Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2015-жылдын 28-декабрындагы № 79/1 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 10,00 пайыз өлчөмүндө (өзгөртүүсүз) белгиленсин.
2. Токтом 2015-жылдын 29-декабрынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынган күндөн кийинки жумуш күнү ичинде эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий веб-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов