Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 27ноябрындагы№53\9токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:  

2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу”;  

2004-жылдын 15-сентябрындагы №24/4 “Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө” нускоонун жаңы редакциясы тууралуу”;  

2014-жылдын 30-майындагы №24/8 Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу”.  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы:  

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, микрокаржылоо компанияларын, Микрокаржылоо уюмдар ассоциациясын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 27ноябрындагы№53\9токтомуна карата  

тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобонун: 

2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«2.4. Банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби “Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө” нускоонун 6-бөлүгүнө ((1)-эскертүүнү карагыла) жана “Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө” нускоого ((2)-эскертүүнү карагыла) ылайык аныкталат.».  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы №24/4 “Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө” нускоонун жаңы редакциясы тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө” нускоонун:  

6.2.-пунктунун: 

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары контролдоочу жак же олуттуу катышуучу болгон учурларды эске албаганда, алар эң аз дегенде бир контролдоочу жакка же олуттуу катышуучуга ээ;»;  

- тогузунчу абзацтагы “үчүнчү жактын (банк тарабынан бул үчүнчү жакка карата талап коюлганбы же коюлган эмеспи, ага карабастан) тике пайдасы үчүн колдонулса” деген сөздөр “, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын.  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/8 “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрокаржылоо компаниялары тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоонун:  

- 9.-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 15 жана 16-пункттардагы “Мөөнөттүү” деген сөз “Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде чет өлкө валюталарында операцияларды жүзөгө ашырышкан жана мөөнөттүү” деген сөздөргө алмаштырылсын.