Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 18-мартындагы № 17/2 токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 "Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39\9 “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыялоону камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясын, Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясын, “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын, “Ислам экономикасын, финансы жана индустриясын өнүктүрүү ассоциациясы” юридикалык жактар бирикмесин, “ЭкоИсламикБанк” ЖАКты тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Улуттук банктын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 18-мартындагы № 17/2 токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 "Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы №39/9 “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 19-пунктунун бешинчи абзацындагы “Типтүү келишимдин үлгүсү” деген сөздөр “Типтүү келишим” дегенге алмаштырылсын; 

- 45-пунктунун экинчи абзацындагы “Типтүү келишимдин үлгүсү” деген сөздөр “Типтүү келишим” дегенге алмаштырылсын; 

- 1 жана 2-тиркемелердин аталышындагы “үлгү” деген сөздөр алынып салынсын;  

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-параграф менен толукталсын:  

 

“§3. Салам келишими 

 

46. Салам келишими ФКМ менен кардар ортосунда түзүлөт. Салам келишиминин алкагында ФКМ сатып алуучу катары, ал эми Катар саламда ФКМ сатуучу катары иш алып барат. 

47. Чет өлкө валютасы, баалуу металлдар келишим предметинен боло албайт.  

48. Салам келишими таразалоого, өлчөп көрүүгө же эсептөөгө мүмкүн болгон товарларга түзүлөт.  

49. ФКМ товарларды Салам келишими боюнча сатып алууну жана аларды сатууну төлөөгө жөндөмдүү кардардын билдирмесинин негизиндеси ишке ашырат.  

50. Төмөндө келтирилгендер келишимдин маанилүү шарттарынан болуп саналат: 

1) ташып келүүнү кийинкиге калтыруу менен белгилүү бир товарды сатуу; 

2) келишим түзүү учурунда товар наркын төлөө. Сатып алуучу Сатуучунун макулдугу боюнча келишим түзүлгөндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде төлөөнү ишке ашыра алат.  

51. Кардардын Салам келишими боюнча милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу үчүн ФКМ кардардан күрөө, кепилдик түрүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыздоонун башка түрлөрүн кабыл алышы мүмкүн. 

52. Тараптардын укуктары жана милдеттери: 

1) эгерде келишимди баштапкы түзүү учурунда эле товар наркы төлөнгөн болсо, тараптар аларды берүү же белгиленген мөөнөт ичинде партия менен жеткирип берүүнүн айкын бир күнүн белгилей алышат; 

2) сатып алуучуга менчик укугу толук өтмөйүнчө ага товарларды сатууга уруксат берилбейт;  

3) келишим шарттарына ылайык товарга менчик укук келишим түзүлүп, анын наркы төлөнгөн учурдан тартып сатып алуучуга өтөт;  

4) эгерде эки тарап тең ага макул болсо, товар наркынын ордун толук жабуу аркылуу Салам келишимин толугу менен жокко чыгарууга уруксат берилет. Ошондой эле анын бир бөлүгүн, башкача айтканда, келишим наркынын бир бөлүгүнүн ордун жабуу аркылуу товарлардын бөлүгүн берүүнү жокко чыгарууга уруксат берилет; 

5) Сатуучу товарларды келишим шарттарына ылайык белгиленген күнү, макулдашылган мүнөздөмөлөргө (товардын түрү, сорту, саны жана сапаты) ылайык сатып алуучуга жеткирип берүүгө милдеттүү. Ал эми сатып алуучу, эгерде товарлар келишимде каралган мүнөздөмөлөргө жооп берсе, аларды кабыл алууга тийиш;  

6) эгерде Сатуучу өз милдеттенмелерин аткара албаса же белгиленген күнгө карата бүтүндөй товарлар же анын бөлүгү анын колунда жок болсо, Сатып алуучу төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат: 

а) талап кылынган товарлар келип түшкөнгө чейин күтүп турууга же товарлардын жеткирилип берилиши үчүн бир кыйла узагыраак убакытты берүүгө

б) келишимди токтотууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга. 

7) келишимде милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылбашы/өз учурунда аткарылбай калышы үчүн тараптардын жоопкерчилиги каралууга тийиш. Сатып алуучу/ФКМ Сатуучуга келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттөрдө каражаттарды төлөп берүү милдеттенмесин аткара албай калса, Сатуучу Сатып алуучу/ФКМге ал тууралуу кат жүзүндө билдирүү менен өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартып, келишимди бир тараптуу негизде токтотушу мүмкүн. 

53. Келишимде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурдагы шарттар да каралууга тийиш.  

54. Салам келишими үчүн белгиленген бардык эрежелер Катар салам келишимине карата да колдонулат.  

55. Катар салам келишими боюнча ФКМ сатуучунун ролунда иш алып барат. Келишим шарттары боюнча төлөөлөр төлөө графигине ылайык, бөлүп төлөө менен ишке ашырылышы мүмкүн.  

56. Салам/Катар салам келишимдеринин аракеттенүү мөөнөтү аларга кол койгон учурдан тартып башталат.  

Салам жана Катар салам типтүү келишимдери ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелерде келтирилген.”; 

 

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-тиркемелер менен толукталсын: 

 

“3-тиркеме 

 

Салам келишими   

   

Бишкек шаары   

20_____-жылдын   «____» ________________  

   

   

Мындан ары "Сатып алуучу/ФКМ" деп аталуучунун атынан ______________________ негизинде иш алып барган _____________________________ _________________________ бир тараптан жана мындан ары “Сатуучу" деп аталуучунун атынан, ________________________________ негизинде иш алып барган _____________________________________________________________________________ экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар, төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү

 

1. Келишим предмети 

 

1.1. Сатуучу тарабынан келечекте сунушталуучу, мындан ары “Товар” деп аталуучу _____________________ Салам келишиминин предмети болуп саналат (товардын аталышы). 

 

1.2. Сатып алуучу/ФКМ _______________________ товары үчүн төмөнкү баа боюнча төлөйт: (өзгөчөлүгү

Товар ____________________ ___________ килограммы үчүн _____ сом баасында ж.б. 

(товардын аталышы) 

1.3. Ушул келишим боюнча товарлардын бүтүндөй көлөмүнүн жалпы суммасы __________ сомду түзөт.  

1.4. Товар үчүн төлөө _______________________________________ жүргүзүлөт.  

(келишим түзүү учурунда/сатуучунун макулдугу боюнча үч жумуш күнү ичинде) 

 

1.5. Сатуучунун макулдугу боюнча Сатып алуучу/ФКМ келишим түзүлгөндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде төлөөнү ишке ашыра алат.  

1.6. Сатуучунун ушул келишим боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусу тараптар ортосунда түзүлгөн “___”________ №___ күрөө келишими (мындан ары текст боюнча “күрөө жөнүндө келишим”) менен камсыз кылынат.  

1.7.  Сатуучу ушул келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткара албай калса, Сатып алуучу/ФКМ күрөө жөнүндө келишимде каралган тартипте күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу.    

1.8. Бул келишим, тараптар ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Тараптар келишимди түзүп, ага ылайык толук төлөнгөн учурдан тартып товарга менчик укук Сатуучудан Сатып алуучуга/ФКМге өтөт.  

1.9. Сатуучу товарларды 20___-жылдын «______» __________ берүүнү ишке ашырат.  

1.10. Сатып алуучуга/ФКМге товарларды жеткирүүнү Сатуучу __________________________________________________ аркылуу ишке ашырат.  

(темир жол, суу, аба ж.б.у.с. жолдору) 

 

1.11. Ажыратып алынган товарлар Сатуучу тарабынан Сатып алуучуга/ФКМге белгиленген күнү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берет.  

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттенмелери  

 

2.1. Сатуучунун укуктары жана милдеттенмелери: 

2.1.1. Сатуучу Товарды ушул келишимде каралган тартипте жана шарттарда жеткирип берүүгө милдеттенет.  

2.1.2. Сатып алуучу/ФКМ Сатуучуга келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттөрдө каражаттарды төлөп берүү милдеттенмесин аткара албай калган учурда, Сатуучу Сатып алуучу/ФКМге ал тууралуу кат жүзүндө билдирүү менен өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартып, келишимди бир тараптуу негизде токтото алат. 

2.1.3. Сатуучу, эгерде Товар ушул келишимде каралган талаптарга жооп берсе, аны келишимде каралган мөөнөттөн мурда сунуштоого укуктуу.  

2.1.4. Сатуучу Сатып алуучуга/ФКМге Товарды жөнөтүп жаткандыгы тууралуу _____________________________________________ аркылуу маалымдоого милдеттенет. 

(каттар, факс-билдирүүлөр ж.б.) 

 

2.2. Сатып алуучунун/ФКМдин укуктары жана милдеттенмелери: 

2.2.1. Сатып алуучу/ФКМ Товар үчүн төлөөнү 1.4-пунктчага ылайык ишке ашырат.  

2.2.2. Сатып алуучу/ФКМ Товар үчүн нак эмес/накталай түрдө же бирин-бири алмаштырган товарлар менен төлөөнү ишке ашырат.  

2.2.3. Сатып алуучу/ФКМ ушул келишимдин шарттарына жооп берген товарды кабыл алууга милдеттенет.  

2.2.4. Товар белгиленген мүнөздөмөлөргө ылайык келбей калган шартта, Сатып алуучу/ФКМ Товардан баш тартууга же тараптардын макулдугу боюнча ал Товарды төмөндөтүлгөн баада кабыл алууга укуктуу.  

2.2.5. Эгерде Сатуучу келишимде көрсөтүлгөндөн кыйла жогорку сапаттагы Товарды сунуштаган болсо, Сатып алуучу/ФКМ Сатуучу жогорку сапат үчүн андан жогорулатылган бааны талап кылбаса, Товарды кабыл алууга тийиш.  

2.2.6. Эгерде Сатуучу өз милдеттенмелерин аткара албаса же анын колунда белгиленген күнгө карата бүтүндөй товарлар же анын бөлүгү жок болсо, Сатып алуучу/ФКМ төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат: 

а) талап кылынган товарлар келип түшкөнгө чейин күтүп турууга же товарлардын жеткирилип берилиши үчүн бир кыйла узагыраак убакытты берүүгө (Сатып алуучу/ФКМдин кат жүзүндөгү макулдугу); 

б) келишимди токтотууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга.  

 

3. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби  

 

3.1. Эгерде көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылбай калышы же өз убагында аткарылбашы күтүлбөгөн жагдайлар менен (форс-мажор) шартталган болсо жана алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик органдар тарабынан кат жүзүндө тастыкталcа, Тараптар келишим боюнча кайсы бир милдеттенмелердин аткарылбай калышы же өз убагында аткарылбашы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат жана алар келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү же болбосо алынбай калган кирешелер үчүн компенсация төлөөнү талап кылууга укугу жок. 

Форс-мажордук жагдайлар бул суу ташкыны, өрттүн чыгышы, жердин силкиниши жана башка табигый бөөдө кырсыктар, техногендик кырсыктар, тиешелүү аймакта согуштук абалдын киргизилиши, жалпы башаламандык.  

3.2. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн талаш маселелер жана кайчы пикирлер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш. 

3.3. Ушул келишимдин тараптары ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер жана келишимден келип чыккан, тараптардын макулдашуусу аркылуу жөнгө салынбаган бир тараптын экинчи тарапка кине коюусу, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш. 

3.4. Эгерде эки тарап тең макул болсо, анын наркын толугу менен жабуу аркылуу Салам келишимин толук жокко чыгарууга болот. 

3.5. Тараптар Салам келишиминин бир бөлүгүн жокко чыгара алат, башкача айтканда, келишим наркынын тиешелүү бөлүгүнүн орду жабуу менен товарлардын бир бөлүгүн берүүнү жокко чыгарат. Келишим шарттарына киргизилген өзгөртүүлөр документ түрүндө тариздетилүүгө тийиш.  

3.6. Ушул келишимге карата кандай болбосун өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө толтурулуп, ага тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана анык болуп саналат. Ушул келишимге карата тиркемелер анын ажырагыс бөлүгүн түзөт.  

3.7. Тараптар бул келишимде каралбаган башка учурларда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына таянуу менен иш алып барат.  

 

4. Корутунду жоболор 

 

 

4.1. Келишим тараптардын ар бири үчүн бирден, 2 (эки) нускада _________ тилде түзүлгөн. Келишимдин тараптар кол койгон нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ.  

4.2. Ушул аркылуу Тараптар келишим шарттары менен таанышкандыгын жана аларга макул экендиги тастыкташат.  

4.3. Тараптар ушул келишим талабына ылайык өз милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин бири-бирине эч кандай кине коюшпайт.  

 

Тараптар: 

   

Сатуучу:   

   

Сатып алуучу/ФКМ:  

 

____________________________ 

Аты-жөнү 

____________________________  

Дареги: 

____________________________   

(кол тамгасы, мөөрү)   

   

   

____________________________ 

Аты-жөнү 

____________________________ 

Дареги:    

____________________________    

(кол тамгасы, мөөрү)   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4-тиркеме 

Катар салам келишими  

   

   

Бишкек шаары   

20_____-жылдын   «____» ___________  

     

Мындан ары "Сатуучу/ФКМ" деп аталуучунун атынан, ______________________ негизинде иш алып барган _____________________________ _________________________ бир тарап, мындан ары “Сатып алуучу" деп аталуучунун атынан, ________________________________ негизинде иш алып барган _________________________________________________________ _______________________________ экинчи тарап, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар, төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү

 

1. Келишим предмети 

 

1.1. Сатуучу/ФКМ тарабынан келечекте сунушталуучу, мындан ары “Товар” деп аталуучу _____________________ Салам келишиминин предмети болуп саналат (товардын аталышы). 

 

1.2. Сатып алуучу _______________________ товары үчүн төмөнкү баа боюнча төлөйт: (өзгөчөлүгү

Товар ____________________ ___________ килограммы үчүн _____ сом баасында ж.б. 

(товардын аталышы) 

1.3. Ушул келишим боюнча товарлардын бүтүндөй көлөмүнүн жалпы суммасы __________ сомду түзөт.  

1.4. Товар үчүн төлөө _______________________________________ жүргүзүлөт.  

(келишим түзүү учурунда/сатуучунун макулдугу боюнча үч жумуш күнү ичинде/товарды берүү күнүнө чейин төлөмдөр графигине ылайык) 

 

1.5. Сатуучу/ФКМ товарларды 20___-жылдын «______» ___________________ берүүнү ишке ашырат.  

1.6. Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ага кол койгон учурдан тартып башталат.  

1.7. Сатуучу/ФКМ Сатып алуучуга товарларды жеткирүүнү __________________________________________________ аркылуу ишке ашырат.  

(темир жол, суу, аба ж.б.у.с. жолдору) 

 

1.8. Ажыратып алынган товарлар Сатуучудан/ФКМден Сатып алуучуга белгиленген күнү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлөт.  

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттенмелери  

2.1. Сатуучунун укуктары жана милдеттенмелери: 

2.1.1. Сатуучу/ФКМ Товарды ушул келишимде каралган тартипте жана шарттарда берүүгө милдеттенет.  

2.1.2. Сатуучу/ФКМ, эгерде Товар ушул келишимде каралган талаптарга жооп берсе, аны ушул келишимде каралган мөөнөттөн мурда сунуштоого укуктуу.  

2.1.3. Сатуучу/ФКМ Сатып алуучуга Товарды жөнөтүп жаткандыгы тууралуу ______________________________________________ аркылуу маалымдоого милдеттенет.  

(каттар, факс-билдирүүлөр ж.б.) 

 

2.2. Сатып алуучунун укуктары жана милдеттенмелери: 

2.2.1. Сатып алуучу Товар үчүн төлөөнү 1.4-пунктчасына ылайык ишке ашырат. 

2.2.2. Сатып алуучу Товар үчүн нак эмес/накталай түрдө же бирин-бири алмаштырган товарлар менен төлөөнү ишке ашырат. 

2.2.3. Сатып алуучу ушул келишим шарттарына жооп берген товарды кабыл алууга милдеттенет.  

2.2.4. Товар белгиленген мүнөздөмөлөргө ылайык келбей калган шартта, Сатып алуучу Товардан баш тартууга же тараптардын макулдугу боюнча Товарды төмөндөтүлгөн баада кабыл алууга укуктуу.  

2.2.5. Эгерде, Сатуучу/ФКМ келишимде көрсөтүлгөндөн кыйла жогорку сапаттагы Товарды сунуштаган болсо, Сатуучу/ФКМ жогорку сапат үчүн андан жогорулатылган бааны талап кылбаса, Сатып алуучу Товарды кабыл алууга тийиш.  

2.2.6. Эгерде Сатуучу/ФКМ өз милдеттенмелерин аткара албаса же анын колунда белгиленген күнгө карата бүтүндөй товарлар же анын бөлүгү жок болсо, Сатып алуучу төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат:  

а) талап кылынган товарлар келип түшкөнгө чейин күтүп турууга же товарлардын жеткирилип берилиши үчүн бир кыйла узагыраак убакытты берүүгө (Сатып алуучунун кат жүзүндөгү макулдугу); 

б) келишимди токтотууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга.  

 

3. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби  

 

3.1. Эгерде көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылбай калышы же өз убагында аткарылбашы күтүлбөгөн жагдайлар менен (форс-мажор) шартталган болсо жана алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик органдар тарабынан кат жүзүндө тастыкталcа, Тараптар келишим боюнча кайсы бир милдеттенмелердин аткарылбай калышы же өз убагында аткарылбашы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат жана алар келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү же болбосо алынбай калган кирешелер үчүн компенсация төлөөнү талап кылууга укугу жок. 

Форс-мажордук жагдайлар бул суу ташкыны, өрттүн чыгышы, жердин силкиниши жана башка табигый бөөдө кырсыктар, техногендик кырсыктар, тиешелүү аймакта согуштук абалдын киргизилиши, жалпы башаламандык.  

3.2. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн болгон талаш маселелер жана кайчы пикирлер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш. 

3.3. Ушул келишимдин тараптары ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер жана келишимден келип чыккан, тараптардын макулдашуусу аркылуу жөнгө салынбаган бир тараптын экинчи тарапка кине коюусу, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш. 

3.4. Эгерде эки тарап тең макул болсо, анын наркын толук жабуу аркылуу Катар салам келишимин толук жокко чыгарууга болот. 

3.5. Тараптар Катар салам келишимин жарым-жартылай жокко чыгара алат, башкача айтканда, келишим наркынын тиешелүү бөлүгүнүн ордун жабуу менен товарлардын бир бир бөлүгүн берүүнү жокко чыгарат. Келишим шарттарына киргизилген өзгөртүүлөр документ түрүндө тариздетилүүгө тийиш. 

3.6. Ушул келишимге кандай болбосун өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө толтурулуп, ага тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана анык болуп эсептелет. Ушул келишимге карата тиркемелер анын ажырагыс бөлүгүнөн болот. 

3.7. Тараптар ушул келишимде каралбаган башка учурларда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына таянуу менен иш алып барат. 

 

4. Корутунду жоболор 

 

4.1. Келишим Тараптардын ар бири үчүн бирден, 2 (эки) нускада _________ тилде түзүлгөн. Келишимдин Тараптар кол тамга койгон нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ. 

4.2. Ушул аркылуу Тараптар келишим шарттары менен таанышкандыгын жана ага макул экендигин тастыкташат. 

4.3. Ушул келишим талабына ылайык өз милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин Тараптар бири-бирине эч кандай кине коюшпайт.  

 

Тараптар: 

   

Сатуучу/ФКМ:   

   

Сатып алуучу:  

  

____________________________ 

Аты-жөнү 

____________________________  

Дареги: 

____________________________   

(кол тамгасы, мөөрү)   

   

   

____________________________ 

Аты-жөнү 

____________________________ 

Дареги:    

____________________________    

(кол тамгасы, мөөрү) ”.