Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесине, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын 11 жана 39-1-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:
- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
- Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 13-февралындагы № 8/6 “Банктык төлөм карттары боюнча кредиттөө (овердрафт) жөнүндө” убактылуу эрежелер тууралуу”.
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредит мекемеси “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага Т. Абдыгулов
Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 16-сентябрындагы
№ 53/11 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна
өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун:
1) 12-пунктунун:
- экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
“Банк Башкармасы банктын кредиттик саясатынын жана кредиттик стратегиясынын ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартат, ал үчүн банк кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды колдонууга киргизүүгө милдеттүү.
Банк валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу негизде аныктап туруунун, аларга баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун комплекстүү системасын, ошондой эле валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке контролдукту, талдап-иликтөөлөрдү жана мониторингди жүзөгө ашыруу боюнча отчет берүү системасын камсыз кылууга тийиш.
Кредиттерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер кредиттик комитет тарабынан гана же банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, ошол комитет ченемдик укуктук актыларга ылайык укук чегерген адам тарабынан чечилүүгө тийиш.
- 5-абзацтын бүтүндөй тексти боюнча “ири кредиттер” деген сөздөр “ири тобокелдикти камтыган кредиттер” дегенге алмаштырылсын;
2) 2-главанын 12-пункту төмөнкү мазмундагы 12-1 – 12-2-пункттар менен толукталсын:
“12-1. Банк жыл сайын валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке ички контролдук системасына, анын ичинде кредиттерди/активдерди классификациялоо ишине ички аудит жүргүзүп турууга тийиш.
12-2. Банк кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлердин кредиттөө маселеси, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүшүн камсыз кылууга тийиш.”
3) 20-пункттагы акыркы сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:
“Журналда чагылдырылган маалыматты Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде уюштурулуучу негизги документтер тизмегинде” белгиленген мөөнөттөргө ылайык сактоо зарыл.”;
4) 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“25. Кредитти берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш:
- карыз алуучу тууралуу негизги маалыматтарды (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо - негизги ишкердик түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча киреше (пайда) түзүмүн (чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча), кредитти төлөө планын, негизги бизнес-өнөктөштөр ж.б.;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же мыйзам актыларына ылайык көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колтамгасы менен тастыкталган уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо);
- карыз алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болгон учурда, тышкы аудитордун корутундусу менен бирге акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчетту жана/же банктын чечими боюнча салык органдары тарабынан кабыл алынган жылдык финансылык отчетту (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо же болбосо күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам болсо);
- акча каражаттарынын өткөн чейрек ичинде жылышы жөнүндө отчетту кошо алганда, финансылык отчетту (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо же болбосо күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам болсо);
- 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо же болбосо күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам болсо);
- өзүндө кредит алуу максатын, карыз алуучунун каражаттарынын болжолдуу жылышын (жыл ичинде пайда алуу көлөмүн), валюталар боюнча төлөө булактарын, кредитти төлөө мөөнөттөрүн жана планын камтыган (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо жана кредиттин суммасы 3 500 000 сомду түзгөн болсо) бизнес-план. Мында банк кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык кредиттер, ири кредиттер жана карыз алуучунун ишкердигине кылдат баа берүүнү талап кылган башка кредиттер боюнча бизнес-планга карата кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш;
- күрөөгө коюлган мүлк описин, ээлик кылуу укугун (эгерде күрөө кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо) жана пайдалануу укугун тастыктаган документтерди, ошондой эле банктын ички документтерине ылайык башка документтерди;
- гарантты (кепилдик берүүчүнү) көрсөтүү менен гарантияны (кепилдикти), гарантия (кепилдик) суммасын, гаранттын финансылык отчетторун ж.б. (эгерде банк гарантияны (кепилдикти) сунуштоону талап кылса);
- инсандыгын тастыктаган документти (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);
- акыркы 12 ай ичиндеги эмгек акысы жөнүндө маалымкат же анын кирешелери жөнүндө маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо) ;
- банкка зарыл болгон, анын ичинде карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн башка документтерди (контрактыларды, келишимдерди, сунуштама каттарды ж.б.).”;
5) 26-пункттун 5-абзацындагы “башка күрөө,” деген сөздөр “эки тарапка тең алгылыктуу, “ деген сөздөр менен толукталсын;
6) 30-пунктунун:
- 2 жана 3-абзацтарындагы “Кредит боюнча иш алып барган кызматкер” деген сөздөр “Банк” дегенге алмаштырылсын;
- 4-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
“- акча каражаттары. Кредит алууга билдирмелерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн кызматкер эң башкысы: карыз алуучу кредитти төлөө үчүн келечекте жетиштүү кирешеге жана нак акча каражаттарына ээ экендигине, анын ичинде ал кредит алууга ниеттенген валютада акча каражаттарын алууга жөндөмдүү экендигине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Мында банк, буга чейин анын пайда алуусу же сатуу көлөмү туруктуу өсүшкө ээ болгондугуна жана келечекте кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде туруктуу өсүш сактала тургандыгын тактоого тийиш.
Мындан тышкары банк, карыз алуучу кредитти өз учурунда төлөөсүн камсыз кылуусу үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен карыз алуучунун кирешелеринин (пайда алуу) жана чыгашаларынын (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоосу зарыл.
Эгерде, кардардын кирешеси (пайдасы) келерки 12 ай ичинде улуттук валютада алына турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде РППУ талаптарын эске алуу менен алмашуу курсунун өзгөрүүсү карыз алуучуга терс таасирин тийгизүүсүнөн улам валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга кредитти чет өлкө валютасында берүү максатка ылайыктуу экендигине баа берүүгө тийиш;”;
- 6-абзацтагы “Эгерде ... катары” деген сөздөр “бир гана” деген сөздөр менен толукталсын;
7) 31-пункттун:
- биринчи сүйлөмүндөгү “Кредиттик кызматкер” деген сөздөр “Банк” дегенге алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“Кредит берүү учурунда ушул жобонун 30-пунктунда белгиленген талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик кредит берүү чечимин кабыл алган ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт.”;
8) 40-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“40. Кредиттик келишим түзүү учурунда, келечекте аны кайтарып алууда проблемалардын келип чыгышына жол бербөө үчүн бардык кредит берүү жана аны төлөө шарттарын сүйлөшүү зарыл. Мында, эгерде бул укук кредиттик келишимде кардарга маалымдоо мөөнөтүн (кеминде 30 күн мурда) белгилөө менен, ошондой эле өзгөртүүнүн так статьялары, шарттары жана максималдуу/минималдуу чектери тизмегин көрсөтүү менен сүйлөшүлгөн учурларды эске албаганда, кредиттик келишимде алгач белгиленген шарттарды бир тараптуу негизде өзгөртүүгө банктын укугу жок. Карыз алуучу менен кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графигин түзүү учурунда, кредиттин максатына жана карыз алуучунун иш багытына, карыз алуучу сунуштаган жана ал банк тарабынан текшерилген бизнес-планга, ошондой эле акча каражаттарынын болжолдуу жылышына көңүл буруу максатка ылайыктуу. Карызды төлөө графигинде, кеминде кредит берүү суммасы, ал боюнча пайыздык чен, берилген күнү, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күндөрү, ошондой эле кредит боюнча карыз калдыгы камтылууга тийиш. Төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Аны түзүү каралбаган кредиттик продукттар боюнча (эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттар, кредиттик линиялар ж.б.) карызды төлөө графиги талап кылынбайт.”;
9) 41-пункттун:
- 4–абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“- кредиттин негизги шарттары – суммасы, төлөө мөөнөтү, камсыздоосу, жылдык эсептөөдө пайыздык чен, кредит сунуштоо формасы: нак (касса аркылуу) жана/же нак эмес формада (анын ичинде, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кардардын эсебине чегерүү аркылуу ж.б.);”;
- 7-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
“- аны кайтарууга чейинки кеминде отуз күн мурда ал тууралуу банкка маалымдаган шартта, кардардын кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу, анын ичинде кредит алган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү үчүн айыптык санкцияларды белгилөөсүз. Биргелешип жоопкерчилик алган топтун бир катышуучусу анын катышуучуларынан кат жүзүндө макулдук алган шартта гана ага мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилет;”;
10) 42-пункттун:
- 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“Банк кардарды жогоруда көрсөтүлгөн тизме менен тааныштырууга, зарыл учурда кредитти эсептөө тартиби, туумдар, айыптык төлөмдөр, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кредит алуу/төлөө тартиби жана эгерде киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада күтүлүп жатса, ал эми кредит чет өлкө валютасында сунушталган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өсүшүнөн улам келип чыгуучу тобокелдиктер, төлөөгө жөндөмсүздүк жана башка кесепеттер тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардын колтамгасы менен тастыкталган анын уруксатын алууга тийиш.”;
- 7-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
“- банктын карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо билдирмеси жөнөтүлгөндөн 15 күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотуу милдети, мында бүтүндөй кредитти колдонуу мезгил үчүн чегерилген айыптык төлөмдөрдүн, туумдардын өлчөмү берилген сумманын 20 пайызынан ашпоого тийиш.”;
11) 43-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын;
12) 4-главанын 47-пункту төмөнкү мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын:
«47-1. Эгерде кредиттик линия келишиминде, ага ылайык кредиттик линиянын биринчи бөлүгү алынгандан кийин карыз алуучунун кредиттик линиянын калган бөлүгүн алуу укугун же банктын анын калган бөлүгүн берүү милдеттенмесин жокко чыгарган норма каралса жана мында банк кредиттик линия боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелерге потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзбөсө, анда банк кредиттик линиянын экинчи бөлүгүн берген учурдан тартып анын ар бир кезектеги бөлүгүн берген учурда, зарыл документтердин толук топтомун жыйноого тийиш (ушул Жобонун биринчи тиркемесинин 3, 4, 10, 13, 16 пункттары жана кредиттик линиянын буга чейинки бөлүгүнүн максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетту), мында карыз алуучу тарабынан акыркы алты ай ичинде сунуштаган документтер пайдаланылышы мүмкүн. Мында кредиттик линиянын кезектеги бөлүгүн берүү маселеси банктын кредиттик саясатына ылайык ыйгарым укуктуу орган/жактар тарабынан чечилүүгө тийиш. Ошону менен бирге эле, кредиттик келишимге кредиттик линияны сунуштоонун бардык шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишим шарттары ага түшүнүктүү экендигин жана кардардын макулдугун тастыктаган анын кол тамгасы коюлууга тийиш.”;
13) 50-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“50. Кредит берүүдө эң башкысы, кошумча каражат алуу булагына эмес, негизги каражат алуу булагына көңүл буруу зарыл. Ошондуктан, кредит алууга сунушталган билдирмени кароо процессинде кардардын каражат алуу булагына, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө (эгерде кредит чет өлкө валютасында сунушталган болсо), кардар ишкердик жүргүзгөн тармакка жана анын ишкердигине, анын сунуштоочулар жана сатып алуучулар менен өз ара иш алып баруусуна көңүл буруу зарыл. Чек ара аркылуу жүзөгө ашырылуучу ишкердик Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.”;
14) 61-пункттагы акыркы сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:
“Бланктык кредиттерди берүү учурунда банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзгөн, 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.”
15) 63-1-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“- кредиттик топтун ар бир мүчөсүнө берилген кредиттин суммасы 250 000 сомдон ашпоого, ал эми биргелешип жоопкерчилик алган топко берилген кредиттин жалпы суммасы 1 500 000 сомдон жогору болбоого тийиш;”;
16) 63-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«63. Банк бир айда кеминде бир жолу (ай ичинде чет өлкө валютасынын расмий алмашуу курсу 5 жана андан жогору пайызга өзгөргөн шартта – токтоосуз) валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке дуушар болгон кредиттерге чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн сомго карата таасир этүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн негизинде банк валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнөн мүмкүн болуучу жоготууларды (чыгымдарды), анын карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасирин аныктоого тийиш”.
17) 5-главанын 63-пункту төмөнкү мазмундагы 63-1 - 63-4-пункттар менен толукталсын:
“63-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонуудагы кредиттерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Кредитке мониторинг жүргүзүү аралыгы (анын ичинде жеринде барып) банк тарабынан өз алдынча кредиттин суммасына жана түрүнө, ошондой эле анын классификациялоо категориясына ылайык белгиленет. Мында банк төмөнкү учурларда жеринде барып мониторинг жүргүзүүгө тийиш:
- кредит суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан учурда жарым жылда кеминде бир жолу;
- калган кредиттерге жылына кеминде бир жолу.
Келерки мезгил ичинде төлөнүүчү кредиттерге (орто жана узак мөөнөттүү кредиттер боюнча – келерки 12 айга) жүргүзүлгөн мониторинг боюнча отчетто, карыз алуучунун күтүлүп жаткан киреше (пайда) көлөмүнүн өзгөрүүсү (чет өлкө валютасындагы кредиттер үчүн), анын ишкердигине тиешелүү өзгөрүүлөр, кредиттин статусу, кредиттик келишим шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүлгөн шартта – анын абалы, анын сакталышын камсыздоо, ошондой эле кардардын кредитти өз учурунда төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш.
63-2. Башка финансы-кредит мекемелерине кредит сунуштаган банк ошол финансы-кредит мекемелеринин карыз алуучусу тарабынан сунушталган маалыматтын тактыгын кылдат иликтөөгө алууга, ошондой эле мындай кредиттерге кылдат мониторинг (анын ичинде жеринде барып) жүргүзүүгө тийиш.
63-3. Кароонун жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн банк жетекчилигине ай сайын - тиешелүү сунуштар чагылдырылган талдап-иликтөө боюнча жалпы маалымат камтылган отчет жана чейрек сайын - тиешелүү сунуштар чагылдырылган мониторинг жыйынтыгы боюнча жалпы маалымат камтылган отчет сунушталат.
63-4. Кемчилик табылган шартта банк зарыл учурларда мындай кредиттин классификация категориясын кароону сунуштоо менен тез арада ал тууралуу банк жетекчилигине маалымдоого тийиш.
Кредит боюнча төлөө мөөнөтү кечиктирилсе же кредит классификациясы начарлаган шартта, мындай активге мониторингди (кеминде, карыз алуучунун учурдагы финансылык абалына талдап-иликтөөлөр, карыз алуучу менен байланышуу) айына кеминде бир жолу ишке ашыруу зарыл.”;
18) 65-пункттун:
- 5-абзацы “, анын ичинде, эгерде кредит чет өлкө валютасында сунушталган болсо” деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
“-кредиттөө максаттарына жараша, алар болгон болсо, документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б) менен тастыкталган кредиттин максаттуу пайдаланылышына баа берүү, 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредитти эске албаганда;”;
19) 67-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“67. Эгерде, топко берилген кредиттерди эске албаганда, камсыздоо катары гарантия (кепилдик берүү) гана сунушталган болсо, банк анын гарантиялык милдеттенмени аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл.”;
20) 68-пункттун 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“68. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталып турушуна туруктуу контролдукту жүргүзүү жана анын ошол учурдагы наркынын өзгөрүүсү ыктымалдыгын аныктоо максатында банк, күрөө жайгашкан жана сакталып турган жерге баруу менен мониторинг жүргүзүп туруусу зарыл. Күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы банк тарабынан өз алдынча кредиттик/күрөө саясатына ылайык, кредит сапатына, анын ичинде, кыймылдуу мүлктү эске албаганда, жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөө түрүнө жараша аныкталат, мында мониторинг кеминде жарым жылда бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш. Мында, эгерде кредит жүгүртүүдөгү товар түрүндө 40 жана андан жогору пайызга камсыздалган болсо – мониторинг ай ичинде кеминде бир жолу, ал эми эгерде 40 жана андан төмөн пайызга камсыздалган болсо – чейрек ичинде кеминде бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш. Мында, күрөөгө коюлган мүлктүн банк тарабынан сакталышына контролдуктун камсыз кылынышы милдеттүү шарт катары каралууга тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл бурууга зарыл:”;
21) 69-пункттагы:
- 7-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
“- реструктуризациялоо жөнүндө өтүнүч;”;
- 8-абзац күчүн жоготкон катары таанылсын;
- пункт төмөнкү мазмундагы 15 жана 16-абзацтар менен толукталсын:
“Банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринде (саясатында, жол-жоболорунда ж.б.) проблемалуу кредиттерди жөнгө салуу тартиби, анын ичинде кредиттерди реструктуризациялоо жана карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө кошумча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү тартиби, ошондой эле зарыл учурларда, эгерде ал карыз алуучунун укуктарына жана милдеттенмелерине тоскоолдуктарды жаратпаса (мисалы, кредит боюнча карызды төлөөгө минималдуу бир жолку төлөм, карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин ал тарабынан сунушталышы, кошумча камсыздоо ж.б.) кредитти реструктуризациялоо үчүн алдын ала шарттар чагылдырылууга тийиш. Банкка аффилирленген жактарды жана инсайдерлерди жыл ичинде экиден көп жолу реструктуризациялоого тыюу салынат.
Кредитти кайталап реструктуризациялоо чечими банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.”;
22) 1-тиркеменин:
- Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдуу талаптарынын 1-пунктунун 13-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“кредитти төлөө булактары (алгач: валюталар боюнча, экинчи) жана аны төлөө планы;”
- 1-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“1-1. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, банкка ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгилүү бир формадагы документтин көчүрмөсүн жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн же аларга 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн берүүгө тийиш.”;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“4. Акыркы 12 ай ичиндеги эмгек акысы жөнүндө маалымкат, карыз алуучу иштеген уюмдун аталышы, кызматы, иштеп жаткан мөөнөтү, ошондой эле кирешелери жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо) валюталар боюнча.”.
- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“7. Бизнес-план (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо жана кредит суммасы 3 500 000 сомдон жогору болсо).”;
- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“8. Мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо же жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүргүзгөн жеке адам болсо), мында 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда.”;
- 13-пункттагы “Чейрек сайын” деген сөз “Жылдык” дегенге алмаштырылсын;
- 16-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“16-1. Кредиттөө максаттарына жараша, алар болгон болсо, документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б) менен тастыкталган кредиттин максаттуу пайдаланылышына баа берүү, 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредитти эске албаганда.”;
- 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“30. Гаранттын акыркы бир финансылык жыл үчүн отчету (эгерде гарантия жалгыз камсыздоо катары сунушталса) .”;
23) 6-тиркеменин:
- Банк кардарларынын укуктарына, чыгашаларына (төлөмдөрүнө) жана айыптык төлөмдөрүнө тиешелүү тизмектин “Банк кардарынын укуктары” бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
Банк кардарынын укуктары |
|
Кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин кредит алуудан акы төлөөсүз негизде баш тартууга (банк тарабынан кардардын кредит алууга билдирмесин кароого алгандыгы үчүн белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм кармалып калган учурларды эске албаганда) |
Ушул жобонун талаптарына ылайык, кардардын милдеттүү укуктары кредиттик келишимде милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш |
Келишимдин долбоорун жана ага кошо тиркелген бардык документтерди алуу менен банктан тышкары юридикалык консультация алуу үчүн башка жакка кайрылууга, мында келишим менен таанышууга кардарга берилген убакыт кеминде үч күндү түзүүгө тийиш |
|
Кредит, туумдар, айыптык санкциялар жана банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кредит алуу/төлөө тартиби боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартибине тиешелүү түшүндүрмөлөрдү алууга |
|
Кирешеси улуттук валютада күтүлгөн шартта, кредитти чет өлкө валютасында алууга байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө түшүндүрмө алууга |
|
Кредиттик келишим жана ушул тизме түзүлүүчү (таризделүүчү) тилди (мамлекеттик же расмий) тандоого |
|
- “(банктын кредит боюнча иш алып барган адисинин аты-жөнү)” деген сөздөр “(банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин аты-жөнү)” дегенге алмаштырылсын.
II. Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 13-февралындагы № 8/6 “Банктык төлөм карттары боюнча кредиттөө (овердрафт) жөнүндө” убактылуу эрежелер тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталыштагы жана бүтүндөй тексттеги “Убактылуу эрежелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Эрежелер” дегенге алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык төлөм карттары боюнча кредиттөө (овердрафт) жөнүндө” убактылуу эрежелердин:
- аталышындагы жана бүтүндөй текстиндеги “Убактылуу эрежелер” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “Эрежелер” дегенге алмаштырылсын.