Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 27-июлундагы № 40/1 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 19 жана 43-беренелерине ылайык, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 8,00 пайыз деңгээлинде белгиленсин.
2. Токтом, 2015-жылдын 28-июлунан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынгандан кийинки жумуш күнү ичинде эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш