Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/4 токтому 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө”  жобону бекитүү тууралуу  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, ”Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү иши жөнүндө” мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө”  жобонун жаңы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2008-жылдын 26-ноябрындагы №42/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө”  жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу; 

- 2010-жылдын 26-майындагы №36/8 “Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы №42/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө”  жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; 

- 2011-жылдын 27-апрелиндеги №26/1 “Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы №42/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө”  жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; 

- 2013-жылдын 27-мартындагы №9/13 “Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы №42/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө”  жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”; 

- 2014-жылдын 26-мартындагы №12/11 “Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 26-ноябрындагы №42/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө”  жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Төлөм системасы башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/4 токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы  

боюнча комитети жөнүндө”   

жобо 

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары Комитет) ыйгарым укуктары, негизги милдеттери, аны түзүү жана иш тартиби аныкталат. 

2. Комитет, ушул жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдүк (оверсайт) чөйрөсүндө өз компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (банктык эмес уюмдар) ишин лицензиялоого, жөнгө салууга жана аларды пруденциалдык көзөмөлдөөгө ыйгарым укук чегерилген, туруктуу иштеген коллегиалдуу орган болуп саналат. 

3. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Зарыл учурда Комитет маселени кароого алуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитеттин отурумдарына сунуштоону демилгелеши мүмкүн. 

4. Комитет өз ишин ушул жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына таянуу менен иш алып барат.   

 

2. Комитеттин негизги максаттары, милдеттери жана функциялары 

 

5. Комитет тарабынан төлөм системасынын иш максаты, милдети жана аны өнүктүрүү багыттары аныкталат. 

6. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иш натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аны координациялоо Комитеттин негизги максаты болуп саналат.   

7. Комитеттин милдетинен болуп төмөнкү багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын маселелерине тиешелүү чечимдерди кабыл алуу, сунуш-көрсөтмөлөрдү (корутундуларды) иштеп чыгуу жана сунуштоо саналат: 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо; 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төлөм системасын өнүктүрүү жагында ишин координациялоо; 

- кабыл алынган Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү пландарына ылайык, иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүнүн сакталышына жана натыйжага жетишүүсүнө контролдук жүргүзүү

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына тиешелүү ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу жана аларды өркүндөтүү ишин координациялоо;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана алардын аткарылышын контролдоо.  

8. Комитеттин төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана аларды пруденциалдык көзөмөлдөө жагында милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) Төлөм системасы башкармалыгына төмөнкү ишкердиктерге лицензияларды берүү жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү

- үчүнчү жактардын пайдасына өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасынын компоненттери аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;  

- процессинг жана клиринг борборлору тарабынан төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.  

2) Төлөм системасы башкармалыгына төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу; 

3) Төлөм системасы башкармалыгына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилген учурларда, төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата эскертүү чараларын колдонуу жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу. 

9. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Комитет төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат: 

Стратегиялык максаттарды аныктоонун алкагында: 

- төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо ишин координациялоо; 

- төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты аныктоо ишин координациялоо; 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата талаптарды белгилөөнү координациялоо; 

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен өз ара иш алып баруусун координациялоо. 

9.1. Төлөм системасынын өнүктүрүү ишин координациялоонун алкагында, Комитет төмөнкүлөрдү кошо алганда, төлөм системасынын ишине тиешелүү күндөлүк маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат: 

- төлөм системасынын системалуу мааниге ээ жана анын өзүнчө компоненттеринин иш регламентин бекитүүнү;  

- төлөм инструменттерин аныктоону;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча негизги багыттарды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди координациялоону жана контролдукка алууну;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча долбоорлорду бекитүү, пландарды жана мөөнөттөрдү корректировкалоо; 

- төлөм системасынын банктар аралык соода системалары жана чет өлкөлүк төлөм системалары менен өз ара иш алып баруу маселелерин;  

- төлөм системасында тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чечимдердин өз убагында аныкталышына жана иштелип чыгышына контролдукту жүргүзүү;  

- Улуттук банк анын операторлору болуп саналган төлөм системаларынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөө

- банктык кызматтардан пайдалануучулардын укугун коргоо жагында Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм кызматтары үчүн тариф саясаты боюнча маселелерди демилгелөө

- башка өлкөлөрдүн улуттук төлөм системалары менен интеграция боюнча чечимдерди кабыл алуу. 

9.2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) ишке ашыруунун алкагында:  

- Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн төлөм системасынын ишин жөнгө салуу жана ага көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүргүзүү ишин координациялоо; 

- төлөм системасында колдонулган инструменттерди кошо алганда, төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча стратегияны аныктоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча регулятивдик көзөмөлдүк чараларын колдонуу; 

- системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларына баа берүү жыйынтыгы боюнча отчетту кароого алуу; 

- төлөм системаларынын катышуучуларына карата санкцияларды колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда банктык көзөмөл органдары жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети менен иш алып баруу; 

- Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын бийлик органдары жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) ишин координациялоо; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке өткөрүлүп берилген башка маселелерди чечүү

9.3. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү ишин координациялоонун алкагында: 

- төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын кошо алганда, төлөм системасынын катышуучулары менен төлөм системасына карата негизги талаптарды макулдашуу; 

- ченемдик документтерди, типтүү келишим долбоорлорун кароо жана аларды бекитүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү (Улуттук банк Башкармасынын токтому, Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими ж.б.); 

- төлөм системасына тиешелүү ченемдик документтер долбоорлорун иштеп чыгуу, макулдашуу жана кабыл алуу мөөнөттөрүн координациялоо. 

9.4. Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүүнүн алкагында: 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензия алуу үчүн сунуштаган документтерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жыйынтыгы тууралуу корутундуну кароо; 

- Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунушталган корутундуну кароого алуу; 

- төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу/уруксат берүү жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу. 

9.5. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуунун алкагында: 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата талаптарды белгилөөнү координациялоо; 

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен өз ара иш алып баруусун координациялоо. 

9.6. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында: 

- инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгын кароого алуу; 

- Кыргыз Республикасында төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтеринин монополияга каршы жөнгө салуу талаптарына ылайык келишине талдап-иликтөөлөрдү кароого алуу; 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жакшыртуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү макулдашуу. 

9.7. Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата регулятивдик көзөмөлдүк чараларын колдонуунун алкагында төмөнкүдөй көрсөтмөлөрдү сунуштайт:  

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу төлөм кызматтарынын айрым бир түрлөрүн токтотуу жана/же аларга карата чектөөлөрдү белгилөө боюнча; 

- эгерде алар тарабынан шектүү операциялар жүргүзүлгөндүгү аныкталса, агенттер жана субагенттер аркылуу сунушталуучу төлөм кызматтарынын айрым бир түрлөрүнө лимиттерди белгилөө боюнча; 

- төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата акчалай айыптык төлөм белгилөө же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонуу боюнча; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензияны кайтарып алуу боюнча. 

 

 

3. Комитеттин курамы 

 

10. Комитеттин жеке курамы Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен бекитилет.  

11. Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет:  

- Төраганын орун басары же төлөм системасынын маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган банк Башкармасынын мүчөсү (Комитеттин төрагасы);  

- төлөм системалары ишин түздөн-түз тескөөгө алган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги; 

- банктык эсептешүү ишин түздөн-түз тескөөгө алган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги; 

- банк ишин автоматташтыруу ишин түздөн-түз тескөөгө алган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги; 

- коопсуздук жана маалымат коопсуздугу ишин түздөн-түз тескөөгө алган түзүмдүк бөлүмдүн маалымат коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн начальниги; 

- же жогоруда белгиленген милдеттерди аткарган кызмат адамдары. 

12. Комитеттин отурумунда кароого алынып жаткан маселелерге жараша добуш берүү укугунда Улуттук банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери, ошондой эле төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын өкүлдөрү чакыртылышы мүмкүн. 

13. Комитеттин Төрагасы Комитеттин ишин уюштурат жана жетектейт, Комитеттин отурумдарында кароого алынууга тийиш болгон маселелерди аныктайт, Комитеттин мүчөлөрүнө тапшырма берет.  

14. Комитеттин мүчөлөрү чечимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышат, ар кандай маселелерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларды талкуулоого катышышат, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө» жобого тиешелүү башка тапшырмаларды аткарышат.  

15. Комитеттин жооптуу катчысынын милдетин төлөм системасынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган түзүмдүк бөлүмдүн төлөм системасынын ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аны өнүктүрүү маселеси боюнча адис аткарат. Комитеттин отурумдарын уюштурууга жана документтердин даярдалышына карата контролдукту төлөм системасынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги жана Комитеттин төрагасы ишке ашырат.  

16. Комитеттин Катчысы төмөнкү иштерди аткарат:  

1) Комитеттин отурумдарынын өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылат, Комитеттин мүчөлөрүнө жана Улуттук банктын материалдарды даярдоо үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктерине Комитеттин кезектеги отуруму өткөрүлүүчү күнү, орду жана күн тартиби жөнүндө маалымат берет;  

2) Комитеттин отурумунун күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган материалдар менен Комитеттин мүчөлөрүн тааныштырат;  

3) Комитеттин ишине тиешелүү техникалык маселелерди жалпы координациялоо ишин камсыз кылат; 

4) төмөнкү иштерди уюштурат:  

- Комитеттин отурумунун жүрүшүндө аудиожаздырууну, аудиожазууларды шифрлөөнү, отурумдар протоколун жүргүзүүнү жана тариздөөнү ишке ашырат;  

- Комитеттин отурумдарынан толтурулган протоколдорду Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашат; 

- Комитеттин чечимдеринен көчүрмөлөрдү даярдоону жана чечимдер менен ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрдү тааныштырат; 

- Комитеттин чечимдеринин аткарылышына контролдукту жүргүзөт. 

 

4. Улуттук банктын Комитетинин ишин уюштуруу 

 

17. Комитет өз ишин ушул Жобонун 2-бөлүгүндө белгиленген милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.  

18. Комитеттин иши бекитилген күн тартибинин негизинде отурум өткөрүү аркылуу ишке ашырылат. Кезексиз отурум өткөрүү үчүн материалдарда чечим кабыл алууга жетиштүү болгон документтер камтылууга тийиш. 

19. Комитеттин отуруму айына кеминде бир жолу, эрежедегидей эле, айдын акыркы бейшемби күнү өткөрүлөт.   

20. Чейрек ичинде кеминде бир жолу Комитет төмөнкүлөрдү кароого алат: 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчетторду; 

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын сакталышы/сакталбашы жөнүндө маалыматты; 

- төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата көрүлүүчү регулятивдик чаралар боюнча сунуштарды; 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, пруденциалдык көзөмөлдүк жана инспектордук текшерүүлөр боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө келип чыккан башка маселелерди. 

21. Токтоосуз чечим кабыл алууну талап кылган Комитеттин кезексиз (пландан тышкаркы) отуруму Комитеттин Төрагасынын же анын милдетин аткарган адамдын же болбосо Башкарманын мүчөсүнүн же Комитеттин үч мүчөсүнүн демилгеси боюнча отурум өткөрүлүүчү күндү жана убакытты маалымдоо менен өткөрүлүшү мүмкүн. Кезексиз отурумдун жүрүшүндө ушул жободо белгиленген Комитеттин компетенциясына кирген жана токтоосуз кароого алынууга тийиш болгон кайсыл болбосун маселе кароого алынышы мүмкүн. Кезексиз отурум өткөрүү үчүн материалдарда чечим кабыл алууга жетиштүү болгон документтер камтылууга тийиш. 

22. Эгерде Комитеттин отурумунда анын мүчөлөрүнүн жарымынын көбү болсо, алардын бири Комитеттин Төрагасы же анын милдетин аткарган адам болгон шартта ал ыйгарым укуктуу болуп саналат.  

23. Комитеттин кароосуна коюлган маселелер боюнча чечимдер Комитеттин отурумунда катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуш тең болгон учурда Комитеттин Төрагасынын же анын милдетин аткарып жаткан адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.  

24. Төлөм системасы боюнча комитеттин отурумдарында кароого алынуучу маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында чечимдер төмөнкү формаларда кабыл алынат:  

- Комитеттин чечими; 

- Комитеттин протоколдук тапшырмасы.  

25. Комитеттин отуруму боюнча протокол түзүлөт. Протоколго Комитеттин Төрагасынын, анын бардык мүчөлөрүнүн жана жооптуу катчысынын кол тамгасы коюлат. Протокол чечим кабыл алынгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде таризделет жана макулдашылат.  

26. Комитеттин чечими менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, зарыл учурларда Комитеттин отурумунан толтурулган протоколдун көчүрмөсү түрүндө төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары менен тааныштырылат.  

27. Комитеттин протоколдук тапшырмалары Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Протоколдук тапшырмага Комитеттин жооптуу катчысынын кол тамгасы коюлат жана ал Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына Комитеттин отурумдарында кароого алынуучу маселелерди даярдаган жак тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык тааныштырылат.  

28. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат.  

 

5. Төлөм системасы боюнча комитеттин Төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө 

 

29. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комитеттин Төрагасы жана анын мүчөлөрү ушул жобонун талаптарынын сакталышы жана аткарылышы, ошондой эле Комитеттин отурумунда каралган жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартышат.