Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 24-декабрындагы 58/16 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- 2012-жылдын 25-июлундагы №30/14 “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобо тууралуу”; 

- 2005-жылдын 4-майындагы №14/3 токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун жаңы редакциясы тууралуу”; 

- 2002-жылдын 11-сентябрындагы №37/2 “Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши тууралуу” жобо жөнүндө

- 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобо тууралуу; 

- 2012-жылдын 17-апрелиндеги №17/1 “Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсынын укугу өткөн адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу жөнүндө”. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/16 токтомуна карата  

1-тиркеме  

 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 11-сентябрындагы N37/2 “Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобо тууралуутоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобонун

 

1) 2.10.-пунктунун 1 абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.10. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде (текст боюнча мындан ары - Юстиция министрлиги) каттоодон өткөртүү үчүн алдын ала макулдук максатында, МКК/МКА Улуттук банкка жана жайгашкан жери боюнча анын областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө мамлекеттик же расмий тилде эки нускада төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:»;   

2) 2.10-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

 

«7) МКК/МКАлардын уюштуруучулары/катышуучулары (акционерлери) тарабынан анын уставдык капиталына салынган, Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МКК/МКАлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 5 пайызынан ашкан суммадагы акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар: 

а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкү документтер сунушталууга тийиш

- акыркы финансылык жыл үчүн бухгалтердик баланстын жана түшкөн пайдалар, кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган көчүрмөсүн же

- акыркы финансы жыл үчүн финансылык отчеттун, декларациялардын же финансылык абалга тиешелүү башка документтердин көчүрмөлөрүн

- аудитордук корутундунун көчүрмөсүн (эгерде бул талап мыйзамдарда белгиленген болсо);  

- уставдык капиталга салынган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер

б) жеке адамдар тарабынан төмөнкү документтер сунушталууга тийиш

- кирешелер жөнүндө маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, суммаларды, мүлктү ж.б. мурастап калуу укугун тастыктаган документтер

- уставдык капиталга салынган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер

Сунушталган документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш

Улуттук банктын талабы боюнча МКК/МКАлар ушул пунктчанын 1-абзацында белгиленген шарттардан көз карандысыз, уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган маалыматтарды (документтерди) берүүгө тийиш.»; 

 

2) 2.16-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

 

«2.16. Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн сунушталган документтерге өзгөртүүлөрдү (аталышы, дареги, уюштуруучулары/катышуучулары (акционерлери) ж.б.) киргизүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, өтүнүч менен кайрылган жак ал тууралуу Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына, ал эми областтарда анын областтык/регионалдык башкармалыктарына 3 жумуш күнү ичинде дароо маалымдоо менен өзгөртүүлөр киргизилген документтерди берүүгө тийиш. Мында, Улуттук банк келип түшкөн өтүнүч катты жана бардык талап кылынган документтерди кароо мезгил аралыгын он жумуш күнүнө чейин узартышы мүмкүн.»; 

 

3) 3.1-пункттун

 

- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

 

«1) өтүнүч кат (1-тиркеме);»; 

 

- 4-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

 

«4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөрүлгөн МККнын же МКАнын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;»; 

 

- 6-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын

 

4) 3.10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«3.10. Күбөлүктөрдүн берилгендиги жөнүндө маалыматтар МКК жана МКАлардын Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн реестринде чагылдырылат.»; 

 

5) 4.3-пункттун

 

- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«1) өтүнүч кат (4-тиркеме);»; 

 

- 3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

 

«3) Уставдын филиалдардын ачылып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды камтыган жаңы редакциясы;»;  

 

- 5-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын

 

6) 4-1.2-пунктун

 

- 3 жана 4-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«3) Уставдын жаңы редакциясы

4) өтүнүч кат берилген күнү коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебине акча каражаттары толук өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы эсептешүү эсебинен көчүрмө); 

Эгерде капиталдын көбөйүсү төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылса

- уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынган кошумча капиталдын эсебинен бул учурда акча каражаттарын кошумча капитал катары салуу жөнүндө келишим/макулдашуу жана банктагы эсептешүү эсебинен акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган көчүрмөсү берилет

- бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен бул учурда уюштуруучулардын/катышуучулардын (акционерлердин) жалпы жыйынынын пайданы бөлүштүрүү жөнүндө чечими берилүүгө тийиш

- ушул пункт төмөнкү мазмундагы 4-1-пунктча менен толукталсын

«4-1) ушул жобонун 2.10-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер тизмегине ылайык, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалымат.»;  

 

7) 4-1.11-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын

 

«Акционердик коом түрүндө уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн МККда Төраганы жана Башкарма мүчөлөрүн дайындоо чечимин Директорлор кеңеши кабыл алат, ал эми Директорлор кеңеши жок болсо Башкарма мүчөлөрү уюштуруучу(лар)/акционер(лер) тарабынан дайындалат/шайланат.»; 

 

8) 5.1-пункт төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:  

 

«4) акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтардын берилбей калышы.»; 

 

9) 7-бөлүктүн аталышындагы «жана микрокредиттик агенттиктер» деген сөз айкашы алынып салынсын

 

10) 7.2-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча «МКА» аббревиатурасы алынып салынсын;  

 

11) 8.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«8.2. МКК жана МКА анын катышуучуларынын (акционерлеринин) чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн. Мында МКК/МКАлар жоюу чечими кабыл алынган учурдан тартып, лицензияда жана/же күбөлүктө каралган операцияларды ишке ашырууну токтотууга жана лицензиянын жана/же күбөлүктүн түп нускасын чечим кабыл алынгандан кийин 10 календардык күн ичинде Улуттук банкка тапшырууга тийиш.». 

 

12) Жобого карата 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин

 

 

 

Кыргыз Республикасында микрокредиттик  

компанияларды жана микрокредиттик 

агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө”  

 жобого карата 2-тиркеме 

 

    

АНКЕТА (сүрөт үчүн)    

 

Микрокредиттик компаниянын же микрокредиттик агенттиктин аталышы  

 

Кызмат орду 

 

Аты-жөнү 

 

Туулган жылы, айы, күнү жана жери  

 

Паспортунун сериясы, номери, ким тарабынан берилген, берилген күнү 

 

Жарандыгы 

 

Документ боюнча үй дареги, телефон номери  

 

Учурда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери 

 

Электрондук дареги 

 

10 

Үй-бүлөлүк абалы 

 

11 

Төмөнүлөр боюнча билиминин болушу

- микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар боюнча

 

- бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчетту түзүү жагында

 

Бар ____  

Жок ____ 

 

Бар___  

Жок___ 

 

12. Билими (жогорку, толук эмес жогорку, орто кесиптик, орто)  (керектүүсүнүн астын сызгыла

Окуу жайдын аталышы (шаары, өлкөсү)  

Факультети  

же бөлүмү 

Окууга тапшырган/аны аяктаган жылы 

Алган дипломго ылайык адистиги 

    

    

    

    

    

    

    

    

13. Курстарда окутуудан өтүү 

 

Семинардын  

же курстардын темасы    

Семинарды уюштуруучу   

Өткөрүлгөн жери (шаары, өлкөсү)    

Окутуудан өткөн жыл 

Финансылык отчеттун эл аралык стандарты жана аудит боюнча курстар үчүн сертификаттын болушу 

    

    

    

    

   (бар, жок) 

14. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер:    

 

  Жалпы эмгек стажы______, анын ичинде финансылык же экономикалык чөйрөдө  

     

Жумушка кабыл алынган күн (жылы, айы)    

Жумуштан бошонгон күн   

Ээлеген кызматы   

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери  

Жумуштан кетүү себеби   

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

    

15. Кошумча маалыматтар 

Сизге ушул иштин түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими барбы  

Ооба ___ Жок___ 

Банкрот процессинде турган же банкрот болгондугуна байланыштуу өз ишин токтоткон банкка же башка финансы-кредит мекемелерине тиешеңиз барбы  

Ооба ___Жок___ 

Тиешеңиз бар болсо, банктын же финансы-кредит мекемесинин аталышын, ээлеген кызматыңызды көрсөтүңүз, өз жоопкерчилигиңизге толук түшүндүрмө бериңиз)  __________________________________________________________________ 

Сизге карата Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулду беле  

Ооба ____Жок____ 

Эгерде «Ооба» деген жооп берилсе, качан жана кандай бузууларга жол берилгендигин көрсөтүңүз ________________________________________________________________ 

 

 

Мен, _______________________________________________________________   

(аты-жөнү)   

жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толук берилишин тастыктайм жана мындан ары бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан калпыстыктарга жана ката кетирүүлөргө жол берилген учурда, бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мага жана микрокредиттик компанияга (же микрокредиттик агенттикке) санкциялардын колдонулушуна алып келээрин түшүнөм.   

   

_________________ 20__ -жыл  "____" ___________  

(кол тамгасы)   

   

   

 

13) Жобого карата 7-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин

 

Кыргыз Республикасында микрокредиттик  

компанияларды жана микрокредиттик 

агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө”  

жобого карата 7-тиркеме 

      

Жетекчинин жана башкы бухгалтердин кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:    

«1) жетекчи үчүн:    

- жогорку жана орто-кесиптик билиминин болушу;    

- микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдарды билүүсү;    

- соттун иштин ошол түрүн жүргүзүүгө тыюу салган чечиминин жоктугу;    

- башкы бухгалтер үчүн (башкы бухгалтердин кызмат орду штатта жок учурда - бухгалтер):    

- жогорку, орто-кесиптик же сертификаттар, бухгалтердик эсеп боюнча курсту ийгиликтүү аяктагандын же квалификациясынын жогорулатылгандыгын тастыктаган башка документтер менен баштапкы-кесиптик билиминин бардыгы

- финансылык эсепке алуу-1, банктык эсеп бухгалтери 1-деңгээл боюнча экзаменди/тестти тапшыргандыгы; 

- соттун иштин ошол түрүн жүргүзүүгө тыюу салган чечиминин жоктугу.».    

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы 5/1 “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобонун:  

 

1) 4.2-пунктунун 11-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

 

«11) МФКнын уюштуруучулары/катышуучулары (акционерлери) тарабынан анын уставдык капиталына салынган, Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу операцияларын ишке ашырбаган МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 1 пайызынан ашкан суммадагы акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар: 

а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкү документтер сунушталууга тийиш

- акыркы финансылык жыл үчүн бухгалтердик баланстын жана түшкөн пайдалар, кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттун Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган көчүрмөсүн же

- акыркы финансы жыл үчүн финансылык отчеттун, декларациялардын же финансылык абалга тиешелүү башка документтердин көчүрмөлөрүн; 

- аудитордук корутундунун көчүрмөсүн (эгерде бул талап мыйзамдарда белгиленген болсо);  

- уставдык капиталга салынган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер. 

б) жеке адамдар тарабынан төмөнкү документтер сунушталууга тийиш: 

- кирешелер жөнүндө маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, суммаларды, мүлктү ж.б. мурастап калуу укугун тастыктаган документтер

- уставдык капиталга салынган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер. 

Сунушталган документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Улуттук банктын талабы боюнча МФК ушул пунктчанын 1-абзацында белгиленген шарттардан көз карандысыз, уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган маалыматтарды (документтерди) берүүгө тийиш.»

 

2) 9.7.2-пунктунун 7-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

 

«- өтүнүч кат берилген күнү коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебине акча каражаттары толук өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы эсептешүү эсебинен көчүрмө); 

Эгерде капиталдын көбөйүүсү төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылса

- уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) тарабынан салынган кошумча капиталдын эсебинен бул учурда акча каражаттарын кошумча капитал катары салуу жөнүндө келишим/макулдашуу жана банктагы эсептешүү эсебинен акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган көчүрмөсү берилүүгө тийиш

- бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен бул учурда уюштуруучулардын/катышуучулардын (акционерлердин) жалпы жыйынынын пайданы бөлүштүрүү жөнүндө чечими берилүүгө тийиш.» 

 

3) 9.7.2-пункту төмөнкү мазмундагы 8-абзац менен толукталсын

 

«- 4.2-пунктунун 11-пунктчасында белгиленген документтердин тизмегине ылайык, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар.»; 

 

4) 9.9.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

«9.9.1. МФКнын жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үй номеринин өзгөрүшү, МФКнын башка калктуу пунктка которулушу менен коштолушу мүмкүн. МФКнын бир калктуу пункттун ичинде орун которушу лицензиялардын алмаштырылышына алып келбейт жана уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүн киргизилишин талап кылбайт. Жайгашкан жери, анын ичинде айкын дареги өзгөргөн учурда МФК Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) МФКнын жайгашкан жеринин, анын ичинде айкын дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу билдирмени.»;   

2) ижара келишиминин же МФКнын тиешелүү жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн.». 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 17/1 “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсынын укугу өткөн мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясыЖЧКсынын ("ФКРПКС") укугу өткөн мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосунун”:  

 

1) Аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

 

Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарын макулдашуу тартиби“.;  

 

2) Аталган документтин бүтүндөй тексти боюнча «Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясыЖЧКсы аббревиатурасыКСФК” ААКсына” алмаштырылсын

 

3) Документтин бүтүндөй тексти боюнча «КРУБ» деген аббревиатуралар тиешелүү жөндөмөдө «Улуттук банк» дегенге алмаштырылсын

 

4) 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«2. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин саясатын (кредиттер, финансы ж.б. боюнча) түптөгөн негизги операцияларга катышууга же айкын катышууга ыйгарым укуктуу болгон Башкарма мүчөсүнүн, башкы бухгалтеринин саясатты аныктаган түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билиминин болушу;  

2) төмөнкүдөй эмгек стажынын болушу:  

- Башкарманын Төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн финансы-кредит системасында кеминде үч жылдык, анын ичинде жетекчи кызматтарда кеминде бир жылдык эмгек стажы

Башкарманын Төрагасы кызмат ордуна талапкер ошондой эле төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:  

а) КСФК” ААКсында жана бүтүндөй кредиттик союздар системасында ишке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзө билүү

б) кредиттик союздардын ишине тиешелүү маселелер боюнча атайы окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаты/күбөлүгүнүн болушу, ошондой эле финансы-банк чөйрөсүндө иштеп жаткан же иштеп кеткен кеминде эки адамдын мүнөздөмө-жолдомосунун болушу (Улуттук банктын кызматкерлеринин, талапкерлердин жакын туугандарынын, ошондой элеКСФКААКсынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин жолдомолору эске алынбайт); 

в) КСФК” ААКсынын Башкармасынын Төрагалыгына дайындалган учурга карата акыркы үч жыл аралыгында кредиттик союздун катышуучусу же кызмат адамы болууга тийиш эмес

- Башкарманын мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкерлер үчүн финансы-кредит системасында кеминде эки жылдык иш тажрыйбасы

- башкы бухгалтердин, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн финансы-кредит системасында эң аз дегенде бир жылдык иш тажрыйбасы

3) финансы-кредит мекемесинин ишин жөнгө салуу, тобокелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкарууга тиешелүү мыйзамдарды билүүсү

4) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бизнес-планын билүүсү

5) финансы-кредит системасында анын иштөөсүнө тыюу салган соттун чечиминин болбошу

6) экономика чөйрөсүндө жана кызматтык кылмыштуулукка баргандыгы үчүн ага карата соттун чыгарган өкүмү болбосо

7) ыйгарым укуктуу органдардын анын аракеттерине (аракеттенбей коюусуна) анын натыйжасында банктын/финансы-кредит мекемесинин лицензиясы кайтарылып алынган иш-аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) талапкердин тиешеси бардыгын тааныган актысынын болбошу.». 

 

5) 4-пунктунун 5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, Башкарманын мүчөлөрүнүн, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлер Улуттук банктын талаптарына ылайык келе тургандыгы/ылайык келбей калгандыгы тууралуу чечим кабыл алат.». 

 

 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-июлундагы №30/14 “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобону бекитүү тууралуутоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын лицензиялоо, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобонун

 

1) бүтүндөй тексти боюнча "Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсынын ("ФКРПКС") укугу өткөн мекеменин кызмат адамдарына карата коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу” деген сөздөр “Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсынын кызмат адамдарын макулдашуу тартиби” деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөз айкашына алмаштырылсын

 

2) 5-тиркеменин 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

«1. Бул лицензия аркылуу төмөнкү банктык операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берилет:    

1) кредиттик союздарга кредиттерди берүү;   

2) кредиттик союздун талабы жана алардын милдеттүү түрдө катышуусу шартында (үчүнчү жак катары) кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттерди берүү

3) финансы-кредит мекемелеринен акча каражаттарын тартуу;  

4) кредиттик союздардын карыздык милдеттенмелерин (факторинг) сатып алуу жана сатуу;    

5) кредиттик союздардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу;   

6) кредиттик союздардын эсебин ачуу жана жүргүзүү;    

7) кредиттик союздардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана аларды кассалык тейлөөнү ишке ашыруу;   

8) кредиттик союздар үчүн системанын оператору катары акча которуу боюнча операцияларды ишке ашыруу;   

9) Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен башка операцияларды ишке ашыруу.».  

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы №14/3 токтому менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун жаңы редакциясы тууралуутоктомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун

 

1) 1.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

«1.6. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого укуктуу».  

 

2) Жобого карата 2-тиркеменин 2-пункту төмөнкү мазмундагы 6-абзац менен толукталсын: «Электрондук дареги_______________».