Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/1 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ачык валюталык позицияларынын лимиттери тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 4, 31 жана 43-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле банктардын валюталык тобокелдигин басаңдатуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары үчүн 2014-жылдын 18-февралынан тартып 2014-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө ачык валюталык позициялардын лимиттери, Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн валюталары жана/же ЭВФ менен «Келишимдер статьясынын» 8-статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валюталары үчүн банктын таза суммардык капиталынын 7% ашпоого тийиш.  

2. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн бардык чет өлкө валюталары боюнча суммардык валюталык позициянын өлчөмү, банктын таза суммардык капиталынын 10% ашпоого тийиш. 

3. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.  

4. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз банктар бирлигин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М.