Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 30- октябрындагы № 47\10 токтому  

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо жана 

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” жөнүндө мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 2010-жылдын 30-июнундагы №52/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелери тууралуу”; 

- 2013-жылдын 28-мартындагы №10/9 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздардын депозитардык эсеби жөнүндө” жобо тууралуу”. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялагандан кийин ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине чегилдирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

4. Токтом, расмий жарыялагандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 30- октябрындагы № 47\10 

токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо жана өзгөртүүлөр 

 

2010-жылдын 30-июнундагы №52/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо Эрежелери тууралуу” Улуттук банк Башкармасынын токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизиллсин:  

жогорку токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу банктар аралык кредиттик операциялар боюнча жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо Эрежелерине: 

- 4 бөлүм төмөнкү мазмундагы 14.1-пункт менен толукталсын: 

«14.1 Өкмөттөр аралык макулдашуулардын, эл аралык банктар аралык бирикмелердин алкагында кредиттик линияларды (кредиттерди), транштарды берүү жөнүндө банктар менен келишимдерди (макулдашууларды) түзгөн учурда, Күрөөнү тескөөчүнүн катышуусу жок МБК депозитарийинде МБК күрөөсү жөнүндө келишимди каттоого жол берилет.  

Жогоруда көрсөтүлгөндөй күрөөдө турган МБКларды толук же анын бөлүгүн бошотуп алуу бекитилген форма боюнча Күрөө кармоочунун билдирүүсү боюнча Улуттук банк тарабынан жүргүзүлөт (3-тиркеме). Күрөө кармоочунун билдирмесинин негизинде Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат. Мында Күрөө кармоочунун билдирүүсү расмий тилде же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилет.”;  

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Күрөө коюучунун күрөөлүк субэсебинде турган МБКларды өз ыктыярдуу Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же МБК депозитарийиндеги Күрөөнү тескөөчүнүн жалпы субэсебине которууда, кредиттин ордун жабуу эсебинен Күрөө коюучу менен макулдашылган Күрөө кармоочунун же Күрөөнү тескөөчүнүн тапшыруусу боюнча Улуттук банк тарабынан ал келген күнү ишке ашырылышы мүмкүн (4-тиркеме).”; 

- 2-тиркеменин 5-пунктундагы “арбитраждык суд жана башка” сөздөр алынып салынсын; 

- 2-тиркеменин 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«6. Мамлекеттик баалуу кагаздар депозитарийиндеги Күрөө коюучунун күрөөлүк субэсебинде турган МБКлардын ордун жабуу мөөнөтү келген учурда: (1) улам созулган соттук же соттон тышкаркы териштирүүлөргө; (2) Күрөө коюучу жана/же Күрөө кармоочу же Күрөөнү тескөөчү күрөөгө карата эч кандай иш-аракеттерди кабыл албагандыгына байланыштуу Тараптар алардын номиналдык наркын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыктын эсебинен Улуттук банктагы корреспонденттик эсепке (банктын аталышы) которууга Улуттук банкка ыйгарым укук беришкен.”; 

жогорку токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздардын депозитардык эсеби жөнүндө” жобого: 

- 28-пунктундагы “3” деген сан алынып салынсын; 

- 3-тиркеме алынып салынсын.