Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014- жылдын 30- майындагы № 24/7 токтом 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004- жылдын 21- июлунда № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү  

тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004- жылдын 21- июлунда № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:  

Жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен бекитилген “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун: 

4.3. пунктунун 4.3.2 пунктучасы төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

“- карыз алуучунун-жеке адамдын, аны ичинде юридикалык жакты түзүүсүз эле иш алып барган жеке ишкерлердин чет өлкө валютасындагы кредитинин ордун жабууга багытталган утурумдук төлөмдөрүнүн өлчөмү ошол мезгил ичиндеги анын чогуу алгандагы кирешесинин 40 пайызынан көбүрөөгүн түзөт. Мында анын чет өлкө валютасындагы чогуу алгандагы кирешеси анын бардык кирешесинин кеминде 50 пайызын түзүүгө тийиш.”, 

2. Бул токтом күчүнө киргенден кийин анын талабы жаңыдан берилген жана реструктуризацияланган кредиттерге да таркатылат.  

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүгүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Абдыгулов Т.С.