Кайта келүү

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

«30»-майындагы № 24\8 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

“Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын 

лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу 

  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 4, 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:   

 

1. Кароого сунушталган “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-апрелиндеги №19/6 “Аманаттарды тартуу менен иш алып барган микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.   

4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрокаржылоо компанияларын, Микрокаржылоо уюмдары ассоциациясын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.   

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Абдыгулов Т.С. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

«30»-майындагы № 24\8 токтомуна карата тиркеме 

 

Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын  

лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө  

НУСКОО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Ачык валюта позицияларын эсептөө тартиби 

3. Ачык валюта позицияларынын лимиттери 

4. Ачык валюта позициялары тууралуу отчеттор жана аларды сунуштоо тартиби 

5. Ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин бузууга жол бергендиги үчүн колдонулуучу санкциялар 

6. Чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча ички контролдукту уюштуруу 

1-тиркеме Ачык валюта позициялары (АВП) тууралуу күн сайын сунушталуучу отчет  

2-тиркеме Ачык валюта позициялары (АВП) тууралуу жума сайын сунушталуучу отчет  

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул нускоо, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында банктар жана банк иши жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, микрокаржылоо компанияларынын (мындан ары МКК) ишинде валюта тобокелдиктерине бөгөт коюу максатында иштелип чыккан. 

2. МКК ички саясатты жана ачык валюта позицияларынын лимиттердин сакталышына контролдук жүргүзүү боюнча жол-жоболорду иштеп чыгууда, ушул нускоонун талаптарына таянууга тийиш. 

3. Ушул нускоонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

Валюта тобокелдиги бул МКК чет өлкө валютасы боюнча ачык валюта позициясына ээ болгон учурда валюта курсу алгылыксыз багытта өзгөрүп, МККнын чет өлкө валютасы төрүндөгү талаптарынын (активдеринин)/милдеттенмелеринин наркынын өзгөрүүсүнөн улам, анын чыгымга дуушар болуу тобокелдиги. Валюта позициясы валюталык операцияларды жүзөгө ашырууда келип чыгат жана МККнын валюта тобокелдигине дуушарлануу деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат. 

Валюталык операциялар бул чет өлкө валютасында кредиттерди берүү, мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу боюнча операциялар, ошондой эле алардын натыйжасында чет өлкө валютасы түрүндө талаптар (активдер) же болбосо милдеттенмелер өзгөргөн башка операциялар. 

Таза валюта позициясы бул МККнын өзүнчө бир чет өлкө валютасындагы баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы талаптары (активдери) менен милдеттенмелери ортосунда келип чыккан ажырым.  

МККнын тиешелүү валютасындагы талаптары (активдери) жана милдеттенмелери бири-бирине дал келбей калган шартта ал ачык позиция, ал эми тең болгон учурда жабык позиция болуп саналат.  

МККнын ачык валюта позициясы узак мөөнөттүү (МККнын тиешелүү валютадагы талаптары (активдери) анын ошол эле валютадагы милдеттенмелеринен жогору болгон шартта), же кыска мөөнөттүү (милдеттенмелер талаптардан (активдерден) арткан шартта) болушу мүмкүн. Узак мөөнөттүү валюта позициясы «+» белгиси менен, ал эми кыска мөөнөттүү позиция «-» белгиси менен белгиленет.  

Расмий курс бул чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курсу, ал Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо тартибине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

Суммардык валюта позициясы бул МККнын бардык чет өлкө валюталары боюнча таза валюта позицияларынын суммасы, ал ушул нускоонун 8-пунктунда аныкталган тартипте "short hand" ыкмасы боюнча эсептелинет.  

МККнын өздүк капиталы, Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине ылайык эсептелинет.  

Ачык валюта позицияларынын лимиттери бул, Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү чектөөлөр, ал ачык валюта позицияларынын (ар бир чет өлкө валютасы жана суммардык боюнча) МККнын өздүк капиталына карата пайыздык катыш түрүндө туюндурулат. Ал МККнын отчеттук айдын 1ине карата абал боюнча өздүк капиталы өлчөмүнүн негизинде эсептелет. Ачык валюта позициялары Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча кыргыз сомунда эсепке алынат. Ачык валюта позицияларынын лимиттери пайыздарда, үтүрдөн кийинки эки ондук белгиге чейин тегеректөө менен эсептелет.  

Бүтүмгө келишүү күнү бул тараптардын бүтүмдүн негизги шарттары боюнча (валюта түрү, алмашуу курсу, каражаттар суммасы, валюталоо күнү ж.б.) макулдашууга жетишүү күнү

Валюталоо күнү - бул бүтүмгө катышуучулардын эсептерине каражаттар чегерилген күн.  

 

2. Ачык валюта позицияларын эсептөө тартиби  

 

4. Ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча МКК төмөнкү көрсөткүчтөрдү эсептөөгө тийиш: 

ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позициялары; 

суммардык валюта позициясы. 

5. Таза валюта позициялары ар бир чет өлкө валютасы боюнча өз-өзүнчө төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары эсептелинет: 

чет өлкө валютасындагы таза спот-позиция. Бул чоңдук, чет өлкө валюталарында чегерилген пайыздык кирешелерди/чыгашаларды кошо алганда, баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелер ортосундагы ажырым катары эсептелинет (анын ичинде валюталоо күнү 2 күнгө чейинки бүткөрүлбөгөн “спот” контракттар жана “своп” контракттардын бөлүгү болуп саналган “спот” контракттар). Мында активдер жана милдеттенмелер таза баланстык нарк боюнча эсепте камтылат. Бул нускоонун максаттары үчүн “своп” контракт катары төмөнкү эки бүтүмдөн турган комбинация түрүндөгү операцияны түшүнөбүз: белгилүү бир мезгилге ошол эле контр-агент менен ошол эле суммага (“своп” контрактынын негизги суммасы) “спот” жана “форвард” контракттары; 

чет өлкө валютасындагы таза форвард-позиция. Бул чоңдук, “форвард” контракттары (фьючерстерди кошо алганда), ошондой эле “своп” контракттарынын бөлүгү болуп саналган “форвард” контракттары боюнча талаптар жана милдеттенмелер ортосунда келип чыккан ажырым катары эсептелинет; 

ошол эле чет өлкө валютасы менен камсыздалган гарантиялардан тышкары чет өлкө валютасында номинирленген, МККларга берилген гарантиялар. Мында, көрсөтүлгөн гарантиялар таза валюта позициясынын эсебине бенефициар (пайдага ээ болуучу) милдеттенме боюнча акча суммасын төлөө талабын сунуштаган шартта же МКК көрсөтүлгөн гарантиялар боюнча төлөө талап кылынышы мүмкүндүгүн күбөлөндүргөн документ менен тастыкталган маалыматты алган учурдан тартып камтылат. Мисалы, бенефициардын принципал өз милдеттерин аткарбагандыгы (аткарууну кечиктиргендиги) тууралуу каты ал гарантияны таза валюта позициясынын эсебине камтуу үчүн негиз болуп саналат. 

6. Валюта операциялары валюта позицияларынын эсептеринде бүтүм келишилип, ал баланска чагылдырылган күндөн тартып, анын ичинде бүтүмгө келишилген күн болуп саналбаган, келечекте валюталоо күнүн камтыган операцияларда камтылат.  

7. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позицияларын эсептөө сомдук эквивалентте, Улуттук банк тарабынан отчеттук күнгө карата белгиленген колдонуудагы расмий курс боюнча жүргүзүлөт.  

8. Бардык чет өлкө валюталары боюнча суммардык ачык валюта позициясы "short hand" ыкмасын пайдалануу менен эсептелинет, б.а. эсептөө ар бир чет өлкө валютасындагы бардык узак мөөнөттүү таза валюта позицияларын өзүнчө жана бардык кыска мөөнөттүү таза валюта позицияларын өзүнчө суммалоо аркылуу жүргүзүлөт. Андан кийин алынган өлчөмдөр бири-бирине салыштырылат (Улуттук банк белгилеген расмий курс боюнча кыргыз сом түрүндөгү абсолюттук өлчөмдө) жана эки өлчөмдүн ичинен көбүрөөгү (бардык узак мөөнөттүү таза валюта позицияларынын же бардык кыска мөөнөттүү таза валюта позицияларынын суммасы) суммардык ачык валюта позициясынын лимитин эсептөөдө пайдаланылат. 

 

3. Ачык валюта позицияларынын лимиттери 

 

9. Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте уюштуруучулардан (акционерлерден) карыз алышуу ишкердигин жүргүзгөн жана юридикалык жактардан карызга каражаттарды алып, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда жайгаштырууну жүзөгө ашырышкан МККлар үчүн төмөнкү лимиттер белгиленет: 

1) операциялык күндүн акырына карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан белгиленген чет өлкө валюталары боюнча суммардык ачык валюта позициясынын өлчөмү, МККнын отчеттук айдын 1ине карата эсептелинген өздүк капиталынын 20% ашпоого тийиш; 

2) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча расмий курстары Улуттук банк тарабынан белгиленбеген чет өлкө валюталары боюнча суммардык валюта позициясы жабык болууга тийиш. 

10. Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте уюштуруучулардан (акционерлерден) карыз алышуу ишкердигин жүргүзгөн жана юридикалык жактардан карызга каражаттарды алып, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда жайгаштырууну жана/же Улуттук банк тарабынан берилген лицензияда көрсөтүлгөн чет өлкө валюталарында уруксат берилген төмөнкү операцияларды жүзөгө ашырышкан: 

микрокредиттерди берген, 

жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тарткан, 

карыздык милдеттенмелерди (факторингди) сатып алган жана саткан, 

гарантияларды Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө сунуштаган МККлар үчүн төмөнкү лимиттер белгиленет: 

1) ар бир чет өлкө валютасы боюнча ачык узак мөөнөттүү/кыска мөөнөттүү валюта позициясынын өлчөмү операциялык күндүн акырына төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш: 

расмий курстары Улуттук банк тарабынан белгиленген валюталар үчүн отчеттук айдын 1ине карата абалы боюнча эсептелинген МККнын өздүк капиталынан 15%; 

расмий курстары Улуттук банк тарабынан белгиленбеген валюталар үчүн таза валюта позициясы жабык болууга тийиш;  

2) операциялык күндүн акырына карата расмий курстары Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү чет өлкө валюталары боюнча суммардык валюта позициясынын өлчөмү, МККнын отчеттук айдын 1ине карата эсептелинген өздүк капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

11. МКК операциялык күндүн акырына карата ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин так сактоого милдеттүү.  

12. Ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттеринин чегинен чыккан шартта, алар МКК тарабынан кийинки операциялык күнгө өткөрүлбөйт. Күндөлүк операциялык күндүн акырына чейин лимиттер Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш.  

13. Операциялык күн ичинде катталган ачык валюта позицияларынын чоңдугуна контролдукту МКК өз алдынча, валюта тобокелдиги деңгээлине берген өз баасына жараша жүргүзөт. Мында ар бир МКК валюта тобокелдигинин өлчөмүн күн ичинде Директорлор кеңеши, Байкоо кеңеши же башка ыйгарым укуктуу жак тарабынан МККнын уюштуруу документтерине ылайык, валюта тобокелдиктерин тескөөнүн бекитилген ички саясатынын чегинде сактап турууга тийиш.  

14. Айрым МККлар үчүн суммардык ачык валюта позициясынын лимитинин чектүү мааниси, эгерде бул МККлар өтө жогорку деңгээлдеги валюта тобокелдигин өзүнө алса, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен төмөндөтүлүшү мүмкүн.  

 

4. Ачык валюта позициялары жөнүндө отчеттор жана аларды сунуштоо тартиби 

 

15. Мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барышкан МККлар күн сайын саат 9.00гө чейин Улуттук банкка, ал эми республиканын башка областтарында жайгашкан МККлар Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыктарына, Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө ушул нускоого карата 1-тиркемеге ылайык өткөн операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ачык валюта позициялары тууралуу күн сайын сунушталуучу отчетту кагаз бетине чыгарылган жана электрондук түрдө сунушташат.  

16. Мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартпаган МККлар отчеттук жумадан кийинки алгачкы жумуш күнү саат 9.00гө чейин Улуттук банкка, ал эми республиканын башка областтарында жайгашкан МККлар Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыктарына, Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө ушул нускоого карата 2-тиркемеге ылайык отчеттук жуманын ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча отчеттук жума ичиндеги ачык валюта позициялары тууралуу жума сайын сунушталуучу отчетту кагаз бетине чыгарылган жана электрондук түрдө сунушташат. 

17. Филиалдарга ээ МККлар отчетторунда ачык валюта позициялары боюнча жыйынтыкталган маалыматтарды өзүнүн бардык филиалдарынын маалыматтарын эске алуу менен сунуштоого тийиш.  

 

5. Ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта колдонулуучу санкциялар 

 

18. МКК ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта Улуттук банк, Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрокаржылоо уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобого ылайык, анын ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан суммасынын 5%, бирок МККнын өздүк капиталы өлчөмүнөн 1% жогору эмес өлчөмдө МККдан айыптык төлөм өндүрүү түрүндө санкцияларды колдонот.  

19. МКК системалуу түрдө (30 календардык күн ичинде 2 же андан көп жолу) белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта Улуттук банк мыйзамдарда жана ченемдик укуктук актыларда каралган башка санкцияларды колдонуп, лицензияны да кайтарып алышы мүмкүн. 

20. МККнын кандайдыр бир жол менен айкын валюта позициясынын отчетто чагылдырылбашы жагында көргөн аракеттери төмөнкү аракеттер катары кабыл алынат:  

Улуттук банкты жаңылыштыкка алып келүү

алгылыксыз банктык тажрыйбанын болушу; 

анын айкын өлчөмүн бурмалоо максатында валюта позициясын татаалдатуу, башкача айтканда алардын келип чыгышын жана жүзөгө ашырылышын тактоо мүмкүн эмес болгон шектүү операцияларды ишке ашыруу жана/же эгерде мындай операциялар МККнын финансылык отчетуна жана анын экономикалык ченемдерине таасирин тийгизүү

МКК так эмес финансылык жана регулятивдик отчетту сунуштоо. 

Так эмес валюта позициясы чагылдырылган шартта МККга карата тиешелүү санкциялар колдонулат, мында анын лицензиясы да кайтарылып алынышы мүмкүн. 

21. Бул нускоонун кайсы болбосун талабын бузууга жол берген шартта МККнын жетекчилиги, жол берилген мындай бузуулар тууралуу дароо маалымдоого жана эки күндүк мөөнөт ичинде ал бузуулардын себептерине түшүндүрмө берип, аларды четтетүү максатында МКК тарабынан көрүлгөн чаралар тизмегин жазуу жүзүндө кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.  

 

6. Чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча ички контролдукту уюштуруу  

 

22. Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн МКК валюта тобокелдигин тескөөнүн ички саясатын иштеп чыгууга жана шайкеш ички контролдукту уюштурууга милдеттүү.  

23. Чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган ар бир операция боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгып, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

МККнын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин чектөө, ал бир кызматкердин бүтүмгө келишүүгө демилгелөө ишинен тартып аны бухгалтердик китептерде эсепке алууга чейинки толук көлөмдөгү кандайдыр бир процессти аткара албагандай жана/же контролдукка ала албагандай жүргүзүлөт; 

МККнын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан ишке ашырылган операциялардын жана алардын көлөмүнө карата санкцияларды колдонуунун так тартиби; 

ар бир чет өлкө валютасы жана бүтүндөй бардык валюталар боюнча ачык валюта позициясынын ички лимиттери; 

ишке ашырылуучу операциялар тобокелдигинин мүнөзүнө жана даражасына жараша контр-агенттердин ишенимдүүлүгү жана контр-агенттердин категориялары тууралуу маалыматтардын жетиштүүлүк деңгээли; 

валюта операцияларына текшерүү ишин жүргүзүүдө ички аудитке карата талаптар (эң аз дегенде, аудиторлордун көз карандысыздыгы жана алардын зарыл квалификацияга жана билимге ээ болушу); 

МКК жана анын филиалдары үчүн эсепке алуу жана отчет берүү боюнча талаптар (формасы, сунуштоо мезгили, жоопкерчилик). 

 

Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын  

лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоого карата  

1-тиркеме  

 

_____________________________________________ 20___ -ж. «___» ____________ үчүн 

(МККнын аталышы) (күнү

ачык валюта позициялары тууралуу 

КҮН САЙЫН СУНУШТАЛУУЧУ ОТЧЕТ 

 

СК: ___________________ миң сом 

Валюта түрү 

Улуттук банк тарабынан белгиле-нүүчү расмий курс 

Ачык валюта позиция-сынын чоңдугу  

(миң сом) 

Анын ичинде: 

Ачык валюта позиция-сынын чоңдугу 

(СК карата %) 

Лимиттен четтөө (%) 

Кошумча: 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдык 

балан-стык 

баланстан тышкаркы 

сатуу 

сатып алуу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммардык ачык валюта позициясы: 

 

 

 

СК МККнын өздүк капиталы. 

 

 

Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын  

лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоого карата  

2-тиркеме  

 

_____________________________________________ 20___ -ж. «___» ____________ үчүн 

(МККнын аталышы) (күнү

 

ачык валюта позициялары тууралуу 

ЖУМА САЙЫН СУНУШТАЛУУЧУ ОТЧЕТ 

 

СК: ___________________ миң сом 

Валюта түрүүнү  

Улуттук банк тарабынан белгиленүүчү расмий курс 

Ачык валюта позиция-сынын чоңдугу 

(миң сом) 

Анын ичинде  

Ачык валюта позициясынын чоңдугу 

(СК карата %) 

Лимит-тен четтөө (%) 

Кошумча: 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдык  

балан-стык 

бала-нстан тыш-кар-кы 

сатуу 

сатып алуу 

АКШ доллары 

Дүйшөмбү 

 

 

 

 

 

 

 

Шейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Шаршемби 

 

 

 

 

 

 

 

Бейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Жума 

 

 

 

 

 

 

 

Евро 

Дүйшөмбү 

 

 

 

 

 

 

 

Шейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Шаршемби 

 

 

 

 

 

 

 

Бейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Жума 

 

 

 

 

 

 

 

Казак тенгеси 

Дүйшөмбү 

 

 

 

 

 

 

 

Шейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Шаршемби 

 

 

 

 

 

 

 

Бейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Жума 

 

 

 

 

 

 

 

Орус рубли 

Дүйшөмбү 

 

 

 

 

 

 

 

Шейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Шаршемби 

 

 

 

 

 

 

 

Бейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Жума 

 

 

 

 

 

 

 

___________ (башка валюта) 

Дүйшөмбү 

 

 

 

 

 

 

 

Шейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Шаршемби 

 

 

 

 

 

 

 

Бейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Жума 

 

 

 

 

 

 

 

___________ (башка валюта) 

Дүйшөмбү 

 

 

 

 

 

 

 

Шейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Шаршемби 

 

 

 

 

 

 

 

Бейшемби 

 

 

 

 

 

 

 

Жума 

 

 

 

 

 

 

 

Суммардык ачык валюта позициясы: 

 

 

 

Дүйшөмбү 

 

 

 

 

 

Шейшемби 

 

 

 

 

 

Шаршемби 

 

 

 

 

 

Бейшемби 

 

 

 

 

 

Жума 

 

 

 

 

 

СК МККнын өздүк капиталы.