Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 токтому
“Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө” убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 28 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган “Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө” убактылуу жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов
Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 3 сентябрындагы
№ 50/1 токтомуна
тиркеме
«Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» убактылуу жобо
I. Жалпы жоболор
1. Аталган «Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо, ликвиддүүлүктү колдоо, ошондой эле аманатчылардын таламын коргоо максатында Улуттук банктан лицензия алган республиканын коммерциялык банктарына кредит берүүсүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган.
2. Ликвиддүүлүктү колдоого кредит (мындан ары – кредит) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесине жана ушул Жобого ылайык сунушталат.
3. Кредит банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо жана анда туруктуулукту камсыз кылуу, системалуу тобокелдикке бөгөт коюу, банктын ликвиддүүлүгүн колдоо жана аманатчылар таламын коргоо максатында берилет.
4. Банк алган кредитти кызмат адамдарынын депозиттерин (аманаттарын) төлөөгө пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк банктын инсайдерлерине жана аффилирленген жактарына депозиттердин (аманттардын) төлөнүшүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.
5. Банк алган кредитти банктын кызматкерлерине сый акылардын/бонустардын бардык түрүн кошо алганда, администрациялык чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Мындан тышкары, Улуттук банк банктын администрациялык чыгашаларын кыскартуусу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
6. Кредит берүү жөнүндө чечим, кредит берүү шарттары жана анын көлөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.
7. Кредит мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк өз учурунда кайтарып берүү жана камсыздоо сыяктуу кредиттөөнүн жалпы принциптерин сактоо менен улуттук валютада сунушталат.
8. Улуттук банк андан ары узартуу мүмкүнчүлүгү менен кредитти алты айдан ашпаган мөөнөткө берет.
9. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенме күрөө менен камсыздалат. Күрөөгө карата талаптар, анын жетиштүүлүгү көлөмү (пайыздык туюндурууда) күрөөлүк камсыздоонун башка параметрлерине жараша Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.
10. Банк кредит алуу үчүн Улуттук банктын кароосуна төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү:
1) кредит алуу максаты так көрсөтүлгөн өтүнүч катты;
2) банктын Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин кредит алуу жана талап кылынган кредиттин камсыздоосу катары активдерди жана/же мүлктү сунуштоо жөнүндө чечими;
3) күрөө коюучунун күрөө предметинин менчик укугун жана/же талап коюу укугун тастыктаган документтердин көчүрмөсүн;
4) күрөө предметинин мүнөздөмөсү камтылган жана ага баа берүү боюнча документтерди;
5) Улуттук банк кредит берүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди да талап кылууга укуктуу.
11. Улуттук банк Башкармасы кредитти берүү маселесин кароонун алдында банк аткарууга тийиш болгон айрым талаптарды белгилөөгө укуктуу.
12. Улуттук банк Башкармасы тиешелүү банкка кредит берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган учурда Улуттук банктын банк ишине тышкы көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу анын милдетине кирген түзүмдүк бөлүмү кабыл алынган чечим тууралуу банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш.
II. Кредиттин камсыздоосу
13. Банктын кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предмети башка күрөөгө же үчүнчү жакка кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.
14. Төмөнкү түрдөгү күрөөлөр кредиттин камсыздоосу катары колдонулушу мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздары;
2) Улуттук банктагы же Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон башка финансы-кредит мекемесиндеги депозиттер;
3) алтын жана башка баалуу металлдар;
4) чет өлкө валюталары;
5) банктын кредит портфели боюнча талап коюу укугу;
6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон активдердин жана мүлктөрдүн башка түрлөрү .
15. Күрөө предмети күрөө коюучуга менчик укугунда таандык болууга тийиш жана ага башка милдеттенмелер жүктөлбөөгө тийиш.
16. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги банк муктаж болгон кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
III. Кредитти берүү жана аны төлөө тартиби
17. Кредит, кредиттик линияны ачуу боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, кредиттик линиянын алкагында транш (кезек менен бөлүп берүү) аркылуу берилиши мүмкүн.
18. Кредиттик линия алты айдан ашпаган мөөнөткө ачылат. Кредиттик линиянын алкагында транш линияны жабуу күнүнөн ашпаган мөөнөткө берилет. Кредиттик линияны жабуу күнү жана/же анын алкагында берилген транштарды жыйынтыктап төлөө күнүн Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.
19. Кредиттик линиянын алкагында траншты сунуштоо маселесин кароо банктын транш алууга берген билдирмесинин (мындан ары - билдирме) негизинде ишке ашырылат. Билдирме Улуттук банкка кагаз жүзүндө сунушталууга тийиш. Траншты сунуштоо Улуттук банк менен тиешелүү банк ортосунда түзүлгөн кредит берүү (транш) жөнүндө кредиттик келишимдин негизинде ишке ашырылат.
20. Транштын негизги суммасын жана ага чегерилген пайыздарды төлөө тиешелүү келишимдерде жана кредиттик келишимдерде аныкталган шарттарда ишке ашырылат.
21. Эгерде банк кредит боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткара албай калса, ушул Жобого ылайык берилген кредит максатсыз пайдаланылган болсо, Улуттук банк өз талаптарын күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен канаттандырып алууга укуктуу.
IV. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө
22. Кредит боюнча пайыздык чен өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Кредиттин ар бир транш суммасына пайыздар, сунушталган траншты айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздар формуласынын негизинде жыл ичиндеги 360 календардык күн эсебинде төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
P = (C x I x T)/360/100, мында:
Р – транш боюнча пайыздар суммасы;
С – транштын суммасы (сом);
I – пайыздык чен (жылдык %);
Т – траншты пайдалануу мөөнөтү.
23. Банк сунушталган траншты пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөдө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр эске алынат.
V. Өзгөчө шарттар
24. Улуттук банк кайсыл болбосун убакта, өз ыңгайына жараша банктын ишине текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
25. Кредиттик линия колдонулуп жаткан мезгил ичинде банк Келишимде, Кредиттик келишимдерде жана Күрөө келишимдеринде, ошондой эле Улуттук банктын чечимдеринде аныкталган бардык талаптарды так сактоого милдеттүү.
26. Кредиттик линия колдонулуп жаткан мезгил ичинде банк Улуттук банктын чечимдеринде, Келишимде, Кредиттик келишимдерде жана/же Күрөө келишимдеринде аныкталган талаптарды сактабаса, Улуттук банк кредиттик линиянын аракетин токтотууга жана сунушталган транштардын, ага чегерилген пайыздардын мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. Банк милдеттенмелердин ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу талабын аткарбай койгон шартта, Улуттук банк күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштап же Улуттук банктагы корреспонденттик эсептен банктын карызынын ордун жабуу үчүн талап кылынган сумманы акцептсиз тартипте эсептеп алып кое алат.
VI. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер
27. Улуттук банк, кредит берүү шарттарынын банк тарабынан аткарылбай калышы же алардын толук эмес аткарылышынын кесепетинен келип чыккан кандай болбосун чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
28. Улуттук банк тарабынан кредиттин берилиши банктын милдеттенмелерин өзүнө алуу катары каралууга тийиш эмес.
29. Кредитти алуунун жана аны пайдалануунун кайсыл болбосун баскычында Улуттук банк банкка карата өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
30. Кредиттин максаттуу пайдаланылышы жана анын бардык шарттарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт.