Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-июлундагы 

№38/3 токтому 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»токтомуна толуктоолордужана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»токтомуна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Ислам экономикасын, финансы жана индустриясын өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, микрофинансылык уюмдарды, «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «Баракат» билим берүү борбору» ЖЧКсын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы 

№38/3 токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине, «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жөнүндө» жобого, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана анын талабы аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык компанияларга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан жана «ислам терезесине ээ» микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге, атайы терминологияны эске алуу менен таркатылат.»;  

2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«Бардык бүтүмдөрдөн жана операциялардан улам келип чыккан кредиттик тобокелдикти тескөөнү уюштуруу системасына, анын ичиндеислам МФУлары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кредиттик келишимдерге жана контрактыларга, аларды түзүү тартибине жана МФУларда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максатынан болуп саналат.»; 

3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын” жана “Мыйзамына деген сөздөр алынып, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» деген сөздөр “, «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө»” деген сөздөр менен толукталсын; 

5-пункттун тогузунчу абзацындагы «микрокредит» деген сөз «ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган микрофинансылык уюмдар үчүн микрокаржылоо/» деген сөздөр менен толукталсын; 

Төмөнкү мазмундагы 5-1. пункт менен толукталсын: 

«5-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган МФУлардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларында камтылган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.»;  

- жобо төмөнкү мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын: 

«8. ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАН МИКРОФИНАНСЫЛЫК УЮМДАРДА КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТИ ТЕСКӨӨНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ 

 

45. МФУлардын каржылоо боюнча ички ченемдик документтери жана типтүү келишимдери Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Шариат кеңеши Аткаруу органынан көз карандысыз болушу зарыл жана банктын бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шариат стандарттарына ылайык келиши үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

46. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФУларды каржылоо саясаты ушул жобонун 3-главасында баяндалган талаптарга кошумча Шариат стандарттарына ылайык операциялардын жана бүтүмдөрдүн (келишимдердин) тизмегин камтууга тийиш.  

47. «Ислам терезесине» ээ МФУлар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча каржылоо саясатын иштеп чыгуусу зарыл, ал Шариат стандарттарына ылайык келүүгө жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

48. Ички ченемдик документтерде кардардын билдирмесин кароо учурунан тартып кардар тарабынан каржылоо боюнча милдеттенменин толук төлөнүшүнө чейин МФУ кызматкерлеринин иш-аракеттеринин ырааттуулугу, сунушталган ар бир каржылоо продуктусу кылдат чечмеленип берилүүгө тийиш. 

49. Активдердин ар бир түрүнүн өзгөчө мүнөздөмөгө ээ экендигинен улам, кредиттик тобокелдик тиешелүү ички контролдукту жана тобокелдикти тескөөнү жүзөгө ашыруу үчүн активдин ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө бааланууга тийиш.  

50. МФУ каржылоо продуктунун ар бир түрү боюнча типтүү келишимге ээ болуусу зарыл, анда: тараптардын аталышы, келишим предмети, каржылоону сунуштоонун негизги шарттары, төлөө графиги, четтетүүгө мүмкүн болбогон (форс-мажор) кесепеттүү жагдайлар орун алган учурда тиешелүү аракеттерди көрүү шарттары жана тартиби, микрофинансылык уюм менен кардардын өз ара иш алып баруу тартиби каралууга тийиш. Каржылоонун ар бир продукту боюнча типтүү келишимдер МФУнун аны жүзөгө ашыруу тартибин, айыптык төлөмдү кармапкалуу тартибин жана аларды кайрымдуулук максаттарга жумшоо багытын жөнгө салган негизги ченемдик документтин түзүмдүк бөлүгүнөн болууга тийиш.  

51. МФУ, мудараба, мушарака келишимдерине ылайык (капиталга инвестициялар тобокелдиги), уюмдардын капиталына каражаттарды инвестициялоого байланыштуу кредиттик тобокелдиктин келип чыгышына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ушуга байланыштуу, МФУну каржылоо боюнча саясаттын курамында бардык башка талаптардан тышкары, төмөнкүлөр да каралууга тийиш: 

1) пайданы/чыгымды бөлүштүрүү механизмин кошо алганда, инвестицияларга баа берүү максаттары жана критерийлери;  

2) инвестициялык келишимдерди узартуунун же жыйынтыктоонун, инвестицияларды сатып алуунун же аларды сатуунун мүмкүн болгон шарттарын кошо алганда, инвестициялык долбоордон чыгуунун альтернативалуу ыкмалары жана мөөнөттөрү

3) операцияларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жол-жобосуна байланыштуу башка жоболор, мурдатан бери жөнгө салынган кызматташуу жыйынтыгы сыяктуу критерийлерди камтыган өнөктөштөргө баа берүү тартиби, инвестицияларды жайгаштыруу мөөнөттөрү ж.б..  

52. МФУ ошондой эле, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында да каржылоону сунуштоого укуктуу. Каржылоо саясатында кошо жоопкерчиликтүү топту каржылоо үчүн уруксат берилген операциялардын тизмеги да каралууга тийиш.».