Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/5 токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы N 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 30-июнунда №52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого тиркелген өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредит мекемесин тааныштырсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2013-жылдын «23»октябрындагы 

39\5 токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52\4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52\4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.  

 

1. Жобонун 4-бөлүгүнүн 41-пунктунун төртүнчү абзацындагы «пайыздык чендер» деген сөздөр «жылдык эсептөөдө» деген сөздөр менен толукталсын

2. Жобонун 4-бөлүгүнүн 44-пунктундагы «банк алардын негизинде карыз алуучунун ишинин кароого сунушталган бизнес-планга, каражаттардын жылышына жана кредитти төлөө графигине ылайык ишке ашырылышына көз салып турат» деген сөздөр «жана/же карыз алуучунун алган кредитин максаттуу багытта пайдалангандыгын тастыктаган башка финансылык документтер» деген сөздөргө алмаштырылсын

3. Жобонун 4-бөлүгүнүн 48-пунктундагы «(бланкта жазып көрсөтүлгөн)» деген сөздөр алынып салынсын

4. Жобонун 4-бөлүгүнүн 61-пунктундагы «бланктык болуп саналат» деген сөздөрдөн мурда «эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча офедрафттарды кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын

5. Жобонун 5-бөлүгүнүн 69-пунктунун бешинчи абзацы алынып салынсын