Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын   

2015-жылдын 26-октябрындагы № 63/1 токтому  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 10,00 пайыз өлчөмүндө (өзгөртүүсүз) белгиленсин. 

2. Токтом 2015-жылдын 27-октябрынан тартып күчүнө кирет.  

3. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынган күндөн кийинки жумуш күнү ичинде эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов