Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2014-жылдын 30-майындагы № 24\11 токтому 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелери" (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен микрокаржылоо компанияларын жана Микрокаржылоо уюмдары ассоциациясын тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Абдыгулов Т.С. 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 30-майындагы  

№ 24/11 токтому менен бекитилген 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелери 

 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Акча каражаттарын тартпаган микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу  

3. Акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алууга ниеттенишкен микрокаржылоо компаниялардын ишине коюлган талаптар  

4. Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барышкан микрокаржылоо компаниялардын ишин жөнгө салуу  

5. Акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды ишке ашырышкан микрокаржылоо компаниялары үчүн экономикалык ченемдер жана аларды эсептөө тартиби  

6. Экономикалык ченемдердин, мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун жана башка отчеттордун сакталышы тууралуу маалыматтарды сунуштоо тартиби жана мөөнөттөрү 

Тиркеме: экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалыматтар  

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Бул эрежелер, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана ал ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган микрокаржылоо компанияларына таркатылат (мындан ары - микрокаржылоо компаниялар/МФК). 

2. Ушул эрежелердин максаты - микрокаржылоо компаниялары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жана сакталууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө.  

3. Микрокаржылоо компаниялары өз ички саясатында, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине (мындан ары - каржылоо саясаты) ылайык операцияларды ишке ашырууда ушул Эрежелер жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууга жол бербестен, экономикалык ченемдер боюнча жогорку талаптарды белгилей алышат.

4. Улуттук банктан чет өлкө валютасында операцияларды ишке ашырууга лицензиясы болгон шартта төмөнкүлөргө карата лимиттер белгиленет: 

- ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позициясына; 

- суммардык валюта позициясына. 

Валюта позициясынын лимиттерин эсептөө тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

5. МФКнын уруксат берилген ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каражаттарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) түрлөрү, Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген типтүү келишимдерге ылайык ишке ашырылат.  

6. Микрокаржылоо компаниялар кардарларга/сунуштоочуларга/өнөктөштөргө (мындан ары - кардар) каржылоону, мыйзамдар талаптарына ылайык, анын ичинде адамдар тобунун субсидиардык же шериктештик жоопкерчилиги астында каржылоо келишими аркылуу тариздейт.  

7. Микрокаржылоо компанияларынын финансылык отчету компаниянын финансылык абалын объективдүү чагылдырууга жана Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (мындан ары - AAOIFI) стандарттарына ылайык келүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда МФК Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарын пайдаланат, мында алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбөөгө тийиш.  

8. Микрокаржылоо компаниясы өз көз карандысыз ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү. Ички аудит кызматы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ички контролдук системасынын жетиштүүлүгүн (шайкештигин) жана натыйжалуулугун текшерүү жана баа берүү үчүн аудит жүргүзүүгө, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленбеген, микрокаржылоо компанияларына гана мүнөздүү болгон белгилүү бир тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымалдуулугуна баа берүүгө тийиш.  

 

2-глава. Акча каражаттарын тартпаган микрокаржылоо  

компанияларЫНын ишин жөнгө салуу 

 

9. МФК, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички каржылоо саясатына ээ болууга тийиш, анда төмөнкүлөр аныкталат:  

- негизги иш чөйрөсү;  

- каржылоо багыттары;  

- кардарларга сунушталуучу продукттар;  

- бир эле ошол адамга берилүүчү каржылоонун максималдуу өлчөмүн аныктайт, бирок ал ушул Эрежелердин 10-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жаңыдан түзүлүп жаткан МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын тартпаган) Улуттук банк тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн үч пайызынан ашпоого тийиш; 

- микрокаржылоо уюмдарынын "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамда белгиленген максаттарына ылайык каржылоо алуу укугуна ээ кардарлардын категориялары. 

10. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын кабыл алуу жана дүңүнөн каржылоо ишин жүзөгө ашырган микрокаржылоо компанияларынан тышкары, ушул Эреженин 9-пунктунда белгиленген МФКлардын бир эле ошол кардарга каржылоонун максималдуу өлчөмүнөн жогору каржылоону "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамдын 2-беренесине ылайык, бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында төмөнкү багыттар боюнча сунуштоого жол берилет: 

- айыл чарба (өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукттарын даярдоону/кайра иштетүүнү кошо алганда); 

- кызматтар; 

- транспорт; 

- өнөр жай; 

- курулуш; 

- "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзам талаптарына ылайык, микрокаржылоонун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген башка багыттар боюнча. 

Микрокаржылоо компаниялары каржылоону ушул пунктта көрсөтүлгөн багыттар боюнча сунуштоодо төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл:  

1) микрокаржылоо компаниясында микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык продукттардын айкын түрлөрү аныкталган каржылоо саясатынын болушу; 

2) белгиленген шарттар сакталган учурда (уставдык капиталдын 10 пайызынан ашпаган), сунушталып жаткан каржылоо суммасы үч миллион сомдон (же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен) жогору болбоого тийиш; 

3) Кредиттик маалымат бюросунан (КИБ) кардардын кредиттик таржымалына тиешелүү маалыматтар болсо; 

4) кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтер болсо (кардарга киреше алып келген активдерге ээ болуу укугу, иштеген жеринен кардардын эмгек акысы жөнүндө маалымкат, патент, күбөлүк д.у.с.), ошондой эле микрокаржылоо компаниясынын каржылоо саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же МФКнын башка кызматкердин корутундусу менен тастыкталган кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө жүргүзүлгөн баа берүү документтери болсо;  

5) кардардын бизнес-планы сунушталса жана ал бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөрү жана болжолдоолору чагылдырылып, сунушталып жаткан каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш; 

6) микрокаржылоо компаниясынын сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктаган ички ченемдик документтер болсо.  

11. Микрокаржылоо компаниясы, Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагында микрокаржылоо компанияларын лицензиялоо, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө" жободо ( мындан ары - "Кыргыз Республикасынын аймагында микрокаржылоо компанияларын лицензиялоо, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө" жобо) бекитилген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча тиешелүү талаптарды жана аны түзүү шарттарын сактоого тийиш. 

12. Микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат:  

- толук төлөнгөн уставдык капиталды; 

- номиналдан ашык салынган капиталдын; 

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

- келечектеги муктаждыктар үчүн камдардын; 

- өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайдалар/чыгымдардын; 

- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдардын; 

- башка микрокаржылоо уюмдары менен банктарга кандай болбосун инвестицияларды алып салгандан кийин. 

Микрокаржылоо компаниясынын минималдуу өздүк капитал ченемдерин сактоосу боюнча талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

13. Микрокаржылоо компаниялары, жүргүзгөн иши Шариат стандарттарына каршы келбеген микрокаржылоо уюмдары менен банктарга гана инвестициялоону ишке ашырууга укуктуу. Мында микрокаржылоо компанияларынын микрокаржылоо уюмдарына жана банктарга инвестициялоосу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы Микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамында аныкталган микрокаржылоо уюмдарынын максаттарына ылайык келүүгө тийиш.  

Микрокаржылоо компанияларынын инвестицияларынын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү (карыздык милдеттенмелерге инвестицияларды, финансылык каражаттарды ислам каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырууну жана башка кандай болбосун ушул сыяктуу финансылык салымдарды кошо алганда) микрокаржылоо компаниясынын өздүк капитал өлчөмүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СИ / СК * 100% 30%, мында: 

 

СИ - МФК инвестицияларынын баа берүү күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК - МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту). 

14. Микрокаржылоо компаниялары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укугу жок: 

1) микрокаржылоо компания өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга каржылоону сунуштоого, ошондой эле аларды күрөө катарында кабыл алууга; 

2) кепилдик берүүгө

3) бир кардарга сунушталуучу каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминен чогуу алгандагы сунушталган каржылоодон ашкан өлчөмдө гарантияларды берүүгө;  

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамында каралган операциялар менен бүтүмдөрдөн тышкары, башка банктык операцияларды менен бүтүмдөрдү ишке ашырууга;  

5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жана мүлктү ишеним боюнча тескөө ишин жүзөгө ашырууга.  

15. МФК чейрек сайын отчеттук айдан кийинки айдын 12синен кечиктирбестен, МФКнын отчеттук күнгө карата финансылык абалы жөнүндө так маалыматтарды камтыган мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетту Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

Жыл сайын, көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин МФК, микрокаржылоо компаниясынын тышкы аудитору отчет берген учурдан тартып 30 күндүн ичинде жетекчиликке катты кошо тиркөө менен тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн) Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.  

Микрокаржылоо компаниясы чейрек ичинде кеминде бир жолу жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтарды чечмелеген жана түшүндүргөн баланстык отчетту жана жыл сайын көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан тастыкталган жылдык финансылык отчетту жарыялайт. 

Улуттук банк тарабынан микрокаржылоо компанияларынын ишине коюлган талаптар аткарылбагандыгы, маалыматтар берилбегендиги же өз убагында берилбегендиги, ошондой эле туура эмес маалыматтар берилгендиги фактылары аныкталса, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, аларга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

3-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТУУ УКУГУНА ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУГА ТАЛАПКЕР МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИНЕ КАРАТА ТАЛАПТАР 

16. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алууга талапкер микрокаржылоо компаниялар, лицензия алууга өтүнүч катты бергенге чейин кеминде 1 жыл мурда микрокаржылоо компаниясы акча каражаттарды тартуу укугуна лицензия алууга билдирмесин берүүгө жана ушул Эрежелердин 17-19-пункттарында белгиленген талаптардын аткарылгандыгын тастыктаган милдеттенме катты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

17. Милдеттенме катка төмөнкү документтер кошо тиркелүүсү зарыл: 

- МФК акционерлеринин жалпы жыйынынан толтурулган протоколдун көчүрмөсү жана Директорлор кеңешинин компаниянын акча каражаттарды тартуу ниети жөнүндө токтому; 

- стратегиясын, иш чөйрөсүн жана кийинки үч жыл ичиндеги, анын ичинде акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алганга чейинки мезгилди камтыган 1 жыл жана акча каражаттарын тартуу операциялары жүргүзүлгөн 2 жылды эске алганда экономикалык иш натыйжаларынын болжолдуу эсептөөлөрүн чагылдырган бизнес-планы; 

- Улуттук банктын экономикалык ченемдерине жана талаптарына акча каражаттарды тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн белгиленген көлөмдө жана өлчөмдө жетишүү жана аларды сактоо планы (ушул Эрежелердин 4-главасы); 

- капиталды уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн акча каражаттарды тартуу укугуна ээ МФКлар үчүн белгиленген деңгээлине чейин көбөйтүү планы (ушул Эрежелердин 24-пунктунун 1-пунктчасы), мында белгиленген мааниге жетүү мөөнөтү жана капиталды көбөйтүү булагы да көрсөтүлөт.  

18. Милдеттенме катты бергенден тартып, МФК ушул Эрежелердин 6-главасынын бардык талаптарын аткаруу, ошондой эле төмөнкү формула боюнча аныктала турган минималдуу өздүк капиталдын ченемин аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат: 

 

СК / УК * 100% 100%, мында:  

 

СК - баа берүү күнүнө карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту); 

УК - акча каражаттарын тартпаган МФКлар үчүн белгиленген миниалдуу уставдык капитал (ушул Эрежелердин 11-пункту). 

19. МФК акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алууга билдирме берген учурда: 

- акча каражаттарын тартуу укугуна ээ МФКлар үчүн талап кылынган өлчөмдө уставдык капиталга ээ болууга (ушул Эрежелердин 24-пунктунун 1-пунктчасы); 

- ушул Эрежелердин 4-главасында келтирилген бардык экономикалык ченемдерди жана талаптарды акча каражаттарын тартуу укугуна ээ МФКлар үчүн белгиленген көлөмдө жана өлчөмдө аткарууга; 

- МФК тарабынан корпоративдик башкаруу принциптеринин сакталгандыгын (МФКнын тиешелүү уюштуруу түзүмүнүн, башкаруу түзүмүнүн, жетектөөчү курамынын жеке жана ишкер мүнөздөгү квалификациясынын болушу) тастыктоого; 

- Улуттук банк тарабынан акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алуу үчүн белгиленген башка талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

20. Акча каражаттарды тартуу укугуна лицензия алууга талапкер МФКнын милдеттенме катында аныкталган өтмө мезгил аяктаганга чейинки кеминде 3 айдан ашпаган мөөнөттө МФК ушул Эрежелердин 16-18-пункттарында чагылдырылган талаптарды аткарган шартта, Улуттук банк МФКлардын ишинин Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрокаржылоо компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө" жобосу жана ушул Эрежелер аркылуу белгиленген, акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алуу үчүн аныкталган талаптарга ылайык келүүсүнө инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзөт.  

21. МФКнын милдеттенме катына ылайык өзүнө алган милдеттенмелер жылдык өтмө мезгил ичинде сакталбаган шартта, ага карата милдеттенмелердин аткарылбагандыгы боюнча эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулбайт, бирок, бузууга жол берилгендиги жана милдеттенмелердин аткарылбагандыгы тууралуу фактылар Улуттук банк тарабынан МФКнын акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алууга билдирмесин кароо учурунда эске алынат.  

 

4-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТКАН МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИН ЖӨНГӨ САЛУУ 

22. Акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ МФКлар, төмөнкүлөрдү кошо алганда Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды жана экономикалык ченемдерди сактоого милдеттүү

- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн; 

- өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүн (М1); 

- капиталдын шайкештик ченемин (М2);  

- бир кардарга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн (М3); 

- ликвиддүүлүк ченемин (М4); 

- тартылган акча каражаттарын кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченемин (М5); 

- инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн; 

- МФК кызматкерлеринин МФКнын керектөө максаттарын каржылоого сунуштаган чогуу алгандагы карыздарынын чектүү өлчөмүн;  

- башка уюмдарга инвестициялардын максималдуу өлчөмүн; 

- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы өлчөмүн.  

23. Акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ МФКлар, төмөнкү укуктарга ээ: 

1) МФКнын өзү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алууга каржылоону сунуштоо, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алуу; 

2) кепилдик берүү

3) чогуу алганда берилген каржылоонун бир кардарга каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминен ашкан өлчөмдө гарантияларды берүү

4) "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишкердикти жүзөгө ашыруу; 

6) аккредитивдерди берүү, баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана мүлктү ишеним боюнча тескөө

 

5-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТУУ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРГАН МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРЫ ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЭСЕПТӨӨ ТАРТИБИ 

 

24. Уставдык капиталга карата төмөнкү талаптар белгиленет: 

1) акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары Кыргыз Республикасынын аймагында микрокаржылоо компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш; 

2) МФК уставдык капиталдын өлчөмүн акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан МФКлардын уставдык капиталына карата Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптардан төмөн эмес деңгээлде сактап турууга тийиш. 

25. Минималдуу өздүк капиталдын (М1) ченеминин мааниси 100% кем эмес деңгээлде сакталуусу зарыл. 

Минималдуу өздүк капиталдын (М1) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

М1 = СК / УК * 100%, мында: 

 

СК - баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компанияларынын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту);  

УК - акча каражаттарын тарткан микрокаржылоо компаниялар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капитал (ушул Эрежелердин 24-пунктунун 1-пунктчасы). 

26. Капиталдын шайкештик (жеткиликтүүлүк) деңгээли (М2) 8% кем эмес деңгээлде сакталуусу зарыл. 

МФК капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

М2 = СК/СА *100%, мында: 

 

СК - баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компаниялардын өздүк капиталы (ушул эрежелердин 12-пункту); 

СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында, улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө коммерциялык банктарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын алып салгандагы баа берүү күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

27. Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн (М3) ченемдик мааниси 5 % ашпаган деңгээлде белгиленет.  

Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт: 

 

М3 = СЗ / СК * 100%, мында: 

 

СЗ - кардардын баалоо күнүнө карата берилген каржылоо (мөөнөтүнө карабастан), инвестициялар (карыздык милдеттенмелер, акциялар, кардардын капиталында финансылык катышуу түрүндө) боюнча чогуу алгандагы карыз; 

СК - баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталы. 

Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө учурунда ар башка кардарлардын карыздары суммаланып, бир тобокелдик катары каралууга тийиш, эгерде: 

- бир кардар башка кардар тарабынан контролдукка алынса; 

- бир нече карыз алуучуну бир эле жак контролдукка алса; 

- бир кардар карызын кайтарбай коюсунан башка кардардын карызын кайтарбай коюусуна алып келсе;  

- карызды кайтаруу үчүн бир эле булак анын ичинде карызды төлөөнүн экинчи булагы (күрөө менен камсыз кылуу) колдонулса.  

Эскертүү: Бул пунктта контролдоо дегенден улам, чечимдерди түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоо же болбосо кабыл алынуучу чечимге, анын ичинде келишимге (оозеки келишимди кошо алганда) же башка бүтүмгө таасир этүү жөндөмдүүлүгүн түшүнөбүз.  

28. Ликвиддүүлүк ченеминин мааниси (М4) 30% төмөн эмес деңгээлде белгиленет. 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган микрокаржылоо компаниялары үчүн ликвиддүүлүктүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

М4 = ЛА / ОБ * 100%, мында: 

 

ЛА - микрокаржылоо компаниялардын ликвиддүү активдери, аларда төмөнкүлөр камтылат: нак акча каражаттары (касса); банктардагы эсептешүү жана депозиттик (баа берүү учурунан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кайтаруу менен) эсептериндеги каражаттар; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банктын баалуу кагаздары, булар баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн;  

ОБ - МФКнын милдеттенмелери, анын ичинде 30 күндөн ашпаган төлөө мөөнөтү менен тартылган акча каражаттар. 

МФК ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, ал төмөнкүдөй факторлорду эске алат:  

- ликвиддүүлүккө керектөөгө контролдук кылуу жана мөөнөтү келип жеткен милдеттенмелерди аткаруу үчүн МФКнын активдеринин жетиштүүлүгүнө кеминде ар жума ичинде өлчөөнү жана мониторинг жүргүзүүнү

- тартылган каражаттардын базасынын түзүмүн жана туруктуулугун (тартылган каражаттардын кайра кайтаруунун мөөнөттөрүн, булактардын топтолушун, кошумча баанын өлчөмүн аныктоо саясатын); 

- рынокто карыз алышуу мүмкүнчүлүгүн; 

- ликвиддүүлүк жетишсиз болгон учурга пландаштырууну. 

29. Тартылган акча каражаттарын (М5) кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченеми 100%дан кем эмес деңгээлде белгиленет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

М5 = К / В *100%, мында: 

 

К - баа берүү күнүнө карата кошумчаланган сумма же негизги сумма боюнча кандайдыр бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун албаган каржылоо; 

В - баа берүү күнүнө карата тартылган акча каражаттарынын суммасы. 

30. Аффилирленген жактар жана инсайдерлер менен операцияларга карата төмөнкүдөй чектөөлөр белгиленет: 

1) Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барышкан МФКлар Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/8 токтому менен бекитилген "Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрокаржылоо компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого ылайык, инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүзөгө ашырууга тийиш. Инсайдерлер менен аффилирленген жактардын МФК алдындагы чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 60 пайызынан ашпоого тийиш; 

2) МФКнын кызматкерлерине керектөө максаттарына каржылоону сунуштоо боюнча операциялар төмөнкү талаптар сакталган учурда гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 

- каржылоо, кызматкерлердин кеминде 100% эмгек акысы менен же болбосо аны кайра кайтаруу керектөө максаттарына берилген каржылоо суммасынын ордун жабуу мөөнөтү келип жеткенге чейинки тиешелүү күрөө келишими менен таризделген депозиттер менен камсыз кылынууга тийиш;  

- каржылоо, МФКнын кызматчысы болуп саналбаган адамдарга каржылоо сунушталган учурда коюлуучу шарттар жана талаптар алдында (кошумчаланган сумма, күрөө менен камсыз кылуу, кредитти камсыз кылуу мөөнөтү) берилүүгө тийиш;  

МФК керектөө максаттарына каржылоону сунуштаган МФКнын кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 5% ашпоого тийиш жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

 

СЗК / СК * 100% 5%, мында: 

 

СЗК - баа берүү күнүнө карата МФКнын керектөө максаттарына каржылоону сунуштаган МФКнын кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы;  

СК - баа берүү күкүнө карата МФКнын өздүк капиталы. 

31. Башка уюмдарга инвестициялар бөлүгүндө төмөнкүдөй талаптар белгиленет: 

1) МФК инвестициялоону иши Шариат стандарттарына каршы келбеген микрокаржылоо уюмдарына жана банктарга гана жүзөгө ашырууга укуктуу. Мында МФКнын микрокаржылоо уюмдарына жана банктарга сунуштаган инвестициялары Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамында аныкталган микрокаржылоо уюмдарынын максаттарына ылайык келүүгө тийиш; 

2) ар бир микрокаржылоо уюмуна жана/же банкына инвестициялардын (анын ичинде карыздык милдеттенмелерге инвестициялардын, ислам каржылоо принциптери боюнча финансылык каражаттарды жайгаштыруулардын жана ар кандай башка ушул сыяктуу финансылык салымдардын) максималдуу өлчөмү ушул Эреженин 27-пунктуна ылайык белгиленет жана эсептелинет; 

3) МФКнын инвестицияларынын (анын ичинде карыздык милдеттенмелерге инвестициялардын, ислам каржылоо принциптери боюнча финансылык каражаттарды жайгаштыруулардын жана ар кандай башка ушул сыяктуу финансылык салымдардын) чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ушул Эреженин 13-пунктуна ылайык эсептелет.  

32. МФКнын ислам каржылоо принциптерине ылайык мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы көлөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.  

 

6-глава. Экономикалык ченемдердин, мезгил-мезгили менен берилүүчү жана башка отчеттордун сакталышы жөнүндө маалыматтарды сунуштоо тартиби жана мөөнөттөрү 

 

33. Микрокаржылоо компаниялары экономикалык ченемдердин жана Улуттук банктын талаптарынын сакталышына мониторингди кеминде жума сайын жүргүзүүгө тийиш.  

34. МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышына текшерүү иши Улуттук банк тарабынан кайсы болбосун күнү ишке ашырылат.  

35. МФК отчетту Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын он экисинен кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

36. Экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн сакталышы тууралуу отчет ушул эрежелерге карата тиркеменин формасы боюнча Мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттун курамында Улуттук банкка берилет.  

37. МФК ушул эрежелердин 15-пунктунда аныкталгандай тышкы аудитордун толук отчетун жана жетекчиликке катты жыл сайын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

38. Микрокаржылоо компаниялары экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактабагандыгы, алар маалыматтарды бербегендиги, ошондой эле өз убагында бербегендиги же такталбаган маалыматты бергендиги фактылары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамдарга жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, МФКга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокаржылоо компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

Тиркеме 

 

Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат 

Экономикалык ченемдердин аталышы 

Белгилөө  

Ченемди эсептөө  

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдин белгиленген мааниси  

Белгиленген ченемден четтөө  

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү  

М1 

СК/УК х 100% 

  

100% 

кем эмес  

  

Капитал шайкештигинин ченеми  

М2 

СК/СА х 100% 

  

8% кем эмес 

  

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

М3 

СЗ/СК х 100% 

  

5%дан ашпаган 

  

Ликвиддүүлүк ченеми 

М4 

ЛА/ОБ х 100% 

  

30%  

кем эмес 

  

Тартылган каражаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөөнүн ченеми 

М5 

К/В х 100% 

  

100% кем эмес 

  

МФК керектөө максаттарына берилген каржылоону берген МФК кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы  

  

СЗК/СК х 100% 

  

5%дан ашпаган 

  

Ар бир микрофинансы уюмдарына (1) же банкка инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

  

И/СК х 100% 

  

5%дан ашпаган 

  

Микрофинансы уюмдарына жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 

 

СИ/СК х 100% 

  

30%дан ашпаган 

  

Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы көлөмү 

  

СИ/СК х 100% 

  

50%дан ашпаган 

  

Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

  

СЗК/СК х 100% 

  

60%дан ашпаган 

  

 

(1) МФУ - микрокаржылоо уюмдары 

СЗК - МФК алдындагы кызматкерлердин чогуу алгандагы карызы  

И - ар бир МФКга жана банкка инвестициялар  

СИ - МФКга жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар  

СЗА - аффилирленген жактардын чогуу алгандагы карызы