Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 2-ноябрындагы 65/1 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин

- 2009-жылдын 28-декабрындагы 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2014-жылдын 24-сентябрындагы  42/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2003-жылдын 22-октябрындагы 31/3 «Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2014-жылдын 23-апрелиндеги 16/3 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2006-жылдын 12-апрелиндеги 10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү» Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «ЭкоИсламикБанк» ЖАКты, «Ислам экономикасын, финансы жана индустриясын өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Микрокаржылоо уюмдар ассоциациясын, микрокаржылоо уюмдарын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук ассоциациясын, Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясын,  «Баракат» билим берүү борбору» ЖЧКсын тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын

 

 

 

Төрага ТАбдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 2-ноябрындагы 65/1 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун

-  32-пунктунун б) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«б) Кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыкан учурдан тартып эки жыл.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы  42/8 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокаржылоо уюмдарынын активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун

- жобонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобо»; 

- 23-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда башка финансы-кредит мекемелеринде кайсы болбосун башка актив боюнча орду жабылбаган карызы болсо. Эскертүү: бул абзацта белгиленген талап эмгек акы долбоорунун алкагында овердрафтка таркатылбайт;»; 

- 29-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«29. Эгерде ал микрокаржылоо уюмдар тарабынан төмөнкү мөөнөттөр өткөндөн кийин да сатылбаган болсо, башка менчик жоготуу катары классификацияланат

1) кыймылдуу мүлк үчүн - бир жыл

2) кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жыл.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы 31/3 «Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдарынын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдарынын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө» жобонун

- 4.1.2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- Кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жыл.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/3 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 16-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда, башка финансы-кредит мекемелеринде кайсы болбосун башка актив боюнча орду жабылбаган карызы болсо. Эскертүү: бул абзацта белгиленген талап эмгек акы долбоорунун алкагында овердрафтка таркатылбайт;»; 

- 23-пункттун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«2) кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жыл.». 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндө» жобо:  

- төмөнкү мазмундагы 3.11-пункт менен толукталсын: 

«3.11. Кредиттик союздарда башка менчикти классификациялоо

1) кредиттик союздардын башка менчиги, башкача айтканда кредиттердин же кредиттерге окшош келген активдердин ордун жабууга кабыл алынган менчик (мүлк), баланста таанылгандан кийин дароо эле субстандарттык катары классификацияланууга тийиш;  

2) эгерде ал кредиттик союз тарабынан төмөнкү мөөнөттөр өткөндөн кийин сатылбаса, башка менчик жоготуу катары классификацияланат:  

- кыймылдуу мүлк үчүн - бир жыл;  

- кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жыл.».