Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45\15 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актыларына ёзгёртщщлёрдё жана толуктоолорду киргизщщ жёнщндё 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жёнщндё мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы №19/2 «Банктык кызматтарга жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызмат кёрсётщщлёргё баа тщзщщ саясатына карата минималдуу талаптар жёнщндё» жобого; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон ёткёртщлгён №4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жёнгё салуунун убактылуу эрежесине. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш кщн ёткёндён кийин кщчщнё кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы щчщн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жёнётсщн. 

4. Кёзёмёл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ёнщктщрщщ банкын, микрофинансылык уюмдарды, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын жана кредиттик союздарды тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жщктёлсщн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын «27»ноябрындагы 

45\15 токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

1. 2013-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын №19/2 “Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин: 

1) Жобонун 4 пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

“Финансы-кредиттик мекемелер финансы продуктылары жөнүндө, кызмат көрсөтүү жөнүндө, пайыздык чендери жана тарифтери жөнүндө массалык маалымат каражаттары аркылуу, өздөрүнүн официалдуу веб-сайтында жана башка маалымат таратуучу жерлерде (жарнама буклеттеринде, жол чекесиндеги билбортто, стендтерде жана башка) жайгаштырылган маалымат жана кардарларды консультациялоодо берилген маалымат, туура жана толук болушу керек.”. 

2) Жобонун 10 пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

Финансы-кредиттик мекемелер депозиттер жана насыялар боюнча декларацияланган пайыздык чендерине өзгөртүү киргизсе, жети жумуш кун ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгына өзгөртүүлөр тууралу негиздөөчү себептерди көргөзүү аркылуу жана ички документтерди (протоколдун копиясы жана кабыл алынган тиешелүү ФКМнин органынын чечиминин (көчүрмө) копиясын ) тапшыруу менен кабарлоого милдеттүү.”. 

 

2. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №4/2 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

1) Убактылуу эреженин 2.1.-пунктунун аягында төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:   

«Микрофинансы компаниялары Директорлор кеңеши бекиткен ички кредиттик саясатка ээ болууга тийиш, анда «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» Мыйзамда белгиленген микрофинансы уюмдарынын максаттарына ылайык, негизги иш чөйрөсү, бир эле жакка (адамга) берилүүчү микрокредиттин эң жогорку өлчөмү Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлүп жаткан МФК үчүн (физикалык жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл албаган) бул Убактылуу эрежелердин 2.1.-1 пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары белгиленген уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган өлчөмдө, микрокредитти алууга укуктуу карыз алуучулардын категориялары милдеттүү түрдө аныкталат.».