Кайта келүү

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2014 жылдын 19-мартындагы 9/6 токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Овернайт” кредити жөнүндөЖобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Овернайт” кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага үчүн 

Төраганын орун басары Чокоев З.Л. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын ”19”- мартындагы № 9\6 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “овернайт” кредити жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “овернайт” кредити жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “овернайт” кредити жөнүндө” жобонун

- 5- пунктунун экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (мында ары МБК) күрөө предмети болуп саналат. МБКлар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленет.”; 

- 15-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Консервация, убактылуу жетекчилик режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта, “овернайт” кредити берилиши мүмкүн;”.