Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 5-октябрындагы 60/1 токтому 

 

 

Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы 8/2 токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Милдеттүү кам эсептик базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин

- улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча эсептик базада камтылган улуттук валютадагы милдеттенмелер суммасынын 8,50 пайызы деңгээлинде

- чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча - эсептик базада камтылган чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер суммасынын 9,50 пайызы деңгээлинде

2. Коммерциялык банктар милдеттүү камды «Милдеттүү кам жөнүндө» жобонун 2.4-пунктуна ылайык эсептеп, аларды аталган жобонун 2.5-пунктуна ылайык улуттук валютадагы жана чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча өз-өзүнчө сунуштасын

3. Милдеттүү кам өлчөмү улуттук валютадагы милдеттенмелер жана чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү кам суммасы катары эсептелинсин.  

4. Юридика башкармалыгы

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

5. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 25-февралындагы 10/9 «Милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.  

6. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын

7. Токтом 2015-жылдын 19-октябрынан тартып күчүнө кирет.  

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов