Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 19-мартындагы № 9/4 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы №45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы №45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага үчүн 

Төраганын орун басары Чокоев З.Л. 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын «19» мартындагы 

9\4 токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

1) 16-пунктундагы «төмөнкү багыттарга каралган долбоорлорду» деген сөздөр «улуттук валютада» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«17. Банктар кредиттик аукциондордун алкагында долбоорлорду кредиттөөгө Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга жана багыттарга ылайык пайдаланууга тийиш. Мында, кредиттик ресурстар Банктын карыз алуучуларына тиешелүү кредиттик келишимдерди тариздетүү менен сунушталууга тийиш, анда кредитти берүүнүн төмөнкүдөй айкын шарттары чагылдырылат: кредиттин суммасы, мөөнөтү, пайыздык чени, кредиттин негизги суммасын жана пайыздарды төлөө шарттары ж.б. Кредиттик келишим шарттары ушул Жобонун жана Башкы келишимдин бардык талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

1) 20-пункттун биринчи абзацынын: 

- биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялоо боюнча атайы программаларынын алкагында белгиленген» деген сөздөр «Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аукцион параметрлеринин чегинде аныкталган» деген сөздөргө алмаштырылып, андан ары текст боюнча кетсин

- экинчи сүйлөмү алынып салынсын; 

1) 26-пунктунун: 

- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«• Банктын БФКМдерге кредиттик ресурстарды сунуштоодогу маржасы, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген, Банктарга маалымдалган өлчөмдөн ашпоого тийиш;»; 

- бешинчи абзацтагы «багыттар» деген сөз «жана шарттар боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) 30-пункттагы «мөөнөттөрүн, » деген сөздөн кийин «Банктын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык ченди,» деген сөздөр кошулуп, текст андан ары уланат

1) 31-пункттун жетинчи абзацындагы «билдирменин минималдуу көлөмүн» деген сөздөр «(Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген шартта)» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) 41-пункттун 2-пунктчасындагы «жана Улуттук банктын ноталары түрүндө мамлекеттик баалуу кагаздар» деген сөздөр алынып салынсын; 

1) 52-пункттун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү «пропорционалдуу негизде» деген сөздөр «миңге чейин тегеректөө менен» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 2.6-пункттагы «гана» деген сөз «жана шарттарга ылайык» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.7-пункттун биринчи абзацынын

биринчи сүйлөмдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялоо боюнча атайы программаларынын алкагында белгиленген» деген сөздөр «Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аукцион параметрлеринин чегинде аныкталган» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи сүйлөм алынып салынсын; 

- 2.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«2.8. Банктар кредиттик аукциондордун алкагында долбоорлорду кредиттөөгө Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга жана багыттарга ылайык пайдаланууга тийиш. Мында, кредиттик ресурстар Банктын карыз алуучуларына тиешелүү кредиттик келишимдерди тариздетүү менен банктын карыз алуучусунун эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу сунушталууга тийиш. Кредиттик келишимде кредит берүүнүн төмөнкүдөй айкын шарттары чагылдырылат: кредиттин суммасы, мөөнөтү, пайыздык чени, кредиттин негизги суммасын жана пайыздарды төлөө шарттары ж.б. Кредиттик келишим шарттары ушул Жобонун жана Башкы келишимдин бардык талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

- 2.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.9. Банктар кредиттик аукциондордун алкагында алынган кредиттик ресурстарды Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобого ылайык классификацияланган, байкоого алынган кредит статусунда турган кредиттерди, ошондой эле Улуттук банктын кредиттик аукциондорунун алкагында алынган, өздөштүрүлүп жаткан кредиттик ресурстардын эсебинен буга чейин берилген кредиттерди каржылоо үчүн багыттоого укугу жок.»; 

- 2.12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.12. БФКМдерге кредиттик ресурстарды сунуштоодо Банктын маржасы Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпоого тийиш.»; 

- 2.14-пунктундагы экинчи сүйлөмү «пайыздык чен боюнча» деген сөздөр «улуттук валютада» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин үч тиркемеси тиешелүүлүгүнө жараша, Жобого карата 1-тиркеменин 5, 6 жана 7-тиркемеси катары эсептелсин; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин 5-тиркемесинин (Мамлекеттик баалуу кагаздарды күрөөгө коюу келишими): 

- 3.2.-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Улуттук банк эмитенти» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эмитенти» деген сөздөр менен алмаштырылсын

1) Жобого карата 1-тиркеменин 6-тиркемесиндеги (Акча каражаттарын күрөөгө коюу келишими): 

- 1.4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.2-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5.2-пункттагы «1.4.» деген сандар «1.3.» дегенге алмаштырылсын; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин 7-тиркемесинин (Кредиттик келишимдер боюнча талап коюу укугун күрөөгө коюу жөнүндө келишим): 

- 1.3-пункттагы «Тараптар макулдашышкан жалпы» деген сөздөр алынып салынып, «Күрөө предметинин жалпы» деген сөздөр «күрөөлүк» деген сөз менен толукталсын

- 3.2.3.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2.3. Күрөө предметинин азайышына, сырткы көрүнүшүнүн өзгөрүшүнө, токтотулушуна, жоголуп кетишине алып келген иш-аракеттер тууралуу Күрөө кармоочуга жогоруда көрсөтүлгөн аракеттер орун алгандан кийинки 5 жумуш күндөн кечиктирбестен кат жүзүндө маалымдоо зарыл.»; 

- 3.2.12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2.12. Ушул келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишимдерге жана Кредиттик келишимдердин аткарылышын камсыз кылган күрөө келишимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген шартта, тиешелүү келишимдерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Күрөө кармоочуга ал өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кат жүзүндө маалымдоо зарыл. ».