Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 31- декабрындагы № 60/1 токтому 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы №45/13 "Кыргыз  

Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу 

токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы №45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом, расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын "31" -декабрындагы №60\1 токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттарында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттарында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттарында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун: 

1) 16-пунктундагы: 

- "(юридикалык жактардын жана жеке адамдардын келишимдери, контрактылары боюнча продукцияларды берүүлөр үчүн төлөөлөр)" деген сөздөр алынып салынсын; 

- пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Кредиттерди керектөө максаттарына, анын ичинде карыз алуучунун турак жай шартын жакшыртууга, ошондой эле коммерциялык/өндүрүштүк мүнөзгө ээ эмес башка максаттарга сунуштоого жол берилбейт."; 

1) 20-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Улуттук банктын кредиттик ресурстарынын эсебинен Банк тарабынан берилген кредиттер боюнча номиналдык жылдык пайыздык чен Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталган пайыздык ченден ашпоого жана алар Банктарга тааныштырылууга тийиш."; 

1) 24-пунктундагы"жана 25" деген сөздөр алынып салынсын; 

1) 26-пунктунун: 

- биринчи абзацындагы "максаттарга" деген сөздөр "БФКМдерди кредиттөө үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

"- Кредит берилген күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде БФКМ Банктан алган акча каражаттарды карыз алуучулар арасында жайгаштырууга милдеттүү. Эгерде, кредиттик ресурстар же алардын бөлүгү ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө толук пайдаланылбай калса же жарым-жартылай пайдаланылса, БФКМ көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийинки жумуш күнү кредиттик ресурстардын өздөштүрүлбөй калган бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда Банкка кайтарып берүүгө тийиш; 

- Кредитти колдонуу мөөнөтү ичинде кредиттик аукциондордун алкагында сунушталган каражаттардын эсебинен берилген кредиттин ордун жабууга БФКМдин карыз алуучуларынан келип түшкөн акча каражаттарды БФКМ, Улуттук банкка алардын жайгаштырылышы жөнүндө отчетту кийинки айдын бешине чейин тапшыруу менен аларды өз кардарлары арасында жайгаштырууга тийиш.  

БФКМ, карыз алуучулардан ордун жабууга кабыл алган каражаттарды отчеттук мезгилден кийинки бир ай ичинде жайгаштырууга милдеттүү. Эгерде БФКМ ал каражаттарды ушул пунктка ылайык жайгаштырууну ишке ашырбаса, БФКМ белгиленген жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин жайгаштырылбаган каражаттардын бүтүндөй суммасын Банкка кайтарып берүүгө милдеттүү."; 

1) 28-пункттагы "45" деген сан "44" дегенге алмаштырылсын; 

1) 29-пункттун 10 абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"- Улуттук банк алдында алынган кредиттер жана аларга кошуп эсептелинген пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелерге, ошондой эле кредиттик аукциондордун жыйынтыгында мурда алынган же алуу процессинде турган кредиттер, анын ичинде Улуттук банктын кайра каржылоого тиешелүү башка инструменттери боюнча өздөштүрүлбөгөн кредиттик ресурстарга ээ болбоого."; 

1) 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"30. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети кредиттик аукционду өткөрүү параметрлерин, шарттарын жана ыкмаларын, анын ичинде сунушталуучу кредиттик ресурстардын көлөмүн, мөөнөттөрүн, Банктын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык ченди, минималдуу пайыздык ченди, бир билдирменин минималдуу көлөмүн, күрөөлүк камсыздоого карата талаптарды, аукцион түрүн, кредиттин тармактын багытын мезгил-мезгили менен аныктап турат."; 

1) 31-пункттагы "аукциондун түрүн" деген сөздөр "аукционду өткөрүү ыкмаларын" дегенге алмаштырылсын; 

1) 32-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: 

"Аукционго катышуу билдирмесине, Банктын ыйгарым укуктуу органынын кредиттик аукциондо катышуу жана кредит боюнча күрөөлүк камсыздоо тизмегин тиркөө менен аны сунуштоо чечими кошо тиркелүүгө тийиш."; 

1) 35-пункттагы "жалпы көлөмүнөн" деген сөздөр "жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан" деген сөздөргө алмаштырылсын; 

1) 41-пункттун 3-пунктчасынын экинчи сүйлөмүндөгү "берилген учурда" деген сөздөр "Банктын өздүк каражаттарынын эсебинен улуттук валютада сунушталууга жана" деген сөздөр менен толукталсын; 

1) 6-бөлүктөмөнкүмазмундагы 41-1-пункт менен толукталсын: 

"41-1. Эгерде Банк күрөөлүк камсыздоону кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндө сунуштаган болсо, Банк тарабынан талап кылынып жаткан сумманын кеминде 20 пайызытиешелүү күрөөлүк коэффициентти эске алуу менен ушул Жобонун 41-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн жана Банкка менчик укугунда таандык болгон күрөө менен камсыздалууга тийиш."; 

1) 7-бөлүк төмөнкү мазмундагы 51-1-пункт менен толукталсын: 

"51-1. Аукциондор, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн: 

1) I ыкма - Көптөгөн чен боюнча аукцион. Бул, сунушталган пайыздык чен деңгээли боюнча аукционго катышууга жол берилген билдирмелерди жогорку чектен тартып ушул аукциондо белгиленген кредиттик ресурстар көлөмү толугу менен бөлүштүрүлгөнгө чейин (чектөө ченине чейин) канааттандыруу каралган ыкма. Мында, эгерде чектөө чени боюнча бир нече билдирме сунушталса, анда кредиттик ресурстар бул билдирмелер ортосунда миңге чейин тегеректелип, пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт; 

2) II ыкма - Бир чен боюнча аукцион. Бул, катышууга жол берилген бардык билдирмелерди чектөө чени боюнча, ушул аукциондо белгиленген кредиттик ресурстар көлөмүнүн чегинде канааттандыруу каралган ыкма. Мында, эгерде чектөө чени боюнча бир нече билдирме сунушталса, анда кредиттик ресурстар бул билдирмелер ортосунда миңге чейин тегеректелип, пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт; 

3) IIIыкма - Белгиленген чен боюнча аукцион. Мындай аукционду өткөрүү учурунда бардык билдирмелер Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген чен боюнча канааттандырылат. Эгердебилдирмелердин суммардык көлөмү аукциондо сунушталган кредиттик ресурстар көлөмүнөн ашса, алар миңге чейин тегеректелип, пропорционалдуу негизде канааттандырылат."; 

1) 52-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"52. Улуттук банк кредиттик аукционду өткөрүп, анын жыйынтыгын чыгарат, мында Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин төрагасынын же аны алмаштырган адамдын чечими менен кредиттик ресурстар көлөмү келип түшкөн билдирменин жалпы көлөмүнө жараша кыскартылышы мүмкүн. Аукционго экиден аз катышуучу катышкан шартта, ал өткөрүлбөгөн катары таанылат."; 

1) 61-пункттагы "5-тиркеме" деген сөздөр ", 6, 7-тиркемелер" деген сандар менен толукталсын; 

1) 62-пункттагы "кийинки жумуш күнү" деген сөздөр "3жумуш күнү ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын; 

1) 73-пункттагы: 

- ", 25" деген сандар алынып салынсын; 

- экинчи сүйлөмүндөгүөөнөткө четтетүүгө" деген сөздөр"жана/же кредиттик аукциондо алынган кредиттик ресурстарды каражаттарды максаттуу пайдалануу талабын бузууга жол берген БФКМди кредиттөө үчүн пайдаланууга Банктарга 6 айга чейинки мөөнөткө тыюу салууга укуктуу" деген сөздөр менен толукталсын; 

1) 9-бөлүк төмөнкү мазмундагы 73-1-пункт менен толукталсын: 

"73-1. Банк жана/же БФКМ, кредиттик аукциондун алкагында алынган ресурстардын эсебинен Банктын/БФКМдин карыз алуучуларына берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоого жоопкерчилик тартат. Эгерде Банктын/БФКМдин карыз алуучусу кредиттик ресурстарды максаттуу пайдалануу талаптарын бузууга жол берсе Улуттук банк, ушул жобонун талаптарын бузуу менен пайдаланылган кредиттик ресурстар суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын Банктан талап кылууга, максаттуу пайдаланылбаган суммадан 1 пайыз өлчөмүндө айыптык төлөм чегерүүгө, ошондой эле Банкка жана/же БФКМге карата ушул жободо жана/же Башкы келишимде белгиленген башка чараларды колдонууга укуктуу."; 

1) 78-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

"Өтүнүч кат ушул пунктта белгиленген мөөнөт ичинде сунушталбаса, кредит пролонгацияланбайт."; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 2.7.-пунктунан "аукцион параметрлеринин чегинде" деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2.11-пунктундагы "кредиттик келишимдин көчүрмөлөрү" деген сөздөр "түзүлгөн" деген сөз менен толукталсын; 

- 5-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 5.3.1-5.3.3-пункттар менен толукталсын: 

"5.3.1. Кредиттик келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде Банк кредиттик камсыздоо катары сунушталган күрөөгө баа берүү ишин жүргүзүүгө милдеттүү. Эгерде Күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алганда күрөөнүн жалпы наркы төмөндөсө, Банк бул тууралуу Күрөө кармоочуга кат жүзүндө маалымдоо менен күрөө наркы төмөндөгөн учурдан тартып 5 жумуш күнү ичинде сунушталып жаткан жаңы/кошумча күрөөнүн тизмегин жөнөтүүгө милдеттүү.  

5.3.2. Эгерде Банк, күрөөлүк камсыздоону же кошумча камсыздоону сунуштоо, же болбосо Банк тарабынан кредитти камсыздоого сунушталган күрөө предметин алмаштыруу боюнча талаптарды аткарбаса, Улуттук банк ушул Башкы келишимдин жана Күрөө жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык, Банктын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен анын Кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча карызынын бүтүндөй суммасын, анын ичинде кредит боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, айыптык санкцияларды же камсыздоо үчүн жетишсиз болуп жаткан эквиваленттүү сумманы акцептсиз тартипте алууга укуктуу.  

5.3.3. Эгерде Банк күрөөлүк камсыздоону же кошумча камсыздоону сунуштоо, же болбосо Банк тарабынан кредитти камсыздоого сунушталган күрөө предметин алмаштыруу үчүн белгиленген мөөнөттөрдү бузууга жол берсе, Улуттук банк ушул Башкы келишимге жана Күрөө жөнүндө келишимге ылайык туум чегерүүгө укуктуу."; 

- 5.4.-пункттан "жана кредит алууга Банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын чечимин" деген сөздөр алынып салынсын; 

- 5-бөлүгүтөмөнкү мазмундагы 5.12-5.15-пункттар менен толукталсын: 

"5.12. Кредитти колдонуу мөөнөтү ичинде кредиттик аукциондордун алкагында сунушталган каражаттардын эсебинен берилген кредиттин ордун жабууга Банктын карыз алуучуларынан келип түшкөн акча каражаттарды Банк, Улуттук банкка алардын жайгаштырылышы жөнүндө отчетту кийинки айдын бешине чейин тапшыруу менен аларды өз кардарлары арасында 3.3-пунктка ылайык жайгаштырууга тийиш. Жаңыдан берилип жаткан кредиттер мурда алынган максаттарга жана багыттарга туура келүүгө тийиш. 

5.13. Банк, карыз алуучулардан ордун жабууга кабыл алган каражаттарды отчеттук мезгилден кийинки бир ай ичинде жайгаштырууга милдеттүү. Эгерде Банк ал каражаттарды ушул пунктка ылайык жайгаштырбаса, жайгаштыруу мезгилинен кийинки айдын 1инде жайгаштырылбаган каражаттардын бүтүндөй суммасын Улуттук банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.  

5.14. Эгерде банк ушул Башкы келишимдин 5.13-пунктуна ылайык өз кардарлары арасында жайгаштырылбаган каражаттарды чегерүүнү ишке ашырбаса, Банк мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген каражаттарды толугу менен жайгаштырганга чейинки же болбосо жайгаштырылбаган каражаттардын суммасын Улуттук банкка кайтарганга чейинки ар бир күн үчүн жайгаштырылбаган каражаттар суммасынан 0,1 пайыз өлчөмүндө туум төлөйт. 

5.15. Банк кредиттик аукциондун алкагында алынган ресурстардын эсебинен банктын карыз алуучуларына берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоого жоопкерчилик тартат. Эгерде Банктын карыз алуучусу кредиттик ресурстарды максаттуу пайдалануу талаптарын бузууга жол берсе Улуттук банк, ушул жобонун талаптарын бузуу менен пайдаланылган кредиттик ресурстар суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын Банктан талап кылууга, максатсыз пайдаланылган суммадан 1 пайыз өлчөмүндө айыптык төлөм чегерүүгө, ошондой эле ал Банкка карата ушул Башкы келишимде белгиленген башка чараларды колдонууга укуктуу."; 

- 6.4.-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

"Өтүнүч кат ушул пунктта белгиленген мөөнөт ичинде сунушталбаса, кредит пролонгацияланбайт."; 

- 9.4.-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

"9.4. Башкы келишимге карата 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат."; 

- Жобого карата 4-тиркеменин (Кредиттик келишим): 

3.2.-пунктундагы "иш күнү" деген сөздөр "календардык" деген сөзгө алмаштырылсын; 

5.3.-пунктундагы "№3 жана №5 тиркемелер формасындагы" деген сөздөр "3 жана 5, 6, 7-тиркемелер формасындагы (күрөө түрүнө жараша)" деген сөздөр менен толукталсын; 

- Жобого карата 5-тиркеменин (Мамлекеттик баалуу кагаздарды күрөөгө коюу келишими): 

2.1.- пункту төмөнкү мазмундагы 2.1.5-пунктча менен толукталсын: 

"2.1.5. Күрөө кармоочуга алдын ала маалымдоо менен Кредиттик келишимдин аракеттенүү мөөнөтү аяктаганга чейин төлөө мөөнөтү келип жеткен мамлекеттик баалуу кагаздарды кийин төлөө мөөнөтү каралган башка ушундай эле баадагы мамлекеттик баалуу кагаздарга алмаштырылышын камсыз кылууга. Мында мамлекеттик баалуу кагаздар, тиешелүү эмиссиядагы/тиешелүү эмиссиялардагы мамлекеттик баалуу кагаздардын ордун жабуу күнү келип жеткенге чейинки 30 (отуз) календардык күн мурда алмаштырылууга тийиш." 

3.3-пункттагы "3.1." деген сандар "2.1.5." деген сандарга алмаштырылсын; 

4-бөлүгү төмөнкү редакциядагы 4.3-пункт менен толукталсын: 

"4.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 2.1.5-пунктунда каралган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген ар бир күн үчүн (өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн) алмаштырылууга тийиш болгон мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркынан 0,05 пайыз өлчөмүндө туум төлөйт."; 

- Жобого карата 7-тиркеменин (Кредиттик келишимдер боюнча талап коюу укугун күрөөгө коюу жөнүндө келишим): 

2.4.-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

4.2.-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

үрөө коюучу, Күрөө кармоочунун кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарылчылыгы тууралуу тиешелүү талап кылуу-билдирмесин алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде, Күрөө кармоочунун талап кылуу-билдирмесинде көрсөтүлгөн суммадан төмөн болбогон суммада кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү кошумча күрөөлүк камсыздоону ага сунуштоого жана аны тариздетүүгө, ошондой эле Кошумча күрөөнү сунуштоо келишимин Башкы келишимдин 3.2-пунктуна ылайык каттоодон өткөртүүгө же болбосо Күрөө коюучу Күрөө кармоочудан Кредитти сунуштоо тууралуу кредиттик келишимге ылайык алган кредитинин тиешелүү бөлүгүнүн ордун жабууга милдеттенет".