап кылынган сумма, алуу шарттары жана мөөнөтү, аны кайтарып берүү булагы жана күрөөгө тиешелүү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш (бул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана банктын ички документтеринде каралган учурларда гана). 

25. Банктар, кардарлар/өнөктөштөр жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга кардарлардан/өнөктөштөрдөн келип түшкөн билдирмелерди, билдирме боюнча кабыл алынган чечимге көз карандысыз, каттап турууга милдеттүү. Журналда ошондой эле, активдерди берүүдөн баш тарткан учурда, кардарга/өнөктөшкө ал тууралуу маалымдалгандыгы да чагылдырылышы зарыл. Журнал көктөлүүгө, номер коюлуп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш (4-тиркеме). Банкта маалыматтардын сакталышын, алардын архивинин түзүлүшүн камсыз кылган жана оңдоолордун киргизилишине мүмкүндүк бербеген коопсуздук системасы орнотулган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. Журналда чагылдырылган маалыматтар Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде түзүлгөн негизги документтердин сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн тизмеси жөнүндө” токтомуна ылайык, кеминде алты жыл сакталышы зарыл. 

26. Ар бир банкта кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартиби, ошондой эле мындай активди алуу ниетин билдирип кайрылган жактарга карата коюлуучу талаптар белгилениши зарыл. 

27. Эгерде, каржылоо боюнча адис же кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү чечимин кабыл алууга катышкан кайсыл бир жак потенциалдуу кардарга каршы таламга ээ болсо, анда мындай жак кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү чечимин кабыл алууда ага катышууга тийиш эмес.  

28. Кардар өз сын-пикирлерин жана сунуштарын кардарлардын даттануулары жана сунуштары чагылдырылган китепте (мындан ары - китеп) каттоого тийиш. Китеп номерленип, көктөлүүгө, ошондой эле банк Башкармасынын төрагасы же анын орун басарларынын бири тарабынан күбөлөндүрүлүп, ага банктын мөөрү басылууга тийиш. Китеп кеминде беш жыл сакталууда турат (5-тиркеме).  

Банк, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык талаптарды сактаган шартта, ошондой эле маалыматтар резервин түзүүнүн автоматташтырылган системасы жөнгө салынган болсо гана китепти электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет.  

Китепти сактоо мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде түзүлгөн негизги документтердин сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн тизмеси жөнүндө” токтомуна ылайык белгиленет. 

Бул учурда банк кардарлар тарабынан берилген маалыматтардын купуялуулугун гарантиялабайт, анткени сын-пикирлерин жана сунуштарын чагылдыруу үчүн андан банктын бардык кардарлары пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

29. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнү максатка ылайыктуулугун жана белгиленген талаптарга шайкештигин аныктоо үчүн каржылоо боюнча адис кардар/өнөктөштөн төмөнкү документтерди талап кылышы зарыл: 

- толтурулган анкетаны, анда кардар/өнөктөш (эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак болсо, андан юридикалык жактын жетекчиси) өзү жана ал жетектеген юридикалык жак тууралуу негизги маалыматтарды (юридикалык жак кайсыл багытта иш алып бараары, жетекчиликтин иш тажрыйбасы, ишкердиктин түрү, жүгүртүү каражаттарынын өлчөмү, бизнес боюнча негизги өнөктөштөр ж.б.) көрсөтүүгө тийиш; 

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же юридикалык жактын мөөрү басылган же болбосо мыйзам талабына ылайык мындай көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн болбогон шартта, жетекчинин кол тамгасы коюлган уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак болсо).; 

- эгерде кардар/өнөктөш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, тышкы аудитордун корутундусу менен акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчетту жана/же салык органдары кабыл алган жылдык финансылык отчетту (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо); 

- өткөн чейрек үчүн акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту кошо алганда, финансылык отчетту (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо); 

- мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо); 

- алынган каражаттарды пайдалануу боюнча экономикалык негиздемелерди камтыган бизнес-планды, өндүрүштүк, тармактык жана рыноктук болжолдуу планды (рынок шартын, орун алган бааны чечмелөө), кардар/өнөктөштүн акча каражаттарынын жылышынын болжолдуу планын, булактарды, мөөнөттөрдү жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабуу боюнча иш-чаралар планын (эгерде кардар/өнөктөш юридикалык жак болсо); 

- рыноктук наркын, баа берүү күнүн, ким тарабынан баа берилгендигин, каттоодон өткөндүгүнүн далилдерин, күрөөнүн жайгашкан ордун, ээлик кылууну тастыктаган документтерди жана банктын ички документтерине ылайык, башка документтерди көрсөтүү менен күрөөгө коюлган мүлктүн описин (болгон болсо);  

- гарантты (алуучуну) көрсөтүү менен гарантияны (кепилдикти), гарантия суммасын, гаранттын финансылык отчетун ж.б. (эгерде банк гарантиянын (кепилдиктин) берилишин талап кылса); 

- ким экендигин тастыктаган документти (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо); 

- акыркы 12 ай үчүн эмгек акысы тууралуу маалымкатты (каржылоо суммасы 100 000 сомдон ашпаса, 6 ай үчүн) же киреше тууралуу маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо). 

Жогоруда белгиленген документтерден тышкары чечим кабыл алуу үчүн банк зарыл деп эсептеген башка документтерди (контракттарды, келишимдерди, сунуштама каттарды ж.б.) да талап кылышы мүмкүн. 

30. Банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштоодо банк төмөнкү укуктарды кошо алганда, кардарлардын/өнөктөштөрдүн укуктарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш: 

- кардар/өнөктөштүн келишимге кол койгондон кийин акча каражаттарын алганга чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан акысыз негизде баш тартуу укугунун (банк тарабынан каржылоонун алкагында активдерге ээ болгон учурду эске албаганда); 

- кардар/өнөктөштүн келишимге кол койгонго чейин ага тиешелүү документтери менен кошо келишим долборун колуна алып, юридикалык консультация алуу үчүн банктан сырткары кайрылууга укугунун. Мында кардар/өнөктөшкө келишим менен таанышуу үчүн берилген убакыт аралыгы кеминде бир күн, бирок үч күндөн ашпоого тийиш; 

- кардардын/өнөктөштүн кредиттик тобокелдикти камтыган активди пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен банкка кайрылуу укугунун; 

- эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасынын 50% көбүрөөгүнүн орду жабылган болсо, кардар/өнөктөшкө сунушталган күрөөнү, банктын ички документтерине ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча карызынын калган суммасын жаба алгандай нарктагы башка күрөөгө алмаштыруу укугунун. 

31. Банктын каржылоо боюнча ишинин ачык-айкындуулугун арттыруу жана кардарлар/өнөктөштөр аларды тейлеген жеринде каржылоо шарттары менен кылдат таанышып чыгуусу максатында, каржылоо шарттары жана тартиби, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн зарыл болгон тиешелүү документтердин тизмеги, каржылоо процессин жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жана банктын ички ченемдик документтердин тизмеги жөнүндө ачык маалыматты камтыган такталар көрүнүктүү жерде жайгаштырылышы зарыл. Такталарда ошондой эле, кардар/өнөктөштөрдүн укуктары, банкта даттануулар жана сунуш-пикирлер чагылдырылган китептин бардыгы жана кардарлар/өнөктөштөр үчүн зарыл болгон башка маалыматтар да чагылдырылууга тийиш. 

32. Банк кызматкерлери кардарлар менен функционалдык милдеттеринин алкагында гана иш алып барууга тийиш. Мындан тышкары, алар кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүдө сый акы үчүн ортомчу катары иш алып барууга укугу жок.  

33. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүгө байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерди өзүнө алуу менен банк, мындай актив берилгенге чейин сыяктуу эле, кийин да - каражаттар банкка толук кайтарылып берилгенге чейин кардар/өнөктөш тарабынан берилген маалыматтардын толуктугун жана тактыгын текшерип турууга тийиш. 

34. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөлөр банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган саясатка негизденип, анда төмөнкү негизги факторлорго көңүл бурулушу зарыл: 

- каржылоону алуу укугу. Каржылоо боюнча адис кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана тиешелүү келишимге кол коюуга укуктуу экендигине анык ынаанууга тийиш; 

- кардар/өнөктөштүн мүнөзү. Каржылоо боюнча адис кардар/өнөктөш каржылоону алууга жоопкерчиликтүү менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч -аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардардын кредиттик таржымалын, ал ушул банкта же башка финансы-кредит мекемесинде буга чейин кредиттерден (насыялардан) же кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кандайча кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын (өз милдеттенмелерин) аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Мындан тышкары, анын адамгерчилик аброюна, кесиптик деңгээлине да көңүл буруп, башка кредиттик мекемелерден алынган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды, ошондой эле кредиттик бюродон маалыматтарды талап кылуусу зарыл. Мындан тышкары, кардар/өнөктөштүн ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароого алуу маанилүү

- акча каражаттары. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзгөн каржылоо боюнча адис төмөнкүдөй эң негизги суроолорго жооп бериши зарыл: кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабуу үчүн киреше же нак акчанын түшүүсү сыяктуу, жетиштүү акча каражаттарын ала алабы? Кардардын/өнөктөштүн акча каражаттарына баа берүүдө каржылоо боюнча адис буга чейин анын туруктуу өсүшкө ээ болгон пайдасы болгонбу же сатуу көлөмү канча, мындай ийгилик келишим мөөнөтү ичинде да туруктуу сакталабы? - мына ушул жагдайларды тактоого тийиш; 

- күрөөлүк камсыздоо. Күрөөгө баа берүүдө каржылоо боюнча адис кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча зарыл камсыздоону сунуштоосу үчүн кардар/өнөктөш талаптагыдай активдерге ээби же жокпу, мына ушул жагдайды да териштирүүсү зарыл. Банк, күрөөгө көз карандысыз баа берүүнү жүргүзүү чечимин кабыл алышы да мүмкүн; 

- гарантия (кепилдик). Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин камсыздоосу катары гарантия (кепилдик) колдонулса, анда гарантты (кепилдик берүүчүнү) иликтөө иштерин жүргүзүп, анын кесиптик аброюн, төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, жоопкерчиликтүүлүгүн жана өз милдеттенмесин аткарууга даяр экендигин тактоо зарыл; 

- чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги. Мында чогуу жоопкерчиликтүү топ дегенден улам, пайда алуу максатында ишкердик менен алектенген катышуучулардын-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) өз эрки боюнча биригүүсүн түшүнүү зарыл. Мында, бул топтун мүчөлөрү ар биринин милдеттенмелерди аткарылышына биргелешип кепилдик берип, кандай болбосун шартта алынган акча каражаттарынын толук кайтарылып берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чогуу жоопкерчилик тартышат. 

35. Каржылоо боюнча адис ушул жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо жана/же тактоо максатында, потенциалдуу кардар/өнөктөш менен баарлаштууга тийиш. 

36. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга келип түшкөн билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзгөндөн кийин банктын каржылоо боюнча адиси кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча негиздеме чагылдырылган корутундуну даярдап, аны кардар/өнөктөштүн билдирмеси жана ушул жобонун, банктын ички документтеринин талаптарына ылайык кардар/өнөктөш банктын талабы боюнча сунуштоого тийиш болгон документтер менен бирге Каржылоо боюнча комитеттин кароосуна сунуштоосу зарыл.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүдөн баш тарткан учурда каржылоо боюнча адис корутундуда анын себептерин көрсөтүү менен мындай чечимдин кабыл алынышын негиздеп, ошондой эле кабыл алынган чечим тууралуу банкта белгиленген тартипке ылайык, кардар/өнөктөшкө маалымдоого тийиш. 

37. Эгерде билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээлдеги жоопкерчиликтүү кызматкерлер берүүгө ыйгарым укуктуу болгон суммадан ашпаса жана алгылыктуу чечим кабыл алынган болсо, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү процессин тариздетүү жол-жобосу башталат.  

38. Эгерде билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээлдеги жоопкерчиликтүү кызматкерлер берүүгө ыйгарым укуктуу болгон суммадан ашып кетсе, анда тиешелүү корутунду ошол суммага кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү маселесин чечүү алардын ыйгарым укугуна кирген кызматкерлердин же коллегиалдуу органдын кароосуна сунушталат. Мына ушундай сунуш-көрсөтмөнүн негизинде тиешелүү деңгээлдеги ыйгарым укукка ээ кызматкерлер мындай активди берүү маселесин так чечүүгө тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта корутунду жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлүшү же кардар/өнөктөш жөнүндө кошумча маалыматтар талап кылынышы же болбосо аны менен дагы жолугушуп, сүйлөшүүнү кошо алганда, кардар/өнөктөш боюнча өз алдынча иликтөөлөр жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү чечими, бардык документтер толук иликтөөгө алынгандан кийин гана кабыл алынат. 

39. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кардар/өнөктөшкө берүү маселеси алгылыктуу чечилген шартта, андан алынган документтер боюнча кардар/өнөктөштүн досьеси түзүлүп, ага ошол активге тиешелүү баардык документтер сыяктуу эле, келечекте берилүүчү мындай активдер боюнча документтер да көктөлүп турат (кардар/өнөктөштүн досьесине карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген).  

40. Кардар/өнөктөштүн досьесинде баардык жолугушуулар, аңгемелешүүлөр, телефон аркылуу сүйлөшүүлөр катталып, күрөөнүн бардыгы жана анын абалына жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча корутундулар тиркелип, сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмуну, ошондой эле кредиттик тобокелдикти камтыган ошол активдерге байланыштуу баардык кат-кабарлар көрсөтүлүүгө тийиш.  

§2. Каржылоо келишимин түзүү 

41. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү тууралуу алгылыктуу чечим кабыл алынып, алар менен бардык шарттар талкуулангандан кийин кардар/өнөктөш менен келишим түзүлөт.  

42. Банктын кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрү) тизмеги кошо тиркелген, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишим, ошондой эле башка макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде (банктын кардарына/өнөктөшүнө тилди тандоо укугун берүү менен) түзүлөт, мында келишимдин тексти кардардын/өнөктөштүн кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш. Кардардын/өнөктөштүн келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш. Бардык тиркемелери менен келишимдин бүтүндөй тексти бирдей тамгада терилип, анын өлчөмү кеминде 12ни түзүүгө тийиш.  

43. Келишимди түзүүдө кредиттик тобокелдикти камтыган актив берилип жана төлөнө турган бардык шарттар, кийинчерээк аны кайтарып берүүдө көйгөйлөрдүн орун алышы ыктымалдуулугуна жол бербөө үчүн макулдашылышы зарыл. Келишимде кардарга маалымдоо мөөнөтү белгиленип, ошондой эле айкын статьялардын чектелген тизмегин, аларды максималдуу/минималдуу өзгөртүү чектерин көрсөтүү менен мындай укук түздөн-түз чагылдырылган учурларды эске албаганда банк, келишимдин алгачкы шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө укугу жок. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди план боюнча төлөө, ал боюнча кошуп эсептелгендердин/кирешенин графигин түзүү учурунда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максатына жана кардар/өнөктөштүн бизнесинин мүнөзүнө, алар тарабынан сунушталган жана банк тарабынан текшерилген бизнес-планга жана акча каражаттарынын жылышын болжолдоолорго таянуу максатка ылайыктуу болуп саналат.  

44. Келишимде эң аз дегенде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- тараптардын аталышы;  

- келишим предмети;  

- келишимди колдонуу мезгил аралыгы;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүүнүн негизги шарттары - суммасы, төлөө мөөнөтү, камсыздоосу, ал боюнча кошуп эсептелген сумма/киреше жана эсептөө ыкмалары; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаттуу багытталышы;  

- тараптардын укуктары жана милдеттери;  

- кардар/өнөктөш тууралуу маалыматты кредиттик бюрого берүү шарттары;  

- кайсы бир тарап өз милдеттенмелер шартын бузгандыгы үчүн санкциялар, келишим токтотулган учурлар жана токтотуу шарттары.  

45. Банктын кардар/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн), ушул жобого карата 6-тиркемеге ылайык таблица формасында түзүлгөн тизмеги, банк менен кардар/өнөктөш ортосунда түзүлгөн келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

Банк бул тизмени кардарга берүүгө жана аны менен тааныштырууга, ал эми зарылчылык келип чыккан учурда кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активди эсептөө тартибин, туумдар, айыптык төлөмдөр боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн колун койдуруу менен макулдугун алууга тийиш.  

Банк, кардарларынын/өнөктөштөрүнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү, пайдалануу жана кайтарып берүүгө байланыштуу бардык чыгашаларын, анын ичинде үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү (эгерде бул кызматтар банк тарабынан сунушталса, камсыздандыруу, нотариус ж.б. кызматтары үчүн төлөөлөр) келишимге жана ички жол-жоболоруна ылайык көрсөтүүгө тийиш. Банк, мындай кызматтарды сунуштабаган учурларда, ал кардардын/өнөктөштүн кабардар болуусу үчүн чыгашалар үчүнчү жактардын пайдасына сарпталган чыгаша болуп саналаарын жана баалар келечекте өзгөрө тургандыгын көрсөтүү аркылуу чыгашалар наркын үчүнчү жактардын келишим түзүлгөн күнгө карата колдонуудагы тарифтери боюнча көрсөтүүгө тийиш.  

Мындан тышкары келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- эгерде кардар/өнөктөш жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналса, анын жубайы/жолдошу, ата-энеси жана балдары тарабынан алынган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди кошо алганда, башка финансы-кредиттик мекемелерден алынган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана алар тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган бул активдер боюнча келишим шарттары сакталгандыгы тууралуу маалыматтарды кеминде жарым жылда бир жолу сунуштап туруу милдети;  

- банктардын кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандыгы жана кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча келишим шарттары сакталгандыгы тууралуу маалыматты кардардын/өнөктөштүн талабы боюнча, аны башка финансы-кредиттик мекемеге берүүсү үчүн 3 жумуш күнү ичинде берүү милдети;  

- кардардын/өнөктөштүн-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин кредиттик тобокелдикти камтыган активи боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосунун башталгандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөндөн 15 күн өткөндөн кийин айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети; 

- келишим шарттары мөөнөтүнөн мурда, талаптагыдай аткарылган учурда үстөк кошулган сумма боюнча жеңилдик алуу өтүнүч менен кардардын банкка кайрылууга укугу (анын ичинде төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөй калышына жол берилбеген учурда). 

46.  Кардар/өнөктөш менен биргеликте төлөө тартибин жана мөөнөттөрүн так чагылдыруу менен карызды төлөөнүн болжолдуу графигин иштеп чыгуу жана бекитүү. Бул график келишимге кошо тиркелүүгө тийиш.  

47.  Келишимде кардар/өнөктөш тарабынан финансылык отчеттун мезгил-мезгили менен берилип турушу каралышы маанилүү, анткени банк анын негизинде кардардын/өнөктөштүн ишинин сунушталган бизнес-планга, каражаттардын болжолдоолоруна, кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн болжолдуу графигине ылайык жүргүзүлүшүнө көз салып турат. 

48. Келишимде четтетүүгө мүмкүн болбогон (форс-мажор) кесепеттүү жагдайлардын орун алышы жана бул учурда аракеттерди көрүү тартиби каралууга тийиш. 

Форс-мажордук жагдайларга бөөдө кырсыктары (суу ташкындарын, жердин силкинүүсүн, өрттүн чыгышын жана башка жаратылыш жана техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө абалдын киргизилишин, массалык баш аламандык, согуштук аракеттерди жана булар менен эле чектелип калбаган башка кесепеттүү жагдайларды кошууга болот. 

49. Бардык тиркемелери менен кошо келишимдин ар бир барагына кардар/өнөктөш кол коюуга тийиш, келишим көктөлүп, номерленип, ага банктын мөөрү басылып, кардардын/өнөктөш кол коюусу зарыл.  

Банк кардардан/өнөктөштөн анын келишимдин бардык шарттары менен таанышкандыгы жана алар кардар/өнөктөшкө түшүнүктүү экендиги жана белгиленген шарттарга толук макул экендиги тууралуу тил кат алууга же кардар/өнөктөш тарабынан келишимде бул тууралуу чагылдырылышы зарыл. Тил кат (эгер алынган болсо) кардардын/өнөктөштүн досьесине көктөлөт. 

50. Түзүлгөн келишимдин нускаларынын саны, аны түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишим түзгөн ар бир тарап, келишимдин бардык тараптар кол койгон түп нускасын алуусу зарыл. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына каршы келбөөгө тийиш. Банк кардардан/өнөктөштөн келишимдин түп нускасын алгандыгы тууралуу тил кат алуусу зарыл.  

§3. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылып берилишин камсыз кылуу  

51. Кредиттик тобокелдикти камтыган банктык активдер камсыздалган болушу же  камсыздоосуз (бланктык негизде) сунушталышы мүмкүн.  

52. Ушул жобонун максаттарында кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө булактары баштапкы жана экинчи болуп бөлүнөт:  

1) кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабууга багытталган акча каражаттары, ошондой эле өндүрүштүк иштин жүрүшүндө, кызмат көрсөтүүдө, иштерди аткарууда жана башка кадимки иштин жүрүшүндө нак жана нак эмес формадагы түшкөн кирешелер (юридикалык жактар үчүн), ал эми жеке адамдар үчүн эмгек акы жана башка акчалай түшүүлөр - баштапкы булактан болуп саналат; 

2) күрөөгө коюлган мүлктү, банктын кардарды/өнөктөштү каржылоонун алкагында сатып алган мүлкүн сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар, кепил болуучу жана гарант тарабынан каражаттардын чегерилиши - экинчи булактан болуп саналат.  

53. Каржылоого билдирмени кароодо жана аны сунуштоо шарттарын бекитүүдө эң оболу, биринчи булакка таянуу зарыл, мында төлөөнүн экинчи булагына гана таянууга болбойт. Ошондуктан, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени кароо процессинде кардардын/өнөктөштүн акчалай агымдарына жүргүзүлгөн иликтөөлөргө, ошол кардардын/өнөктөштүн (эгерде кардар/өнөктөш -резидент эмес болсо, анын бизнеси Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүгө тийиш) иштеп жактан тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү келечектерине, алардын сунуштоочулар жана сатып алуучулар менен мамилелеринин абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү ишкердик Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.  

54. Экинчи булактар, эгерде кайтарылышы жагында көйгөйлөр келип чыкса, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын кошумча гарантиялар менен камсыздоо үчүн зарыл болот. Мындай камсыздоонун катарына төмөнкүлөр кирет: банк тарабынан кардарды каржылоонун алкагында сатылып алынган активге карата банктын менчик укугу, мүлктүк жана укуктук күрөө, талаптарды жана укуктарды ыйгарып өткөрүп берүү, гарантиялар жана кепилдиктер, адамдар тобунун жазуу жүзүндөгү келишимдин негизинде биргелешип жоопкерчилиги жана камсыздоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган башка ыкмалары.  

Банктын Каржылоо боюнча комитети кредиттик тобокелдикти басаңдатуу максатында Шариат кеңешине кайрыла алат, ал айрым учурларда кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бере алат.  

55. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн экинчи булагы катары мүлктүк күрөө, тараптар кол койгон жана кардар өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда күрөөлүк мүлктүн наркынан талаптарын канааттандырып алууга банктын артыкчылыктуу укугун тастыктаган күрөө келишими тариздетилет.  

Кардардан кыймылсыз мүлк боюнча ага менчик укугунда таандык болгон жана анын бирден-бир жашап турган турак жайы болуп саналган (кардардын жазуу жүзүндөгү билдирмесинде чагылдырылган маалыматына ылайык) жана анда анын үй-бүлө мүчөлөрү жашаган жана катталган батири же үйү күрөө катары кабыл алынса,  банк кардардын ишке жарамдуу курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштеген жерине жана кирешесине, ошондой эле мындай учурда кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө байланыштуу ар кандай тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгына өзгөчө көңүл буруусу зарыл.  

56. Күрөө келишими мамлекеттик же расмий тилдерде (банктын кардарына келишим түзүлө турган тилди тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт, мында анын тексти кардарлар үчүн түшүнүктүү, ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш.  

57. Күрөө келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

- күрөө предмети жана анын бааланган наркы;  

- келишим тараптары; 

- кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган шартта - андан улам мүлк укукту тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен күрөө коюучуга таандык болгон укук;  

- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү;  

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү;  

- кардар/өнөктөш тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив кайтарылбаган шартта, күрөөнүн банктын менчигине өтүү шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тараптардын күрөөгө карата башка талаптары жана милдеттери.  

58. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Сертификаттар, күбөлүк жана башка зарыл болчу техникалык документтер да күрөө келишимине кошо тиркелиши мүмкүн. Күрөө келишими Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тариздетилүүгө тийиш, эгерде күрөө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон келишим боюнча милдеттенмени камсыз кылса, ал нотариалдык жактан тастыкталууга тийиш. Түп нускалардын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбошу керек.   

59. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив кардардын/өнөктөштүн ошол эле банкта сакталган депозитинин күрөөсү алдында берилсе, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасына барабар суммадагы депозиттерди (жана ал боюнча кошуп эсептелинген суммага/кирешеге) күрөөгө кабыл алуу максатка ылайыктуу, ошондой эле күрөө келишиминде банк кардар/өнөктөш өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда андан акцептсиз тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу экендиги чагылдыруу зарыл.  

60. Эгерде, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча күрөөлүк камсыздоо болуп саналган, банкка депозит түрүндө салынган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин бөлүгүн бир эле учурда жайгаштыруу кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү шартынан болуп саналса жана мында кошуп эсептөө/киреше жайгаштырылган депозиттин суммасынан алынып салынбастан, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин жалпы суммасынан кармала турган болсо, анда мындай депозит боюнча кардардын кирешеси кредиттик тобокелдикти камтыган ошол актив боюнча кирешенин деңгээлинде болууга тийиш.  

Бул депозит банк тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн колдонулууга тийиш, ал депозит күрөөсү жөнүндө келишимде каралышы зарыл. Мында, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр (негизги сумма жана киреше боюнча төлөмдөрдү кошо алганда) мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары эсептелбейт жана банктын, эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде кардар тарабынан төлөнбөсө, кардарга карата айыптык санкцияларды колдонууга укугу жок.  

61. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү бир системасынын жөнгө салынышын болжолдойт: күрөөнүн абалына иликтөөлөр жүргүзүлүп, ага баа берилип, күрөөнү күтүү шарттарын жана ага жүргүзүлгөн мониторингди контролдоо планы түзүлүүгө тийиш, ошондой эле тиешелүү документтердин болушу да талап кылынат (күрөөлүк документтерге карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

Кардар/өнөктөштүн күрөөнү сатып өткөрүү наркынан канааттандырылбаган, келип чыгышы мүмкүн болгон кине коюуларынан өзүн чектөө максатында, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирмеде көрсөтүлгөн милдеттенмелерди өз эрки боюнча аткаруу мөөнөтү бүткөндөн кийинки 1 же андан ашкан ай ичинде күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатып алуучуну өз алдынча издөөнү кардар/өнөктөшкө сунуш кылышы мүмкүн.  

62. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосу катары гарантиялар жана кепилдиктер колдонулса, анда ал төлөй албаган шартта, кардар/өнөктөш үчүн мүлктүк жоопкерчилик эрежедегидей эле үчүнчү жакка жүктөлөт. Кредиттик тобокелдикти камтыган жана гарантия же кепилдик менен камсыздалган активди берүүдө банк, зарылчылык келип чыккан шартта карызды төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн гаранттын же кепил болуучунун финансылык абалы тууралуу толук маалыматка ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, кол коюшкан жактардын кол тамгаларынын аныктыгын жана укукка ээ экендиктерин кылдат текшерүү талап кылынат.  

63. Кредиттик тобокелдикти камтыган, күрөөнүн болушун болжолдобогон активдер бланктык болуп эсептелинет жана анын ишкердик аброюна, киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде гана төлөөгө жөндөмдүү кардарга/өнөктөшкө (резидентке гана) берилет. Кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүү кеңири жайылтылган тажрыйба болбоого тийиш. Күрөө менен камсыздалбаган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук Банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөн, 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобого ылайык, банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

Кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активдерди берүүдө банк, кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сапаттуу финансылык отчету, анын кредиттик таржымалы жана кредиттик тобокелдикти камтыган бланктык активди берүүгө чейинки узак убакыт ичиндеги (кеминде 2 жыл) ошол кардарды/өнөктөштү каржылоо боюнча иш жагдайы менен танышып чыгууга тийиш.  

64. Банк кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди төмөнкү учурларда гана кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн (кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер) кепилдиги алдында берүүгө укуктуу:  

- Шариат кеңеши жана банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо боюнча саясаттын (Саясаттын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик документтердин (билдирмелерди кароо/ жактыруу/баш тартуу жол-жобосу, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди каржылоо процесси, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерге мониторинг жүргүзүү шарттары, классификациялоо) болушу. Ошону менен бирге эле Саясатта актив, төлөө графигине ылайык кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдү төлөө үчүн кирешеси жеткиликтүү болгон жактарга бериле тургандыгы белгиленүүгө тийиш. Банктын кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер менен жүргүзүлгөн ишти жөнгө салган ички документтеринде банктык продукттун ушул түрүнө мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер көрсөтүлүп, ошондой эле бул тобокелдиктерди басаңдатуу жана кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин толук кайтарымдуулугун камсыз кылуу жолдору жана ыкмалары каралышы зарыл;  

- банктын кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди берүүгө жазуу жүзүндөгү ниети Улуттук банкка макулдашылгандан кийин;  

- каржылоонун бул секторунда тажрыйбага ээ, квалификациялуу персоналдын болушу.  

65. Банк, ушул Жобонун 66-пунктуна ылайык топтук каржылоо боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү нормативин эсептөөнү, төмөнкү шарттардын бардыгы сакталган учурда жүзөгө ашырууга укуктуу:  

- чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерди берүү боюнча банктын кеминде 2 жылдык алгылыктуу иш тажрыйбасынын болушу;  

- эгерде, кредиттик тобокелдикти камтыган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн топтук активдердин үлүшү, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдердин жалпы көлөмүндө эки жыл ичинде 5 пайыздан ашпаса.  

66. Күрөө менен камсыздалбаган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө, чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги астында берилген, кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдер, эгерде алар төмөнкү критерийлерге жооп берсе эске алынбайт:  

- топтун ар бир мүчөсүнө берилген, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы 150 000 сомдон ашпайт, ал эми кошо жоопкерчиликтүү топ тарабынан берилген каржылоонун чогуу алгандагы суммасы 1 500000 сомдон ашпаганды түзөт;  

- чогуу жоопкерчиликтүү топтун банктан каржылоону алышкан мүчөлөрү банктын аффилирленген жактарынан жана инсайдерлеринен болуп саналышпайт;  

- банк кредиттик тобокелдикти камтыган топтук активдерге карата активдердин атайын классификациясын жана Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартындагы №5/6 токтому менен бекитилген белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайы классификациясын колдонуунун убактылуу тартибине ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун  жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөрдү эсептөөнү колдонот. 

6-ГЛАВА. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН АКТИВДЕРГЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МОНИТОРИНГ  

67. Келишим түзүлүп, кардар/өнөктөш кредиттик тобокелдикти камтыган  активди алгандан кийин банк, кредиттик тобокелдикти камтыган активге жана кардардын/өнөктөштүн абалына туруктуу мониторингди жүзөгө ашырып туруусу зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин өз убагында төлөнүшүн, кошуп эсептелинген сумманын/кирешенин төлөнүп берилишин жана көйгөйлөрдүн баштапкы стадияда эле аныкталышын камсыз кылуу - мониторингдин башкы максатынан болуп саналат.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив Улуттук банктын талаптарына ылайык кошуп эсептөөнү/кирешени чегербөө статусунда турса, бул актив боюнча төлөмдөр эң оболу, төлөө графигине ылайык карыздын негизги суммасын, андан соң кошуп эсептелген сумманы/кирешени, ал эми калган бөлүгү айыптык санкцияларды/туумдарды төлөөгө кабыл алынат.  

68. Каржылоо боюнча адис мезгил-мезгили менен бирок, чейрек ичинде кеминде бир жолу кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча отчет түзүүгө тийиш, анда активдин сапаты, келишим шарттарынын сакталышы, кардардын/өнөктөштүн финансылык абалы баяндалып, активдин канчалык деңгээлде камсыз болгондугу тиешелүү тастыктоочу документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Көйгөйдүн орун алгандыгы аныкталган шартта, каржылоо боюнча адис банк жетекчилигине ал тууралуу дароо билдирип, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта активдердин сунушталган жаңы классификациясын сунуштоого тийиш. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр мөөнөтүндө төлөнбөгөн же кредиттик тобокелдикти камтыган активдин классификациясы начарлаган шартта, мындай активге ар айлык негизде мониторинг жүргүзүп туруу талап кылынат.  

69. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоо, активдерди берүү процессине катышпаган адамдар тарабынан жүргүзүлгөн  көз карандысыз баа берүүнүн негизинде ишке ашырылат.  

70. Банк, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү системасын төмөнкүлөрдүн негизинде иштеп чыгууга жана жайылтууга тийиш: 

- кардардын/өнөктөштүн төлөмдөрүнүн реалдуу графигине жана анын пландык графикке ылайык келүүсүнө

- кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча камсыздоонун сапатына жана абалына;  

- тиешелүү документтердин толуктугуна жана сунушталган кайсы болбосун камсыздоону өз тескөөсүнө алынышы жана өз укуктарынын жана таламдарынын сот аркылуу корголушу укугунун ишке ашырылышына;  

- кардардын/өнөктөштүн финансылык абалындагы өзгөрүүлөргө баа берилишине;  

- классификациялоону кошо алганда, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына баа берүүнүн тууралыгына;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган берилген активдердин лимиттеринин сакталышына;  

- маалымат системаларынын (банктын жетекчилигине, Директорлор кеңешине жана Шариат кеңешине отчет берүүнүн) сапатына жана шайкештигине;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган, сунушталган активдин банк саясатына, Улуттук банктын жол-жоболоруна жана ченемдик талаптарына ылайык келишине баа берүүгө;  

- Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө баа берүүгө;  

- документтер менен тастыкталган (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б), кредиттик тобокелдикти камтыган активдин каржылоо максаттарына жараша максаттуу пайдаланылышына баа берүүгө

71. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге көз карандысыз баа берүү, банктын кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү процессинен көз карандысыз болгон өз алдынча бөлүмү же кызматкери тарабынан жүргүзүлүшү зарыл. Активдердин Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө көз карандысыз баа берүү Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүргүзүлүшүнө жоопкерчиликтүү болгон бөлүм (же Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор) тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көз карандысыз баа берүүнүн натыйжалары айына кеминде бир жолу Каржылоо боюнча комитетке, Банк Башкармасына, банктын Директорлор кеңешине жана Шариат кеңешине берилип турууга тийиш.  

72. Келишимдин колдонуудагы мөөнөтү ичинде кардардан/өнөктөштөн жана ага кепил болуучудан (гаранттан) белгиленген мезгил ичинде финансылык отчеттуулук боюнча документтер талап кылынып, аларга кылдат иликтөөлөр жүргүзүлүшү зарыл.  

73. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына туруктуу контролдук жүргүзүп туруу жана анын күндөлүк наркынын өзгөрүүгө учуроо ыктымалдыгын аныктоо максатында банк, мезгил-мезгили менен бирок жарым жылда кеминде бир жолу күрөөнүн абалына сакталып турган жана жайгашкан жери боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мониторинг жүргүзүп туруу мезгили банк тарабынан тиешелүү саясатка ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына жана башка факторлорго жараша ишке ашырылат. Мында, күрөөлүк мүлктүн сакталышы үчүн банк тарабынан контролдуктун камсыз кылынышы, милдеттүү түрдө аткарылуучу шарт болуп саналат. Мындан тышкары, төмөнкү учурларга да көңүл буруу талап кылынат:  

- камсыздоонун рыноктук наркынын төмөндөбөгөндүгүнө;  

- акыркы текшерүүдөн бери күрөө ликвиддүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттаган кандайдыр-бир факторлор орун албагандыгына;  

- күрөөнүн сакталышы талаптагыдай камсыз кылынгандыгына.  

Мына ушул чаралардын бардыгы келип кардардын/өнөктөштүн абалынын демек, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоо тенденциясын аныктоого мүмкүндүк берет. Мындай тенденциялар канчалык тез аныкталса, банк түптөлгөн жагдайды четтетүү жана өз таламынын корголушун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды ошончолук тезирээк кабыл ала алат.   

74. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлашын тастыктаган белгилерге төмөнкүлөр кирет:  

- кардардын/өнөктөштүн банк менен байланышуудан кылчактап качуусу;  

- финансылык абалы тууралуу маалыматтын өз убагынан кечиктирилип, толук эмес жана үстүртөн берилиши, ошондой эле сунушталган маалыматтардын анык эместиги тууралуу шектенүүлөрдүн орун алышы;  

- кардардын/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлоосу;  

- каражаттардын жылышынын сунушталган болжолдоолору менен бизнес пландын ортосунда ажырымдын келип чыгышы;  

- негизги сумманын же кирешелердин өз убагында төлөнбөшү;  

- мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылуусу;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максатсыз пайдаланылышы;  

- менчиктин өткөрүлүп берилиши жана сатылышы;  

- кардар/өнөктөш тууралуу кандайдыр бир булактардан терс маалыматтын түшүүсү;  

- кардар/өнөктөш акча каражаттарын жайгаштырган экономикалык, саясий жана башка чөйрөлөрдөгү абалдын өзгөрүүсү;  

- ишкананын ичинде-кардар/өнөктөштө жаңжалдуу абалдын курчушунун белгилери;  

- ишкананын - кардардын/өнөктөштүн жетекчилигинин алмашуусу;  

- жана потенциалдуу көйгөйлөрдүн орун алып тургандыгын тастыктаган жана башка жагдайлар.  

75. Ушул Жобонун 74-пунктунда көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири аныкталган шартта, банк алардын келип чыгышынын себептерин такташтыруусу зарыл. Эгерде, банктын пикири боюнча бул белгилер жана/же алардын келип чыгышынын себептери тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоосуна же наркынын олуттуу төмөндөөсүнө алып келиши мүмкүн болсо, анда банк бул активди өзгөчө контролдукка алуусу жана өз кызыкчылыгынын корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй бардык тиешелүү чараларды көрүшү зарыл:  

- күрөөнүн бар экендигин жана аны күтүү шарттарын кошумча текшерүү;  

- кошумча камсыздоону тартуу;  

- эскертүү берүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;  

- жагдай толук чечилмейинче, каржылоо линиясы боюнча кезектеги төлөмдөрдү токтотуп туруу;  

- кардарды/өнөктөштү жана ал акча каражаттарын жайгаштырган тармактын абалын кылдат иликтөөгө алуу;  

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоону өзгөртүү;  

- камды (резервди) көбөйтүү;  

- башка коргоо чараларын колдонуу.  

76. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер менен иш алып барууда, кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоону, алар менен жүргүзүлгөн жолугушуулардан протокол толтурууну, кардар менен келишим түзүүнү кошо алганда, алар менен ишке ашырылган бардык иш-чараларды документтештирип жана эсебин жүргүзүү зарыл. Айрыкча, “көйгөйлүү” активдер менен иш алып барууда мындай эсептин жүргүзүлүшү өтө маанилүү.   

7-глава. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ КАМТЫГАН “КӨЙГӨЙЛҮҮ” АКТИВДЕР МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУ 

77. “Көйгөйлүү” активдерди аныктоо кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана каржылоо портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максатынан болуп саналат.  

78. “Көйгөйлүү” актив дегенден улам, ал боюнча кардар банк менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбаган, же болбосо кандайдыр бир жагдайлардан улам (мисалы, тышкы же финансылык) банк алдында милдеттенмелерди аткаруу жана активдин ордун жабуу коркунуч алдында калган кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнөбүз.  

79. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив “көйгөйлүү” деп таанылган шартта, банк активдерди кайтарып алууга багытталган, анын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча айкын чараларды камтыган иш-аракеттер планын иштеп чыгуусу зарыл.  

80. Проблемалуу кардарына анын каатчылыкка туруштук берүүсүнө жана банк алдында милдеттенмелеринин аткарылышына өбөлгө түзгөн банктын уюштуруу, финансылык жана башка колдоо чаралары төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: 

- көйгөйдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөө жагында кардар менен (же жетекчилик менен) иш алып баруу; 

- кардар/өнөктөшкө макулдашуу менен банктын атынан кардар/өнөктөштүн ишканасы менен иш алып баруу үчүн башкаруучуларды, консультанттарды дайындоо; 

- ээлик кылуучулардын же башка тараптардын эсебинен компаниянын өздүк капиталын көбөйтүүгө көмөктөшүү

- зарылчылык келип чыккан учурда, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгуу (кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтаруу жана ал боюнча кошуп эсептелинген сумманы/кирешени төлөө боюнча төлөмдөр графигин кайрадан карап чыгуу, каржылоо формаларын өзгөртүү ж.б.). 

81. Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл: 

- ал келишим шарттарын бузуп жаткандыгы, активдин төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ага байланыштуу проблемалар келип чыгышы мүмкүндүгү тууралуу кардарга билдирме жөнөтүү

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- кардарды банкка чакыруу. 

82. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин түздөн-түз кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: 

- банк тарабынан каржылоо келишими боюнча сатылып алынган жана анын менчигинде турган активди сатып өткөрүү (үчүнчү жакка сатуу); 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү

- кардар/өнөктөштүн карызын Шариат уруксат берген шарттарда үчүнчү тарапка сатуу. Мында карызгер жана карызды сатып алуучу бир жерде болушу зарыл, карыз номиналдык наркында гана сатылышы мүмкүн, карыз төлөмдү кийинкиге калтыруу менен сатылышы мүмкүн эмес, ал нак акча каражаттарына дароо эсептешүү жолу менен сатылууга тийиш; 

- гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу; 

- сотко кайрылуу; 

- башка чаралар. 

83. Кардардын карызынын орду өз убагында жабылышын камсыз кылуу максатында банк, эгерде кардар күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерин талаптыгыдай аткарбаса, карыздын ордун каржылоо мөөнөтү бүткөнгө чейин эле экинчи бир булактар аркылуу жабууга мүмкүн экендигин келишимде белгилөөгө тийиш. Бул учурда банк, карыздын ордун экинчи булактардын же башка ыкмалардын жардамы аркасында мөөнөтүнөн мурда жабуу мүмкүнчүлүгүн аныктаган жагдайларды да келишимде чагылдырууга тийиш.  

84. Банк, кардар/өнөктөштүн - жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин “көйгөйлүү активдери” боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо тууралуу билдирмени жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш.  

85. Кредиттик тобокелдикти камтыган көйгөйлүү активдер менен иш алып барууга жоопкерчиликтүү банктын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, кредиттик тобокелдикти камтыган “көйгөйлүү” активдер менен андан ары иш алып баруу сунуштарын аткарылган иштер жөнүндө отчет менен бирге ар айлык негизде Каржылоо боюнча комитеттин жана мындай активдер боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (эгерде болгон болсо) кароосуна сунуштоого тийиш. Отчеттун көчүрмөсү банк Башкармасына жана банктын Директорлор кеңешине жөнөтүлөт.  

86. Эгерде ушул главада каралган банктын иш-аракети алгылыктуу натыйжага алып келбесе, банк карызды мажбурлап өндүрүү максатында сотко кайрылууга милдеттүү. Мындай чара аркылуу карыздын ордунун жабылышын камсыз кылуу мүмкүн болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процесси демилгеленет.  

87. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди обүективдүү себептерден улам кайтаруу мүмкүн эмес болсо (анын ичинде банктын кардар/өнөктөшүнүн каза болушу шартында), мындай активдерди эсептен алып салуу чечими банктын Директорлор кеңеши тарабынан, ал эми калган активдер боюнча - Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө маалымдоо менен банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

88. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер эсептен алынып салынгандан кийин, алар карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү келип чыгышы ыктымал болгон учурларга, кеминде беш жыл системадан тышкары эсепке алынат.  

89. Системадан тышкары эсепке алуу мөөнөтүнөн көз карандысыз, карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн болжолдогон кандай болбосун маалымат түшкөн учурда банк, мыйзамдарда каралган, анын ордун жабууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүгө тийиш. 

 

 

 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата  

1-тиркеме  

Кардардын/өнөктөштүн досьесине карата  

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

I. Жалпы маалымат   

1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн кардар/өнөктөш кол койгон билдирмеде төмөнкү маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- кардар/өнөктөштүн аталышы (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо - аты-жөнү); 

- кардар/өнөктөш иш алып барган жердин толук дареги (эгерде кардар/өнөктөш жеке адам болсо), телефон номери, факсы; 

Кардар/өнөктөшкө толук даректин ордуна абоненттик ящиктин номерин гана көрсөтүүгө жол берилбейт; 

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (болгон болсо) - салык органында эсепке алуу күбөлүгүнүн негизинде; 

- иштеген жери жана ишинин түрү (эгерде кардар/өнөктөш - жеке адам болсо); 

- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына келүү (жашоо) укугун тастыктаган документ боюнча маалыматтар; 

- жетекчинин аты-жөнү - (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо); 

- дареги (юридикалык дареги), телефону/факсы, электрондук почта дареги; 

- юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (болгон болсо) жана анын чет тилде аталышы (болгон болсо); 

- бизнестин түрү жана уюштуруу-укуктук формасы (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо); 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы, валютасы жана мөөнөтү

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаты; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу булактары (биринчилик, экинчилик); 

- сунушталган күрөө

- кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу үчүн банкка билдирмелерди берүүдөн мурда, акыркы эки жыл ичинде кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттерди/активдерди ушул/башка банктарда алынгандыгы/орду жабылгандыгы тууралуу маалыматтар; 

- банктын чечими боюнча башка маалыматтар. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары банкка, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин көчүрмөсүн же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгы фактысын тастыктаган документтин көчүрмөсүн сунуштоого тийиш.  

3. Кардар/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө

4. Тышкы аудитор тарабынан тастыкталган кардар/өнөктөштүн акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардар/өнөктөш жыл сайын аудиттен өтүүгө тийиш болсо, буга чейинки эки жыл үчүн да (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

5. Акыркы 12 ай үчүн эмгек акы тууралуу маалымкат (6 ай үчүн - эгерде каржылоо суммасы 100 000 сомдон ашпаса), кардар/өнөктөш иштеген уюмдун аталышы, кызмат орду, иштин узактыгы жана кирешелерин тастыктаган башка документтер (эгерде кардар/өнөктөш - жеке адам болсо). 

6. Мамлекеттик же расмий тилде каржылоо келишими (банктын кардар/өнөктөшүнө тил тандоо укугу сунушталат).  

7. Уюштуруу документтери (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо).  

8. Бизнес-план (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо) же каржыланып жатса (инвестициялык долбоор/бизнес).  

9. Мамлекеттик органдарда катталгандыгы тууралуу документ (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

10. Салык органдарында катталгандыгы тууралуу документ (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

11. Кардар/өнөктөштүн тиешелүү органынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алуу чечими (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

12. Банктын кардарын/өнөктөшүн идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн берген ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү (эгерде кардар/өнөктөш - жеке адам болсо), Кыргыз Республикасындагы чет элдик жарандын паспорту (эгерде кардар/өнөктөш - резидент эмес болсо). 

13. Юридикалык жактын каражаттарын тескөө үчүн юридикалык жактын жетекчисинин ыйгарым укугун тастыктаган документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (мындай документ катары юридикалык жактын жетекчисин шайлоо тууралуу уюштуруучулар жана акционерлер жыйынынын протоколу сыяктуу эле, эгерде алар Уставда белгиленбесе, анын ыйгарым укуктарын аныктаган юридикалык жактын жетекчисин дайындоо тууралуу уюштуруучулардын жана акционерлердин чечими да болушу мүмкүн).  

14. Банктын тиешелүү органынын кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү чечими. 

15. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди пайдалануу мөөнөтү үчүн жылдык финансылык отчет (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

16. Төмөнкү маалыматтар чагылдырылууга тийиш болгон кардар/өнөктөш менен ар бир байланыштын эсебин жүргүзүү

- байланышуу күнү

- байланышуу түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү, электрондук почтасынын дареги); 

- байланышуу шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүнүн мазмуну); 

- натыйжалар.  

17. Кардар/өнөктөш менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны тиркөө менен). 

18. Юридикалык документтер (кардар/өнөктөштүн сунуштоочулар ж.б. менен контракттарынын көчүрмөлөрү). 

19. Каржылоонун максаттуу пайдаланылышын тастыктаган документтер: товар сатуучудан банктын жана банктан кардар/өнөктөштүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын кошо алганда, анын максаттуу пайдаланылышы тууралуу отчет. 

II. Күрөөлүк документтер  

20. Мамлекеттик же расмий тилде күрөө келишими (банктын кардар/өнөктөшүнө тилди тандоо укугу сунушталат).  

21. Күрөөлүк мүлктүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялык документтери. 

22. Күрөөгө коюлган мүлккө менчикке укукту тастыктаган документтер жана күрөө коючунун күрөө келишиминин шарттарына макулдугу.  

23. Кол коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

Кардар/өнөктөштүн кол тамга үлгүсү жана эгерде болгон болсо мөөр оттискасы менен кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн карточка (эгерде кардар - жеке ишкер болсо). 

24. Сатып алуу баасын тастыктаган документтер (эгерде банк күрөөнү, мисалы жабдууну, калк керектөөчү товарларды ж.б. сатып алууну каржылоого алса).  

25. Төмөнкү маалыматтарды камтыган күрөө наркын тастыктаган документтер: 

- күрөөгө баа берүү наркы; 

- баа берүү күнү

- баа берүү ким тарабынан жүргүзүлгөн; 

- баа берүү ыкмасы. 

26. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же банк анын катталышын талап кылса).  

27. Кардар/өнөктөштүн тиешелүү органынын күрөөгө сунуштоо чечими (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо). 

28. Төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш болгон Күрөөнү иликтөө актысы: 

- күрөөнү иликтөө күнү

- күрөөнүн түрү

- күрөөгө баа берүү күнү

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн баа берилген наркы; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги.  

29. Банктын ыктыярдыгы боюнча башка маалыматтар.  

III. Гарантиялар же кепилдиктер 

30. Тиешелүү келишимди, гарантия берилип жаткан сумманы, гарантиянын мөөнөтүн көрсөтүү менен кол жазма түрүндө гарантия жана кепилдик.  

31. Тиешелүү органдын гарантия берүү чечими. 

32. Кепилдик берүү жөнүндө кепил болуучунун жубайынын/жолдошунун (эгерде болсо) макулдугу. 

33. Гаранттын уюштуруу документтери. 

34. Гаранттын акыркы эки жыл жана акыркы чейрек үчүн финансылык отчету. 

35. Акыркы 12 ай үчүн эмгек акысы боюнча маалымкат же кирешеси тууралуу маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепил болуучу - жеке адам болсо). 

36. Гаранттын жана кепил болуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөө жүргүзүү.  

 

 

 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата  

2-тиркеме  

Гарантиялык кат берүү боюнча 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

Банктын каржылоо саясатында гарантиялык кат берүүгө тиешелүү төмөнкү бардык негизги жоболор каралууга тийиш: 

1. Банктын гарантиялык катты берүү маселеси Каржылоо комитетинин отурумунда каралышы зарыл. Каржылоо комитетинин тиешелүү чечими болгон учурда гана берилген гарантиялык кат анык болуп саналат. 

2. Банктын жана анын филиалдарынын кызмат адамдарынын гарантиялык каттарга кол коюу жана аларды эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүү

3. Гарантиялык каттын түп нускасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде түзүлүүгө тийиш.  

4. Гарантиялык кат номерленген фирмалык бланкта таризделинип, ага банктын же филиалдын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колу коюлуп, банктын мөөрү басылууга тийиш.  

5. Банктын гарантиялык каты мындай каттарды каттоо журналында (же болбосо чыгыш корреспонденция журналында) катталышы зарыл. 

6. Гарантиялык каттардын бухгалтердик эсепке алынышы, бухгалтердик эсепке алуу стандарттарына ылайык ишке ашырылууга тийиш. 

7. Гарантиялык катты берген банк үчүн милдеттүү талаптан болуп, гарант алуучунун гарантиялык катты алгандыгы жөнүндө расмий тастыктамасы саналат.  

8. Банк жалган гарантияларды аныктаган учурда, алар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдап, бул жокко чыгарылган гарантиялар тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырууга тийиш. 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата  

3-тиркеме  

 

СТРЕСС-ТЕСТИРЛӨӨ 

Стресс-тестирлөө, тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы төмөндөө, каржылоо портфелинин сапатынын начарлашы, күрөө предметинин рыноктук наркынын өзгөрүүсү, мыйзамдарга өзгөртүүлөр ж.б.), банк кардарларынын ишинде да (мисалы, банктын ири кардарларынын/сунуштоочуларынын/өнөктөштөрүнүн банкрот болушу, депозиттердин агылып чыгышы ж.б.) тобокелдик келип чыккан учурда жана анын өсүү тенденциясы аныкталган шартта, банктын мүмкүн болуучу потенциалдуу жоготууларына аналитикалык баа берүү инструменти болуп саналат.  

Стресс-тестирлөө, капитал өлчөмүнө таасирин тийгизүү менен банкты чыгымга алып келиши ыктымал болгон экономикалык, саясый жана/же башка жагдайлардын (мисалы, банктын аброюнун начарлоосуна байланыштуу жагдайлар, жетекчилик алмашканда ж.б.) орун алышына негизденген алардын андан ары өнүгүү сценарийинин моделин түзүү аркылуу жүргүзүлөт.  

Стресс-тестирлөөнүн алгачкы баскычында, анын негизинде сценарийдин модели түзүлүүчү маалыматтын аныктыгын жана актуалдуулугун текшерүү зарыл. Мында, пайдаланылып жаткан отчет ырааттуулук (отчеттук маалыматтардын ырааттуу берилиши) жана салыштыруу (көрсөткүчтөрдү эсептөө ыкмасынын өзгөрбөгөндүгү) критерийлерине дал келээрине, ошондой эле башка пайдаланылуучу маалыматтын (мисалы, жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган маалымат) аныктыгына, обүективдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна ынануу зарыл.  

Алгылыксыз жагдайдын өнүгүү сценарийи жетишерлик түрдө айкын, орундуу жана негизденген болууга тийиш. Сценарийдин айкындыгы, ал мындай жагдайдын келип чыгышынын жогорку үлүшүнө ээ болгон учурда тастыкталат.  

Сценарийдин моделинде ички сыяктуу эле, тышкы факторлордун өзгөрүүсүн камтып, төмөнкү эки версияда жүргүзүлүшү мүмкүн:  

- мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарий - бул сценарий өткөн мезгилде орун алган жагдайлардын кесепетине жүргүзүлгөн байкоолорго негизденет; 

- гипотетикалык сценарий - мындай сценарий, орун алышы ыктымал, бирок боло элек жагдайга негизденет.  

Мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарийдин моделин түзүү учурунда талдап-иликтөө, өткөн мезгилде болгон жана банктын финансылык абалына терс таасирин тийгизген жагдайларды эске алуу менен жүргүзүлөт.  

Мурдатан колдонулуп келе жаткан сценарийдин ыкмасы боюнча стресс-тестирлөө учурунда, банктын балансын тестирлөөдө пайдаланылган өткөн мезгилдеги кризистердин шарттарынын жана жагдайларынын так аныктамасына өзгөчө көңүл буруу зарыл.  

Гипотетикалык сценарийдин моделин түзүүдө учурда орун ала элек, бирок келечекте келип чыгышы мүмкүн жагдайга талдап-иликтөө кароого алынат. Гипотезада, банктын капиталына белгилүү бир жагдайдын таасири сыяктуу эле (мисалы, кардар/өнөктөштүн финансылык абалынын начарлашы, негизги сумманы же кошумча эсептөөлөрдү/кирешени өз учурунда төлөбөй коюу ж.б.), аны алгылыктуу деңгээлге чейин минималдаштыруу үчүн зарыл чараларды көрүү максатында, алардын негизинде кредиттик тобокелдикти алдын ала болжолдоо мүмкүнчүлүгүн берген көрсөткүчтөрдүн максималдуу өзгөрүүсүнө баа берүүлөр камтылат.  

Мындан тышкары стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө бир нече сыноо эсептөөлөрүн жүзөгө ашыруу зарыл. Ар түрдүү тобокелдиктер таасиринин комбинациясынын жардамы аркасында жүргүзүлгөн талдап-иликтөөдөн улам, банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн алгачкы белгилери байкалган учурда, стресс-тестирлөө сценарийи акыркы болуп саналат.  

Кредиттик тобокелдикке баа берүү максатында жүргүзүлгөн стресс-тестирлөө, каржылоо портфелин классификациялоонун бир же эки категориясына төмөн болгон, кайра классификациялоону болжолдогон сценарийлер колдонулушу мүмкүн. Сценарий катары, жоготуу жана башкалар сыяктуу, кредиттик тобокелдикти камтыган классификацияланган активдерди кайра классификациялоону болжолдоого да болот, бул негизинен, банктын каржылоо портфелинин айкын абалына жана мурдатан келе жаткан тажрыйбасына кыйла жакын сценарийден көз каранды болот.  

Андан соң стресс-тестирлөө сценарийине ылайык, РППУга зарыл чегерүүлөр өлчөмү эсептелинип, анын базасында экономикалык ченемдер боюнча банктын талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктаган таза суммардык капиталга баа берилет.  

Стресс-тестирлөөнү жүзөгө ашырууда активдердин жалпы абалы, каржылоо портфелинин сапаты, күрөөлүк камсыздоонун начарлашы жана кредиттик тобокелдиктин өсүшүн мүнөздөгөн башка көрсөткүчтөр кароого алынат. Ошентип, стресс-тестирлөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу менен банк, анын финансылык абалында терс өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымал болгон жагдайлар келип жеткенде аларды минималдаштыруу боюнча чараларды өз убагында көрө алат. 

 

 

 

 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча  

минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата  

4-тиркеме  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга кардар/өнөктөштүн билдирмелерин каттоо журналы 

№  

Билдирме берилген күн  

Кардар/өнөктөштүн аты-жөнү  

Талап кылынган сумма  

Максаттуу багыты  

Мөөнөтү  

Болжолдонгон күрөөлүк камсыздоо  

Статусу  (макулдук берилди /баш тартылды)  

Ордун жабуу булагы (бизнестин түрү)  

Баш тартылган учурда: анын себеби. Макулдук берилген учурда: суммасы, мөөнөтү 

 Бекитилген/баш тартуу билдирмеси берилген күн  

  

  

Каржылоо боюнча адистин кол тамгасы  

1  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

2  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

3  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

4  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча  

минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата  

5-тиркеме  

 

Банк кардарларынын даттануу жана сунуштарды берүү китеби  

 

№ 

Банк кардарынын/өнөктөшүнүн аты-жөнү 

Даттануунун же сунуштун мазмуну  

Күнү  

Банктын түшүндүрмөлөрү 

1  

  

  

  

 

  

  

  

Көрүлгөн чаралар:  

 Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: _____________ 

Аты-жөнү: _______________________________   

Кызматы: ____________________________  

2  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

Көрүлгөн чаралар:  

 Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: _____________ 

Аты-жөнү: _______________________________   

Кызматы: ___________________________  

 

Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча  

минималдуу талаптар жөнүндө жобого карата  

6-тиркеме  

Банк кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкцияларынын тизмеги  

Банк кардарынын/өнөктөшүнүн укуктары 

Келишимге кол койгон учурдан активди алганга чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан акысыз негизде баш тартууга (банк активдерди каржылоо чегинде сатып алган учурлардан тышкары). 

Кардар/өнөктөштүн милдеттүү укуктары ушул жобонун талаптарына ылайык милдеттүү түрдө келишимде көрсөтүлөт   

  

Келишим долбоорун жана ага тиркелген бардык документтерди өз колуна алып, банктан тышкары юридикалык консультация алуу үчүн кайрылууга, мында кардар/өнөктөшкө келишим менен танышууга кеминде үч күн убакыт берилүүгө тийиш.  

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдүн эсеби, туумдар, айыптык төлөмдөр тууралуу ырааттуу маалымат алууга.  

Келишим жана ушул тизме түзүлүүчү (таризделинүүчү) тилди тандоо (мамлекеттик же расмий) 

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кардар/өнөктөштүн чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы 

Келишимге ылайык белгиленет  

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кошуп эсептелинген баа/киреше 

Билдирмени кароо комиссиясы (кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөө

Комиссия төлөнө турган болсо, алардын өлчөмү банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык туюндурулушунда белгиленет 

Кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү жана администрлөө үчүн комиссия 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде, эсеп ачуу келишимди түзүүдө шартталса) жана тейлөө (эгерде, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча операциялар нак эмсе формада ишке ашырылса) үчүн комиссия 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссия (анын ичинде кардар/өнөктөштүн нак акчаларды банкомат аркылуу салуусу жана алуусу) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариустун кызматтары ж.б. үчүн төлөө

Бул кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан сунушталган учурда белгиленет. Банк мындай кызматтарды сунуштабаган учурда, банк мындай чыгашалардын наркын келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча белгилейт.  

Кардар/өнөктөштүн эсептеринен көчүрмө берүү үчүн төлөм 

Банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык туюндурулушунда белгиленет 

  

Валютаны конвертациялоо үчүн комиссия 

Башка чыгашалар  

Банктын айыптык санкциялары жана туумдары  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасы жана банктын кошумча баасы/кирешеси боюнча төлөмдөрдү төлөөнү кечиктиргендиги үчүн  

Келишимдин негизинде пайыздык же нарктык туюндурулушунда банкта алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмүнө ылайык белгиленет 

Күрөөгө сунушталган кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча депозитти толуктоону кечиктиргендиги үчүн  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары 

Башка чыгагашалар  

 

______________________________ ___________ _________ ____________________________ __________ _________  

(Каржылоо боюнча адистин аты-жөнү (кол тамгасы) (күнү) (Банк кардарынын/өнөктөшүнүн аты-жөнү) (кол тамгасы) (күнү)