Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 16-сентябрындагы 53/9 токтому 

 

 

 

Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды жана «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 16-сентябрындагы  

53/9 токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2.2-пунктундагы «утурумдук» деген сөз алынып салынсын

- 3.2-пунктунун 3.2.2-пунктчасынын 5-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- күрөөгө карата талаптар жана талап кылынган документтер (күрөө түрү, кредиттин ордун күрөө менен жабуу коэффициенти, рыноктук наркына баа берүү жана жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу, күрөөгө баа берүү ыкмалары);»; 

- 3.2-пунктунун 3.2.3-пунктчасы төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«- кредиттин максаттуу пайдаланылышына талдап-иликтөөлөр жана мониторинг жүргүзүү;»; 

- 3.2-пунктунун 3.2.4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«3.2.4. Кредиттер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана орду жабылбаган карызды аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аны кайтаруу боюнча иш тартиби.»; 

- 4.1-пунктундагы «же болбосо ошол укук чегерилген адамдар тарабынан» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 5.1-пунктунун 5.1.2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Кредиттик союздун ички саясаттарында билдирмелерди кароо мөөнөтү аныкталууга тийиш.»; 

- 5.1-пунктунун 5.1.4-пунктчасындагы: 

«, анда ошол кредитке, андан кийинки кредиттерге (эгерде, келечекте бериле турган болсо) тиешелүү болгон бардык документтер көктөлөт (карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдуу талаптар ушул жобонун 1-тиркемесинде келтирилген деген сөздөр алынып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

«Кредит берүүдөн баш тартылган учурда кредиттик союз кат жүзүндө баш тартуу себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим тууралуу катышуучуга маалымдоого тийиш.»; 

- 5.1.5-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын

- 5.2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«5.2. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби

5.2.1. Кредиттик союз менен катышуучу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (катышуучуга тил тандоо укугун сунуштоо менен). Кредиттик келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санына жараша болууга тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл

Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылат. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана анын тиркемелери бирдей шрифтте, кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш

5.2.2. Кредиттик келишимге кол коюуда, аны кайтарып алуу жагында келип чыгышы ыктымал болгон проблемаларды алдын алуу максатында, кредитти сунуштоо жана кредиттин ордун жабуу шарттарын тактоо зарыл.  

5.2.3. Эгерде бул карыз алуучунун укуктарына кесепетин тийгизип, анын милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, кредиттик союз карыз алуучунун кат жүзүндөгү макулдугусуз бир тараптуу негизде кредиттик келишимдин алгачкы шарттарын өзгөртүүгө укугу жок.  

5.2.4. Кредиттик келишимде номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш

5.2.5. Кредитти жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө графиги, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында, кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына карата номиналдык пайыздык чен боюнча эсептелүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылып, ага эки тарап тең кол коюсу зарыл.  

5.2.6. Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

- тараптардын аталышы;  

- келишим предмети

- кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү

- кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максаттуу багытын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен;  

- карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурда; 

- кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; 

- кредиттик бюрого карыз алуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары (эгерде, бул кредиттик союз анын катышуучусу болуп эсептелсе); 

- катышуучунун кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин же лизинг келишими боюнча тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөнгө чейин кредит алуудан (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартуу укугу

- катышуучу кеминде отуз күн мурда аны кайтаруу тууралуу кредиттик союзга маалымдаган шартта, кредитти кайсыл гана болбосун учурда, кандайдыр-бир айыптык санкцияларсыз кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу

- форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта, кредиттик союз менен карыз алуучу ортосундагы өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайларда жаратылыш кырсыктары (сел жүрүү, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемия, өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук, аскердик аракеттер ж.б. ушул сыяктуу окуялар камтылышы мүмкүн, бирок булар менен эле чектелип калбайт.  

5.2.7. Кредиттик союз ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлгөн катышуучунун укуктары, чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеги менен аны тааныштырууга тийиш, ал кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага эки тарап тең кол коет

Зарыл учурларда кредиттик союз катышуучуга кредит, туумдар, айыптык төлөмдөр ж.б. боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби тууралуу түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш

Кредиттик союз кредиттик келишим шарттарына кошумча жыйымдарды, комиссиялык төлөмдөрдү жана кредиттик союздун тарифтеринде белгиленгендерден тышкары, кредиттик келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу анда алынуучу/төлөнүүчү башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү башка тиешелүү кызматтарды кошууга укугу жок.  

5.2.8. Катышуучу менен кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жана ал акча каражаттарын алгандан кийин карыз алуучуга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш

- ага карата кошо тиркелүүчү бардык документтер менен бирге тараптардын кол тамгасы коюлган кредиттик келишим; 

- кредиттик союздун катышуучуларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги;  

- кредиттик келишимге кошо тиркелүүчү, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөө графиги. 

5.2.9. Карыз алуучунун кредиттик таржымалы (таржымалга карата минималдуу талаптар ушул жобонун 1-тиркемесинде берилген) катышуучудан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага кредит боюнча бардык тиешелүү документтер көктөлөт.  

5.2.10. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө кредиттик союз кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоону кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирип, алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө, проблемалуу кредиттер менен иш алып барууда аларды эсепке алуу маанилүү.»; 

- 6.2-пунктка карата эскертүүлөр төмөнкү редакцияда берилсин

«(*) Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген кредиттин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде кредиттин мөөнөтү бир жылдан жогору болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- 6.6-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 1-тиркеменин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин

 

«I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат

1. Кредиттик союзда белгиленген форма боюнча кредит алуу үчүн сунушталган билдирме

2. Кредиттик союзга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде буга чейин ушул кредиттик союздан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден алынган/төлөнгөн/төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар (карыз алуучунун кат жүзүндөгү мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесиндеги маалыматына ылайык). 

3. Кредиттик союздун катышуучусун идентификациялоого мүмкүндүк берген анын инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4. Катышуучунун кирешеси жөнүндө маалымат

5. Күрөөгө коюлган мүлктүн тизмеги (болгон болсо). 

6. Катышуучунун жолдошунун/жубайынын макулдугу

7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн катышуучудан (жеке адамдан) жогоруда келтирилген документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат

- юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон болсо); 

- патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). 

8. Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган каражат алуу булагына баа берүү

9. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө катышуучу менен кошумча түзүлгөн келишимдер

10. Кредиттик союздун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо чечими (болгон болсо). 

11. Карыз алуучу менен байланышууларды эсепке алуу

12. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны кошо тиркөө менен). 

13. Юридикалык документтер (карыз алуучунун иш-аракеттери жөнүндө документтердин көчүрмөсү, мисалы, коштомо кагаздар, эсеп-фактуралары, өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдер ж.б.). 

14. Кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча отчет

15. Кардардын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттерди көрүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын талаптарына ылайык типтүү формада түзүлгөн анкета.»; 

- төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

 

Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобого карата 2-тиркеме 

Кредиттик союздун катышуучуларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги 

Кредиттик союздун катышуучусунун укуктары 

Кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин же лизинг келишими боюнча тиешелүү мүлк үчүн төлөмдү жүргүзгөнгө чейин кредит алуудан акысыз негизде баш тартууга 

Катышуучунун милдеттүү укуктары ушул жобонун талаптарына ылайык, кредиттик келишимде сөзсүз түрдө көрсөтүлөт   

Кредиттик келишим долбоорун, ага тиркелген бардык документтерди колуна алууга жана юридикалык консультация алуу үчүн кредиттик союздун чегинен тышкары кайрылууга укуктуу, мында кредиттик келишим менен таанышуу үчүн катышуучуга кеминде бир күн, бирок үч күндөн ашпаган убакыт берилүүгө тийиш 

Кредит, туум, айыптык санкциялар боюнча тиешелүү төлөмдөрдү эсептөө тартиби тууралуу түшүндүрмөлөрдү алууга 

Кредиттик келишим жана ушул тизме түзүлүүчү (таризделүүчү) тилди (мамлекеттик же расмий) тандоого 

Кредит боюнча карызын кайтарууга чейин отуз күн мурда кредиттик союзга ал тууралуу алдын ала маалымдаган шартта, мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай төлөөгө 

Кредиттик союздун катышуучусунун кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттин суммасы  

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт  

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр  

Билдирмелерди карап чыккандыгы үчүн комиссиялык (кредитти тариздөө) төлөмдөр  

Комиссиялык төлөм чегерилген учурда, алар кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык, пайыздык же нарктык мааниде кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит берүү жана администрлөө үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде, эсеп ачуу кредиттик келишимди түзүү менен шартталса) жана тейлөө (эгерде, кредит боюнча операциялар нак эмес формада жүргүзүлсө) үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөмдөр (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

Кредиттик союз мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга бул тууралуу маалым болушу үчүн ал кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш, мында бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына ишке ашырылып жаткандыгы, ошондой эле келечекте бул нарк өзгөрүшү мүмкүндүгү да белгиленүүгө тийиш 

Карыз алуучунун эсептеринен көчүрмөлөр берилгендиги үчүн төлөмдөр 

Кредиттик союздун колдонуудагы тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт 

Башка чыгашалар  

  

Кредиттик союз тарабынан алынуучу айыптык санкциялар жана туумдар 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн 

Кредиттик союзда кредиттик келишимдин негизинде белгиленген айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык алынуучу пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. Мында, негизги сумма жана пайыздардын мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк акы (айыптык төлөмдөр, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредитти колдонуу мезгил ичинде чегерилген үстөк акынын (айыптык төлөмдөр, туумдар) максималдуу өлчөмү, берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди бузуу шарттары 

Кредиттик союзда кредиттик келишимдин негизинде белгиленген айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык алынуучу пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар  

 

____________________________ 

(Ыйгарым укуктуу адистин 

аты-жөнү

 

_______________ 

(кол тамгасы) 

 

_______ 

үнү

 

______________________ 

(Кредиттик союздун катышуучусунун аты-жөнү

 

______________ 

(кол тамгасы) 

 

______ 

үнү) ».