Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 14-октябрындагы 62/4 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы 35/13 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуутоктомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Улуттук банк Башкармасынын   

2015-жылдын 14-октябрындагы   

62/4 токтомуна карата тиркеме   

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:

1. 11-пунктундагы

- «кредиттик тобокелдикти» деген сөздөр «, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдик (тобокелдикти)» деген сөздөр менен толукталсын;  

- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

«Банк, валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу негизде аныктап туруунун, ага баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдукка алуунун комплекстүү системасынын, ошондой эле валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке контролдукту, талдап-иликтөөлөрдү жана мониторингди жүзөгө ашыруу боюнча отчет берүү системасынын жөнгө салынышын камсыз кылууга тийиш». 

2. 12-пункттун

- экинчи абзацындагы «мындай укукту башка бирөөгө ыйгарып берүүгө укугу бар» деген сөздөр «банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерден тышкарыдеген сөздөр менен толукталсын

«ченемдик укуктук актыларга ылайык» деген «ченемдик укуктук актылары аркылуу» дегенге алмаштырылсын

- төртүнчү абзацынын бүтүндөй тексти боюнча «өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган ири активдердидеген сөздөр «олуттуу тобокелдикти камтыган активдерди» дегенге алмаштырылсын”; 

«Өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган ири активдерди» деген сөздөрдөн кийинки «жана кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди» деген сөздөр алынып салынсын

- «Банктын Директорлор кеңеши өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган ири активдердиндеген сөздөрдөн кийинки «кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди» деген сөздөр алынып салынсын

3. Жобону төмөнкү мазмундагы 12-1 жана 12-2-пункттар менен толукталсын

«12-1. Банк, валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке ички контролдук системасына ички аудитти, анын ичинде активдерди классификациялоону жыл сайын жүргүзүп турууга тийиш.  

12-2. Банк, каржылоо жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлерди, каржылоо маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерине мезгил-мезгили менен окутуп турууну жөнгө салышы зарыл». 

4. 25-пункттун бешинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

«Журналда чагылдырылган маалыматтар Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы №22/9 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин ишинде түзүлгөн негизги документтердин тизмегинде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык сакталууга тийиш.». 

5. 29-пункттун: 

- биринчи абзацындагы «каржылоо боюнча адис» деген сөздөр «банк» дегенге алмаштырылсын

- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар/өнөктөш жөнүндө негизги маалыматтар (кардар/өнөктөш юридикалык жак иштин негизги түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча кирешелер (түшкөн акчанын) түзүмү, каржылоонун ордун жабуу планы, негизги бизнес-өнөктөштөр жана башкалар чагылдырылууга тийиш болгон толтурулган анкета/билдирме.»; 

- төртүнчү абзацтагы «финансылык отчетту жана/же» деген сөздөрдөн кийин «банктын ыңгайына жараша салык» деген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча улансын

- алтынчы абзацтагы кашаа белгиси ичиндеги «күбөлүк же патенттин негизинде» деген сөздөрдон кийинн «250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо сунушталган жеке адамдарды эске албагандадеген сөз менен толукталып, андан ары текст боюнча уланат;  

- жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«- каржылоодон пайдалануу максатын, кардардын/өнөктөштүн акча каражаттарынын болжолдуу өлчөмүн, валюталар боюнча төлөө булактарын, каржылоонун ордун жабуу боюнча иш-чаралар планын, мөөнөттөрүн камтыган бизнес-план (эгерде кардар юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3 500 000 сомдон көп болсо). Мында банк, кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык каржылоо, олуттуу өлчөмдө каржылоо жана кардардын/өнөктөштүн бизнесине кылдат баа берүүнү талап кылган, каржылоонун башка түрлөрү боюнча бизнес-планга кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш;»; 

- сегизинчи абзацтагы «ээлик кылууну тастыктаган» деген сөздөрдөн кийин «(эгерде кыймылдуу/кыймылсыз мүлк күрөө болуп саналсадеген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча улансын; 

- 11-абзацтагы «(каржылоо суммасы 100 000 сомдон ашпаса, 6 ай үчүн)» деген сөздөр алынып салынсын

- 12-абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«Банк, жогоруда белгиленген документтерден тышкары зарыл болгон, анын ичинде кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн талап кылынган башка документтерди (контракттар, келишимдер, сунуштама каттарды ж.б.у.с.) да талап кыла алат.»; 

6. 30-пункттун бешинчи абзацындагы «башка күрөөгө» деген сөздөрдүн алдына «эки тарап үчүн алгылыктуу болгон» деген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча улансын

7. 34-пункттун: 

- экинчи, үчүнчү абзацтарындагы «Каржылоо боюнча адис» деген сөздөр «Банк» дегенге алмаштырылсын

- төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- акча каражаттары. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга келип түшкөн билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банктын кызматкери төмөнкүдөй эң негизги суроолорго жооп берүүгө тийиш: кардар/өнөктөш өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдөгү киреше жана нак акча агымын, болжолдонуп жаткан каржылоо валютасында алууга мүмкүнчүлүгү барбы? Банк баа берүүдө буга чейин анын туруктуу өсүшкө ээ болгон пайдасы болгонбу же сатуу көлөмү канча, мындай ийгилик келишим мөөнөтү ичинде да туруктуу сакталабы? - мына ушул жагдайларды тактоого тийиш

Мындан тышкары банк, кардар/өнөктөш активди өз учурунда төлөөсүн камсыз кылуусу үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен кардардын/өнөктөштүн кирешелеринин (түшкөн акчасынын) жана чыгашаларынын (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоосу зарыл.  

Эгерде, кардардын/өнөктөштүн кирешеси (түшкөн акчасы) келерки 12 ай ичинде айрыкча улуттук валютада түшө турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен алмашуу курсунун өзгөрүүсү кардарга/өнөктөшкө терс таасирин тийгизүүсүнөн улам валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга/өнөктөшкө каржылоону чет өлкө валютасында сунуштоо максатка ылайыктуу экендигине баа берүүгө тийиш;»; 

- жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги. Мында, чогуу жоопкерчиликтүү топ (мындан ары - ЧЖТ) дегенден улам, катышуучулардын пайда табуу максатында ишкердик менен алектенген жеке адамдардын (кеминде 3 адам) ыктыярдуу биригүүсүн түшүнүү зарыл. ЧЖТнын мүчөлөрү топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышына биргелешип кепилдик берип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кандай болбосун жагдайда алынган каражаттардын толук кайтарылып берилиши үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналышат

ЧЖТ катышуучуларынын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берген билдирмесин кароо учурунда банк, чогуу жашап жаткан жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү мындай топтун катышуучусу эмес экендигине көңүл бурууга тийиш

Бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн ЧЖТнын катышуучуларынын саны ошол топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендиги эске алынышы зарыл. Бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн ЧЖТнын катышуучусунун үлүшү мындай топко сунушталган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш

Ушул жобонун талабына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкерлер (өнөктөштөр, чогуу ээлик кылуучулар ж.б.) тартылган экономикалык иш чөйрөсүн түшүнүү зарыл. Мында, алардын иши биргелешип өндүрүүдөн жана/же товар сатуудан, кызмат көрсөтүүдөн пайда алууга багытталып, ошол максатта мүлк, материалдык эмес активдер, ошол ишкердин эмгеги колдонулат. Биргелешип жүргүзүлгөн бизнеске катышкандар андан түшкөн пайданы өз ара бирдей үлүштө бөлүштүрүп, бардык орун алган тобокелдик үчүн бүтүндөй мүлкү же алардын бөлүгү менен жооп беришет.»; 

8. 35-пункттагы: 

- «Каржылоо боюнча адис» деген сөздөр «Банк» деген сөзгө алмаштырылсын

- төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

«Ушул жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн талаптардын сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо чечимин кабыл алган ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт.»; 

9. Жобо төмөнкү мазмундагы 38-1-пункт менен толукталсын

«38-1. Банк, кардарга эгерде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча пландаштырылып жаткан ар айлык төлөмдөрдүн (негизги карыз жана үстөк баа/киреше) кардардын айына орточо алынган жалпы кирешесине карата катышы кеминде 50 пайызды түзгөн шартта гана керектөө максаттарына каржылоо сунуштай алат.»; 

10. 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«43. Келишимди түзүү учурунда берилген каражатты кайтарып алууга байланыштуу көйгөйлөр келип чыкпашы үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоонун жана анын ордун жабуунун бардык шарттары камтылууга тийиш. Мында банк, кардарга белгиленген мөөнөттө маалымдоо (кеминде 30 күн мурда), ошондой эле бардык өзгөрүүлөрдүн айкын статьяларын, шарттарын жана жогорку/ төмөнкү чектерин көрсөтүү менен, келишимде ал тууралуу түздөн-түз белгиленген учурду эске албаганда, келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок. Кардар/өнөктөш менен биргеликте өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин планда каралган төлөө графигин, ал боюнча үстөк ченди/кирешени аныктоодо мындай актив багытталууга тийиш болгон иш максатына, кардардын/өнөктөштүн бизнесинин мүнөзүнө, алар сунуштаган жана банк текшерүүгө алган бизнес-планга, акча каражаттарынын болжолдуу жылышына таянуу менен иш алып баруу зарыл. Карызды төлөө графигинде эң аз дегенде, активдин суммасы, актив боюнча үстөк чен, сунуштоо күнү, актив боюнча карыздын негизги суммасы, ал боюнча үстөк чен, калдыктарды пландык төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күнү камтылууга тийиш. Төлөө графиги сунушталган каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат. Каржылоо продукттары боюнча (эмгек акы долбоорлорунун, каржылоо линияларынын алкагында, төлөм карттары боюнча овердрафттар ж.б.у.с.) карызды төлөө графигин түзүү талап кылынбайт. »; 

11. 44-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«44. Келишимде эң аз дегенде, төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш

- тараптардын аталышы

- келишим предмети

- келишим колдонулган мезгил аралыгы

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоонун негизги шарттары, суммасы, төлөө мөөнөтү, камсыздоо шарттары, ал боюнча үстөк чен/киреше жана эсептөө ыкмалары, активди сунуштоо формасы: нак түрдө (касса аркылуу) же нак эмес түрдө (анын ичинде банктык төлөм карттары аркылуу кардардын/өнөктөштүн эсебине чегерүү); 

- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаттуу багытталышы; 

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- кардардын өзүндө кредиттик тоюбокелдикти камтыган активдин ордун мөөнөтүнөн мурда жабууга укугу, мында банкка кайтарып берүүгө чейин кеминде 30 күн мурда маалымдалууга тийиш. Кредит алгандан алты ай өткөндөн кийин аны мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда айыптык санкциялар колдонулбайт. ЧЖТнын катышуучусунун бири калган катышуучулар кат жүзүндө ага макулдук берген шартта гана мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилет

- кардар/өнөктөш жөнүндө маалыматтарды кредиттик бюрого берүү шарттары

- тараптардын кимдир бирөөсү өз милдеттенмелерин бузууга жол бергендиги үчүн санкциялар, келишимди токтотууга түрткү берген учурлар жана шарттар

ЧЖТнын катышуучуларынын бири өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган активдин орду толук жабылганга чейин кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчилик тартууну уланта берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана банктын макулдугу болгон шартта, ошондой эле ЧЖТнын курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн.». 

12. 45-пункттун

- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Банк, кардарга көрсөтүлгөн тизмени сунуштап, аны менен тааныштырууга, зарылчылык келип чыккан шартта кардарга/өнөктөшкө өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди, туумдарды, айыптык төлөмдөрдү эсептөө тартибин, активди алуу/төлөө, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен алуу же төлөө шарттарын, тобокелдиктердин келип чыгышы ыктымалдыгын, эгерде актив чет өлкө валютасында алынып, бирок күтүлүп жаткан киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада боло турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өсүшү шартында төлөөгө жөндөмсүздүк жагдайынын орун алышы тууралуу түшүндүрмө берип, кардардын/өнөктөштүн макулдугун алууга тийиш. Мында кардардын/өнөктөштүн кол тамгасы анын далилинен болуп саналат.»

- үчүнчү абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин

- «Банк мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган шартта, ал кардарга/өнөктөшкө түшүнүктүү болушу үчүн келишим түзүлгөн күнгө карата мындай чыгашалардын болжолдуу наркын (чегин), чыгашалар үчүнчү жактардын пайдасына ишке ашырылып жаткандыгын чагылдыруу менен көрсөтүүгө тийиш.»;  

- жетинчи абзац төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын

«. Айыптык санкциялар жана туумдар Шариат стандарттарында каралган учурларда гана колдонулушу мүмкүн. Айыптык төлөмдөр (айыптык төлөмдөр, туумдар) өлчөмү каржылоо калдыгынын суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Мында, айыптык төлөмдөр (айыптык төлөмдөр, туумдар) түрүндө алынган акча каражаттары финансы-кредит мекемелери менен аффилирленбеген уюмдарга кайрымдуулук максаттары үчүн багытталууга тийиш;».  

13. 46-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.  

14. 47-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«47. Келишимде кардар/өнөктөш өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди максаттуу багыттарга гана пайдалангандыгын тастыктаган финансылык отчеттун жана/же башка финансылык документтердин мезгил-мезгили менен берилип турушу шарты каралышы маанилүү.».  

15. Жобо төмөнкү мазмундагы 50-1-пункт менен толукталсын

«50-1. Эгерде каржылоо линиясы боюнча келишимде, каржылоонун биринчи бөлүгү алынгандан кийин кардардын/өнөктөштүн каржылоо линиясынын калган бөлүгүн алууга укугу же банктын каржылоо линиясынын калган бөлүгүн берүү боюнча милдеттенмеси жокко чыгарыла тургандыгын караган норма камтылса жана бул учурда банк каржылоо линиясы боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелерге потенциалдуу жоготуулардын чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзбөгөн болсо, анда банк каржылоо линиясынын экинчи бөлүгүн берүүдөн тартып жана каржылоо линиясынын бөлүгүн ар бир жолу кезеги менен берүүдө кайталап талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү документтер топтомун топтоого тийиш (ушул Жобого карата биринчи тиркеменин 4, 5, 11, 15, 18-пункттары жана каржылоо линиясынын буга чейин сунушталган бөлүгүнүн максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет). Эгерде мындай документтердин берилишинен алты ай өтө элек болсо, кардардын/өнөктөштүн буга чейин сунуштаган документтери колдонулушу мүмкүн. Мында каржылоо линиясынын кезектеги бөлүгүн берүү маселеси банктын каржылоо саясатына ылайык анын ыйгарым укуктуу органы/жагы тарабынан чечилүүгө тийиш. Ошону менен бирге эле, тиешелүү келишимде кардардын каржылоо линиясынын сунуштоо жагында бардык шарттарга макулдугун билдирген, алар ага түшүнүктүү экендигин далилдеген кол тамгасы коюлууга тийиш.»; 

16. 51-пункттагы кашаанын ичиндеги «(бланктык негизде)» деген сөздөр алынып салынсын.  

17. 53-пункттагы «кардардын/өнөктөштүн» деген сөздөрдөн кийин кашаанын ичиндеги «(эгерде кардар/өнөктөш - резидент эмес болсо, анын бизнеси Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүгө тийиш)» деген сөздөр «анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке талдап-иликтөөлөр (эгер каржылоо чет өлкө валютада берилген болсо),» деген сөздөргө алмаштырылсын

18. 63-пункттун: 

- биринчи абзацындагы «бланктык болуп эсептелинет» деген сөздөр алынып салынсын жана сүйлөм «Эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албагандадеген сөздөр менен башталып, андан ары текст боюнча уланат

- экинчи абзацтагы «(кеминде эки жыл)» деген сөздөрдөн кийин «(кеминде 12 ай колдонууга тийиш болгон, 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активдерди эске албаганда,)» деген сөздөр менен толукталсын

19. 66-пункттун экинчи абзацындагы «150 000» деген сан «250 000» дегенге алмаштырылсын.  

20. 68-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк, айына кеминде бир жолу (чет өлкө валютасынын расмий алмашуу курсу ай ичинде 5 жана андан көп пайызга өзгөргөн шартта - дароо) чет өлкө валюталарынын сомго карата алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикке дуушарланган активдерге тийгизген таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Талдап-иликтөөлөрдүн негизинде банк валюта алмашуу курсунун өзгөрүшүнөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларды (чыгымдарды), валюталардын өзгөрүшүнүн кардардын/өнөктөштүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасирин аныктоого тийиш.»;  

21. Жобо төмөнкү мазмундагы 68-1, 68-2, 68-3, 68-4-пункттар менен толукталсын: 

«68-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонулуп жаткан активдерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Активге мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы (анын ичинде жеринде барып) активдин суммасына жана түрүнө, ошондой эле классификациялоо категориясына жараша банк тарабынан өз алдынча аныкталат. Мында банк, жеринде барып мониторингди төмөнкү учурларда ишке ашырып турууга тийиш: 

- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан активдер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу

- калган активдер үчүн жылына кеминде бир жолу

Активди төлөөнүн күтүлүп жаткан мезгил ичинде ага мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетто (орто жана узак мөөнөткө берилген активдер боюнча - келерки 12 ай ичинде) кардардын/өнөктөштүн күтүлүп жаткан кирешелериндеги (түшкөн акчадагы) өзгөрүүлөр (чет өлкө валютасындагы активдер үчүн), кардардын/өнөктөштүн ишиндеги өзгөрүүлөр, активдин ошол учурдагы статусу, каржылоо келишиминин шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүүдө - анын абалы, сакталышын камсыздоо шарттары, ошондой эле кардардын/өнөктөштүн активдин ордун өз учурунда жаба алышын аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш. 

68-2. Башка финансы-кредит мекемелерине активдерди сунуштаган банк ошол финансы-кредит мекемелеринин кардары/өнөктөшү берген маалыматтардын тактыгына кылдат талдап-иликтөөнү, ошондой эле активдерге ырааттуу мониторингди (анын ичинде жеринде барып) жүргүзүүгө тийиш

68-3. Кароого алуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алууда банк жетекчилигине ай сайын - тиешелүү сунуштар менен талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыланган маалыматтар, ал эми чейрек сайын - тиешелүү сунуштар чагылдырылган мониторинг жыйынтыгы боюнча жалпы маалыматтар камтылган отчеттор сунушталып турат

68-4. Мониторинг боюнча отчетко тиешелүү тастыктоочу документтер кошо тиркелүүгө тийиш. Каржылоо боюнча адис көйгөйлүү маселелер аныкталган шартта аны б банк жетекчилигине дароо билдирип, зарыл болгон учурда өзүндө тобокелдикти камтыган ошол активди классификациялоо категориясын кайра карап чыгууну сунуштоого тийиш. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөр кечиктирилсе же мындай активди классификациялоо начарлаган шартта, ага айына кеминде бир жолу мониторинг жүргүзүп туруу зарыл (кардардын/өнөктөштүн ошол учурдагы финансылык абалына, кардар/өнөктөш менен байланыш түптөө жагында).»

22. 70-пункттун:  

- бешинчи абзацынын аягы «, анын ичинде эгерде каржылоо чет өлкө валютасында берилген болсодеген сөздөр менен толукталсын;  

- 11-абзацтагы кашаанын ичиндеги «(келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттары ж.б.у.с.)» деген сөздөрдүн алдына «эгерде болгон болсо» деген сөздөр кошулсун

- 11-абзацы «250 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активди эске албагандадеген сөздөр менен башталып, андан ары текст боюнча улансын

23. 72-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«Топко берилген активдерди эске албаганда, камсыздоо катары гарантия (кепилдик) бирден-бир камсыздоо катары колдонулган учурда, банк гарантиялык милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат талдап-иликтөөнү жүргүзүүсү зарыл.»; 

24. 73-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына туруктуу контролдукту жүргүзүү жана анын ошол учурдагы наркынын өзгөрүүсүнө таасир эткен жагдайларды аныктоо максатында банк, күрөө жайгашып турган жерге баруу менен мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы күрөөнүн түрүнө, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активге мониторинг жүргүзүү мөөнөттөрүнө жараша, бирок жылында кеминде бир жолу ишке ашырып турууга тийиш. Күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы күрөө саясатына ылайык жана активдин сапатына жана башка факторлорго, анын ичинде жарым жылда кеминде бир жолу мониторинг жүргүзүлүп турууга тийиш болгон кыймылдуу мүлктү эске албаганда, жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөө түрүнө жараша банк тарабынан өз алдынча аныкталат. Эгерде актив жүгүртүүдөгү товарлар түрүндөгү күрөө менен 40 жана андан көп пайызда камсыздалган болсо - ай ичинде кеминде бир жолу, ал эми камсыздоо 40 пайызга жетпесе, чейрек ичинде кеминде бир жолу мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш. Күрөөлүк мүлктүн сакталышына банк тарабынан контролдуктун камсыз кылынышы милдеттүү шарт катары каралууга тийиш. Мында, айрыкча төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл:»; 

25. 74-пункттун: 

- жетинчи абзацындагы «мөөнөтүн узартуу» деген сөздөр «реструктуризациялоо» деген сөзгө алмаштырылсын

- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

«Банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринде (саясаттар, жол-жоболор ж.б.) проблемалуу активдер менен иш алып баруу тартиби, анын ичинде активдерди реструктуризациялоо тартиби, кардардын/өнөктөштүн сунушталган каржылоонун ордун жабуу дараметине кошумча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон шартта, ал кардардын/өнөктөштүн укугуна кедергисин тийгзип, анын милдеттенмелерин көбөйтпөсө, каржылоону реструктуризациялоонун алдын ала шарттары (мисалы, каржылоо боюнча карызды төлөөгө минималдуу бир жолку төлөм, кардар/өнөктөш тарабынан анын каржылоону төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтер, кошумча камсыздоо ж.б.) чагылдырылууга тийиш. Банкка аффилирленген жактарды жана инсайдерлерди жыл ичинде экиден көп жолу реструктуризациялоого тыюу салынат.  

Активди кайталап реструктуризациялоо чечими банк башкармасы тарабынан кабыл алынат.»; 

26. 1-тиркеменин

- биринчи пункттун 14-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабуу булактары (баштапкы: валюталар боюнча, экинчи) жана төлөө планы;»; 

- бешинчи пункттагы «иштин узактыгы» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле» деген сөздөр кошулсун; 

«(эгерде кардар/өнөктөш - жеке адам болсо)» деген сөздөрдөн кийин «валюталар боюнча» деген сөздөр кошулсун

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«8. Бизнес-план (эгерде кардар/өнөктөш - юридикалык жак болсо жана каржылоо суммасы 3 500 000 сомдон көптү түзсө же инвестициялык долбоор/бизнес каржыланып жатса).»;  

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«9. Аларга 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо сунушталган жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар-өнөктөш - юридикалык жак же күбөлүктүн, патенттин негизинде ишкердикти жүргүзгөн жеке адам болсо).»;  

- 19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«19. 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоону эске албаганда, каржылоо максаттарына жараша, тиешелүү документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б.) менен тастыкталган каржылоонун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет.»;  

- Гаранттын же кепилдиктер бөлүгүнүн 34-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«34. Гаранттын акыркы жыл үчүн финансылык отчету (эгерде, гарантия бирден-бир камсыздоо болуп саналса).». 

27. 6-тиркеменин: 

- «Банктын кардарынын/өнөктөшүнүн укугу» Банктын кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги жана айыптык санкциялар» бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин

« 

Банктын кардарынын/өнөктөшүнүн укуктары  

Келишимге кол койгон учурдан активди алганга чейин кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуудан акысыз негизде баш тартууга (банк каржылоонун чегинде активдерди сатып алган учурларды эске албаганда

Ушул жобонун талаптарына ылайык, кардардын милдеттүү укуктары кредиттик келишимде так чагылдырылууга тийиш 

Келишим долбоорун жана ага тиркелген бардык документтерди колуна алып, банктан тышкары юридикалык консультация алуу үчүн кайрылууга, мында кардар/өнөктөшкө келишим менен таанышууга кеминде үч күн убакыт берилүүгө тийиш 

Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча төлөмдөрдү, туумдарды, айыптык санкцияларды эсептөө жана төлөм карттарын пайдалануу менен өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу/төлөө тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга 

Чет өлкө валютасында алынган, андан улуттук валютада киреше алуу күтүлүп жаткан өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга байланыштуу тобокелдиктер боюнча түшүндүрмө алууга 

Келишим жана ушул тизме түзүлүүчү (таризделинүүчү) тилди тандоо (мамлекеттик же расмий

 

»; 

 

- «Банктын кардарынын/өнөктөшүнүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган 

актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү). Банктын кардарларынын/өнөктөштөрүнүн укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеги жана айыптык санкциялар» бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

« 

Банктын кардарынын/өнөктөшүнүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариустун кызмат көрсөтүүлөрү жана башкалар

Эгерде мындай кызмат көрсөтүүлөр банк тарабынан сунушталган учурларда көрсөтүлөт. Банк, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган шартта, келишим түзгөн күнгө карата мындай чыгашалардын болжолдуу наркы көрсөтүлөт

»; 

- «(Каржылоо боюнча адистин аты-жөнү )» деген сөздөр «(Банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин аты-жөнүдегенге алмаштырылсын