Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 29-декабрындагы № 59/1 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 43-беренелерине ылайык, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 10,50 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтом, 2014-жылдын 30-декабрынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү тууралуу маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында бир жумуш күнү ичинде жайгаштырылышын камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш