Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 8 декабрындагы 54/2токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы №50/1 «Банктардын милдеттүү камдарынын күндөлүк минималдуу деңгээли жөнүндө» токтомуна  

өзгөртүү киргизүү тууралуу 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы №50/1 «Банктардын милдеттүү камдарынын күндөлүк минималдуу деңгээли жөнүндө» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр бекитилсин: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Ар бир коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги милдеттүү камдык талаптарды күндөлүк негизде аткарып туруу үчүн каралган каражаттарынын өлчөмү, банктын ошол мезгилге белгиленген милдеттүү камдарынын көлөмүнүн кеминде 90 пайызын түзүүгө тийиш.».  

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Экономика башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

4. Токтом 2014-жылдын 15-декабрынан тартып күчүнө кирет.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жеңиш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жеңиш