Кайта келүү

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-февралындагы № 13/13 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кабыл алат

 

1. Кароого сунушталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтын жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Т. Абдыгулов  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-февралындагы № 13/13 токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларга 

экспертиза жүргүзүү жөнүндөнускоо 

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Нускоодо Улуттук банк тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды (мындан ары - өлчөнгөн куймалар) жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайра сатып алуу учурунда кылдат экспертиза жүргүзүү тартиби, ошондой эле Улуттук банктын жана анын областтык башкармалыктарынын кызматкерлеринин (кассирлер жана ревизия комиссиясынын мүчөлөрү) шектүү куймалар табылган учурдагы иш алып баруу тартиби аныкталат. 

3. Улуттук банк жеке адамдардан жана юридикалык жактардан өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу учурунда баштапкы экспертизаны жүргүзүүгө тийиш. Баштапкы экспертизаны жүргүзүү боюнча бардык операциялар Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелерине ылайык ишке ашырылат.  

4. Улуттук банк тарабынан чыгарылган өлчөнгөн куймалар гана кылдат экспертизага кабыл алынат. 

5. Кылдат экспертиза жүргүзүү үчүн кайра сатылып алынган өлчөнгөн куймалардын суммасынын 7% өлчөмүндө төлөм кармалат. 

6. Кылдат экспертиза 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.  

 

2. Негизги түшүнүктөр  

7. Нускоодо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат

1) аффинаждалган өлчөнгөн куймалар Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган) салмагы 1000 граммды түзгөн же ага жетпеген, алтын куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,95 - 99,99%, ал эми күмүш куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,90% химиялык таза металл түзгөн, алтындан жана/же күмүштөн даярдалган, маркировка басылган куймалар

2) өзгөчө сапат белгиси (пробасы) куйманын салмагынын миң бирдигиндеги үлүш түрүндө өлчөнгөн эритмедеги белгилүү бир баалуу металлдын пайыздык катышы

3) лигатурдук (брутто) салмагы - баалуу металлдан турган куйманын айкын жалпы салмагы; 

4) маркировка бул, өлчөнгөн куйманын үстүңкү бетине басылган белги, тамга, графикалык белгилер же куйманын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, идентификациялык тастыктоочу белгилерин аныктаган жазуулар

5) атайы таңычак өлчөнгөн куйманы жайгаштыруу үчүн атайы ыңгайлаштырылган тик бурчтук түрүндө, бекем сактоо мүнөздөмөсүнө ээ таңычак. Таңычактын бети жарыкка салып көрүүдө гана байкоого боло турган люминесценттик жазууларды камтыган жука чел кабык менен капталат; 

6) бүтүндүгүн бузуу ыкмасы өлчөнгөн куйманын бүтүндүгүн бузуу менен анын курамын аныктоо ыкмасы; 

7) бузбоо ыкмасы өлчөнгөн куйманын бүтүндүгүн бузбастан эле, металл курамын аныктоо ыкмасы; 

8) атайы жабдуу өлчөнгөн куйма, андан негизги баалуу металлдын өзгөчө белгиси даярдалган метталды аныктоо үчүн каралган жабдууну жана айкын салмакты аныктоочу жабдууну кошо алганда, бузбоо ыкмасына таянуу менен экспертиза жүргүзүү үчүн каралган атайы жабдуу

9) шектенүүнү жараткан куймалар атайы таңычагынын бүтүндүгү бузулган куймалар (салмагы 100 граммдык өлчөнгөн куймалардан тышкары), салмагы 100 граммды түзгөн, үстүңкү бетинде кандайдыр бир таасир этүүнүн (физикалык же химиялык) белгилери байкалган өлчөнгөн куймалар. Баштапкы экспертизадан өтпөгөн куймалар да шектенүүнү жараткан куймаларга кирет;  

10) эксперт  Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн башкы эксперти, жетектөөчү эксперти, Улуттук банктын областтык башкармалыгынын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн атайын жабдууну колдонуу аркылуу баалуу металлдардан даярдалган куймаларга кылдат экспертизаны жүзөгө ашырган башкы адиси/начальниги; 

11) кассир Улуттук банктын Борбордук жүгүртүү кассасынын жана областтык башкармалыктарынын кассаларынын өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу операцияларын ишке ашырган кассирлери; 

12) жак жеке адамдар жана юридикалык жактар

13) Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы; 

14) Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү

15) ОБ - Улуттук банктын областык башкармалыгы. 

 

 

3. Улуттук банктын жүгүртүү кассаларын жабдуу боюнча талаптар  

 

8. Өлчөнгөн куймаларды кылдат экспертизадан өткөрүү максатында Улуттук банктын Борбордук жүгүртүү кассасы жана областтык башкармалыктарынын кассалары төмөнкүдөй атайы жабдуулар менен камсыздалууга тийиш:  

1) өз убагында мамлекеттик метрологиялык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүккө жана ГОСТ 24104-88Е боюнча кеминде 2-класстагы тактыкка ылайык келген метрологиялык мүнөздөмөлөргө ээ экендиги тууралуу күбөлүк берилген жалпы багытта колдонулуучу тараза

2) портативдик же столго орнотулуучу рентгенофлуоресценттик анализатор; 

3) калыңдыкты өлчөгөн жабдуу

4)  жарык берүүчү булак

5) жарык бергичи менен чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (кеминде 10 эсе чоңойтуп көрсөтүүгө жөндөмдүү); 

6) штангенциркуль. 

9. Нускоонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн жабдуулар тизмеги Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын сунушу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.  

 

 

4. Шектенүүнү жараткан өлчөнгөн куймаларды кылдат экспертизадан өткөрүү тартиби  

10.Кылдат экспертизага төмөнкү өлчөнгөн куймалар кабыл алынат: 

- баштапкы экспертизадан өтпөй калгандар

- үстүңкү бети чийилген, тышкы таасирлердин белгилери байкалган, бирок белгиси (маркировкасы) толугу менен же анын бөлүгү сакталып калган өлчөнгөн куймалар; 

- сертификаты жок куймалар; 

- чети айрылып, так түшкөн же чиймеленип, баштапкы сапатын жоготкон сертификатка ээ куймалар.  

11. Экспертизадан өткөрүүнү баштоо алдында жумуш орду талаптагыдай абалга келтирилүүгө тийиш, б.а. буюмдар орду-ордуна жайгаштырылып, керектүү шаймандар жана салмак өлчөөчү таштар иштөө абалынд боллушу зарыл.  

12. Өлчөнгөн куйманы кылдат экспертизадан өткөрүү учурунда ушул нускоонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн атайы жабдуулар колдонулат. 

13. Шектенүүнү жараткан өлчөнгөн куйманы кылдат экспертизадан өткөрүү Улуттук банктын эксперти тарабынан талап кылынган ыкмада ишке ашырылат жана анда төмөнкүдөй иш-чаралар камтылат:  

- атайын таңычакты жарыкка салып, текшерүүдөн өткөрүү (1, 2, 5, 10 жана 31.1035 граммдык салмактагы өлчөнгөн куймалар үчүн); 

- өлчөнгөн куйманын үстүнкү бетине түшүрүлгөн белгинин (маркировканын) сапатын текшерүү (так, айкын түшүрүлгөндүгүн, оңдолбогондугун, тамгалардын жана сандардын жылышып кетпегендигин, куйманын бетинде башка эч нерсе жок, жылмакай экендигин); 

- куймалардын өлчөмүн аныктоо; 

- куйма даярдалган баалуу металлдын курамын аныктоо (рентгенофлуоресценттик ыкмада); 

өлчөнгөн куймадагы химиялык таза баалуу металлдын грамм боюнча өлчөнгөн салмагын аныктоо; 

- алтын куйманын калыңдыгын жана сапатын аныктоо (атайы ыкманы колдонуу менен, өлчөнгөн куйманын курамында башка кошулмалардын жоктугун контролдоо). 

14. Кылдат экспертиза, ушул нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген форма боюнча ар бир өлчөнгөн куймага өзүнчө экспертизалык корутундуну тариздөө менен ишке ашырылат, ага эксперт кол коюп, Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн начальнигинин/областтык башкармалыктын начальнигинин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт. Экспертизанын натыйжалары өлчөнгөн куйманы кабыл алуу актысында чагылдырылып, ал кассирге өткөрүлөт. Экспертизанын корутундусу жана актынын көчүрмөсү Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн / областтык башкармалыктын ички документтеринде көктөлөт. 

15. Өлчөнгөн куйманын аныктыгын кылдат экспертизадан өткөрүү менен тастыктоо учурунда, куйма актысы менен бирге кассирге кайтарылып берилет.  

16. Куйманын жасалма экендигин кылдат ишке ашырылган экспертиза тастыктаган шартта, ошол куйма аны тапшырган адамга кайтарылып берилбейт, ал ушул нускоонун 21-пунктунун талабына ылайык, тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет. 

17. Кылдат экспертизанын натыйжалары ушул нускоого карата 3-тиркемеде белгиленген формага ылайык маалымат базасында чагылдырылат.  

 

5. Шектенүүнү жараткан куйма талыбган учурда кызматкерлердин иш алып баруусу  

18. Улуттук банктын мекемелеринин кассасына ревизия жүргүзүлгөн учурда, таңычактары бузулган же белгиси (маркировка) өчкөн куймаларды тапкан кызматкерлер аларды ошол жумуш күнү ичинде дароо экспертизага жөнөтүүгө милдеттүү.  

19. Улуттук банктын кызматкерлери ушул нускоонун 10-пунктунда белгиленген шектенүүнү жараткан куйманы тапкан учурда, ал тууралуу Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын/областтык башкармалыктын начальниктерине дароо маалымдоого милдеттүү.  

20. Жасалма куймалар аныкталган ар бир учурда областтык башкармалыктардын эксперттери Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө маалымдап турууга тийиш.  

21. Кылдат экспертизаны жүргүзүүнүн натыйжасында жасалма куймалар табылган шартта Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы / областтык башкармалык бул факт тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоо менен бирге эле, аларга ошол куйманы ушул нускоого карата 2-тиркемеде белгиленген формада тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык өткөрүп берүүгө тийиш. Тиешелүү акт 2 нускада таризделинип, алардын бири жасалма куйма жана экспертизанын корутундусу менен бирге укук коргоо органдарына берилет, ал эми экинчиси Улуттук банкта калат. 

22. Улуттук банк, эгерде кылдат ишке ашырылган экспертиза өлчөнгөн куйманын металл тазалыгы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келбей тургандыгын тастыктаса, тиешелүү ыкманын негизинде куйманын химиялык курамына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча көз карандысыз эксперт (лаборатория) менен келишим түзүшү мүмкүн.  

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларга 

экспертиза жүргүзүү жөнүндө” нускоого карата 

1-тиркеме 

 

 

Өлчөнгөн куймалар боюнча  

№______ кылдат экспертизанын корутундусу 

 

___________________________________________________________________ 

(экспертизадан өткөргөн мекеменин аталышы

 

Келип түшүү булагы 

 

Келип түшкөн күнү 

 

Экспертиза өткөрүлгөн күнү 

 

Таңычактагы өлчөнгөн куйманын мүнөздөмөсү 

1. 

Баалуу металлдын аталышы 

 

2. 

Өлчөнгөн куйманын жана сертификаттын номери  

 

3. 

100 гр. салмагындагы куймалардан тышкары, таңычакта коргоо белгисинин болушу 

 

4. 

Куйманын грамм түрүндөгү айкын салмагы (куйманын анык салмагынын жана андан четтөөсүнүн талапка ылайык келиши

 

5. 

Өлчөнгөн куйманын сертификатта көрсөтүлгөн өзгөчө сапат белгисине ылайык келиши  

(Рентгеннофлуоресценттик контролдоо

 

6. 

Өлчөнгөн куймада кандайдыр бир башка кошулмалардын болушу (контролдоо

 

7. 

Куйма белгисинин талапка ылайык келишиооба/жок»). 

 

8. 

Өлчөмү, мм 

 

9. 

Калыңдыгы, мм 

 

Корутунду 

 

 

 

Эксперт_______ ___________________________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү

 

Улуттук банктын  

Нак акча менен иш алып баруу  

башкармалыгынын Эксперттик  

бөлүмүнүн / областтык  

башкармалыгынын начальниги ________ _____________________________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларга 

экспертиза жүргүзүү жөнүндө” нускоого карата 

2-тиркеме 

 

 

20___-жылдын «___» ___________№____ 

жасалма өлчөнгөн куйманы 

кабыл алуу-өткөрүү акты 

 

___________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын мекемесинин аталышы

атынан __________________________________________________________________ 

(кызмат орду, аты-жөнү

______________________________________________________________ 

(укук коргоо органдары

атынан ______________________________________________________________ 

(кызмат орду, аты-жөнү

жасалма куйманы, төмөнкү опиське ылайык өткөрүп берген:  

Баалуу металлдын түрү 

Өзгөчө сапат белгиси  

Куйманын грамм боюнча өлчөнгөн салмагы 

Саны 

Жасалма куйманы даярдоо ыкмасы 

Келип түшүү булагы 

Кабыл алуу актысынын №  

Эскертүү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме: жасалма куйма - ________ даана. 

кабыл алуу актысынын көчүрмөсү - ________ бет. 

экспертизанын корутундусунун көчүрмөсү - ________ бет

 

Улуттук банктын өкүлү/ ___________________________ 

(аты-жөнү жана кол тамгасы

Укук коргоо органынын өкүлү __________________________________________ 

(аты-жөнү жана кол тамгасы

 

Кызматтык күбөлүгү ______________ 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген, алтындан жана күмүштөн даярдалган аффинаждалган өлчөнгөн куймаларга 

экспертиза жүргүзүү жөнүндө” нускоого карата 

3-тиркеме 

 

 

 

Экспертизанын натыйжалары камтылган  

өлчөнгөн куймалар боюнча маалымат базасы 

 

1. 

Аты-жөнү (жеке адамдын/юридикалык жактын)  

 

2. 

Баалуу металлдын аталышы  

 

3.  

Өлчөнгөн куйманын жана сертификаттын номери  

 

4. 

Экспертиза өткөрүлгөн күн 

 

5. 

100 гр. салмагындагы куймалардан тышкары, таңгычакта коргоо белгисинин болушу 

(атайы шайман менен текшерүү

бар/жок 

6. 

Металлдын жана өлчөнгөн куйманын өзгөчө сапат белгисинин талапка ылайык келиши 

(атайын жабдууда текшерүү

талапка ылайык келет/талапка ылайык келбейт 

7. 

100 гр. түзгөн куйма үчүн жалпы өлчөнгөн куйманы кылдат текшерүү 

(куйманын бетинде башка эч нерсе жок, жылмакай экендигин кароо) 

 

8. 

Өлчөнгөн куйманын белгисинин талапка ылайык келиши  

(тамгалардын жана сандардын оттисктеринин талапка ылайык келиши

талапка ылайык келет/талапка ылайык келбейт 

9. 

Куйманын граммда айкын салмагы  

(100 гр. түзгөн куйма үчүн

 

 

 

Эксперт_______ ___________________________ 

(кол тамгасы) (аты-жөнү