Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45\14 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 "Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу" 

Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 17 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 "Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом 2014-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридикалык башкармалыгы: 

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын "27" ноябрындагы № 45\14 токтому менен бекитилген  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 "Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу" 

токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелеринин 2-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

"Латвия латы" деп аталган 19-пункт алынып салынсын